Сакашвилини бет капчан адамдар кармап кетишти. Украина күч тармактары анын кармалышына тиешеси жок экенин айтты

Грузиянын экс- президенти, Одесса облусунун экс-губернатору Украинадагы “Жаңы күчтөрдүн кыймылы” деген оппозициячыл бирикменин лидери Михаил Саакашвили Киевде бүгүн кармалганын  «Азаттык» жазып чыкты.  Бул тууралуу анын кызматташтарынын бири Давид Сакварелидзе билдирген.

Анын айтымында, Саакашвилини ресторандан беткапчан адамдар кармап, кичи автобус менен белгисиз тарапка алып кетишкен.

Грузиянын экс-презденти, Одесса облусунун мурдагы губернаторун кимдер кармаганы азырынча белгисиз. “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Киевдеги кабарчысына Украинанын Коопсуздук кызматынын, Башкы прокуратурасынын өкүлдөрү саясатчынын кармалышына алардын тиешеси жоктугун айтышкан.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *