Түндүк Кипирде белгисиз адамдар кыргыз жигитке 7-8 жолу бычак урушуп, эки бутун сындырышкан

Түндүк Кипрдин Гирне шаарындагы 27 жаштагы кыргызстандык жигит 24-майда бычак жеп, эки буту сынган абалда ооруканага түшкөнүн «Азаттык»  «Доктор Акчичек» ооруканасынын дарыгери Өзжан Хүдавердинин маалыматына таянып жазып чыкты.  Маалыматта:  Кыргыз жигитке  7-8 жолу бычак сайылганы,  учурда  анын абалы оор, комада жатканы айтылат. Бул кылмыштуу окуя  24-майда Гирне шаарында болгон. Алгач кыргыз жигити боюнча Тез жардам кызматына: «көп кабаттуу үйдөн кулады» деген кабар айтылган.  Бул кылмышка эмне себеп болгону азырынча белгисиз. Иликтөө башталаган.

Такталбаган маалыматтарга караганда, Түндүк Кипрде бир жарым миңден ашуун кыргызстандык жаран жашап-иштейт. Негизинен алар тейлөө кызматтарында, казино-ресторандарда иштеп келет.

Ысык-Көлдө калың кардан кийинки чыгым 17 миллион сомдон ашты

Ысык-Көл облусунда калың жааган кардан кийинки материалдык чыгым алдын ала эсеп боюнча 17 746 213 сомду түздү. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, калың кардан аталган облустун Ак-Суу, Тоң, Ысык-Көл, Түп райондору зыян тартты.

Акыркы маалыматтарга караганда, Ысык-Көл облусу боюнча жалпы 36 жылкы, төрт кулун, 45 уй, төрт музоо жана 2446 баш кой кырылды. Ысык-Көл облусунда 23-24-майда 50 сантиметрге чейин жеткен кар жааган.Андан келтирилген чыгымдын так саны эсептелип бүтө элек.

Нарын облусунун Ат-Башы районунда да калың карда 800 кой-эчки жоголгон. Жандыктардын 215инин өлүгү табылган, 100дөн ашыгы изделип жатат.

Ысык-Кол… Калын кардын азабы?!

Опубликовано З. Окенбаевой 26 мая 2018 г.

Булак: Азаттык: