2 жаштагы Арсландын өлүмү: Апасы көк ала тактарды айтса, тарбиячы оорусу жөнүндө айтууда

Каракол шаарындагы №14 бала бакчадан 9-февралда саат 11:00 чамасында 2 жаштагы А.Арслан карышып ооруп (судороги), ооруканага түшкөн. Ал 10-февралда саат 16:00 чамасында каза болду. Turmush басылмасынын кабарчысы окуянын чоо-жайын иликтеп көрдү.

Арсландын апасы Наргиза Абдыкадырованын айтымында, Арслан эртең менен бакчага 08:45 чамасында эч жери оорубай жакшы абалда кеткен.

«Мага саат 11:06да «Арслан ооруп жатат, бакчага келгиле» деп телефон чалышты. Жжолдошум экөөбүз бала бакчага барсак «облустук ооруканадабыз, ошол жакка келгиле» деди. Биз 5 мүнөткө жетпей бардык. Кабылдамага чуркап кирсем эле Арслан көпкөк болуп, оозунан тырмагынын учуна чейин көгөрүп кетиптир. Ошондо дарыгерлер көрүп, «жүрөгү токтоп жатат» деп башташты. Дароо жандандыруу бөлүмүнө алып кирип кетишти. Менин оюмча аз убакытта балам анчалык көгөрбөйт болчу. Бала бакчадан эле каралбай калган. «Саат 10:00 чамасында уктайм деп жаткан, карасак эле карышып ооруп жатыптыр» деп жатышат. Арслан буга чейин 10:00-10:30 чамасында уктачу эмес. Уктоочу бөлмөдө жалгыз уктап жатыптыр, ошондо жыгылдыбы, ооруп калдыбы, ыйладыбы?… Айтор, каралган эмес. Уктоочу бөлмөнүн эшиги жабылып, берки жакта балдар музыка сабагын окуп жатыптыр. Аккордеондун үнүнөн укпай калышты. Бакчаны эле күнөөлөйм», — деди ал.

Ошондой эле Арсландын мойнунда, башында көк ала тактар бар экени айтылууда.


Булак:.turmush.kg/news:340154

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *