Береги тасма социалдык тармактарда тарап, кызуу талкууга алынып жатат. Бул тасманы кечээ эле Ютуптагы  «Акыркы кабарлар -Санжар Калматайдын» каналына жүктөлүп, аны кыска убакытта 15 миӊдей адам көргөн. Тасмада элге ачыктала элек арбын маселе айтылган. Бирок анын басымдуусу суроо иретинде. Маселен бул маалыматты иликтегендер Муса Бажаев Бабанов менен Атамбаевге 20 млн. пара бергенби? -деп суроо салган.

Таластагы бул кендин 40 пайызы казак миллиардери каймана аты «Граф» Алиджан Ибрагимовго , 40 пайызы Муса Бажаевге  таандык болсо жен ичинде 20 пайызы Бабановго таандык экени буга чейин көп жолу айтылган. Маалым болгондой Бажиевди бул кенге досу Бабанов алып келгенин эл жакшы билет. Ал эми бул  «Жер үйдүн»  (100 пайыз акциясын) лицензиясын Бажаевдин компаниясы 100 млн. долларга сатып алган. 100 млн долларга сатылды, 100 мектеп салынат, оӊдолот деп бийлик  укмуш жер тепкилеп, элге сүйүнчү айткан эле.

Ал эми бул кенди иштетүү үчүн сынакка катышкан  «Кыргызалтын» мамлекеттик ишканасы 111 миллион доллар сунуштаса да, ал негедир  сунуш колдоого алынбай четке кагылганы айтылат. Коррупциялык схема мына ушул жерде болуп жүрбөсүн? Себеби, «Кыргызалтын» 111 миӊ долларга «Жер үйдүн» 100 пайыз акциясын эмес, 50пайызын эле алууну билдирген. Ошого карабастан колдоо таппай калган…

Бул тасмадагы дагы бир маалыматта Алиджан Ибрагимовдун баласы менен Сапар Исаков дос экени айтылат…

Тиешелүү тарап мындай маалыматтарды тастыктаар…

Негизи «Жер үй» алтын кени коррупциялык схемалар менен ишке ашканы маалым.

Тасманы береги шилтемеден көрүӊүз:

ВИДЕО:    https://www.youtube.com/watch?v=M7ZbKb3buwg&feature=share

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here