«Чүй обулсундагы  Кара-Балта шаарында эки адам   жергиликтүү кафелердин бирине кирип барышып, анын ичиндегилерди бычак менен коркутуп, барымтага алышкан» деген маалымат соцсеттен тарады. Окуя 4-мартта болгон. Ал эми Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы: “Музыкадан улам чыр чыгып кеткен. Бирөөсү бычакка окшогон нерсе алып чыккан. Эч ким жабыр тарткан эмес. Эки жигит досу үйлөнүп, ошол кафеге барышкан”- деп  билдирген. Учурда бул иш иликтенип жатат. Чырдаша кеткендерди ажыраткан адам милиция экени айтылууда.

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here