Тарых музейин оңдоп-түзөө иштерине мамлекеттен 1,5 млрд. сом бөлүнгөн

Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай, коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы “Азаттыкка” кабарлады.

Ага ылайык, Мамлекеттик тарых музейине мамлекеттен жалпысынан 1,5 млрд. сом бөлүнгөн. Анын 700,0 млн. сому оңдоп-түзөө иштерине, 864,4 млн. сому экспонаттарды коюуга, жабдыктарды оңдоого арналган.

Буга чейин парламентеги «Ата Мекен» фракциясынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов музейди оңдоп-түзөө иштеринде баалар жогору көрсөтүлгөнү тууралуу маалыматтар бар экенин айтып чыккан. Ага байланыштуу фракция 25-майда Мамлекеттик тарых музейин реконструкциялоо иштериндеги баалар боюнча көчмө жыйын өткөрөт.

Мамлекеттик тарых музейинде 135 миңден ашык буюм-тайым турат. Музей оңдоп-түзөө үчүн 2016-жылы 25-мартта жабылган. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги музейди жаңылоо эки этап менен жүрөрүн кабарлаган. Алгач Түркиянын Кызматташтык жана өнүгүү боюнча агенттиги (TİKA) музей имаратынын баарын ремонттоп бермекчи болуп, кийин жарым-жартылайын оңдоого гана көмөк көрсөткөн. Калганын Кыргызстан өзү оңдоп жатат.

Булак: Азаттык

Баткенде окуучу кыздар мушташып, 10-класстын окуучусу өз жанын кыйды (видео)

Баткен облусунда окуучу кыздар арасындагы жаңжалдан кийин кыздардын бири өз жанын кыйды. Бул маалыматты ОИИБдин башчысынын орун басары Мамдали Шакиров тастыктады.

Маалыматка караганда, ушул жылдын апрель айында Баткен шаарындагы окуучу кыздар менен Самаркандек айылындагы окуучу кыздар арасында уруш чыккан. Бул чыр-чатакка 10го жакын окуучу кыз катышып, анын негизинде 5 окуучу кыз милициянын атайын каттоосуна алынган. Бул факт боюнча милиция кызматкерлери териштирүү иштерин жүргүзүп баштаганда, кыздардын бирөөсү өз жанын кыйган.

«Баткен шаарындагы В.И.Ленин атындагы орто мектебинде спорттун волейбол түрү боюнча мелдештин облустук туру өткөрүлгөн. Ага облус аймагындагы район-шаарлардан мектеп окуучуларынан түзүлгөн балдар жана кыздардын командалары катышкан. Мелдеш учурунда Баткен шаарындагы окуучу кыз менен Самаркандек айылындагы окуучу кыздын ортосунда пикир келишпестик чыккан. Кийин алар телефон аркылуу байланышып, Самаркандек айылында жолугушмай болушкан. Баткенден 10го жакын кыз Самаркандек айылына барып, ал айылдын окуучу кыздары менен уруша кетишкен. Окуяга күбө болгон кыз бул иш боюнча териштирүү иштери жүрүп жатканда өз жанын кыйган. Учурда бул боюнча текшерүү иштери жүрүп жатат», — дейт Баткен ОИИБдин башчысынын орун басары Арстан Усанов.

Ал эми Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдилазиз Заитовдун айтымында, Баткен районунун Самаркандек, Актатыр айылынын окуучулары 2-апрелде Баткен шаарындагы В.И.Ленин атындагы орто мектебине спорттук олимпиадага катышууга келишкен.

«Топ талашып, окуучу кыздар арасында жаңжал чыккан. Баткен шаарындагы 10го жакын окуучу кыз аларга өчөшүп, кийин атайын унаа жалдап, медициналык бет кап тагынып, Самаркандек айылына барышкан. Алар үч кызды чакырып, талаага барышкан. Милиция келе жатат дегенден кийин тарап кетишкен.

Ал эми 27-апрелде 10-класстын окуучусу мектепке кеттим деп үйүнөн чыгып, асынып алган. Өз жанын кыйган окуучу тартиптүү жана жакшы окуган кыз болчу», — дейт А.Заитов.

Учурда бул окуя боюнча ата-энелерге жана окуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, териштирүү иштери уланууда.

Кийинчерээк маалым болгондой, өз жанын кыйган кыз Самаркандек айыл өкмөтүнө караштуу Актатыр айылындагы Т.Садыков атындагы мектепте 10-класста окучу. Бул маалыматты Turmush басылмасына окуу жайдын директору Мухида Мамажусупова тастыктады.
Окуучу кыз 27-апрелде эртең менен өз жанын кыйган.

Булак: turmush

Онкология борборунун башчысы Тилеков: энем өлсө кантип ыйлайм деп сарсанаа болдум

Бир ирет боор рагы тууралуу материал жасайын деп Онкология жана гематология борборунун жетекчиси менен байланышсам, жол тыгында кетип баратканына карабай далдоо жерге унаасын токтото коюп адистин телефон номерин жөнөткөн.

Негизи эле Эрнис Тилеков абдан ачык сүйлөп, бетке айткан киши. Ал бейтаптардан рак илдети тууралуу жашырган туура эмес экенин айтып, журналисттер оору жөнүндө чындыкты жазышы керек деген ойдо.

Эрнис Тилеков Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине маек куруп, жетекчилик кызматка кантип келгенин, онкология жана гематология борборлорунун биригиши кызматкерлерге кандай таасир эткенин жана хирургдун ишинин күңгөй-тескейи тууралуу айтып берди.

— Жетекчиликке чейинки жолду катардагы солдаттан тарта командирге чейин жеткен даражага салыштырып жүрүшөт. Сиз деле башында дарыгер болсоңуз керек?

— 1977-84 жылдары Фрунзедеги медициналык институтта билим алдым. Хирург болуп калышыма залкар дарыгер Мамбет Мамакеевичтин таасири чоң. Студент кезде аны телевизордон гана көрүп, радиодон тыңдачубуз. 2-курсумда шаардык №2 клиникалык оорукананын (азыркы улуттук хирургия) операциялык бөлүмүнө санитар катары жумушка орноштум. Иш учурунда хирургиянын бир топ кызыктуу учурларына күбө болуп, келечекте өзүмдү ушул тармактан гана көрөм дедим.

Ошентип санитардан тарта медага, дарыгер, хирург, бөлүм башчы, жетекчинин орун басарына чейин көтөрүлдүм. Өмүрүмдүн эң сонун убагы Улуттук хирургия борборунда өттү. Былтыркы жылдын февралынан тарта иш ордумду таштап Улуттук онкология жана гемоталогия борборун жетектей баштадым.

— 40 жылга чукул бир жерде иштеп, анан өзүңүз тааныбаган жерге дароо жетекчи болуп баруу кыйын болсо керек. Жаңы кесиптештер кандай кабыл алды?

— Андай нерсе үч уктасам түшүмө кирген эмес. Былтыр саламаттык сактоо министрлигинин ошол кездеги башчысы Талант Батыралиев Онкологиялык борборду жетектеп беришимди сунуштады. Дароо баш тарттым. Себеби ал жактагы жамааттын ыркы кеткенин, саясатташкан иштери арбын экендигин укчумун. Талант Абдуллавич куулук кылып кетти окшойт, жетекчим Мамбет Мамакеевге кирип «балдарыңызды өзүңүз эле кармап отура бербей, эл менен да бөлүшүңүз» деп көндүргөн экен.

Бизге Мамбет Мамакеевичтин сөзү — мыйзам. Кабинетине чакырып «сени кууган жерим жок, өзүңдү сынап көр» деди. Үй-бүлө, дос, тааныш дегендин баары орун которушума каршы болду.

Жаңы кесиптештердин арасында сүйүнгөнү, анча жактырбагандары да бар эле. Мага күч-кубат, дем бергени — коллективдин 70-80 пайызы, өзгөчө жаштар колдоду.

Жетекчиликке келгенден кийин деле кетип калсамбы деп жүрдүм. Артка кайткандан бир чети намыстандым. Бирок ишти жөндөп кеттим деп ойлойм. Онкологиялык борбордун имаратына кыска убакытта оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп, бүгүн 80 пайыздайы жаңыланды. Жакында заманбап аппараттарды сатып алуу үчүн тендер өткөрөлү деп турабыз. Кыргызстандагы көзгө басаар медициналык борборлордун бирине айланабыз деп ишенем. Мындан сырткары, тышы жалтырак, ичи калтырак болбойлу деп кесиптештерди биримдикке үндөп келем. Коллективде 700дөй адам бар. Кой аксагы менен миң дегендей, ыркты бузган адамдар да болбой койбойт экен. А бирок иш билги сапаттарында сөз жок.

Жетекчимин деп кагаз иштери менен жүрө бербестен операцияларды да жасайм. Мурда хирург катары ички органдарды гана дарттан арылтсам, азыр эң оор деген рактын операциясын да жасаганды үйрөнүп жатам.

— Мурда Гемоталогия борбору өзүнчө эле, аны былтыр онкология менен бириктирбедиби? Эки борбордун кошулушу жетекчи менен кызматкерлерге кандай таасир этти?

— Азыркыга чейин бириктиргендин кереги жок болчу деген пикир бар экен. Маселен, Гематология борборунда бейтаптар үчүн элүү керебет бар болчу. Бизде ал бир бөлүмдүн эле керебеттери болуп эсептелинет. Негизи кандын рагы менен онколог дарыгерлер алектенет. Керек болсо Казактсандагы ири институттар холдинг катары биригип жатат. Биз үнөмдөөгө басым жасадык деп ойлойм. Пикир келишпестиктер деле болгон жок. Болгону гематологиянын башчысы бөлүм башчыга айланса, калганы мурдагы кызматтарын аткарып жатат.

— Коомдо «рак» деген сөздү уккандар кудай сактасын деп жакасын кармайт. Анын себеби да бар, оору өтүшүп кетсе өлүмгө жетелейт эмеспи. Айтсаңыз, Онкология борборунда иштөө моралдык жактан оорбу?

— Өзгөчө балдар онкологиясына киргенде жаман болом. Таң эрте дарыгерлерден отчет алып жатканда тогуз жашар бала кандын рак оорусунан инсультка кабылганын көрүп жүрөгүм ооруду.

Бейтапка оорусун угузуу, туугандары менен иштешүү өтө эле кыйын. Бизди оорулуулардын дартын айтпагыла дей беришет. Мен чындыкты айткан туура деп эсептейм. Айтат десе бетке чаппай, акырын сылып-сыйпап түшүндүрүш керек. Ооба, башында шок болот, маанайы чөгөт, кайгыга батат. Бирок жан таттуу. Өзүнө келгенден кийин оору менен күрөшүүгө өтөт. Биз жашырган учурда деле өлөөрдө билет экен.

Бир нерсеге өкүнгөн жайым бар. Таанышым жоон ичегинин рагына кабылганда бир жарым жылдай жашырдык. Ичер суусу аз калганда дарты тууралуу билип «Эрнис, эмнеге оорумду жашырдың, айтып эле койсоң эмне» деп атпайбы.

— Гиппократтын дарыгерлик антын бузуп жатам деп ойлобойсузбу?

— Гиппократтын айтканынан бери бир топ жыл өттү. Түшүнүктөр да өзгөрдү. Маселен, чет өлкөдө өлүмдүн божомолун ачык эле айтат. Бул юридикалык маселерге да жардам берет. Кыргыздарда каада-салт, баалуу түшүнүктөр да бузулду. Өлгөндөн кийин мүлк талашып тууган менен тууган соттошуп жатат.

— Ар бир хирургдун мүрзөсү бар деп коюшат экен. Бул баягы бейтапты сактай албаган учурга тиешелүү эмеспи…

— «Менин күнөөм жок, ката кетирген эмесмин» деп операция жасап көрбөгөн хирург айтышы мүмкүн. Бейтаптын каза болушу — трагедия. Операциядан жакшынакай чыгып эле ойдо жок жерден кете бергендер болот.

Улуттук хирургияда иштеп жүргөндө жаш кыздын өтүндөгү ташын алганбыз. Саламаттыгы дурус эле болчу. Бир убакта оорлошо баштады. Колубуздан келгендин баарын жасадык, сактай алган жокпуз. Ичин ачтырып өлүмүн аныктайын десем, уруксат беришкен жок. Азыркыга чейин эмнеден каза болду деп түпөйүл ойдо жүрөм.

Мамбет Мамакеевич айткандай, «миң жакшы операцияңды бир ийгиликсиз операция булгайт». Телефонум шыңгыраса эле жүрөгүм болк эткен адат таап алгам. Кайсыл убак болбосун, бейтаптарым эсиме түшө берет. Балким каза болду деп айтабы же дарты оорлошуп кеттиби деп эсим чыга берет.

— Хирургдар мерез болуп калат дегенге кандай карасыз?

— Биз бейтаптар менен кошо кайгырабыз. Хирург, тескерисинче, боорукер болушу керек. Көбү Мамбет Мамакеевичти катаал киши деп ойлойт. Бул киши абдан жароокер, апасын абдан жакшы көрөт.

Бир ирет китебинен окудум эле. Анда апасы турмуш шартка байланыштуу балдарына көк сүт алып келип берчү экен. Ошондой күндөрдүн биринде жаан жаап, алыста келе жаткан апасынын карааны көрүнбөй калат. Мамбет атты жайдак минип коктуга түшсө, энеси сүтүн төгүп алып ыйлап отуруптур. Экөөбүз кучакташып алып ыйладык дейт. Апасы балдарынын курсагына санаа тарткан экен. Кийин жумуштар менен ошол жерден өтүп калганыбызда Мамбет Мамакеевич «ушул кокту болчу, Эрнис» деп жашыган.

Былтыр бутумду кокустатып алып 20 күн үйдө жаттым. Чынында кор болот экенсиң. Ошондо бейтаптарым эске түшүп «ай байкуштар, ай» деп кейидим. Кыргызда «алты саның аман болсун» деген сөз бекеринен эмес экен.

Бейтап менен кошо кейийт десе, бырылдап отуруп албаш керек. Кайраттуу болгон туура. Илгери чоң энем «мен өлгөндө жакшылап өкүрүп кой» деп суранчу. Анан мен иш менен жүрүп каза болгондорго көнүп калыпмын, куран окуткан жерлерге барганда көзүмөн бир тоголок жаш чыкчу эмес. Эми энем өлгөндө ыйлай албай элге шерменде болбосом экен деп сарсанаа болчумун. Жок, керек болсо токтоно албай эле ыйлайт экенсиң. Энем каза болгондо араң сооротушкан.

— Рактын түрлөрү боюнча бир канча материал жасап калдык. Дарыгерлердин айрымдары негативди азыраак жашыбызды өтүнчү. Негизи эле олуттуу оорулар тууралуу азыраак маалымат берилиши керекпи?

— Ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат. Тамекинин сыртына деле коркунучтуу сүрөт чыгып жатпайбы. Кээде адамдарга катуу айткан жарашат. Андыктан журналисттердин оору тууралуу ачык жазганын колдойм.

— Дарыгерлердин айлыгы аз экендиги жашыруун эмес. Ошол себептен сол чөнтөгү иштеп кетет деген уу-дуу кептер бар…

— Суроону түшүндүм. Тааныштарыман алкоголь адамдын талабыбы же оорусубу деп сураганымда, мага үч күн тамак бербей коюшса эмне кыласың дешти. Мен жалбарам, кайыр сурайм, болбосо уурдайм деп айткам. Арак ичкендер да ушул сыяктуу, бул — талап деп жооп беришкен.

7-8 миң айлык менен өзүңдү каржылоо кыйын. Бул акча менен үй-бүлө баккандар бар. Мындай учурда медицинаны ташташ керек же уурдаганга туура келет. Албетте, колдобойм, кызматкерлерди уятка чыгарып келем. Айлыкты көтөргүлө деп талап кылгандан башка арга жок. Дагы жакшы, аз да болсо медайымдардын айлыгы көтөрүлүп калды. Мурда жумуштан кетпе деп жалынчу элек, азыр кезек күткөндөр арбыды.

— Сиздин айлыгыңыз өзүңүзгө жетеби?

— Мен жалпысынан 14 миң сом алам. Жубайым туберкулез оорусу боюнча дагыгер. Кызым банкта иштесе, уулум Бириккен Улуттар Уюмунунда иштейт. Кыскасы, балдарыбыз кем-карчызыбызды жаап турат.

— Дарыгерлик ишиңизде эмне өкүндүрөт?

— Совет доорунда дарыгердин даражасы бийик эле. Космонавт менен учкучтан кийинки орунда болчубуз. Элдин баары сыйлап, оозубузду карап турчу. Дарыгер да ошого жараша интеллектиси жогору, тарбиялуу, үлгүлүү эле. Азыр бир нерсе болсо эле дарыгерлерди тепкилеп киришет. Бир ооздон «акча алат, таш боор, кара мүртөз, карабай койду, ишин билбейт» деп мүнөздөшөт. Эмне себептен мындай акыбалга келдик, билбейм, күнөө өзүбүздөбү же элдеби, айтор, таң калам.

— Рак ооруларын алдын алуу боюнча кандай аракеттер жүрүүдө?

— Азыр рак ооруларынын ичинен аялдарынын эмчек рагы менен жатын моюнчасынын шигиги күч алды. «Скрининг» жүргүзүүнү пландап жатабыз. Бул соо адамды медициналык жактан кароо. Бардык ооруну убагында көзөмөлдөсөк илдеттен аз да болсо арылабыз деп ойлойм.

Жакында эле Сочи шаарында КМШ жана Евразия өлкөлөрүнүн онколог жана радиолог адистерининин конгресси өттү. Ортодо пикир алышып, тажрыйба алмашуу болду. Андан кийин Минск шаарында 60 өлкөнүн дарыгерлери катышкан ири иш-чарада рактын алдын алуу боюнча талкуу жүрдү. Ал жактан мыкты адистер менен таанышып, келечекте иш алып баруу боюнча алака түздүк.

Булак:sputnik.kg

Ат-Башы: чабандын кар алдында калган 200 кою өлдү

24-май күнү Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Сай өрөөнүнө жааган кардан бир чабандын 200 кою өлгөн. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Билдирүүдө  сууктан кыркылган койлор мерт болгону айтылат.

 

 

«Гараж 312» түнкү клубунда баңгизат менен кармалгандардын иши сотко өттү

Бишкектеги “Гараж 312” түнкү клубунун «баңгизатты мыйзамсыз сатып жүргөн» деген шек менен камакка алынган ээсинин жана кызматкерлеринин иши сотко өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев “Азаттыкка” билдирди.

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөш кызматы 21-январга караган түнү Бишкектеги “Гараж 312” түнкү клубунда атайын операция жүргүзүп, алты кишини «баңгизаттарды жана психотроптук заттарды мыйзамсыз сатып жүргөн» деген шек менен камакка алган. Түнкү клубдун «алып баруучусунан, барменден жана айрым официанттардан тыюу салынган баңгизат алынды» деп кабарланган.

Кийин Бишкектин Биринчи май райондук соту «Гараж 312» түнкү клубунун ээсин, эки барменди жана алып баруучуну эки айга камакка алууга санкция берген.

Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренеси («Баңгизаттарды, психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү»), 252 («Баңгизаттарды же психотроптук заттарды колдонуш үчүн көмүскө жайларды уюштуруу») беренелери боюнча иш козголгон. Беш кишиге айып тагылды.

Рамазанда кайсы белектерди тартуулоого болот?

Рамазанда кайсы белектерди тартуулоого болот?

Мусулмандардын берекенин жана кайрымдуулуктун айы болгон, ыйык Рамазан айында төмөнкүлөрдү ниет кылып, колубуздан келсе жакындарыбызга жан дүйнөбүздөн чыккан белектерди тартууласак кандай гана жакшы болот

Куранды көп окуу жана аны дайыма жаттап кайталап туруу

Терави намазын 20 жолу жамаат менен кошулуп окуу

Ооз ачуу учурунда Мухаммед пайгамбарыбыз үчүн көп жолу дуа кылуу

Орозодогу милдеттерди өз убагында туура, так аткаруу жана намаз окуу менен бирге Кудайга дайыма зикир чалуу
Окуучуларыбызга, чогуу иштеген коллегаларыбызга, коңшуларыбызга жана туугандарыбызга ооз ачыруу
Садака берүү, билим, дин жаатында өзүбүздү өнүктүрүү, белек тартуулоону жана муктаж болгон адамдарга жакшылыктарыбызды ушул ыйык Орозо айында дагы да болсо көбөйтүү
Мухаммед пайгамбарыбыздын атын бат-баттан эстеп туруу
Ушак, жалган, кимдир бирөөнү жамандоодон алыс болуу
Кармап жаткан орозобуз дагы да берекелүү болуш үчүн фитр садаканы көбөйтүү
Айлана-чөйрөбүздөгү адамдарга бакыт, жылмаюу тартуулоо менен Ислам динине кызмат кылуу

Эгерде сизде кандайдыр бир жаман көнүмүш адаттарыңыз болсо, мына ушул ыйык Рамазанда алардан арылганга аракет жасасаңыз болот
Рамазанда айрыкча акыркы 10 күндү дуа менен өткөрүү.

БУлак:Заман

Надырбек Алымбеков, Кыргыз эл акыны: Көчкөн Сактанов кыргыздын кыйын жазуучусу эле (ВИДЕО)

Кыргыз эл жазуучусу Көчкөн Сактанов да арабыздан кетти.  Эми Эл жазуучусун эскерип, элитбизге калтырып кеткен эмгектерин баалап турушубуз керек.

Элибиздин сүйүктүү жазуучусу, драматург Көчкөн Сактанов Ош облусуна караштуу Алай районунун Кең-Жылга кыштагында туулган. Быйыл 10-октябрда 76 жашка чыкмак. Ал “Абат дүйнө”, “Сталиндин заманы”, “Чөөлөрдүн заманы”,  «Македонский» аттуу романдардын, ондогон аңгемелердин, трагикомедиялардын жана очерктердин автору. Сактанов » Маркумдар” үнү жана “Адат азабы” чыгармалары менен атагы чыккан.  Чынында «Маркумдар үнү романы мыкты чыгарма экенине сөз жок. Ал жазуучу Төлөгөн Касымбеков менен бирге “Курманжан датка” тарыхый драмасын жазган. Анын акыркы чыгармаларынын бири «Бакал баатыр» аттуу тарыхый романы.

Сактановдун негизги кесиби журналист. Илимдер Академиясынын Тил жана адабият институтунда илимий кызматкер, Кыргыз энциклопедиясында жана телевидениеде редактор, “Ала-Тоо” журналында бөлүм башчы, “Кыргызфильм” киностудиясында көркөм сценариялык коллегиясында редактор, филармонияда адабият бөлүмүнүн башчысы «Азаттык” үналгысында кабарчы, Кыргыз-түрк “Манас” университетинде окутуучу болуп иштеген.

Сактанов Кыргыз эл жазуучусу наамын  кечигип, тагыраак айтканда 2011-жылы гана алган. Эл жазуучусу менен кечээ күнү  Кыргыз улуттук драм театрында коштошуу болду. Акыркы сапарга узатуу зыйнатына жогорку бийлик жактан Маданият, маалымат жана турзм министринин стат-катчысы эле келди.

Ал эми президенттик аппараттан, өкмөттөн, Жогорку Кеңештен бир да депутат басып келген жок. Ал эми Сактановдун талантын, чыгармаларын жакшы билген калемдештери, жердештери Сактановдун эң ириде мыкты инсан, мыкты адам экенин баса белгилешти. Белгилүү жазуучуну акыркы сапарга узатуу зыйнатында анын уулу: “ Атамды акыркы сапарга узатууга келген баардыгыӊыздарга бир туугандарымдын атынан чоӊ ыраазычылык билдиремин. Ар дайым ден-соолукта болуӊуздар. Сиздерге чоӊ ырахмат!”-деп ыраазычылыгын билдирди. Ал жазуучунун уулдарынын арасынан чыгармачылыкка аралашып  жүргөнүн, бирок жазган чыгармаларын гезит, журналдарга берип китеп кылып чыгара электиги тууралуу да маалымат берди.  Ал эми Эл акыны Надырбек Алымбеков жазуучу тууралуу буларды айтты.

Надырбек Алымбеков, Кыргыз Эл акыны: “Кеч болсо да “Эл жазуучусу” деген наамды алды”

—Бул киши 76 жаш курагында өтүп кетти. Акыркы жылдары катуу ооруп жүрдү. Ошого карабай бул киши аябай иштеди. Биз чыгармачылык аркылуу жолугуп тааныш болуп калдык. Бул кишинин  “Үчөөнүн жүрөгү”  деген повести элге сиӊип кетти. Андан кийин роман жазды.    “Адеп азабы”  романы 1988-жылы чыкты. Кийинчерээк “Маркумдар үнү”, “Сталинден кийинки заман” ,  “Чөөлөрдүн заманы” деген чыгар малары жарык көрдү. Айрыкча биздин калемгерлердин ичинен жогору жактагы өтүп кеткене улуу жетекчилер тууралуу жазганга эч ким даап бара алчу эмес. Көчкөн болсо даап жазып кыргыз элине жеткиргенден тышкары грузин элине барып ал жактан да сый-урмат менен келген. Бул абдан чоӊ нерсе. Ошондо ага Грузиянын аттуу-баштуу эр-азаматтары ыраазы болушкан экен. Кээ бир жазуучулар өмүрүндө бир эле роман жазып аты калат экен. А бул киши бир топ романдарды жазып койгон эле. Билгенге аӊгеме, повесть жазыш абдан кыйын. Бирок бул киши ооруганына карабай катары менен романдарды жазып кыргыз элине көп руханий байлык калтырып кетти. Биз бул кишини жакындан билген үчүн акыркы сапарга узатуу зыйнатына келдик. Ал эми маданият тармагында эмгектеген жетекчилер, депутаттар, Ак үй, Көк үйдө иштегендер келишкен жок. Руханий дүйнөнү таанып ушундай эр-азаматтардын чыгармаларын окуган атка минерлер негизинен жок болуп калды. Бийликке келгендерге таарынсак да, таарынбасак да болот. Бирок руханий дүйнө менен байланышпаган муун келип калды да. Ошондуктан кээде кейийсиӊ. Биз 20-30 жылдан кийин мынча тонна алтын, мынча тонна спирт өндүргөнбүз деп айталбайбыз. Анын эч кимге кереги жок. А бүгүнкү экономика дегенди кантип баалайбыз?  Булар   биздин жазуучулардын калеми, үнү аркылуу кийинки муунга өтөт. Булар көпүрө. А көпүрөнү суу алып кетпесе сакталып тура берет да. А көпүрө каралбай калса бир күнү сынат,  а биздин келечекке арнаган эмгектерибиз да жолдо көмүлүп калуусу мүмкүн. Биздин руханий дүйнөбүздү тааныган эр-азаматтарыбыз элге керек. Ошондой эр-азаматтар болсо биздин руханий дүйнөбүз көбөйөт. Эгер руханий байлыктан аксап, башка улуттардыкын сиӊире берсек , анда биз кыргыз болуудан аксап калабыз. Менин мындай бир ырым бар.

Кызмат десе таштап коём ашымды,

Кыргыз десе сайып коём башымды.

Үмүтүмдү келечекке туу кылып,

Күрөп жүрөм өмүр деген асылды…

Мен эртеӊ менен үйдөн чыгарда Көчкөндүн өмүр баянын карап чыктым. СССР жазуучулар союзунун мүчөсүнөн тышкары Ардак грамоталары эле бар экен. Биздин мамлкетибиз орден да, медаль да бербептир. Кудайга шүгүр, кеч болсо да “Эл жазуучусу”  деген наамды алды. Көчкөн калемгерлердин жоон тобунун арасында калды!

“Ихластын” иши чатак

Кыргызстанда эмне көп, курулуш компаниялары көп. Мына ошол саны көп, сапаты жок компаниялардын бири «Ихлас» компаниясы тууралуу кеп болмокчу. Бул компанияны коомчулук акыркы 3-4 жылда көп уга баштады. Буга чейин бирин-серин эле адам бул курулуш компаниясы тууралуу билбесе, дээрлик мындай компаниянын бар экенин эч ким деле назарына алган эмес. Колдогон кожосу кадимки шоопур Икрам Илмиянов деп жүргөн бул компания акыркы жылдары атагы чыгып, эл оозуна алына баштаган. Бат эле бажырайып чыга келген компания тууралуу “өтө кызыл бат оңот” деген макал туура келип туру. Дегеним, кечээ эле “ташы өйдө кулап жаткан” компаниянын бүгүн башына кара булут айланып, иши чатак. Бул компания өзүнө бир катар жоопкерчилиги чектелген коомдорду камтыйт. Алар: «Кыргыз каганат», «Ак башат» жана «Арек строй». Андан тышкары бул компания шаарыбыздагы эң кымбат жерлерди ит бекер баада ижарага алып, алган жерлерге көп кабаттуу үй салышмак. Логикалык жактан алып караганда, ижарага 5 жылга алып жатса, ал жерге капиталдык курулушту жүргүзүүнүн зарылчылыгы бар беле? Ал ал болсун. Бишкек шаарыбыздын Октябрь районундагы жер тилкесине үй салуу конкурсун одоно бузгандыгы үчүн иш козголгонун билгендер кабарлашты. Бул иштин аягы жакшы болбостугун сезип калган колдоочулар четке кача башташты. Ушул эле компаниядан экс-премьер министр Жантөрө Сатыбалдиевдин, Архитектура жана курулуш агенттигинин экс-жетекчиси Каныбек Нарбаев жана дагы бир топ аткаминердин кулактары чыгууда. Кулагы чыккан куу чирендер качып кутулабы же тутулабы аны убакыт көргөзөт…

Булак:Фабула

Россияга кеткен кыргызстандык мигранттардын саны 5 эсеге өсүп, биринчи орунга чыкты

Кыргызстан РФтеги мигранттарынын саны боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинде биринчи орунда турат.

2012-жылдан бери Россияда иштеген кыргызстандыктардын саны 5 эсеге өскөн. Бул тууралуу РФ маалымат каражаттарына таянуу менен sputnik.kg жазып чыкты. 

Маалыматта: Эгер 2012-жылы Россияда Кыргызстандын 79 375 жараны иштесе, 2017-жылы алардын саны 376 863кө жеткени айтылат.

Инфографика:

 

Кыргызстан РФтеги мигранттарынын саны боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинде биринчи орунда турат.

Экинчиде — Армения (2017-жылы — 232 247), андан кийин Белоруссия (2017-жылы — 124 633) жана Казакстан (2017-жылы — 88 202) келе жатат.

 

Бажы тармагы «Райым миллиондун» менчигиби?

Бажы тармагын «майкандаганды» мыкты билет делген Райым Матрайымов  мурдагы өкмөт башчысы Сапар Исаковду соттон утуп, кызматыма кайтып барам деп ооз көптүрүп жүргөнү айтылууда. Буга дейре «Райым миллионго» байланыштуу Ак үйдөгү президенттин таасирдүү жакыны «соттон утуп келсең ишке коёбуз, сага да бизге да маселе жаралбайт, соттун буйругун аткардык деп кутулабыз» деген маалымат социалдык тармактарда кеңири талкууланган. Сыягы ошол план ишке кирип жаткандай. Азыркы бажы башчысы Алмаз Оңолбаевди Райым мырза алып келди деген маалыматтарга ишенсек, анда «Райым миллион» орун басарлык кызматка конуп, бажы тармагын кайрадан калчай баштайт экен да…

Булак:Фабула.

Кулиев көчөсүндөгү сойкулук: «Кыздары» менен кызмат көрсөткөн аялга сот айып салды

Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук соту мурда сот жообуна тартылган Рината (И.Р.Т., ысымы өзгөртүлдү) аттуу шектүүгө карата өкүм чыгарды. Соттун токтомундагы маалыматтар боюнча, ал сойкулук кызмат көрсөтүү үчүн жашыруун жай уюштурууга айыпталган.
Маалым болгондой, Рината 2018-жылдын январь айынан тарта 3-февралга чейин борбордун Кулиев көчөсүнөн ижарага мейманкана алып, анда сойкулук кызмат көрсөтүлүүчү жай уюштурган. 3-февраль күнү милиция кызматкерлери текшерүү иштерин жүргүзүп, Ринатка таандык сейфтен сойкулар кардарлардан алган атайын белги коюлган акча каражаты, бөлмөлөрдүн биринен 353 даана презерватив, жазуулары бар дептер жана 4927 сом табылган болчу. Бирок сот отурумунда айыпталуучунун жактоочусу ал күнөөсүн толук мойнуна албаганын айтып, жеңилдетилген жаза сураган.
Тергөө иштеринин жыйынтыгына таянган сот Ринатка 50 миң сом айып пул салды.

Булак: turmush.kg

Аргынбек Малабаев, экс-министр: “Жусупбек Шарипов мага жезде болот”

-Аргын мырза, суроомду кайпактатпас-тан түз эле жолдоюн, сиз бийликтеги бир тууган аке-үкө Жээнбековдор менен кан кудасызбы? Кимиси менен кандайча жакшысыз?

-Менин бир тууган Жээнбековдор менен эч кандай деле кан кудачылыгыбыз жок. Болгону элчи Жусупбек Шариповдун өмүрлүк жолдошу биздин уруунун кызы болот.Тагыраагы, Жусупбек Шарипов менин жездем болот болгону…

-«Кыргыз темир жалу» ишканасынын жетекчиси Алмазбек Ногойбаевдин ишмердүүлүгү парламенттин трибунасына чейин талданганга жетти. «Эски жайытыңыз» болгон тармактагы абал боюнча оюңуз кандай?

-Алмазбек Ногойбаевдин ишмердүүлүгү тууралуу депутат Жанар Акаевдин көтөргөн маселесинен улам уккам. Негизинен ал өкүлүнүн кээ бир айтылган көйгөйлүү сын-пикирлерине кошулам. Ал эми «Кыргыз темир жолу» ишканасыньш азыркы абалын билбейт экенмин.

-Дагы деле КСДПнын мүчөсүсүзбүБийликке, өзгөчө күч органдарына өңчөй чүйлүк кадрлардын тартылышына ою ңуз кандай? Жаңы бийликке кылчайып, иштешүү оюңузда барбы?

-Мен дагы деле КСДПнын мүчөсүмүн. Би­рок, мени партиянын саясый кеңешинен чыгарышкан. Ая эми күч органдарына чүйлүкпү же башка жактыкпы, айтор, кимиси болсо да таза адамдар келиш керек. Кызмат маселеси боюнча чакырып, мени тартышса барып иштешебиз.

үйлүк агабыз Тургунбек Кулмурзаев Атамбаев Чүй элин ордунан козгочу бол­со жердештери ага каршы чыга турганын, башкача маанайда сүйлөшүшөрүн жар салды, Мындай көрүнүшке сиздин оюңуз кандай?

-Иним, мен саясаттан өтө алыс адаммын. Эгерде Тургунбек Кулмурзаев аксакал андай ой айтса, анда тынчтык, ынтымак тууралуу кеп кылышса керек.

Булак: АЗИЯньюс