Өмүрбек Текебаев абакта жатып, эми каңырыгы түтөп арман кылууда…

Камактагы саясатчы, Ата Мекен партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев 24.кж маалымат агенттигинин суроолоруна жооп берген. Анда башкы оппозиционер түрмөдөгү шарттар, эмне менен алек болуп жатканы тууралуу жооп берип, саясий өмүрүндөгү эң башкы катасын ачыктаган. 

Ал:  «2010-жылы парламенттик шайлоодон кийин президент Роза Отунбаева КСДП лидери Алмазбек Атамбаевге өкмөттү түзүү боюнча Конституциянын негизинде мандат тапшырды. Атамбаев өкмөтү түзө албады.

Ошондо Роза Отунбаева өкмөттү түзүү мандатын Ата-Мекен фракциясына, Өмүрбек Текебаевге берем деп ачык билдирди. Мен мандаттан Алмазбек Атамбаев сунуштаган Өмүрбек Бабановдун пайдасына баш тарттым. Мунун жыйынтыгы менен Алмазбек Атамбаев президент болду.
Көпчүлүк саясатчылар, фракция лидерлери мандаттан баш тартпашымды суранышкан, керек болсо талап кылышты. Бирок, мен аларды укпадым, мына ушул кадамымды мен негизги саясий катам деп эсептейм.Эгер мен өкмөттү түзүүчү мандаттан баш тартпаганда, Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын президенти болмок эмес.
Тарых башкача өнүкмөк»,-деп абакта жаткан саясатчы каңырыгы түтөп айтып берген.

Туура, балким Өмүкең мандаттан баш тартпаганда тчынында тарых башкача өнүкмөктүр. Бирок ким падыша болот, ал Кудайдын амиринде. Маңдайына жазлыган адам канда йда болсо да ажо болору бышык. Мына ушул маселени да эске алуу керек.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *