Уролог-хирург, дерматолог Бахтахунов Калдарбек Кожоевичтен түйүлдүктүн жынысын аныктоо үчүн же жөн гана медициналык кеңеш алгыңыз келсе 0708 53 83 75 (вотсап) телефон номуруна СМС жөнөтүңүздөр. Жообу ар ишемби күнү сайтка чыгат. Этикага туура келбеген жана кайталанып берилген суроолор чыгарылбайт!

-Бөйрөгүмдү УЗИден текшертип, анализ тапшырсам да таза чыкты. Бирок, 3 айдан бери ооруп жүрөт. Себебин билбей жатам. Сураныч, бизге жардам бериңизчи. Дарегиңиз кандай? 00773 32 85…

— Дарегибиз Логвиненко көчөсү №28. Жибек Жолу көчөсү менен кесилишет. Келсеңер текшерип, негизги себебин табууга жардам берем.

— Акыркы мезгилде аялдардын миома оорусу эки эсеге көбөйдү. Эгерде операция кылып, шишикти алдырып салсам, кийинчерээк кайра пайда болбойбу?0771 58 67…

— Миома тез өссө, ооруса, кан келсе, операциянын жардамы менен алып салуу керек. Жатындын өзүн калтырган операция болсо, кайра пайда болуп калышы мүмкүн.

— 3 жашар уулумдун деминен сасык жыт чыгат. Бул эмнеден болушу мүмкүн? 0773 77 82…

— Дем алуу менен чыккан жагымсыз жыттар негизинен дал ушул дем алуу системасы менен байланышкан органдардын сезгенүүсүнө байланыштуу болот. Биринчи ирет өпкөнүн бронхторунан баштап, трахея, миндалиналардын, таңдайдын, мурун көңдөйчөсү менен тыгыз байланышта болгон этмодиалдык, фронталдык, гаморроидалдык көңдөйлөрдүн сезгенүүсүнө байланыштуу болот. Ошондуктан, лор врачка кайрылууну сунуштайм. Жогоруда айтылган органдарды, көңдөйлөрдү текшертишиңиз керек.

— 15 жаштамын. Буту-колум какшап ооруйт. Богогум да бар. Компьютерно-пульсовая диагностикага бардым. Анан кымбат чөп дарыларды жазып берди. Зыяны жок деген. Аларды ичсем болобу? Акмөөр.

— Акмөөр, сен өзүңдүн каттоо бөлүмүндөгү врачыңа кайрыл. Тийиштүү анализдерди тапшырып, УЗИ текшерүүлөрдөн өтүп туруп гана дарыланышың керек.

— Калдарбек байке, эркектин спермасын бетке сүйкөсө агарып, тактарды кетирет деген чынбы? Тагыраак маалымат берип коюуңузчу? 0550 89 08…

— Эркектин спермасын анчалык кордоонун кереги жок. Ал керектүү жерден орун алганы оң. Ал эми беттеги такты тийиштүү бетмайлар менен кетиргениң оң.

— Менин жумурткам жок, балалуу боло аламбы?

— Иним кабатыр болбо, бир жумурткаң менен деле балалуу болосуңар.

— 17 жашымда боюмдан алдыргам. Азыр 24 жаштамын. Турмушка чыкканыма 3 жыл болду. Төрөй албай жатам. Мага жардам бере аласызбы? Айжан.

— Аборттун кесепетинен төрөй албай жатасың. Балким жатын түтүкчөлөрү сезгенүүдөн тосулуп калды. Гормоналдык бузулууга байланыштуу болот. Гинекологго кайрылып, терең текшерүүдөн өтүшүң керек.

— Турмушка чыкканыма 4 ай болду. Жолдошум менен кошулганда менде жыныстык органдан суюктук бөлүнүп чыкпай, кошула албай жатабыз. Мындай көрүнүш 4-5 жолу кайталанды. Эмне себептен мындай болушу мүмкүн? 0779 20 43…

— Карындашым турмушка чыкканыма 4 ай болду дептирсиң, бирок, канча жашыңда чыктың, ошону жазып койсоң болмок экен балким, климакска жакындап калганда чыксаң, анда физиологиялык көрүнүш болуусу ыктымал. Мындай кургак болгондун климакстан башка бир топ себептери бар. Айрыкча, жыныс кынынын инфекциясында, гениталдык герпесте, аялдын тамеки тарткан учурунда, эң негизги себеп болуп атрофиялык вагинит болуп эсептелет. Мындан сырткары гормоналдык бузулуу да ушундай кургактыкка алып келет. Дарылоодо гормоналдык терапия жүргүзүлөт. Вагиналдык кремдер күн алыс жыныс кынынын ичине куюлат. Оралдык, гормоналдык дарылар берилет. Дарыканаларда атайын интимдик гелдер да сатылат.

— Спираль менен канча жыл жүрсө болот? Мөөнөтү барбы? 0558 21 08…

— Ар бир спиралдын инструкциясына канча жылга колдонууга боло тургандыгы жазылат. Мисалы, “мирены” деген спиралдын мөөнөтү 5 жыл.

— Сиздин жардамыңызга муктажмын. Оң жак жумурткам дайыма өйүп, ооруксунгандай болуп тынчымды алат. Сизге чоң рахмат! 0555 82 32…

— Эркектердин жумурткасынын ооруганы бир нече себептерге байланыштуу болот. Мисалы, жөн эле жерден оорубай турган жумуртка чыдатпай катуу ооруп кирсе, бул коркунучтуу оорулардан болуп эсептелет. Муну медицинада “перекут яичка” деп коёбуз. Катуу сокку болуп жабыркаганда да ооруганы байкалат. Мындан сырткары, варикоцеле, гидроцеле, сперматоцеле, жумуртканын шишик ооруларында жана простатит оорусунда ооруганы байкалат. Инфекциялар аркылуу сезгенгенде оорунун күчөгөнү билинет. Ошондуктан жогоруда айтылган ооруларга уролог же хирург гана туура диагноз коё алат. Сөзсүз врачка кайрылып, так диагноз коюлгандан кийин гана дарылануу керек.

— Бир тууган бөлөмө үйлөнөйүн деп жатам. Каныбыздын тобу меники 3, жолдошумдуку 1. Мусулманчылыкта бөлөсүнө үйлөнүүгө болот дегенди билем, а медицина буга кандай карайт? Жаман жактарын айтып коюуңузчу?

— Медицинада “инбридинг коэффиценти” деген түшүнүк бар. Генетиканын законуна ылайык, канчалык окшош бирдей гендер көп болсо, ошончолук оорулуу балдар төрөлүшүнө мүмкүнчүлүк жогору болот. Бир атанын балдарында бул инбридинг коэфиценти 1/8, эки атанын балдары менен кыздарынын ортосунда 1/16, үч атанын балдарынын ортосунда 1/32, төрт атанын балдарынын ортосунда окшош гендер 1/64 болот. Булардын баары биздин ата-тегибизге белгилүү болгон. Генетикалык жактан далилдей алышпаса да, жети ата өтмөйүнчө бири-бирине кыз алып же беришкен эмес. Менин айткандарыма жыйынтык чыгаруу силердин милдетиңер! “Бөлөлөр үйлөнүшүп, балдары жакшы эле болуп атышпайбы?” дешиңер мүмкүн. Бирок, мындайлар бирөөсү доминанттык, экинчиси рециссивдик болгон учурда гана болот. Ар дайым эле мындай боло бербейт. Экөө тең рециссивдик ген болсо, төрөлүүчү муундарына да берилип, кулактары дүлөй, нерв системасынын оорулары жана тукум куучулук оорулары менен төрөлүшөт. Альбинизм менен төрөлгөн учурлар аз учурайт. Мына ушундай, иним! Бөлөңдү ушунчалык эле жакшы көрсөң, генетикалык кабыл алууга келип, мындан да тереңирээк билим алсаңар ашыкча болбойт.

Булак: gezit.kg

 

 

 


Автор: Феруза КЕРИМАЛИЕВА

1 КОММЕНТАРИЙ

  1. Саламатсызбы менин женский жагым катту кычыштырып алергия берип жатат куйом менен кошулганымда кычышканы кучоп басылбай жатат эмне кылсам болот .рахмат

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here