Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков кичи мекени Кара-Кулжа районуна  бир тууган агасы Кантөрө Токтомаматовдун дүйнөдөн кайтканына бир жыл толуп, жылдыкка келгенин  turmush.kg жазып чыкты. Ажонун агасынын ашына жалгыз келгенин  социалдык тармактардын колдонуучулары Ошко  коштоочулары жок, жүргүнчүлөр менен бир каттамда учканын жазышып чыгышкан.

Эске сала кетсек, Сооронбай мырзанын бир тууган агасы Кантөрө Токтомаматов 2017-жылдын 28-апрелинде президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын ооруканасында көз жумган.  Ал өзү түптөп кеткен Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкерлик университетинин ректору болуп көзү өткөнчө иштеген.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here