Айдар Акаев бир келинди өлтүрүп, кунуна “Берекет Грантты” бергенби?

Бишкектин борборунда жайгашкан “Берекет Грант” соода комплексинин учурда чаткалдык ишкерлер иштетээри маалым болду. Укканыбызга караганда, соода комплекстин Акаевдин убагында анын баласы Айдар Акаев чаткалдык сулууга ашык болуп, аны аялдыкка алыптыр. Көп жашабай эле көпкөн Айдар ал келинди ур-тепкиге алып, сабап жатып өлтүрүп алган экен.

Элдин кеп сөзүнөн корккон Аскар Акаевдин тун  уулу Айдар жаңы салынып бүтүп, пайдаланууга берилмекчи болуп турган соода борборду толугу менен келиндин ата-энесине берип, кунунан кутулуптур. Ошондон бери “Берекет Грант” соода борборун чаткалдык аксакал иштетип, аябагандай байыганын уктук.

Баса, дал ошол маалда Акаевдин көпкөн баласы казакт президенти Нурсултан Назарбаевдин кызы Алия Назарбаева менен түтүн булатып жашап жаткан учуру экен. Алияны чанып, ошол кызгы байланып, анан кылган кылыгы ушул болуптур…

Булак: «Фабула»

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *