Депутаттар Момбековдун «Бүтүрүп алайын» деген сөзүнө бүлкүлдөп күлүшүп, Бакировдун «Аяктадыӊызбы?» -деген сөзүнө каткырышты (ВИДЕО)

Кытайга барып кылмакчыны кылып келген депутаттар

ЖЭБди оңдобой эле, ой келди иш жасап кеткен  Кытайдын ТВЕА компаниясын Кыргызстанга  алып келгендер кыргызга каратып туруп эле кыянатчылык кылып коюшканы эми ачыкка чыгып жатат. Аталган компанияны 2013-жылы Жогорку Кеңеште депутат болуп турган бир катар адамдар Кытайга барып, жасаган ишин жактырышып, белек-бечкегин алып, айда сый-урматка бөлөнүп жатып, бөлөк компанияны жолотпой, аларга өзгөчө жолдомо берип келишкен. Булар дагы жоопкерчиликтен качпашы керек . Эмесе, Кытайга барып ТВЕАга бата берип, кылмакчыны кылып келген депутаттардын толук тизмесине көз чаптырыңыз. Алардин айрымдары азыр да депутат болуп олтурушат: КСДПнын ошол кездеги лидери Чыныбай Турсунбеков,  дагы эки КСДПчы депутат Мурадил Мадеминов, Токтогул Туманов; ал эми ошол кезде Бабановдун “Республикасынан” : Малик Осмонов, Абдулатип Режевалиев, Исхак Пирматов ;  “Ата-Мекенден”: Карганбек Самаков, Райкан Төлөгөнов ; “Ата-Журттан”: Азамат Арапбаев,  Абдумиталип Кочкорбаев ; “Ар-Намыстан”:  Бактыгул Маматов, Равшан Жээнбеков жана ошол кездеги министр Осмонбек Артыкбаев.

Каныбек менен Кожобекке  да абактын эшиги ачылабы?

ЖЭБди оңдоого сарпталган 386 миллион доллардын 150 миң долларга чейинки каражаты коррупциялык схема менен уурдалып кеткени ачыкталып, аны кыргыз эли эле эмес, бизди карап турган өлкөлөр да жакшы билип калды. Кайран ошол акчага ЖЭБдин болгону 30 пайызы гана жаңырды. Жеп-жутуп, талап-тоношпосо, жаңы ЖЭБ курулмак экен. Эми ал акчаны Кытайга 500 миллион доллар кылып, кыргыз эли төлөп берет. Мына ушул коррупциялык келишимдин ишке ашышына Жогорку Кеңештеги профилдик комитетти башкарып турган депутаттар да түздөн-түз  күнөөлүү экени иш жүзүндө тастыкталып турат. Мына ошол эки комитетти, тактап айтканда Эл аралык комитетти Каныбек Иманалиев, ал эми Отун энергетика боюнча комитетти Кожобек Рыспаев жетектеп турган. Ал кезде экөө тең Куловдун “Ар-Намысы” менен депутат болуп келишкен. Бүгүн Кожоке КСДПнын короосуна, Каныбек “Ата-Мекендин” айылына  кире качышкан. Экөөнө Кудай тил дегенди берип койгон экен, экөө  алды-артын карабай  ушундай бир сүйлөшөт. Актанып сүйлөшсө жанына киши чыдап тура албайт. Минтип жандалбастагандар жазасыз калбашы зарыл.

Булак: Багыт

Ошто күч органдарынын кызматкерлери жашап жатышкан үй өтө сапатсыз курулган – Жантөрө Сатыбалдиевдин иштери

Кыргыз Өкмөтү айкөлдүк кылып Ош шаарында эмгектенип жана жашап жатышкан күч органдарынын өкүлдөрүнө кызматтык батир иретинде көп кабаттуу үй куруп, зарыккандарга чукул арада тартуулаган. Тилекке каршы, аталган турак жайлар сапатсыз тикеленгендиктен, эмитен эле чоң көйгөйлөрдү жаратып, абдан баш оорутуп жаткан чагы.

Ошол себептүү 2017-жылдын 12-октябрында Улуттук мамлекеттик коопсуздук комитетинин (УКМКнын) Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын тергөөчүсү Э.Алишеров Ош шаарындагы Макаренко көчөсүнүн тургундарынын арызынын негизинде кылмыш ишин козгоду. Анткени, күч органдарынын кызматкерлери үчүн тикеленген бул 60 батирлүү көп кабаттуу үй 2016-жылы УКМКнын, ички иштер жана өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жана Маңзатка каршы күрөшүү агентигинин өкүлдөрүнө кызматтык батир сыңары бөлүштүрүлгөн эле.

Бирок, Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү мамлекеттик дирекциясынын буюртмасына ылайык “Керме-Тоо” ачык типтеги акционердик коому бардык жумушту жогорулатылган баада аткарып, мамлекеттин бюджеттик акчаларын ашкере ысырапсыз пайдаланган. Алгачкы текшерүүнүн жүрүшүндө эле Жусуп Шабыев төрагалык кылган “Керме-Тоо” ачык типтеги акционердик коому 17 152 705 сомду мыйзамсыз жана бейжай сарптагандыгы биротоло аныкталды. Буга улай күч органдары үчүн тикеленген бул көп кабаттуу үй өтө эле сапатсыз курулган. Ага пайдаланылган курулуш материалдарынын баасы дагы атайылап жогорулатылып көрсөтүлгөн. Баса, Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү мамлекеттик дирекциясынын буюртмасын аткарган “Керме-Тоо” ачык типтеги акционердик коому курган үйдү Эсептөө палатасы дагы тыкыр текшерген. Бирок, аталган мамлекеттик орган эмдигиче корутундусун элге жарыялай элек. Ошондуктан, калк арасында “эки тарап – “Керме-Тоо” ачык типтеги акционердик коому менен Эсептөө палатасы дагыле өз ара соодалашып жатышат” деген кептер арбыды.

Ошондуктан, кабарчыбыз дагы бул маселени көңүл борборунда кармап, такай абай салып турмакчы.

Булак: “Майдан

Карыз капсалаңы. Кытайдан акча алган өлкөлөрдүн тагдыры кандай болгон

Жакында эле Кытай эл республикасынын өлкөбүздөгү элчиси Кыргызстан карызын төлөөгө тийиш деп билдирди. Кытай ушуга чейин өнөктөш өлкөлөргө ырайымдуулук кылып, аласасын кечти беле? Карызкор өлкөнү кандай талап менен эпке келтирет?

Кытай Азия, Африка жана Европанын 68 өлкөсүндө жалпы наркы 8 триллион долларды түзгөн долбоорлорду каржылайт. Center for Global Development (АКШ) аналитикалык борбору жакында эле өз өнөктөштөрүнө насыя берген Кытайдын инвестициялык саясатын изилдеп көргөн.

Кытай карызы боюнча Кыргызстандын тагдырлаштары

Аталган изилдөөнүн жыйынтыктыгында аналитиктер мындай долбоорлорго катышуунун кесепетинде каржылык көз карандылыкка кабылган сегиз өлкөнү аныкташкан. Жибути, Лаос, Мальдив аралдары, Монголия, Черногория, Пакистан жана Тажикстан өңдүү бул топко кирген өлкөлөрдүн арасында Кыргызстан да бар.Ушул жылдын март айына карата Кыргызстандын Кытайга (Эксимбанк КЭР) болгон мамлекеттик тышкы карызы 1 миллиард 709 миллион долларды түзгөн. Көрсө, акыркы 10 жыл ичинде бул мамлекеттен алган карызыбыз дээрлик 200 эсеге жогорулаптыр. Анын ичинде 386 миллион доллар баш калаанын ТЭЦин жаңылоо үчүн алынган. Ошондо да бул үлкөн өлкөгө жарым миллиард доллар кайтарууга тийишпиз.

Карыздын кайтарылганы жакшы

Өткөндө эле интернетте активисттердин Кытайга болгон карызыбызды кайтаруунун ыкмасын сунуштаган тасмасы жарыяланган. Кайдыгер карабаган мекендештерибиз коңшу мамлекет карыз ордуна жерибизден кертип аларын айтып чочулап, андыктан өлкө тургундарына ортого акча чыгарып, карыздан кутулууну сунушташкант.

Мурда Кыргызстандын карыздарын Түркия, Германия жана стратегиялык өнөктөш Россия кечип койгон. Кытай да өлкөбүздүн эң башкы өнөктөштөрүбүздүн бири болуп саналат.

Март айында Кыргызстандагы Кытайдын ыйгарымдуу элчиси Сяо Цинхуа КЭРге болгон карызынан КР макулдашууларга ылайык кутулууга тийиш экендигин билдирген.

«Кытай жеңилдетилген насыя бөлгөн. Кыргызстанга андан пайда болгонун билебиз. Бул карыздар макулдашуунун негизинде гана жоюлат. Бирок Кытай тарап бул маселени карабайт (карызды кечүүнү – редакциянын тактоосу), — деген ал.

Sputnik Кыргызстан редакциясы үлкөн мамлекеттин бийлиги өнөктөш өлкөлөрдүн карызын кечкен учуру болгон-болбогонун, кутула албай калгандары кандай тагдырга кабылганын тактап көрдү. Маалыматтар ачык булактардан алынды.

Акча ордуна мааниси зор порт

Эл аралык валюта фондусунун маалыматы боюнча Шри-Ланканын тышкы карызы 2017-жылдын аягына карата 48,3 миллиард доллар, же аталган өлкөнүн ИДПсынын 80 пайызын, ал эми Кытайдын үлүшү болжол менен 8 миллиард долларды түзгөн.

Бирок New York Times гезити жазгандай, Шри-Ланканын бийлиги убактысында Кытайга карызын бере албай калган, натыйжада өлкө үчүн мааниси чоң Хамбантота портун China Merchants Port Holdings кытай мамлекеттик ишканасына өткөрүп беришкен. Мында «Хамбантота» башкаруучу компаниясынын акцияларынын көзөмөлдөөчү пакети, ал эми порттун өзү 99 жылга ижарага берилген. Бирок мындай айырбаштоодон кийин да Кытай карыздын толугун эмес, 1,1 миллиард долларын гана кечкен. Америкалык басылма бул жагдайды «карыз капканы» деп атаган.

Хамбантота Инд океаны аркылуу өткөн дүйнөлүк соода жолдорунун дал кесилиш түйүнүндө жайгашкан терең порт болуп саналат. Ал КЭРдин энергетикалык коопсуздугу үчүн алмаштырылгыс объект, себеби, сырттан алып келинген мунайдын үчтөн эки бөлүгү ушул портко жакын багыттар боюнча өтөрү белгиленет.

Аскердик аяк басуу үчүн насыялар

CNN кабарлагандай, Кытай Вануату арал мамлекетине берген насыяларынын эсебинен Түштүк-Тынч океан аймагында аскердик аяк басууну пландоодо. Аталган телеканал кытай тарап Вануатудагы Эспириту-Санто аралындагы порттун курулушуна жана башка ири долбоорлорду ишке ашырууга 270 миллион доллар көлөмүндө насыя бөлгөн. Серепчилердин маалыматына таянсак, бул зайым тынч океандык мамлекеттин тышкы карызынын жарымын, ал эми өлкөнүн ИДПсынын үчтөн бир бөлүгүнө жакынын түзөт.

Эгер жалпыга маалымдоо каражаттарындагы маалымат тастыкталса, анда Австралиядан эки миң чакырым аралыкта Кытайдын аскердик-деңиздик базасы пайда болот деп белгилейт аталган телеканал. Белгилүү болгондой, Австралия Кытайдын аскердик пландарына каршы чыгууда.

Карыз ордуна база

Кытай тарап Вануату менен болгон кырдаалда «карыз капканын» пайдалануудагы өз тажрыйбасына таянат. Ушул тапта Кытайдын чет элдик базасы Африкалык Рогадагы Жибутиде жайгашкан. Ал Азия менен Европанын чектешкен жериндеги маанилүү транспорттук «тамырына» жакын.Asia Times түштүк африкалык мамлекетке аскердик аяк басууну Кытай бийлиги Жибутинин ИДПсынын жарымына жеткен ири өлчөмдөгү зайымдардын эсебинен ишке ашырды деп билдирет.

Center for Global Development аналитикалык борбору болжолдогондой, Жибутинин мамлекеттик карызындагы Кытайдын үлүшү жакынкы жылдары 82ден 91 пайызга чейин өсөт.

Пакистандык коридор

Asia Times басылмасы 2015-жылы Пакистан өкмөтү China Overseas Port Holding кытай мамлекеттик ишканасына Гвадар портун «өзгөчө» экономикалык аймак жаратуу үчүн 43 жылга ижарага бергенин жазат. Анда белгиленгендей, Исламабад Пекинге 16 миллиард доллар карыз. Узак мөөнөттүү келишим алкагында КЭР аталган порттун кирешесинин 91 пайызын, андан тышкары, аны курчаган «эркин аймагынан» да 85 пайызын алат.

Гвадар КЭРдин Синьцзян-Уйгур автономиялык районунан башат алган кытай-пакистандык экономикалык коридорунун түштүк чеги болуп саналат.

Жалпы наркы 46 миллиард долларга бааланган бул масштабдуу долбоор Кытай менен энергетикалык ресурстарга бай Жакынкы Чыгыш менен байланышууга мүмкүндүк берет.

Бул коридор азыркы чакта КЭРдин сырттан алган мунайынын 80 пайыздан ашыгы өтүп жаткан Малак булуңуна альтернатива катары кызмат өтөп бериши мүмкүн.

Алтын кенине — ТЭЦ

Географиялык да, каржылык жагынан да бизге жакын мисал Тажикстанда бар. Ушул жылдын апрелинде аталган өлкөнүн бийлиги Кытайга Жогорку Кумарг алтын кенин «Душанбе-2» ТЭЦинин курулушу үчүн өткөрүп берди. Борборлоштурулган жылуулук түйүнүнүн чыгымы 350 миллион долларды чапчып, анын басымдуу бөлүгүн, тагыраак, 330 миллион долларын дал ушул Кытай бөлүп берген. Муну кошкондо КЭРге болгон Тажикстандын карызы 1,2 миллиард доллардан көбүрөөк.

Тажик өкмөтүнүн Геология боюнча башкы башкармалыгынын маалыматына караганда Согду облусундагы кенди ТЭЦти курган ТВЕА компаниясы иштетмекчи. Ишкана курулушка салынган бардык каражаттарды жапканча аталган кенден алтын өндүрөт, карыздан кутулганда жаңы шарттарда жаңы келишим түзүлмөкчү.

Ири келишимдер ордуна карыздан кечүү

Кытай 2016-жылдын октябрында Камбоджанын 90 миллион доллар карызын 31 келишим түзүү менен жойгон. Бул кытай компаниялары ишке ашырып жаткан бир катар долбоорлор үчүн жаңы насыяларды алууга шарт түзгөн. МВФдин маалыматына таянсак, Камбоджанын жалпы карызынын 43 пайызы — Кытайдын үлүшү.

Кечирилген миллиарддаган тугриктер

Ошол эле 2016-жылы Кытай Монголиянын 18,8 миллион доллар (38 миллиард тугрик) көлөмүндөгү карызын жойгон деп билдирет ARD басылмасы. Бул насыялар 1958-1960-жылдары, ошондой эле 1991, 1992 жана 1994-жылдары алынган. Карызды кечүүнүн себептери айтылган эмес. 2002-жылы КЭР Хамид Карзайдын өкмөтүнө көмөктөшүүнү чечип, карыздарынан кечкен. Муну менен Афганистанга «Талибан» режиминин башкаруусунун, америкалык антитеррордук кампаниянын кесепеттеринен улам кептелген туңгуюктан чыгып, ирденип алуусу үчүн колдоо көрсөткөн. Кечирилген карыздардын суммасы ачык айтылган эмес, бирок 1960-жылдан 2002-жылга чейин бөлүнүп келген зайымдарга тиешелүү экендиги анык.

Кытай 2000-жылдан 2009-жылга чейин 35 африкалык өлкөнүн жалпы 2,85 миллиард доллар өлчөмүндөгү карызын кечкен.

2007-жылы Азия, Кариб бассейниндеги жана Тынч океандагы 49 өнүкпөй калган жана жакыр мамлекеттин карызын жойгон. Алардын арасында африкалык мамлекеттер да бар. Алар 1950-жылдан бери Кытай өкмөтү берип келген каржылык жана материалдык каражаттарга тиешелүү болчу.

Булак: sputnik.kg

“Кыргызкөмүргө” ырраазы болбой Экотехинспекцияны энчилегиси келген Жунушалиев

Экотехинспекциянын директору Канат Муратбековду кызматтан алуу маселесин жогорку бийликтен мурун “Кыргызстан” партиясынын билермандары өздөрү өле чечип жатышса керек.

Себеби, Муратбеков кызматтан кетсе, анын ордуна “Кыргызстанчы” Жолдош Жунушалиев деген келгени жатыптыр. Жунушалиев Бишкек шаардык кеңешинде упгул партиядан депутат болуп келген. Бул адам “Аюнун” атасы Шаршенбек Абдыкеримовдун көздөй кишилеринин бири экен. Анткени ал мамлекеттик кызматка келгенче “Аю” курулуш компаниясын жетектеп турган. Ал эми быйыл февралда “Кыргызкөмур” мамлекеттик ишканасына директор болуп барган. Коррупцияга баткан, атагынан чатагы арбын бул мекемени кандай жетектеп, кандай жакшы иштерди жасаганы тууралуу упгул убакка чейин жарытылуу маалыматтар чыккан жок. Жунушалиев “Кыргызкөмүргө” дайындалып жатканда Кара-Кече кемур кенинде иштегендер кен тармагына курулушчунун канда тиешеси бар деген ниет менен каршылык көрсөтүшкөн болчу. Бирок бийлик Кара-Кечедегилердин кайгырганын эске албай, алкомагнат Шакинин айтканын аткарып койгон. Бул жолу да ушундай жорук кайталанганы турат окшойт.

Булак: “Багыт

Жогорку Кеӊеш Жогорку Сотко эки судья тандап алды. Үч талапкер колдоо таппай калды (ВИДЕО)

Бүгүн, Жогорку Кеӊеш Жогорку соттун судьялыгына ата салышкан талапкерлерге добуш берүнүн жыйынтыгында Кыдык Жунушбаев менен Нургүл Бакированын талапкерлиги колдоо таап,  буга чейин көп сындарга кабалып келаткан Ирина Воронцова, Дамира Орозова жана Айдарбек Алымкуловдор судьялыкка өтпөй калышты. Депутаттар талапкерлерге кандай суроолорду беришти, үч талапкер эмнеге өтпөй калды, кайсы талапкердин чатак иши көп аны төтөндө «Азаттык» тарткан тасмадан толугу менен көрүӊүздөр:

Бир жылда бир эле иш карган Кыдык Жунушпаев Жогорку Сотко судья болуп шайланды (ВИДЕО)

Бүгүн Жогорку Кеӊеш Жогорку Сотко судьялыкка бир жылда бир эле иш карган судья Кыдык Жунушбаевди судья катары тандап алды. Бул адамдын буга чейин эле ишти жакшы иштей албай, эскертүүнү бир эмес, бир нече ирет алганы айтылып келген. Чүй облустук сотунун төрагасы болуп иштеп келген  Кыдык Жунушпаев Жогорку сот тарабынан бир эмес, начар иштегени боюнча төрт жолу эскертүү алгандыгы айтылууда. Эске сала кетсек, Президент буга чейин ишмердүүлүгү боюнча бир жолу эскертүү алган судьянынын талапкерлигин четке каккан болчу. Демек, бир эмес, төрт эскертүүсү бар Жунушпаевге Жогорку Кеӊеш менен президент Жээнбеков кантип бата берди. Бул жагы түшүнүксүз болуп турат. Же дагы башка да кызыкчылыктар барбы?  Жогорку Сотко судья катары тандалып алынган Жунушпаев менен Бакирова ушул эле күнү Жогорку Кеӊеште ант беришти.  Эске сала кетсек, Нүргүл Бакирова «Ата- Мекен» партиясы менен парламенттик шайлоого катышкан. Депутаттык кезеги келгенче эми минтип судья болуп кетти. Ал тууралуу көп деле ачуу сындар жок.

Бир жылда беш иш караган сот

Опубликовано Кутманом Апышевым 23 мая 2018 г.

Кулматов абакка киргени калдыбы?

УКМК Кубанычбек Кулматовго коррупция боюнча кылмыш иши козголгонун маалымдады. Маалыматта:  «Бишкек ЖЭБин модернизациялоо» долбоорунун негизинде кытайлык TBEA компаниясы эки жаңы мектеп куруу үчүн берген 2 миллион долларды мыйзамсыз колдонгону аныкталганы, Кулматов мэр кезинде  “Альто Групп” ЖЧКнын жетекчилиги менен жең ичинен сүйлөшүүлөргө барып, кытайлык компаниядан 1 миллион доллар өлчөмүндө каражатты түздөн-түз ошол жеке компаниянын эсебине которууга жетишкендиги, ошондой эле  Калыс-Ордодогу мектепти аягына чыгарыш үчүн шаардык бюджеттен кошумча 100 миллион сомдон ашык акча бөлүнүп бергени айтылат. Ал эми “Альто Групптун” жетекчиси УКМКга камакка алынган. Кулматов бул маселе боюнча эч кандай күнөөсү жок экенин айтып жатат. Кулматов бул маселе боюнча УКМКга 6 ирет сурак берип чыкты.

ӨКМ министри 3 млн. долларга 2 тик учак алып, калган 17 млн. долларды сол чөнтөккө сологону жатабы?

Нурболот Мирзахметов деген адам жогорку бийликтеги бирөөлөрдүн өтө “сүймөнчүк” кадры экен. Эсептөө палатасында аудитор болуп иштеп турганда, ойдо жок жерден түз эле Өзгөчө кырдалдар министрлигинен креслоосуна секирип минди. Колдоочусу күчтүү экенин мына ушундан билиңиз. Бийлик болсо эл менен эсептешкен жок, тажрыйбасы жок адамга ӨКМнын эки тизгин бир чылбырын карматып койду. Нурболот мырза, креслоого олтурары менен эле коррупциялык иш менен алектенип жатабы деген маалыматтар чыкты. Себеби, аталган министрлик жакында 20 миллион долларга 5 кишилик эки тик учак сатып алганы жатышканын коомчулукка жар салышкан. Ал ортодо бул маселени жакындан билгендер андай 5 кишилик тик учактардын баасы 1 миллион 355 миң доллар экенин айтып чыгышты. Ошондо эки тик учакка   2,7 миллиондон ашыргыраак акча кетет экен. Калган 17 миллион долларды каякка жумшаганы жатышат деген суроо туулбай койбойт. Же ошончолук баасы кымбат тик учактардан  алганы жатабы? Оу, урматтуулар мындай шумдуктарга бир аз көз салып койгулачы. Чындап эле, Мирзахмедов деген неме “атка көрбөгөн минип өлтүрөт” болуп, алкымын агытып жаткан жокпу?

Булак: Багыт

Муратбековду кызматтан кетирип, эмне муратка жетесиңер?!

Канат Муратбековду кимдер гана билбейт. Мамлекетке кызматка бизнестен келсе да, айрымдарга окшоп акчанын артынан түшүп кетпей, иштин көзүн таап иштеп, барган жерин гүлдөтүп жатканы жалпы элге маалым. Нарында губернатор болуп турганда, губернатор кандай иштеш керек экенин баарына көрсөттү. Ал тургай ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев мен деген атка минерлерге; “Муратбековдон үлгү алгыла” – деп айткан. Эки үч жылдан бери Экотехинспекцияны жетектеп, аталган мекеменин аброюн кадимкидей көтөрүп, экология, курулуш жана башка тармактагы мыйзам бузууларды ашкерелеп, тартипти  татынакай кылып орнотуп жатканы кашкайган чындык. Экотехинспекция мурун эптеген эле мамлекеттик мекеме болсо, азыр алдуу-күчтүү, бийлик таянган эң маанилүү кызматтардын бирина айланган. Анан Экотехинспекцияны ушундай жогорку деңгээлге жетирген иш билги сонун иштеп жатканда, капталдан көрө албагандар жиреп чыгышат. Тилекке каршы, бул көрүнүш бизде адатка айланып баратат. Кыскасы, Муратбековду көрө албагандар жогорку жактагы билермандарга жалгандан жомок токуп ушактап жатып, акыры кызматтан алдырганы  калышыптыр. Өкүнүчтүүсү бизде колунан иш келбеген, бирок акчасы мансабы чоң адамдардын сөзү өтүмдүү болот эмес. Бирок президент Сооронбай Жээнбеков , жаңыдан билек түрүнө ишке киришкен  өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев иштин көзүн билген кадрды кызматтан албай, тескерисинче көтөрмөлөп, колдоп турушса, эң ириде элге, мамлекетке эле чоң пайда болмок.  Муратбековдун Экотехинспекцияда жасаган чоң эмгегин эл да билет. Ал эми бийлик деле эң сонун билип турат. Бирок бийликтегилердин көбү жактырса, айрымдары ич күйдүлүк кыла беришет турбайбы.

Булак: Багыт

Оюна койсоңор Бабановду актаткысы келишет экен…

Эки күн мурун ЖКнын бир катар депутаттары Өмүрбек Текебаевди абактан бошотуу боюнча журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрүштү. Ал депутаттардын катарында кылмакчыны кылып, өз мамлекетинен качып кеткен Өмүрбек Бабановдун ишенимдүү жакындарынын бири, жердеш иниси депутат Мирлан Жээнчороев Текебаевдин маселесин айтымыш болуп,  саясый буйрутма маселе менен кылмыш козголгондорду да актоо керек деп өзүнчө эле агынан жарылды десең.  Анын сөзүнүн төркүнү акеси Бабановго такалат. Ток этер жерин айтканда, бийлик Бабановду да акташ керек экен. Бул эми акылга сыйбай турган логика. Бабанов колу менен кылганды моюну менен тартсын! Ага  козголгон кылмыш иши эч кандай саясый буйрутма эмес. Мунун Эштекбайдын энөө баласы да эң сонун билет. Бирок Бабановчулар деле терең түшүнүп турса да, түшүнгүсү келбей, минтип бет тырмарлык кыла бериштин эмне кереги бар.

Булак: Багыт