Мамлекет башчы “Кыргызстандын сот, укук коргоо жана көзөмөл органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча актуалдуу чаралар жөнүндө” Коопсуздук кеңешинин чечимине 13-февралда кол койду. Чечимдин долбоору 8-февралда президенттин төрагалыгы алдында өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында кабыл алынган.

Чечимде укук коргоо, көзөмөл жана сот органдарында коррупцияны жоюу жана аны пайда кылуучу себептерди жок кылуу, бул тармактардын аброюн жана жарандардын аларга болгон ишенимин жогорулатуу, тиешелүү мамлекеттик органдардын ишинде ачык-айкындуулукту жана жоопкерчиликти камсыз кылуу, ак ниеттүү башкаруунун жана мыйзамдуулуктун принциптеринин сактоо зарылдыгы белгиленген. Буларды камсыз кылыш үчүн тиешелүү мыйзамдарды быйыл 1-июлга чейин иштеп чыгып, 1-декабрга чейин кабыл кабыл алууга өкмөт, Жогорку Кеңеш, Башкы прокуратура, Жогорку сот, ИИМ жана башка тиешелүү органдар милдеттендирген.

Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин 8-февралдагы жыйынында УКМКга караштуу Коррупцияга каршы күрөш кызматынын форматын өзгөртүш керек экенин билдирген жана күч органдарындагы коррупцияга байланышкан иштерди сындаган.

булак Азаттык

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here