Байымбек Мураталиевдин баласы Бакытбек да 142 миллион сом чатагы боюнча камакка алынды

Мамлекеттик мүлк фондунун мурдагы жетекчиси Болсунбек Казаков эки күн мурун кармалып, бүгүн №1 СИЗОго которулган. Эми анын артынан ошол кездеги  орун басары Бакытбек Мураталиев кечээ күнү  кылмышка шектүү катары кармалып,  убактылуу кармоо жайына киргизилгенин  ИИМден маалым болду.  Мураталиевге  баштапкы баасы 242 миллион сомду түзгөн Бакиевдердин VIP-шаарчасынын 142 миллион сомго сатылып кеткен боюнча кылмыш иши козголгон. Эске сала кетсек, бул кылмыш ишти эӊ биринчи болуп депутат Алмамбет Шыкмаматов айтып чыккан. 

Бакытбек Мураталиев бул кызматка 2017-жылы  (ага чейинНарындын губернатору Аманбай Кайыповдун бир тууган карындашы Назгүл Кайыпова иштеп турган )  келген. Анын атасы Байымбет Мураталиев Акаев доорунан бери чоӊ кызматтарда иштеп келет. Ветеринария департаментин башкарган, Айыл чара министринин орун басары, Таласта губернатор болгон. Учурда да бул министрликте жоопту кызматта иштейт. Ал эми Байымбек аксакалдын иниси Марат өткөн жылдын этегинде Талас облусуна губернатор болуп дайындалган. Баласына минтип кылмыш иши козголуп жатса, Байымбет аксакалга деле жакшы эмес. Эми моралдык укугум жок деп генерал Талант Исаевден үлгү алып ээлеп турган кызматынан кетсе керек… Бул маселе Бакытбектин Таластагы губернатор байкеси Марат Мураталиевге деле тиешеси бар десек болчудай…

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *