Акыркы учурларда Ички иштер министринин биринчи орун басары, генерал Сүйүн Өмүрзаков тууралуу ар кандай маалыматтар көп чыгып жатат. Тилекке каршы, анын баары жакшы жагдайда эмес. Тилекке каршы, Өмүрзаковдун аброюна шек келтире турган маалыматтар. Бул ирет анын Оштогу “Динат” кафесине Аис аттуу небересинин туулган күнүн белгилөө үчүн дүңгүрөтө той берип, ага 600 киши чакырлаганы тууралуу telegra.ph жазып чыкты. Маалыматта бул тойго Сүйүн мырза бир нече миллион короткону, көк-бөрү оюнунун уюштуруп, байгеге да бир нече автомашине коюлганы айтылат. Мындан тышкары, Өмүрзаковго тиешелүү делген “Мухаммед Умар” спорт кулубундагы балдарды ИИМге кызматка орноштуруп жатканы, жакында 320 миң долларга укмуштай үй сатып алганы жазылган. Азарынча бул маалыматтын баарын чындык деп айтууга болбос. Себеби, Сүйүн мырзанын да жетиштүү душмандары бар. Балким ошол душмандары ушундай маалыматартды таратып жаткнадыр. Бирок кандай болгон күндө да Сүйүн мырза болгон чындыкты өз оозу менен айтып коюшу керек. Болбосо, окуган эл ишене берет, өзү болсо ишеничтен кете берет дегендей…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here