1-бөлүм

Ошентип ал тез эле сырттан окууга которулуп, мэрияга караштуу үйдүн эки бөлмөлүү квартирасына көчүп чыкты. Чын эле шарты жакшы экен. Айсанат андай үйдө жашап көргөн эмес. Жатаканада бирге турган курбуларына ачык айткан жок. “Иштешим керек” деп гана койду. Бул сырын ичине сактады. Чынында ал өз жашоосун өзгөрткүсү келчү. Окшош күндөрдөн, кишини зериктирген жатакананын жайдак дубалдарынан, акчанын дайыма жетпегенинен тажаган. Ооба, ал кандайдыр бир камкордукка, жылуу мамилеге муктаж болуп жүргөн. Ага көп эле жигиттер тийишип, мактоолорду айтып, ар кандай тамашаларды ыргытышчу. Бирок олуттуу мамиле кылып, колун чындап сурагандары кездеше элек болчу. Ал эми айылдагы классташы Эрмектин сүйүүсүнө ал шылдың менен жооп берген эле. Эрмек Айсанатты чын дилинен сүйчү. 9-класста окуп жүргөндө ал сүйүү катын жазып, Айсанат үчүн дүйнөнүн бардык азаптарына даяр экенин билдирип, кийин шаарга издеп келип канча ирет колун сурап жалдырады. Айсанат аны мурдунун суусун тарта элек жаш бала деп эсептеп, теңине албай койду. Анын кичинекей бою да, жаш балага окшошуп кеткен мажирөө ою да кызга таптакыр жакпай койду. “Мени кыздарга уят кылып экинчи келбегин” деген кыязда мыскылдай күлүп узатып коюп жүрдү. Акыры жүрө-жүрө үмүтүн үзгөн Эрмек кийин үйлөнүптүр.

Айсанат азыр Айдар Сариевичти чоң караан тутуп, анын айтканы менен болсо өзүнө жакшы болорун боолголоду. Анын үстүнө ал киши өзү айткандай көрүнгөн кызга эле ниети түшүп, баарына эле кам көрө бербесе керек да.

Ошентип ал шаардагы авторитеттүү, бай фирманын кадрлар бөлүмүнүн башчысы болуп калды. Бул фирма көрсө тиги кишинин менчиги экен. Бирок Айсанаттын ишин көбүнчө улгайган инспектор аял аткарып жатты. Ошондой тапшырма берилсе керек – улгайган аял жанталашып Айсанатка ишти үйрөтө баштады. Көрсө, кадрлар башчысынын иши да оңой эмес экен. Бирок айлыгы жакшы. Өгүнү биринчи маянасын алды. Колуна чоң суммадагы акча тийди. Мынча акчаны ал эч качан кармап көрө элек болчу. Чындыгында кубанды. Өзүн кандайдыр ишенимдүү сезе баштады. Шаар башчыга ичинде ыраазы да болуп жүрдү.

Кыздын ишенимине акырындап кирип келаткан шаар башчы да көңүлдүү иштеп жүрдү. Анткени тал чыбыктай сулуу, жапжаш кызга кам көрүп жүрбөйбү. Аны оюнда эч кимге ыраа көрбөйт. Айсанаттай татына кыз менен өзүнүн тагдырын байланыштырууну көздөп жүрөт. Бирок анын бул купуя оюн Айсанат али толук баамдабаса керек.

Бир күнү ага шаар башчы конокко чогуу барып келүүнү сунуш кылды. Бир кезде Ташкентте бирге окуган жолдошу шаар четиндеги дачасына мейманга чакырып жатыптыр. Ал жерге башка жолдоштор да келишет экен. Айсанат мындай сунушка ойлонуп калды. Чоң кишилердин отурушуна баруунун кажети барбы? Анын үстүнө менин ал жерде кандай тиешем бар? Көңүлү ыргылжың болуп ынабай турду. Анан барбайм деп чечти. Шаар башчы андан суранды.

– Менин коллегам катары барышың керек. Сен экөөбүз ал жерде сыйлуу конок гана болобуз, жаманбы? Эс аласың, дачасы да кооз жерде,- деди.

– Анан кайра келип калабызбы?

– Келбегенде… кечинде тарайбыз да. Анын үстүнө сен мындан ары чоң кишилердин чөйрөсүнө да аралашып көнүшүң керек. Сен үйрөнө турган көп нерселер бар турмушта.

Айсанат макул болгондой үндөбөй калды. Ушунча кам көрүп жүрсө анан улуу башын кичик кылып конокко барып келишин суранып жатса барбайм дегени да чекилик болчудай. Айдар Сариевич жан чөнтөгүнөн капчыгын алып чыгып, эки кагаз акча сууруп алды да Айсанатка сунду:

– Конокко кийип барганга ылайыктуу көйнөк сатып ал өзүңө.

– Жок, кереги жок. Көйнөгүм бар, — деди кыз тарткынчыктап. Чынында конокко ылайыктуу деле көйнөгү жок эле. Бети дуулдап уялып кетти. Албайм деди. Тиги да болгон жок. Акыры акчаны алууга аргасыз болду. Эртеси Айсанат “Айчүрөк” дүкө- нүнөн өзүнө тандап жүрүп эң сонун көйнөк, анан артканына туфли сатып алды. Үстүндөгү кооз бантигине ак мончоктор басылган капкара койкойгон кол кашыктай туфли анын апакай, түптүз буттарына куп жарашып калды. Көйнөгү да өзүнө гана арналып тигилгендей мүчөсүнө кыналып сонун. Жердиги кара, майда-майда сейрек ак жылдыздары бар, жака-жеңи кооздолуп тигилген адеми көйнөк. Кадимки эле түнкү асманды элестетет.

Үйүнө келип кийинип алып күзгүнүн алдында көпкө каранды. Укмуштай сулуу болуп калды. Мындай көйнөктү бала болуп башына жүн чыкканы кийе элек болчу. Ичинде Айдар Сариевичке дагы бир жолу ыраазы болуп турду.

Ошентип алар чакырылган күнгө шаар четиндеги дачага барып түшүштү. Чын эле абдан кооз жер экен. Дачалар жар бойлото салыныптыр. Жардан ылдый жакта агарып кашкайган суу агып жатат. Бир чети коркунучтуу. Бирок кооз. Коноктор машина менен бирден-экиден келе башташты. Бири-бири менен ысык учурашып жатышты. Көрсө, булар көп жылдардан бери көрүшө элек достор экен. Үч киши жалгыздан, эки киши жубайлары менен келишти. Бирок негедир аялдарындай көрүнбөдү. Байкаса көңүлдөш айымдары окшойт. Шаар башчы Айсанатты “мени менен чогуу иштейт, жардамчым” деп тааныштырды. “Абдан жакшы!” дешти баарысы. Ал тургай кызга мактоо сөздөрдү да айтып жиберишти. Үстөлдү ийилте жасалган дасторкондо абдан көңүлдүү отуруш болду. Бири-бирине ыргыткан тамашалар, күлкүлөр көп болду. Жаш кездеги жоруктарынан эстешип, ошол кездердин урматына деп ичкиликтен татып олтурушту. Ичкиликке кыйнашабы деп Айсанат сарсанаа болду эле, ырас антишкен жок. Айдар Сариевич да “Айсанат ичкилик татып көрө элек” деп койду. Ооба, чынында татып көрө элек болчу. Бирок шаар башчы аны билбейт эле. Калп эле тигилерге билген киши болуп койду. Дасторконго баары көңүлдүү, тамашакөй, какшыкчыл адамдар чогулуптур. Бир гана Айсанат унчукпай суусундуктан, жер-жемиштен анда-санда татып, тигилердин тамашаларына жылмайып коюп олтурду. Алар менен тең ата болуп сүйлөшө албайт эле. Анын үстүнө аларга чоочун. Бирок коноктор баары бир ага көңүл буруп, сый көрсөтүп жатышты. Ырдап кой деп да суранышты. Айсанат ырдагандан качпайт. Анкени үнү жагымдуу, кооз. Жакшы ырдаарын өзү да билет. Институттун сахнасында ар кандай майрамдарда, кечелерде ырдап жүрөт. Мында да анын жаштыгы, сулуулугу, жылмайганы, кооз көйнөгү, айтор, баарысы өзүнө жарашып, булактын шыңгырындай таптаза үнүнө берки эркектердин да көңүлү бурулуп жатты. Ошону алдыртан байкаган шаар башчы сыймыктуу, ишенимдүү олтурду. Чындыгында ал жерге Айсанатты сыймыктаныш үчүн ээрчитип барган эле.

Ошентип, күүгүм талаш коноктор ала-күү болуп тарашты. Айдар Сариевич телефон чалып шоопурун чакырды. Май айынын мемиреген жагымдуу түнүндө алардын машинасы калааны көздөй зымырап келатты. Өзгөчө шаар башчынын дүйнөсү түгөл болуп, көңүлү балкып, улам бурулуп Айсанатка ыраазы боло карап коет. Бирдеме дегиси келет. Кайра унчукпай калат. Анан алар көчөлөрдү аралап жүрүп олтуруп, шаардагы кадырлуу адамдар жашаган бир чоң үйдүн так алдына келип токтошту. Жерге түшүштү.

– Эми меникине конок бол, — деди шаар башчы кызга.

– Жок, байке, кеч болуп кетти. Кетишим керек.

– Жок. Минтип көчөдө акыйлашып турганыбыз жарабайт. Кир үйгө.

Экөө тепкич менен көтөрүлүп, экинчи кабаттагы 46-квартираны ачып киришти. Үйдүн ичи абдан жакшы жасалгаланган экен. Бирок байкаса киши жоктой. Жымжырт.

– Үйүңүздө эч ким жокпу?

– Жок. Экөөбүз элебиз… Мен шаардын башка тарабында турам. Кыздарымдын үчөө тең турмушка чыгып кетишти. Уулум болсо жок. Бул үй бош. Ким келип жашайт деп эле күтүп турат. Эгер макул болсоң ушул квартираны сага белек кылам.

– Кандайча? – Кыз шашып кетти. Жүрөгү бир нерсени сезгенсип “болк” дей түштү. Шаар башчы бул сөзү менен бир максатын кыйытып турганын байкады.

– Жок, жок, мен бул жерге жашабайм. Кетем! — Айсанат өзүн ушул үйгө камалып калчудай сезип ордунан тура жөнөдү.

– Кантесиң эми. Кетесиң. Мен жөн эле айтып койдум. Кел, андан көрө чай ичели, суусадыңбы?

Кыз унчукпай туруп калды. Айдар Сариевич кызды жылмая тиктеп анан каткырып күлүп алды.

– Коркогум десе… Сен мага ишенбейсиңби? Сени эч бир жамандыкка кыя албайм. Ушуну түшүнөсүңбү?

Муздаткычтан бирдемелерди алып чыгып үстөлдүн үстүнө коё баштады. Аңгыча чай кайнады. Айсанат чай ичмейинче кутулбасын түшүндү окшойт, чайнекти алып демдей баштады.

– Бүгүн сенин көйнөгүңдү бир аз майлап коюшубуз керек. Анткени сени абдан сулуу көрсөтүп турат,- деп шаар башчы муздаткычтан шампан алып чыкты. Оозун ачып, эки бокалга көбүртө куйду. Анан кызга карап тост айтты:

– Айке, — деп эркелете сүйлөдү. – Рахмат сага, коноктордун алдында менин баркымды дагы көтөрүп койдуң. Байкадыңбы, бардыгы сага суктанып олтурушту. А мен сыймыктандым. Кел, эми мындан ары дайыма бири-бирибизди колдоп жүрөлү. Сен каалаган тилектердин баарына жардамдашканга мен даярмын. Ушуну эсиңден чыгарба. Кел, бир аз татып кой. Шампан деген жөн гана суусундук эмеспи.

Чындап эле суусап турган кыз колундагы бокалды тартып жиберди. Анан алар чай ичишти. Шампандан дагы куюлду. А сыртта түн коюуланып баратты. Башта кыз кетүүнү ойлоп жатса эми эмнегедир эч кайда шашпай, шаар башчы- нын маңдайында беймарал олтурду. Чын эле бүгүн өзгөчө чырайына чыгып, эки бети тамылжып, жүзүмдөй мөлтүрөгөн көздөрү балбылдап олтурду. Ушинтип эс алып олтура бергиси келди. Эркектин жагымдуу сөздөрү, жылуу мамилеси ага жагып жатты. Жакшы сөздөрдөн дагы айта түшүүсүн каалады.

Ошентип алар бул үйдө түнөп калышты. Чындыгында кыз өзүнүн эркин башка- ра албай тажрыйбалуу, амалдуу эркектин алдында алсыздык кылды. Анын үстүнө шампанга кызымтал болуп калган. А шаар башчы болсо көптөн бери эңсеп жүргөн максатына жетти.

Таң агарганда уйкудан көзүн ачкан Айдар Сариевич терезе парданын ары жагына өтүп сыртты тиктеп турган кыздын өкүнүчүн, таарынычын сезип жатты. Ордунан туруп барып Айсанатты колдон алып өзүнө бурду.Маңдайына тизелей олтуруп, колдорун кош колдоп кармап кечирим сурады. Кыз колдорун тартып алып бетин басып буулугуп ыйлап жиберди.

– Бардыгы жакшы болот, Айсанат. Капа болбочу. Мен сага баарын жасайм, бактылуу кылам сени, — деп күнөөкөр болуп турду тиги киши.

http://www.lady.kg

(Уландысы бар)

Элмира Ажыканова

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here