«Дүйнөлүк акча апталыгы-2018» өнөктүгүнө катышуу менен №77 орто мектеби 2018-жылдын 13-мартында салтанаттуу кече өткөрдү.  «Акча маселеси маанилүү маселе» сынагы боюнча  «Акча -бул социалдык энергия …» деген темада физика  мугалими Өмүракунова Гүлбарчын Карыпбековна  слайд, видео көрсөтүп, окуучулар менен бирдикте улуттук сомго байланыштуу сценка көрсөтүштү.
Ата-энелерге, окуучуларга жана мугалимдерге суроо- жооп баракчасы (анкета) таркатылды. 

Бүгүнкү «Дүйнөлүк акча апталыгы-2018» өнөктүгүнө байланышкан салтанаттуу кечеге 7-8-9-класстын окуучулары жалпысынан  320 окуучу, 50 ата-эне, 60 мугалим катышты.

Эскерте кетсек сынак 12-марттан 18- мартка чейин созулат. Апталыктын 2018-жылдагы темасы  «акча маселелери мааниге ээ » деп коюлуп, улуттук валютанын 25 жылдыгына арналат. Сынакка өзүнө негизги уюштуруучунун милдеттерин алган, апталыкты мектептин бюджети боюнча коомдук угууларды өткөрүү тууралуу отчётту даярдаган мугалимдер жана мектеп администрациясынын кызматкерлери катыша алат.

Сынактын байге фонду мектептер үчүн  — 135000 сом, мугалимдер үчүн  сынактын байге фонду 40 000 сом.

 

 

 

 

 

 

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here