Бишкек жылуулук борборундагы коррупциялык схема улам калкып ачыкка чыгып баштагандан баштап далай кишилердин жүрөктөрү былкылдап жатат. Буга чейин ЖЭБде иштеген эки жооптуу аткаминер кылтакка илинип, азырынча эки айга камалышты. Ал эми ЖЭБдин кызматтан алынган мурунку жетекчиси Нурлан Өмүркул уулу мурун ЖЭБде айтылбай келген анча-мынча сырларды сайрап айта баштады. Нурлан мырзанын алдыда дагы айта турган сырлары бар десек болот. ЖЭБди оңдоо иши Атамбаевдин 6 жылдык мөөнөтүндө жасалган эң жакшы иштеринин бири катары сыпатталып келгени ырас. Андыктан, ажолуктан кеткенден бери эч унчукпай жаткан Алмазбек мырза, ЖЭБдеги коррупция боюнча өз оюн билдирип койсо жакшы болмок. Болбосо бул маселеде Атамбаевге да катуу сөздөр тийе баштады. Элдин эсинен кете элек, Атамбаев жаңыланган ЖЭБдин ачылышына катышып, укмуш сөздөрдү айткан. Аны КТРК улам чагылдырып, «Кылымдын башкы жаңылыгы» катары сыпатташкан эле. Көрсө анын баары элди кулакка тепей турбайбы…

https://www.youtube.com/watch?v=ShEF3cytmZM

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here