Бүгүн «Электр станциялары» ишканасынын директору Узак Кыдырбаев менен Жылуулук электр борборун модернизациялоо долбоорунун жетекчиси Темирлан Бримкуловго «ыйгарым укуктарынан ашыкча пайдаланган» деген кине тагылып, УКМКнын тергөө абагына  2 айга камалганы коомчулукка жагып турат. Ал эми  «Улуттук Энергохолдинг» ААКнын төрагасы Айбек Калиевдин  эки жолу суралганы маалым болду. Ал  2018-жылдын январь айында болгон Бишкек ЖЭБсиндеги  авария жана ЖЭБди модернизациялоого байланышкан кылмыш иши боюнча суралган. Бул маселени билгендер эми камоо кезеги Айбек Калиевге жеткенин айта башташты. Эмнеге дегенде, Кыдырбаев менен Бирикулов жеген 386 миллион долларлык  «ырыскыдан» Калиев кантип кур калды деген логикалык суроо жатат. Демек, Калиев суудан кургак чыгуунун бар аракетин көрүп жатат.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here