Ишенимден чыккан министрликтер

2017-жылдын экинчи жарымында калк арасында бийликтин бийик сересинен орун алган министрликтерге коомчулук ишеним артабы деген таризде сурамжылоо жүргүзүлгөн. Жалпысынан алганда бардык эле министрликтер калктын купулуна толбой, көпчүлүгү кээ бир министрликтерге такыр ишенбей турганын айтышты. Алсак Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик агенттиги менен Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги 50 баллдан, Маданият, туризм жана маалымат министрлиги менен Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 47 баллга бааланган. Ал эми кылмышкерлерди кызыл килем менен узатып, крим дүйнөнүн кыйындарына келиндей кызмат кылган Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы 4,9 деген эң төмөнкү балл алган. Ал эми майлуу-сүттүү делген, миллиондорго марып баланча миллион, түкүнчө миллион деген атка конгон жетекчилер эмгектенген, акыркы жетекчиси “бийликтин эрке баласы” деген лакап атка конгон Кулматов жетекчилик кылган  Бажы кызматы  9,1 балл, Уюшкан кылмыштуу топ менен күрөшүп жатканы билинбейт же реформадан дайын жок, ичинен ирип интриганын очогуна айланган ИИМ 14,5 пайыз, казино жана башка кумар оюндарын ооздуктайбыз деп, же анысынын аягына чыкпаган Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы 17,3  баллга сурамжылоого алынган адамдар тарабынан бааланган. Карап турсаң калктын күч структураларына ишеним артпай калганы байкалат. Мындай болуусунун бирден-бир себеби албетте жең ичинен чечилип жаткан маселелер, коррупцияга кокосуна чейин малынган кызматкерлердин кызматка дайындалышы.

Булак: Фабула



Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *