Кара-Балта: башына ок жеген киши ооруканага машина менен өзү келген

Окуя 9-февралда түштөн кийин болгон

 Кара-Балта шаарындагы ооруканага башына ок жеген киши өзү барганын Sputnik Кыргызстан агенттигине укук коргоо органдарындагы маалымат булагы билдирди.

Анын айтымында, окуя 9-февралда саат 14:00дөр чамасында Кожомбердиев көчөсүндө катталган. 29 жаштагы жергиликтүү тургунду үйүнүн алдынан жарадар кылып кетишкен.

«Аны травматикалык тапанча менен атышкан. Ок чыкыйга тийип, кан тамырларды жабыркаткан. Ал автоунааны айдап алып, ооруканага өзү келген. Жабыркаган жаран учурда жандандыруу бөлүмүндө. Эмне болгонун деле так айтып бере алган жок. Андыктан окуя кандай болгонун билбейбиз», — деди маалымат булагы.

Окуяны териштирүү үчүн ыкчам иш-аракеттер көрүлүүдө.

https://sputnik.kg

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *