Нурлан Өмүркул уулу: ЖЭБдеги жөнөкөй видеокамеранын баасы 14500, аттиштики 600 доллар (Видео)

Учурда Бишкек жылуулук борборундагы коррупциялык схема ачыкка чыгылып, төбө чачты тик тургузган фактылар күн сайын кыргыз коомчулугунун кыжырын келтирип жатат. Айта кетсек, ЖЭБди жаңылоого 386 миллион доллар Кытайдан насыя катары алынып, кытайлар жаңылоо ишин аткарышкан. Ал эми акча бөлүштүрүү, аткаруу иштерин биздин бийлик калчаган. Калчаганы курусун, 386 миллион доллардын баарын болбосо да басымдуу бөлүгүн сол чөнтөккө урушкан окшобойбу. Коррупциялык схема ЖЭБге жаңыланып коюлду деген жабдыктардын баасын 100 эсе кымбат деп жазуу менен ишке ашырышыптыр. Маселен, видеокамеранын баасы 14500 долларды чапчыса, жөнөкөй эле аттиштин баасы 600 долларды чапчыган. Мына сага коррупция.  Бул тууралуу govori.tvга Нурлан Өмүркул уулу билдирген.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *