Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы Аламүдүн райондук милициясы иликтөө жүрүшүндө кылмыштуу окуянын бетин ачып жатканын кабарлады. Маалыматта: 8 жаштагы секелек кыз  денесинен жана башынан жараат алып, 11-март түнү  Бишкектеги №3 балдар ооруканасына «Тез жардам» менен жеткирилгендиги айтылат. Буга чейин айрым маалымат каражаттары ал өспүрүм кыздын өгөй энесинен катуу сабоо жегени боюнча маалыматтар жазылган. Секелек кыз өгөй энеси буга чейин да катуу токмоктоп келгенин, бул жолу отургуч менен чаап,  чөмүч менен башка чапканын айткан.

Кызды тааныгандардын айтымында аны оз апасы таштап кеткен,  кийин ал окууга да барбай калган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here