Абал ушул: Курулуш менен коррупциянын айкалышы

 

Баары орду-ордунда болсо, ырыскысы куюлган татына өлкө болуп, БУУнун трибунасынан башка өлкөлөргө мисал болуп айтылып, элибиз жанагы «жыргализм» деген сыпаттама берчү абалда жашап турмак. Биздин чакан өлкөдө жакшы жашоону шарттап турчу нерселердин баары бар: алтын, күмүш, темир, сурьма, көмүр, цемент, акиташ ж.б. кендерибиз арбын. Аз болсо да муңайзат менен газ чыкчу жерлер да бар. Жаратылышыбыз ошондой: эмнени эксең да, эмнени  тиксең да дүркүрөп өсүп берет. Электростанцияларды курууга дайраларыбыз кенен, туристтерди тартчу жаратылыштын мыктысы биздин жерде, Ысык-Көл турат, «мен» деген көлдөр менен ат талашып, атак талашып, меймандос элибиз бар, бир аз пейили баштагыдай болуп оңолсо, аңыз болуп турчу эл эмеспи! Анан дагы биз-кыргыздар орой айтканда, мээси катуу иштеген эл болобуз, биздин кулакка кайра-кайра куюп олтуруштун кереги жок, бир укканын, көргөнүн таасын илип алып, мээсине сактай берет, ошондон улам илим-билимге жакын, буга кошумча элибизде табигый сыпаалык бар…  Биз аябай аккөңүл, ишенчээк элбиз. Мунун пайдасы менен зыяны бирдей… Ооба, түпкүлүгү түз, жакшы сапаттарынын тамыры тереңде жаткан эл болгонубуз менен кийинки таасирлер, тескери таасирлер, бизди аябагандай басты, аяп койбогондой басты. Азыркы жаман менен жакшынын дааналанган чеги билинбеген заманда биз-аккөңүл кыргыздар жаман жактарга оогонубуз көп болуп, жосунубуз «жолдо калбай» биздин дилди бийлеп жатат. Дилди жаман нерсе бийлеп турса, жакшы турмуштун болмогу тозок!

Туура, биздин мамлекет да мамлекеттердин классикалык түрүнө кошулуп, ошол жол менен кетип бараткандай. Өзүбүзгө жакшылык алып келе турган мыйзамдарыбыз кеңири. Бирок, ошол мыйзамдар, эл көзүнө жөн эле сатып алып койгон эски машинадай болуп иштебейт, иштесе, «бир күн оору, бир күн соо» кебетесинде… Мамлекетибиз демократиялык эмеспи деп туруп, элди, бөтөнчө жетекчи кызматкерлерди ээнбаштыкка көндүрүп салдык. Текшерүүнү токтотуш керек деп, далай бизнесмендерди жайына койдук эле, алар чалмакейди чалып, мамлекетке кенедей салык төлөп, калган кирешенин баарын баштык-байпагына катып жаткан кези. Бардык жерде коррупция деген желмогузуң аралай чаап, өз билгенин кылып жүрөт. Кай жерге барба, акча сурап кол сунган айбандар. Алардын колун ыраазы кылмайын жумушуң бүтпөс!   Чет элдиктер келип, тийешелүү жетекчилерге берчүсүн арбын берип жолдорубузду салып жатат, жана башка курулуштарды куруп, оңдоп-түздөп жатат. Мына ошол иште каралган каражат аткарчу ишке толук коротулбай андан өөнөп жеп жатышат. Ошондон улам бүткөрүлгөн иш сапатсыз бүткөрүлүп, элдин башына түшкөн оор мүшүкүл болуп жатат. Ошондой абалга жол берген жетекчилерди четинен кармап туруп атса болор эле. Бирок, окко убал, экинчиден, ошондой мыйзамыбыз жок. Андай адамдар эч кандай жооп бербей эле катын-баласы менен көөп жашап турганы.

Мына, кечээ жакында Бишкек жылуулук борборунда авария болуп шаардын үйлөрү белгиленген жылуулукту ала албай үшүп турду. Барынан да ооруканаларга, бала бакчаларга, мектептерге жаман болду! Ооба, жаратылыштын ар кандай «кыялдары» болот. Бирок, ошол «кыялдарына» адам баласы даяр болуш керек… Кытайдын «Твэа» компаниясы тарабынан 386 миллион долларга бүткөрүлгөн жылуулук борбору ачылганда «эми бул борбор бишкектиктерди электр менен жылуулук менен тынымсыз камсыз кылып турат, укмуш иш бүттү, укмуштуудай иш бүттү» деп курган тарап да, борбордун жетекчилиги да, президент да  төбөсү асманга жете мактанып турбады беле! Атасынын гана башы! Ошол мактанган ишин 25 градус суук эле анын эптеп-септеп курулганын, ал жерде эбегейсиз акча айбандардын, наадандардын чөнтөгүнө түшкөнүн айкындап салды!  Жылуулук борборунун Генералдык деректири  дегендин «эми баары сонун болду, кышка толугу менен даярбыз» деген кебин теледен көрдүк, радиодон уктук, гезиттерден окудук. Эми ошол немең «каражат жогунан насостор алмаштырылбай калган, ошол эски насостор бузулуп…» деп башын жерге салып, дале болсо, айбандык ишти өзүнөн көрбөй каражатка оодарып жатат. Бул адам иштен алынган болду, эми жоопко тартылышы керек!  Ооба, жылуулук борборунун шалаакылык ишине баа берүү үчүн прокуратура кылмыш ишин козгоду, а балким, козгомуш этти. Анан анысы убакыт өткөн сайын күчүн жоготуп, акыр-аягы кээ бир адамдар жумуштан бошотулган болуп иш жабылат. Бизде ар дайым ушундай… Маселени шарт кескендей кылып бүтүрчү жерде, ал иш ырызынкедей чоюлганы чоюлган… Ишин жөндөй албаган айбандарды соттоп, чоң суммадагы айып пул төлөтүш керек!

Мамлекеттин жетекчилиги, айталы, президент, спикер, премьер кайсы бир тармактын жетекчисин кабыл алганда ал айтып берген сөзгө ишенет, «а иш жакшы экен» деген чечимге келет. Президент да, берки экөө да өз кесиптерин жакшы билген менен, ар бир тармакты «ит жатагына» чейин билбейт. Маселен, президент жолду Калиловдон, электрди Калиевден, бажысын Кулматовдон  сурайт. Алар айткандарга ишенет. А тигилер болсо, президентке жагыш үчүн жалаң жакшылык менен шөкөттөлгөн иштердин сүрөтүн тартат, «мобул жерди оңдогонго мээм да, дараметим да» жетпей жатат дегенден эзели айтпайт. Дал ушул жерде тармак жетекчилеринин чынчылдыгы, актыгы керек. А бизде баары жасалма!

Турмуштун өзү болуп, жаман жосуну болуп бүттү- кай жерде мектеп, бала бакча ачылса, көпүрө, жол салынса, сөзсүз президент, же спикер, болбосо, премьер барып ачышы керек. Мунун эмне кереги бар, жеке мен таптакыр түшүнө албайм… Анан кызыгы, ошол ачылган жай бир жылдан кийин же ага жетпей эле бузулуп «ичеги-карды чубала» баштайт, ошол президент шаң менен келип ачып кеткен жер.  Бул өтө уят иш! Мунун эмне кереги бар деп калптан эле түшүнбөмүш болуп жатпаймынбы. Болбосо, бул маселе баарына түшүнүктүү да. Ошол бүткөн мектепти же жолду президентке, премьерге… лента кестире ачтырып, жергиликтүү бийликтин өкүлү тиги чоңдун көзүнө даана көрүнүп, кошоматын кылып жанталашып жатпайбы. Ар жерде ошондой көрүнүш. Муну абийирсиздик деп коөт! Жойпулук деп коөт! Азыр түштүктө кайсы бир мектеп салынып бүтүп, мамлекет жетекчилери келгенде ачылат деп турат экен. Анысы чын болсо, анда ал- наадандык!

Соолгурдуку, жаңы бүткөрүлгөн, болбосо, оңдоп-түзөөдөн өткөн ар кандай обьектилердин дээрдик бардыгы сапатсыз бүткөрүлөт. Анын себеби куруучулардын, оңдоочулардын иш билбегендигинен эмес, бөлүнгөн каражатты толук жумшабай бөлүп-бөлүп жеп алгандыктан болот. Мындай айбандыкты токтотчу жол дагы жок, адам дагы жок! Жегендер көзөмөл кылгандардын кулкунуна куюп, оозун жаап турат!

Акчасын жеп алып, ишти сапатсыз бүткөргөн бир кылмыш болсо, ага кылмыш ишин козгоп пара алып, ал ишти жапкан экинчи кылмыш! Көрдүңүзбү, биздин мамлекетте кылмыштын артынан кылмыш. Атаганат, менин «Мен сага өлүм апкелем» деген повестимдеги эки жигит биздин турмушка түшүп келип, коррупционерлерди четинен чекеге атып турса… Ушуну көп  тиленем…

Жылуулук борборундагы авариядан кийин Жогорку Кеңештин активдүүлүгү артып, жарыша талкуулап, баары эле элге катуу күйгөн болуп «жакшы» эрмек табышты. Бөтөнчө жанагы Кожобеков деген депутат айтарга сөз таппай жакшы «эргип» жатат… Жылуулук борборунун иши оңолот, анан Жогорку Кеңештин иши оңолор бекен?!

Автор:  Баратбай АРАКЕЕВ



Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *