6 айлык боюнда бар ырчыны олтуруп алып ырдаганы үчүн атып салышты (Видео)

24 жаштагы ырчынын 6 айлык боюнда болгон. Аны кайсы бир салтанаттуу кечеде ырдап берүүгө чакырышкан. Ырчы Симону Самун ал чакырууга макул болуп, бирок  бир шарт койгон. Ал: » Боюмда болгон үчүн туруп ырдоо мага кыйынчылык жаратат. Сахнага олтургуч коюп берсеӊер, олтуруп алып ырдайын»- деген. Чакыргандар ал шартка  макул болушкан. Ошентип ал эле алдында олтуруп алып ырдап баштаганда элдин артында турган 3-4 эркек туруп алып, ырдашын талап кылган. Айласы кеткен ырчы ордунан туруп ырдап баштаганда, алар анын жанына чейин келип,  акча чачып башташкан. Андан соӊ алардын бири куралын алып чыгып, үч ирет атып салган. Ырчы ооруканага жеткирилген соӊ, каза таап калган. Ырчынын күйөөсү аткандарды эки адамды (курсактагы наристени эске алганда) өлтүргөнү үчүн күнөөлөп, ага катуу жаза беришин талап кылууда. Бул үрөй учурган окуя Пакистанда болгон…

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *