Башкы прокуратура менен Ички иштер министрлиги бирин-бири айыптап, бири-бирине сын айтып абийирлери кетип жатат. Бул деген өлкөдө тартип жок, укук коргоо тармагы жедеп коррупциялашып, бирин-бири укпай, тоготпой калганын айгинеледи. Башкы прокуратуранын Укуктук статистика жана эсептөө башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Бактияр Осмоналиев ИИМ тарабынан көп жылдан бери кылмыштын бетин ачууда так эмес көрсөткүчтөр берилип келгенден улам, терс өнөкөттөн арылуу үчүн укуктук статистика милдетин прокуратура өзүнө алганын айткан. ИИМ Башкы прокуратураны «көзөмөлдөөчү, жөнгө салуучу орган, өзү кетирген катаны жалаң гана ИИМге жүктөп жатат» деп айыптап, кылмыш иштеринин эсеп-кысабын алууда, статистикасын чыгарууда Башкы прокуратуранын да күнөөсү бар экенин билдирди. Буга байланыштуу,  Башкы прокуратура өкүлүнүн маеги жалаң фактыларга жана статистикалык маалыматтарга негизделип, мындай калпыстыктарды мындан ары да кетирбеш үчүн эскертүү максатында болуп, мыйзамдуулукту сактоо милдетин аркалаган эки мекеменин ортосунда жарака пайда кылууну көздөбөгөнүн айтып чыкты. Айтор, “өзүңдү эр ойлосоң, башканы шер ойло” деген өңдүү ИИМ менен Башкы прокуратура өздөрүн актап, бири-биринин бетин тырмап бүтө албай жатышат.

Булак: Фабула

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here