Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиев маалымат жыйынында Орусиянын атайы “кара тизмесине” 77  миң кыргызстандык жаран катталганын билдирди. Алардын ичинен 50 миңи сот чечими менен катталгандыктын, алардын “кара тизмеден” чыгуусу оор экенин айткан. Ошондой эле Айдаралиев учурда 27 миң мигрантты “кара тизмеден” чыгаруу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын кошумчалаган. Медетбек мырзанын маалыматы боюнча 2015-жылы Орусия федералдык миграция кызматынын «кара тизмесинде» 180 миң кыргызстандык жаран болгон.  2017-жылдын 1-январына карата алардын саны 110 миңге чейин азайган экен.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here