Ысык-Көлдө айыл өкмөт башчысы К.Тыналиев 30 жашында жол кырсыктан каза болду (фото)

Ысык-Көлдөгү Ак-Суу районунун аймагында болгон жол кырсыктан Боз-Учук айыл өкмөтүнүн башчысы Кыдыр Тыналиев оор жаракат алып, көп узабай көз жумду. Бул маалыматты райондун акими Улан Дөкөнбаевдин маалыматына таянып,  Turmush басылмасы жазып чыкты  Жол кырсык 14-апрелге караган түнү саат 03:00 чамасында унаа Энчилеш айылы тараптан келе жатканда болгон.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 30 жаштагы К.Тыналиев башкарууну жоготуп, унаа жолдун четине чыгып кеткен.
Маркум ал күнү Караколго досу менен конокко барып, кеч чыккан. Ал үйдүн жалгыз уулу болчу, апасы да жакында эле жүрөгүнө операция жасатканы да айтылат.

Ал Боз-Учук айыл өкмөтүнүн башчысы болуп 2 жылдан ашык иштеген. Маркумдун  артында жубайы жана 3 жаш баласы калды.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *