Куран окутууга келишкен 58 адам эттен ууланды

Казакстандын Акмоло облусунун Шортанды айлында 6-мартта кура окутуу болуп, ага 150 киши келген. Куранга делген эт бир күн мурун санитардык абалы начар кампада бышырылып, ошол эле жерде усутукандалгандан кийин 10 сааттан ашык жылуу үйдө сакталып тургандыгы текшерүүдөн кийин ачыкка чыкты. Натыйжада жалпысынан 545 адам ооруканага кайрылышкан. Врачтар алардын эттен ууланганын далилдешкен. Учурда 15 адам ооруканага жаткырылып, калгандары жеңил  болгондуктан амблотордук дарыланууда болушкан. Жалпысынан 58 адам ууланганы айтылууда.

 

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *