1-Бөлүм: 2-Бөлүм: 3-Бөлүм; 4-Бөлүм; 5-Бөлүм; 6-Бөлүм;   7-бөлүм, 8-болум

Үйгө кирсем, апам баламды уктатып койгон экен. Ал мени карап:

-Ай, эмне болу сага, өң-башың бузулуп кетиптир. Сенин дагы бир жериң ооруп турат окшойт – деп чочугандай сүйлөдү. Мен апама эшиктен көзүмө киши көрүнгөнүн айтсам, ал “ой, кайдагыны айтасың” деп койду да. Бир аз тынымдан кийин:

-Жүрү, не бар не жок. Эшикти бир карап коёлучу. Сенин да, менин да көңүлүм тынчысын – деди.

Эшикке чыккым келбей турса, апамдын артынан унчукпай айла жоктон жөнөдүм.

Апам экөөбүз ээрчишип алып, огородду, айлана тегеректин баарын акмалап карап чыктык.  Эч нерсе жок, экөөбүз тең эч нерсе көрө албадык. Апам:

-Сен болбогон эле нерседен чоочугансың го., ит-мышык жүгүрүп кетсе деле, көзүңө башкача көрүнө түштү да – деди.

Мен унчуккан жокумун. Апамды убара кылып , күнөөлүү  болуп, артынан ээрчип үйгө кирдим.  Ошол түнү коркконумдан төшөгүмдү апам жаткан бөлмөгө салып алды. Апа алгач таңыркай карагансып калганы менен, унчуккан деле жок. Эртең менен апам менен чогуу туруп,  апама мечитке барып балама дем салдырып келүү керектигин айттым. Каршы болгон жок. Чай ичкен соң, жакшы жолуктарымдын бирин салынып алып, баламды коляскага сүйрөп алып, бизге жакын жердеги мечитке келдим. Кирип баратсам, алдыман  мен ооруканага жатып калганда дем салган сакалчан адам чыгып калды. Мен чоочуп кеткендей болуп, ага шашылып учураштым. Ал алик алгандан кийин.

-Сен өзүңө дагы эле келе элек турбайсыңбы.  Кайдагы ойлорду ойлоп, өзүңдү жей берсең, ден-соолугуңа олуттуу зыян болот. Сен азыр жаштыкка салып мунун баарына жакшы көңүл бурбай жатасың. Сенин жүрөгүң өз кабында болбой козголуп турат. Козголгон жүрөк коркунучтуу. Сен өлгөн адамды көп ойлоп жатасың, жаман көрөйүн деп, жаман көрө албай же, жакшы көрө албай, ортодо чайналып жүрөсүң- деди да унчукпай баламды карап калды.

Мен бул аксакалдын айткандарына чыны менен таң калдым. Анын ичимдеги бардык сырымды окуп жатканын баамдадым да:

-Сиз мунун баарын кантип, кандай негиздерге таянып айтып жатасыз?- деп суроо узаттым.

-Кызым таңкалбай эле кой, бул да болсо Кудайым берген кудурет-касиеттердин бири го. Эгер мен жаңылып, калп айтып жаткан болсом, анда  ачык айт. Чындап эле калп айтып жатасыз десең, мен сага жардам бере албасымды өзүм түшүнөм жана сага  эч нерсе айтпай калам- деди.

Мен эмне деп айтаарымды билбей калдым. Калп айтып жатасыз десе, бул касиети бар аксакал чындап менден биротоло кол үзөт окшобойбу. Чын айтып жатасыз десемчи? Анда кандай болот? Мен ушуларды ойлоп, ичимден кыжаалат болуп жатканда, ал:

-Кыйналба, кызым. Мен сени жакшы түшүнүп турам. Жүрөгүң эмнени айткысы келип жатса, ошону айта бер, тартынба – деди. Анын ушул сөзүнө кийин, мен жеңилдей түшкөндөй:

— Ооба, сиз чындыкка жакын нерселерди айтып жатасыз? Бирок сиз буларды кайдан билесиз. Мага ушул жагы кызык болуп жатат- дедим.

-Өзүңдү өзүң алдап, Кудайдын алдында күнөөкөр болбой чындыкты айтканың үчүн, кызым сага ыраазымын. Бул кадамың өзүңө  өзүң жардам берүүнүн бир жолу болуп эсептелет. Мен чындыкты айтпай, каратып туруп калп айткан адамдарды көп эле көргөм. Алардын кийинки тагдырларына да күбө болдум. Сен мага таң калба кызым, мен сенин тамырыңды кармап, тагдырыңды бир аз таразалап, билгенсидим эле. Жаңылбаганымды да сезип тургам. Анан  чынын айтсам, сен оюма түшө калып, бир санаркап да жүрдүм.

Ал сөзүн токтотуп, коляскадагы баланы колуна алып:

-тигил жердеги олтургучка олтуруп, балаңа дем салып берейин. Бул кичинекей периштеңдин эки атасы бар турбайбы. Аман болсун…

Аксакалдын бул сөзү менин жүрөгүмө жебедей эле сайылгансып калды. Өзүмдү жаман сезип кеттим. Көрсө бул аксакал баарын билет турбайбы. Кудай ай, бул адамга кайдан да жолугуп калдым эле. Мунун баарын Уланга да айтып салбады бекен?

Мен ал балама аяттарды окуп дем салгыча ушундай ойлорго жетелендим. Дем салып бүткөн соң, баламды колума алып, эч нерсени түшүнбөгөн аңкоо адамдай болуп:

-Баламдын эки атасы бар турбайбы дегениңизди жакшы түшүнө албай калдым. Бир эле өз атасы бар. Чоң атасы өтүп кеткен – деп актангандай тызылдап сүйлөп жибердим.

Ал мени карабастан эле:

-Мен маркум чоң атаңды айткан жокмун. Өз атасын айтып жатам. Баланын эки атасы бар. Биринчи өз атасы. Экинчиси олжолуу, тапкан атасы. Буга мен сени күнөөлөй албайм. Ошентсе да, бул балаң никесиз болуп төрөлүп калган экен. Жүрөгүнө жакшы ыйман сиңирип уюта алсаңар, анда силерге күйүмдүү болот. Болбосо, никесиз балдардын көбү ата-энесине анчалык күйүмдүү болбой чоңоюшат- деп басым менен сүйлөдү. Анын мындай сөздөрүнө ансайын таң калып, келмем оозуман ыргып кеткендей эле болду. Ичим  уйгу-туйгу болуп, өң-алеттен кетип, өзүмдү жанагыдан да жаман сезип кеттим. Аксакалга эмне деп сүйлөөрүмдү да билбей калдым. Бир саамга ойлонуп туруп калдым эле, ал мага:

-Кызым эгер макул болсоң, кайын атаңдын күмбөзүнө барып куран түшүрүп коёлу. Арбактар тирүүлөгө, өзгөчө өз жакындарына ыраазы болуп жашашы керек. Аларга куран азык болот. Сен кайын атаңа куран түшүрүп жүрсөң, бир топ жеңилдейсиң – деди. Мен эч нерсе деп унчуккан жокмун. Унчукпаганым макул дегендин белгиси болду окшойт. Айтор, аксакал ордунан туруп, мечитке жакын эле турган машинени көздөй басканда, мен да анын артынан бастым. Балам боорумда, коляскам колдо…

Машинеге жете бергенимде, машинеден бир жаш жигит чыгып, коляскамды алып машиненин артына салды. Машинеге жайланып олтургандан кийин балам көөшүлүп уктап кетти. Мындай маалда уктачу эмес эле, анын бир заматта уктап калганына таң калдым. Аксакал машине алдында олтуруп баратса да, мунун баарын көрүп, дале менин ойлорумду окуп жаткандай:

-Кичинекей периштең дем салгандай кийин жыргап уктап калдыбы. Ошентет, курандын аяттарынан ыйык, бул дүйнөдө эмне бар дейсиң. Жүрөгүңдү, жан дүйнөңдүн баарын тазалайт. Сен кызым, куранга, намазга жакын бол. Жолуң ачылат. Жашооң жеңилдейт, берекелүү болот, өзүң таза болосуң- деп койду.

Мага анын бул сөзү жага түштү. Жеңил жашоону ким гана каалабайт? Ким кана эңсебейт. Бирок жеңил, берекелүү жашоо оңой келбесин түшүнүп турдум. Мен айдоочуга күмбөзгө барчу жолду түшүндүрүп айтып бердим. Биз бат эле, калың мүрөзөлөргө жете келдик. Бирок мүрзөдө топтошуп, ким бирөөнү көөмүп, топурак салып жаткан эл арбын экен. Машинеден түшүп жатканымда балама кылчактап калганымды байкаган аксакал:

-Камсанаба, периштең азыр ойгоно койбойт. Андан көрө жүрү алдыга басып, күмбөздү көрсөтүп бер – деди.

Мен алдыга басып, мүрөзөлөр ортосунда орун алган кайын атамдын күмбөзүнө жеткенде токтоп олтура калдым:

-Ушул- дедим.

Аксакал күмбөзгө, андагы сүрөткө бир сыйра тигиле карап алып, тизелей олтура калып, кыраатты менен куран окуп кирди. Айрым учурларда көзүн жумуп, өтө берилүү менен окуп жатканын байкап турдум. Бирде жерди карап, бирде аксакалды, бирде кайын атамдын сүрөтүнө көзүм тигилип, өзүмчө эле нес болгонсуп жаттым Куран узакка созулду. Бул маалда мүрөзөгө келген адамдар бизден анча алыс эмес жерден  чубап өтүп жатышты. Алардын баары болбосо да көбү бизди жалт карап өтүп жатышканы байкалып турду. Аксакал куран соңунда алакан жайып, узак тилек айтты. Алакандарыбызды жүзүбүзгө сылап бата кылдык. Аксакалдын бата кылганда анчалык узун эмес сакалын сылап койду.

-Сен кайын атаңа куран окуп жүр. Куран жаттап, үйрөнүп ал. Сенин кимден чоочуп, мынча азапка тартып жатканыңды мен эми билдим. Кызым, арбактар ыраазы болмоюнча, тирүүнүн иши жүрүшпөйт – деп сөз сүйлөп жатканда жаныбыздан чубаган эл суюлуп,  эң артта келаткан эки жигиттин биздин тушка жеткенде токтой калганын көз кырымдан байкап турдум. Аксакал аларды карап:

-Балдар алаксыбай жолуңарды улай бергиле. Боз үйгө эртерээк  барып куран түшүрсөңөр, жаңы эле жерге берген тууганыңарга ошончо жакшы болот – деди.

Аксакал сүйлөп жаткан учурда тиги эки жигиттин бирине көзүм кадала түштү. Алардын бири, менден көзүн албай,  эси ооп жатканы Данияр эле…

(Уландысы бар)

 Залкар Заманбеков

1 КОММЕНТАРИЙ

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here