Коопсуздук кеңешинин жыйыны сот, прокуратура, күч жана коопсуздук органдарынын катышуусунда болуп өттү. Жыйында президент Сооронбай Жээнбеков коррупция менен күрөшүүгө эрки жетээрин, бирок ал ишенген күч структуралары коррупцияга кокосуна чейин малынып, коррупциянын сормо сазынан чыга албай жатканын, ошол себептен коррупция менен күрөш толук кандуу жүрбөй, киттер кармалбай, чабактар кармалып жатканын айтты. Чындыгында жоопкерчиликти алган лөктөрү кармалбай, аткаруучулар кармалып жатканы бүгүнкү күндүн чындыгы. Андан тышкары бийликтин бийик эшелонундагыларга укук коргоо органдарынын укуруктары илинбей, кол тийбес макамына ээ болуп алганын, ички иштер органдары тарабынан өткөн эки жылда 65 миң кылмыш иш козголгонун, анын 30%ы гана сотко өткөнүн, ал эми сотко жиберилген иштердин 44%ы боюнча айыпталуучулар кылмыш жообунан бошотулганын айтты. Экономикалык жана коррупциялык кылмыштарды иликтей турган финансы полициясы 2016-2017-жылдары 3807 кылмыш иш козгогонун, бирок алардын 23%ы гана сотко өткөнүн белгиледи. “Карга карганын көзүн чокубайт” дегендей, алардын баары бири-бири менен тыгыз кызматташтыкта иш алып бара жатса, кантип эле биринин айыбын бири ачмак эле. Бул жагынан президент катуу чараларды көрүп, бул коррупцияланышкан органдардын жетекчилерин дүңүнөн алмаштырышы керек.

Булак: Фабула

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here