Экономика министри Артём Новиковдун кыргыз тилин үйрөнүүсүнө 324 миң сом сарпталат…

Экономика министри Артём Новиковго мамлекеттик тилди үйрөтүүчү репетитор үчүн 324 миң сом бюджеттен суралгандыгы мамлекеттик сатып алуулар сайтынан маалым болду. Маалыматта: министрликтин кызматкерлери үчүн 288 миң сом жана жетекчиликти жеке окутуу үчүн 36 миң сом каралганы кабарланган. Негизи мамлекеттик жооптуу кызматкерлер “мамлекеттик тилди билбегендер жогорку кызматтарда иштей албайт” – деген мыйзамды киргизип жаткандарына көп болду. Бирок ал мыйзамдан кабар жок. Аты бар, заты жоктордун катарын толуктап, кагаз бойдон калып кетти окшобойбу. Новиковуң ай сайын тил үйрөнүүгө 30 миңдн ашык акча  сом алып жатканы акылга сыйбаган көрүнүш. Мындай кызматкерлер дароо кызматтан кетиши керек. Мамлекеттик тилибизди билбеген атка минерлер, элибиздин да дилин билбейт. Анан ошолрдон жакшылык күтүүгө болобу? Андыктан, мындайлар бир күн да кызматта олтурбашы керек.

 

1 пикир

  1. Бул акылга сыйбаган нерсе эмне экономика министри болуп иштесе эле кеткен каражаты мамлекеттин эсебинен толонуш керепи ал адамга айлык Акы толонот, мамлекетке бекер иштеп жакткан болсо башка кеп.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *