Эл артисти Ашыр Чокубаевдин сөөгү жерге берилди

Кыргыз Эл артисти Ашыр Чокубаев жекшемби күнү 71 жаш курагында узакка созулган оорудан улам каза болгону айтылды. Эл артисти менен кечээ КырДрамда коштошуу болуп, сөөгү Ала-Арчага коюлду. Чокубаевдин совет доорунда “Ак илбирстин тукуму” киносунда Кожожаштын досу Касейиндин ролун жеткиликтүү аткарып, элге таанылган. Ал эми театрда “Кожожаш” спектаклинде “Кожожаштын” ролун 15 жыл ойногон. КырДрамда 2000-жылга чейин иштеп, өз каалоосу менен кеткен. Акыркы жылдары «Курманжандатка » тасмасына катышып, Бухаранын эмиринин ролун жараткан. Андан тышкары актер коңшу Казакстанда дагы 10го жакын тасмаларга тартылган. Алар: «Китеп», «Көчмөндөр», «Жамбыл» жана башкалар. Айтылуу актёрдун жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун! Белгилей кетсек, Ашыр Чокубаев мурунку президент Аскар Акаев менен кан куда болгон. Анын кызын Айдар Акаев алган.

Сүрөттөр акипресстен алынды.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *