«Титаник» кемесиндеги  экинчи класстагы жүргүнчү Кейт Басс   жазган кат аукциондо сатыла турганын » Спутник кж»  басылмасы жазды.

 

Ал катта «Биринчи класстагы каюталар чындап эле көз жоосун алат экен. Менин каютадагы коңшум келе элек. Андыктан бүгүн түшкү тамагымды эки чиркөө кызматкери менен бөлүштүм. Катты бүгүн эле жөнөтүп коем. Анткени эртең деңиз оорусу жабышса, дарманым жетпей калышы мүмкүн», — деп жазылган.

Кырсыктан аман калган Кейт 1972-жылы 96 жашында көз жумган.

Каттын алгачкы баасы 30 миң доллар деп бааланып жатат. Былтыр дагы бир аукциондо «Титаникте» каза болгон адамдын каты 166 миң долларга сатылып кеткен.

Бул катка 1912-жылдын 10-апрели деген дата коюлган.

Кейт кеменин ичиндеги жашоо тууралуу жазган кат буга чейин Басстардын үй-бүлөсүндө сакталып келген.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here