Бишкектеги №77 орто мектепте «Дүйнөлүк акча апталыгы-2018» сынагынын ачылышы болду (Видео)

Бүгүн, 12-марттаалы «Өнүгүү»  институтут тарабынан уюштурулуп жаткан мектептер аралык  «Дүйнөлүк акча апталыгы-2018» сынагы боюнча  Бишкектеги №77 орто  мектебинде ачылыш аземи болуп өттү

Сынактын ачылыш аземин мектептин директору Дөөталиева Аида Арыпбековна ачып, кыргыз тили жана адабияты мугалими Кожакунова Назгул катышуучуларга «Акча маселеси маанилүү маселе» темасына байланышкан слайд, видео жана кошумча маалыматтар менен тааныштырды.

Эскерте кетсек сынак 12-марттан 18- мартка чейин созулат. Апталыктын 2018-жылдагы темасы  «акча маселелери мааниге ээ » деп коюлуп, улуттук валютанын 25 жылдыгына арналат. Сынакка өзүнө негизги уюштуруучунун милдеттерин алган, апталыкты мектептин бюджети боюнча коомдук угууларды өткөрүү тууралуу отчётту даярдаган мугалимдер жана мектеп администрациясынын кызматкерлери катыша алат.

Сынактын байге фонду мектептер үчүн  — 135000 сом, мугалимдер үчүн  сынактын байге фонду 40 000 сом.

#77сош

Опубликовано Аидой Алтымышовой 12 марта 2018 г.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *