Нарында 14 жаштагы кызды ата-энеси зордуктаган адам менен нике кыйдырууга көндүргөн

Нарын облусунда өткөн жылы 14 жаштагы кыз сексуалдык зомбулукка кабылган. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда Бишкек шаарында уюштурулган жолугушууда «Балдардын укугун коргоочулар лигасы» коомдук фондунун жетекчиси Назгүл Турдубекова билдирди.

Анын айтымында, сексуалдык зомбулуктун кесепетинен кыз кош бойлуу болгон. «Кыздын ата-энеси жоопкерчиликтен качуу үчүн аны зордуктаган адам менен нике кыйдырууга көндүрүшкөн. Алар кызды нике сүйүү жана макулдук менен болгонун айтууга көндүргөн. Үй-бүлө элдин абдан аярлуу катмарынан экен. Ал эми өспүрүм кыз ден соолугунан жабыркайт», — деди ал.

www.turmush.kg

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *