Россия бүтүн, анткени, башында Путин турат…

Дүйнөдөгү эң кубаттуу эсебиндеги мамлекеттердин бири Россияда президенттик шайлоо болот деп азыр Россияда гана эмес,  дүйнө коомчулугу ошону талкуулап, баланча кандидаттарга сын берип, антипатиясы менен симпатиясын көтөрүп чаап… иши кылып бул маселе- орчун маселе болуп турат.

Кыргызстан менен Россиянын солгундап кеткен мамилеси кийинки кезде аябагандай эле жакшы. Бул жакшылыктын башында экс-президент Алмазбек Атамбаев болду, анын жолун азыркы президент Сооронбай Жээнбеков улантып жатат.  Биз Россия менен достукта жашагандан башка жолубуз жок. Буга көп нерсе себепкер. Биринчиден, көп жылдан бери орустар менен бир багытта жашап келебиз, кээ бир мүнөздөрүбүз окшоп барат. 1864-жылы Россияга өз ыктыярыбыз менен кошулган экенбиз. Басып алган деген пикир көңүлдө болсун… Экинчиден, көроокатка керектүү нерселердин көбүн Россиядан алабыз, үчүнчүдөн, миллиондон ашык жарандарыбыз Россияда жашап, иштеп жатат. Төртүчүдөн, Россия деген Кытайга, Турцияга жана тегерегибиздеги өлкөлөргө караганда бизге ишенимдүү эл, сатып кетпейт, таштап кетпейт. Ырас, орустардын арасында башка элдерге шовинисттик көз караш менен карагандар да бар дечи, бирок, алар аз… Анан да орустардын Канттагы базасындагы МиГдер менен СУлар Кыргызстандын абасын коргоп турат дейли… Баса, биздин 240 миллион карызыбызды кечип койгон Россиянын айкөлдүгүн жакшы эскеребиз да…

Ошентип, орустарга «биз элбиз, биз кишибиз сени менен» деп Алыкулча кайрылганыбыз туура кеп…

Анан эмей, СССР ыдырагандан кийин башка союздук республикалардай эле орустар далайга чейин кашык-табагын таппай, казаны оттон түшкөндөй болуп, криминалы болуп көрбөгөндөй коркунучтуу абалда алып келип, элдики деген мүлктү бир ууч шылуундар талап алып, сөз кыскасы, «бардак» абалы болуп турду. Ошол кезде, канткен менен, Борис Ельцин керекке жарап берди. Анан ал чакчелекей иштен тажап, чарчап, мамлекетти Владимир Путинге тапшырбадыбы. Ал кезде Путин премьер эмес беле. Ельцин көрөгөч экен, билерман экен, Путинди эң туура тандаган да!

Владимир Владимирович Путин карапайым бүлөдө төрөлүп, торолуп, жогорку окуу жайын бүтүп, андан соң ошол кезде өзүнчө бийлик болуп турган КГБнын кызматкери болгон. Ал Германияга байланыштуу иштеген. Немис тилин мыкты билет. Баса, Путин кенедейинен самбого катышып «СССР спортунун чебери» наамына чейин жеткен…

Путин бийликке келери менен жогорку даражадагы кызматкерлерге будуң-чаӊ түшүргөн жок, чалгын кызматынын өкүлү эмеспи, адегенде, баарына тегиз көз жүгүртүп, кылдат баамдап, анализдеп, анан гана өзүнө жакпагандарды, бийликке кокусунан келгендерди, иш билбегендерди  четинен «терип кирди». Ушуну эскере кеткенибиз туура болор, Ельциндин кезинде Борис Березовский деген еврей кудайды тааныбай көпкөн эмеспи. Ошол кездеги «чаңдаган иштердин» баарынын башында Березовский турчу. Ал орустар менен чечендер катуу кырылышып жатканда, чечендер менен тымызын байланышып, аларды каржылап, курал-жарактан кайрылышып да турган экен. Иши кылып анын кылбаганы жок эле… Дал ошол Березовский Россия үчүн өтө коркунучту адам экенин түшүнгөн Путин аны акырын гана «көчүккө тепти»! Ал акыры Лондондо муунуп өлдү же муунтушту…

Ошол кезде кутуруп чыгып кеткен далай олигархтарды, кримтөбөлдөрдү Путин «кынына» киргизди. Кадыры кетип бараткан Россияны кайрадан баралына келтирүү үчүн аракетин баштады жана ал иши ийгиликтүү болуп берди…

Путин алгачкы күнүнөн баштап эле Россиянын экономикасын, куралдуу күчтөрү көтөрүүгө бар күчүн жумшады. Анткени, экономикасы күчтүү, куралдуу күчтөрү андан өтөр күчтүү мамлекет гана дүйнөлүк аренада өз сөзүнө, укугуна ээ болорун айныгыс түшүндү, Америка деген желмогуз кубаттуу мамлекеттер менен гана эсептешерин билет да…

Президент  тынымсыз жер-жерлерди кыдырып, керектүү министрлерди жанына алып, орчун маселерди жеринде чечип турду. Биздин жетекчилер өңдөнүп жоон топ бекерпоздорду ээрчитип мектептин же бакчанын лентасын кескен жок, кайсы бир каналдын, көпүрөнүн курулушун көргөн жок, орчун гана иштерди бүтүрүп турду. Лента да кести, анткени, ошол жердеги курулуш мамлекеттик мааниде болгону үчүн.

Путин кызматтан алгандардын баары эле биздегидей оппозицияга өтө качып, кечээ эле өзү иштеген бийликти дарамети жетишинче жамандап турбады. Анткени, Путиндин катаал мүнөзү, чечкиндүүлүгү, маселени шарт чечиши баарын сестентип турду да. Туурсаны айтканда, мына бүгүнкү күнгө чейин Путинге тең келчү адам жок болуп турат. Ооба, 150 миллиондой калкы бар Россияда Путин менен так талашчу киши көрүнбөйт. Бул жорго сөзгө, ашынган  симпатияга алдырган кеп эмес, реалдуулуктун өзү болуп турат.

СССР ыдырагандан кийин Россиянын курамындагы чечендер, ингуштар, дагестандыктар, татарлар, башкырлар жана башка бир катар улуттар «эркин болот элек» дегенден арбын айтып, Россиянын биримдигин ыдыратууга аракет кылып турушту. Ырасы болуп, чечендер менен болгон согуштан башкасы болбоду. Мына бул иште да Путиндин жөнбилгилигинен болду…

Президенттигинин экинчи мөөнөтүндө Путин Россияны бекем кармоо деңгээлине жетти. Бар күчүн дале болсо, мамлекетинин экономикасын, Куралдуу күчтөрүнүн кубаттуулугун арттырууга жумшады.  Анысы текке кеткен жок: СССР ыдыраганда кошо талкаланган далай завод-фабрикалар, чарбалар, кендер ж.б. обьектилер мамлекет үчүн иштей баштады. Сонун жагдай: Россияда газ, муңайзат, токой, көмүр, металл ж.б. кен байлыктар аябагандай арбын. Мына ошолорду сарамдалдуу пайдаланып экономиканы көтөрүүдө Путин мыкты ишкерлерди, окумуштууларды пайдаланды. Кылымдар жакшы изилденбей келген Арктиканы изилдетип, ал жактан түбөлүккө жетчү газ кендерин таптырды, аскер күчтөрүн алпарды…

90-жылдары Россиянын Куралдуу күчтөрү эптеп эле «дем алып» калган. Мына ошол абалды мыкты көрө билген Путин тез аранын ичинде Россия Куралдуу күчтөрүндө чоң реформа жасады, согуштук куралдар модернизацияланды. «СУ», «МиГ» сериясындагы истребителдердин жаңы үлгүлөрү пайда болду, «ТУ» сериясындагы «Лебедь» кайманна арттуу аскердик- транспорттук самолеттор, «Искандер», «Тополь» сыяктуу кубаттуу ракеталар, жаңы танктар жаралды. Армиянын өздүк курамы билимдүүлөрдөн, профессионалдардан  курала баштады, алардын кийими, тамак-ашы жакшырды. Азыр россиялык армия дүйнөдөгү эң кубаттуу техникалар менен жабдылган армия болуп турат. Мына ушул деңгээлди алып келген, албетте, Владимир Владимирович Путин болуп эсептелет.

Россия өзүнө Крымды кошуп алгандан кийин жана Украинанын Донбасс жана Луганскидеги жикчилерге жардам берип жатат деп Америка баш болгон ондогон мамлекеттер, Европа биримдигиндеги мамлекеттер Россияга экономикалык санкция жарыялашты. Бул өтө катуу чечим эле. Анткени, Россия ошол мамлекеттер менен ар кандай, биринчи иретте, экономикалык алакада эле да. Мына ушундай абалда да Россия тизе бүгүп калган жок. Жөнөкөй эле айталычы, Россиянын газы менен муңайзаты турганда, элинин башында Путин турганда эч бир күч  аны чөгөлөтө албайт! Айта кетели, азыр санкция киргизүүгө катышкан биртоп мамлекеттер Россияга кандайча жакындашуунун айласын издеп жатканы…

Ушул жылдын 18-мартында Россияда президенттик шайлоо болот. Ага Путин менен кошо «түбөлүктүү» талапкер «жинди» Жириновский, «Яблоко» партиясынын лидери Явлинский, анан дагы бир катар жарандар катышат.Мен мындай ойлойм:  канча адам Жириновскийге добуш берсе, Россияда ошончо «апенди-жинди» адам бар. Айталы, 2,5-3%. Ал эми Путинге шайлоочунун 70% тен жогору добуш берет. Менимче, азыр Путинге эч кандай жарнактардын, жарнамалардын, үгүт иштеринин кереги жок. Анын баскан-турганы, жасаган иштери, алдыга койгон пландары, баары-баары «Россиянын президенти сенсиң!» дегенди айтып турат!

Мыкты адам, көрөгөч адам, эр жүрөк адам, иш билги адам… болсо, мамлекетти түбөлүк башкарса деле жарашат. Азыр Путин Россияга жарашып турат!

Баратбай АРАКЕЕВ

       

 

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *