Айдоочу ППС кызматкерлеринен качып, автобустун алдында жашынып жаткан видео социалдык тармактарда өтө таанымал болуп калды. Окуя тууралуу Өзбекстан маалымат каражаттары билдирди . Жакында эле аталган өлкөнүн борбор райондорунун биринде видео камерага түшүп , андан кийин социалдык тармак менен тараган бир укмуштай окуя болуп өттү… Ал укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн айып салуусун жумшартам дедиби, айтор маршрутканын алдына жатып алган айдоочу күбөлүгүн берүүсүн суранып баштаган . Кийинчерээк айдоочунун чындыгында жол эрежелерин бузуп , Daewoo Nexia маркасындагы машинасы менен жол чырактын кызыл түсүнө машинасын токтотпой айдап кеткени маалым болгон. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери машинаны токтотуусун айтышкан… Бирок милиция кызматкерлери алдыда аларды эмне күтүп жатканын билишкен эмес. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн айтуусу боюнча ал адам инспектор айдоочулук күбөлүгүн алган соӊ автобустун алдына жөрмөлөп кирип, ага кайра айдоочулук күбөлүгүн кайтарып бермейинче автобустун алдынан чыкпаарын айтып, анан дагы кредиттердин жана эки үй-бүлөсүнүн айынан акча жетишпегендиги тууралуу айта баштаган. Бирок милиция кызматкерлерин такыр көндүрө алган эмес. Эми айдоочу 15 күнгө чейин административдик камакка алынышы мүмкүн.

Автор:  Ханзада Сабырбекова, студент.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here