Үмүтай Абдышова, ырчы: Мени жактырган мырза материалдык жактан күчтүү болуп, менин жашоомо шарт түзүп берүүсү керек

Ырчы катары салттуу музыкага басым жасап, комузду гитарадай кылып аккорд менен чертип башкалардан айырмаланган өзгөчө таланты менен элге таанылып келе жаткан Үмүтай Абдышова менен жакында маектешкен элек. Үмүтай маектин жүрүшүндө төгүлүп-чачылып төмөндөгүдөй маалыматтарды берди.

«Агайымдын мактоосу мага дем-күч берди»

—Өзүм таята-таенемдин колунда өскөндүктөн айылдын турмушун жакшы билген кыз болчумун. Айылда жүргөндө курак курап, шырдак шырычумун. Ошентип, 5-класстан тарта өзүмдүн апамдын колуна келдим.  “Аккан арыктан суу агат “-дегендей апам Бейшеева Махабат чыгармачыл адам экендигин баса белгилеп кетмекчимин. Учурда  апам  Балыкчы шаарындагы Балдар билим борборун жетектеп эмгектенип жатат. Ал киши кыргыз тили, адабият сабактары боюнча мугалим болгондуктан мага жакшы таасири тийи деп айтсам жаӊылышпайм. Анткени мугалимдин балдары тыкылдап сүйлөп башкалардан айырмаланып турат эмеспи. Айылдан келгенден кийин апам мени Балыкчы шаарындагы Балдар музыкалык мектебине алып Жунушакунов Максүт деген агайдын колуна тапшырган болчу. Ошону менен катар эле  №4-мектеп-гимназияда билим алмай болдум. Апамдын мугалим болгонуна байланыштуу  “Эл караган бети жер карабасын” деп айылда окубаган окууну шаардан окуй баштадым. Окуудан сырткары компьютер, тил үйрөнүү курстарына барып жаттым. Музыкалык мектептен беш жыл окуп, комуз боюнча сабак алдым.  Алгач ал жерден Атайдын, Токтогулдун жеӊил күүлөрүн үйрөнө баштаган элем. Анан 7-классты бүтүп каникулда айылга барганда элдин баары  “Үмүт сен комуз үйрөнүп жаткан турбайсыӊбы. Кана эми ырдап берчи “- деп сурана башташты. Көрсө, комуз черткендерди ырдайт деген ой ар бир адамда болот экен да. Ошондо элдин сөзүнө намыстаныпүйгө кирип комузду алып  “Таалай Элеси”  тобунун   “Жүрөк сыры”  аттуу ырынын комуз менен башталган жерин терип чертип үйрөнүп алдым.  “Эмне үчүн мен ырдабайм?”-деп ошондо гана мага идея келди. А бирок ага чейин ямаханын, аккордеондун коштоосунда ырдачумун. Ошентип, андан кийин кайсы жакшы ыр чыкса эле артынан түшүп үйрөнгөнгө аракет кыла баштадым. Ал кезде азыркыдай интернет деген жок болчу. Радиодон жакшы ырлар жаӊырып калса жанталашып жазып алчумун. Эгер ырдын сөзүн толук жазганга жетишпей калсам анда ручка, барак даярдап алып ошгол ыр кайра жаӊыргыча күтчүмүн. Ар бир ырды жаттап комуздун коштоосунда жакшы өздөштүрүп алчумун. Анан агайымдын жанына барганда күү үйрөнгүм келбей  “Агай мен жаӊы ыр үйрөндүм. Ырдап берейинби? “-десем эле ал киши каршы болчу эмес. А мен ырдагандан кийин агайым мени мактачу. Чындыгында агайымдын мактоосу мага биртоп дем-күч берди.

“Апам чыгармачылыкка болгон табитимди ачкан”

—Өзүмдүн апам дагы комуз черткендиктен андан  “Кербезим”,  “Жаштар маршы” деген күүлөрдү  үйрөнгөм. Ал менин чыгармачылыкка болгон табитимди ачкан десем болот. Акыры комузду үйрөнүп шаардык, областтык, республикалык деӊгээлдеги конкурстарга, фестивалдарга катышып жүргөн учурда апам мени колумдан жетелеп КТРКдагы  “Чабыт” деген теледолбоорго катыштырганы алып келди. Бул долбоорду демилге көтөрүп КТРКнын режиссёру Ырыс Окенова уюштурган эле. Роза Аманова элдик салттуу ырлар бөлүмүнүн жетектесе, Нурак Абдыракманов комуз боюнча жетекчи экен. Ошондо мен тандоо турунан өтүп кеткенден кийин финалга чейин катышып көмөкөй менен ырдаганды Роза Амановадан үйрөнгөм. Тилекке каршы, чыгармачылыкка андан ары толугу менен киришүүнү каалап турсам да, мектепти бүткөндөн кийин апамдын кеӊеши менен келечекте керектүү кесипке ээ болуу үчүн   Кыргыз-Түрк  “Манас” университетинин котормочулук бөлүмүнө тапшыргам.  Ал кезде аталган окуу жайда азыркыдай консерватория факультети жок болчу. Бул окуу жайда беш жыл окуганым менен, кайсы жактан сыйлуу коноктор келсе артист көйнөгүмдү кийип, комузумду колумдан түшүрбөй ырдап жүрчүмүн. Жогорку окуу жайды бүткөндөн кийин Балыкчы шаарындагы Балдар музыкалык мектебине мугалим болуп ишке орношуу менен бирге ал жерде комуз ансамблин уюштурдум.

“Өзүнүн аты Үмөтай. Ырдаган ыры Күӊөтай…”

—Менин атым 9-класска чейин Үмүт эле болчу. Апам 11 бир тууган. Анан мен төрөлгөндө апам бир туугандарына аттарды баракка жаздырып, столдун үстүнө көмкөрөсүнөн койдурткан экен. Барактын арасынан апам бирди алганда Үмүт деген ат чыккан экен. Бул атты ким койгондугу белгисиз бойдон калган экен. Үмүт болуп жүрүп   “Чабыт” теле долбооруна катышканда “Күӊөтай” деген ырды аткарган элем.  “Өзүнүн аты Үмөтай. Ырдаган ыры Күӊөтай”  дешип ал жердегилер “Мындан кийин сенин атыӊ Үмүтай болсун. Кыргыздын бул нукура аты сага жарашат-деп айтышкан эле. Ошондон бери Үмүтай болуп калдым. Акыры мектепти бүтүп паспорт алганда атымды Үмүтай деп жаздырып алдым.

 “Мени жактырган мырза менден күчтүү болуусу керек”

—Алдыга койгон максаттарым аябай эле көп. Ал максаттарымдын эӊ алдынкысы-кайсы кесиптин ээси болсом да өз ишимдин устаты болуу. Келечекте өзүмдүн артыма из калтырган инсандардын бири болгум келет. Анан турмуш кура турган жакшы адам болсо мыкты эне, мыкты жар болгум келет. Ал үчүн мага жоопкерчиликтүү, үй-бүлөгө камкор, оор басырыктуу, ыймандуу мырза болсо эле жетет. Булардын ичине дагы башка сапаттар камтылса болду.

Эгер үй-бүлө турган эки адамдын көз караштары  бир болсо анда экөөнүн аракети менен көптөгөн кыйынчылыктарды жеӊсе болот. Материалдык жактан баардыгы жетиштүү жерге барып бактылуу болуп кеткендерди көргөн жокмун. А мен мага жаккан мырзанын жердигине карабайм. А бирок сүйлөгөн дикциясына карашым мүмкүн. Анткени адабий тил менен сүйлөбөгөндөрдү көрсөм эле эмнегедир кыжырым келе берет. Балким апам, өзүм дагы тилчи болуп калгандыгы үчүн аябай маани берсем керек. Буга чейин кайсы жердин кулуну болгонуна карабай так сүйлөгөндөрдү көрүп ынандым. А мен ойлочу элем, түштүктүк болсо эле обон салып сүйлөйт экен деп. Ал жакта таза сүйлөгөн дөр деле бар экен. Эгер мурда ажырашкан менден биртоп жаш улуу мырзалар тургай кичүүлөр болсо деле көӊүлүмө туура келсе турмуш курганга макул болмокмун. Негизи эле мырзалардын жаш курагына карабайм. Мени жактырган мырза менден моралдык, материалдык жактан күчтүү болуп, менин жашоомо шарт түзүп берүүсү керек. Эгер мен сүйгөн мырза мени жактырса анда мен  үчүн жагымдуу көрүнүш болмок. Ал эми мага жакпаган адам мени кызганса “Эй, башымды оорутпачы!”-деп айтышым мүмкүн(күлүп).

Блиц-анкета

Толук аты-жөнү-Абдышова Үмүтай Абдышовна

Туулган жылы, айы, күнү-1991-жыл, 25-май

Жактырган шаары-Париж

Жактырган мезгили-Жаз

Жактырган автоунаасы-Тойота Камри

Жактырган актёру-Жеки Чан

                                                   Маектешкен: Нуркемел ИСАЕВ

 

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *