Белгилүү өзбек олигархы Салимбай «байбачаны» Кыргызстандын «тиреги» деп мактаган кишилер тартылган видео талкууга түшүп жатат.

Салимбай «байбача» деген ат менен таанылган Салим Абдувалиев Борбор Азияда таасирдүү крим төбөл катары белгилүү. Ага кошомат кылып, бардык жеринен өөп-жыттап жиберчүдөй болгондор:  Оштогу олигарх Жалил Атамбаев, экинчиси Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Нургазы Айдаров.

Аны төмөндөгү тасмадан көрүүгө болот

Cалимбайбайбача кыргыздардын тиргеи дейт го, бул кошоматчылар

Опубликовано З. Окенбаевой Понедельник, 12 февраля 2018 г.

Бул тасмада  өзбекче чапан жана баш кийим кийген эки адам Салимбай «байбача» кыргыз эли менен чогуу экенине сыймыктанышарын белгилешет жана ал киши Кыргызстандын «тиреги» экенин айтып, азыркы президент Сооронбай Жээнбековду колдорун билдиришкен. Алар «Сиз тирүү кезде, сиз  барда кыргыздар бар, жашайт»-деген мааниде кошомат кылышкан.

Алардан тышкары да Салимбай «байбача» менен жолугушкан башка адамдардын да сүрөттөрү тарады. Алардын арасында алкомагнат Шаки да бар.

 

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here