Орозо кармаган ден-соолук табат

Раббибиз бизге эмнени буйрук кылган болсо ошол нерседе биздин материалдык жана руханий пайдаларыбыз бар. Кайсыларын бизге арам кылган болсо эч күмөнсүз ошол нерселерде өтө көп зыяндарыбыз бар. Муну бүгүн түшүнбөгөн болсок дагы эртең, күн өткөн сайын түшүнөбүз. Биз билбейбиз, ал билет…

Бизди жараткан жана жашаткан, өз энебизден дагы биз үчүн мээримдүү болгон Раббибизди уксак, буйруктарын аткарып, тыюу салган нерселеринен качсак дүнүйөдө, кабырда, акыретте ырахаттык, бактылуулук ичинде болобуз. Болбосо үч өмүрүбүз тең кыйынчылык, кайгы-азап менен өтөт.

Орозонун санап бүткүс пайдалары бар. Бирок, биз орозону бул пайдалары үчүн эмес динибиздин буйругу болгондугу үчүн кармоодобуз. Орозо кармай турган болсок ден-соолук табабыз.
АЗЫК ЖЫЙНАГЫЧТАР ЭЭРИЙТ!..
«Орозо кармагыла, ден-соолук тапкыла» Орозо кармаган адам ден-соолук табат. Күнү бою иштеген жана чарчаган органдарыбызды түнү уктап жатканда дем алдырабыз. Дем ала албаган кээ бир органдар бар: Аш казаныбыз, ичегилерибиз жана тамак сиңирүү системабыз… Булар дем алуу эмне экенин билбейт, токтобостон иштеп турат. Тоё жеп жатсак дагы ойгонгон кезибизде ачка болгонубузду сезебиз. Биз өзүбүздү жоготуп уктап калабыз, бирок, тамак сиңирүү системабыз уктабай дайым иштеп турган болот. Бул тынымсыз иштөө аларды чарчатат.

Уктап жаткан кезде көзүбүз, кулагыбыз, колубуз, бутубуз жана мээбиз дем алат. Дем ала албаган органдарыбызга дагы жок дегенде жылда бир ай бир гана күндүзү орозо кармоо аркылуу дем алдыруу мүмкүнчүлүгүн берген болобуз…

Ден-соолук жагынан дагы бир пайдасы – бул боордогу азык бириктиргичтердин ээрүүсү болуп саналат. Доктурлардын айтуулары боюнча боорубуз бир өлчөмдө азык кампасы болуп саналат. Денебиз муктаж болгон азыкты зарыл болор замат автоматтык түрдө керектүү өлчөмүн берүүдө. Орозо кармабагандар бул муктаждыктарын жеген азыктары менен камсыз кылып алгандыктары үчүн боорундагы бириккен азык козголбойт. Алар тура берип эскирүүдө, зарыл болгон кезде дагы керектүү натыйжа бере алышпайт…

***

Орозонун сабыр, шүгүр, напси тарбиясы сыяктуу башка ибадаттар менен дагы байланышы бар. «Орозо сабырдын, сабыр болсо ыймандын жартысы» деген хадиси шариф орозо кармаган адамдын сабырдуу болгондугун билдирүүдө… Сабыр кылууну буйрук кылган жана ага үндөгөн 70тен ашык аяти карима бар, эң чоңу: «Раббибиз сабыр кылгандар менен бирге» деген сүйүнчү. Сабыр кылуу адамдарга тийиштүү. Периштелер сабыр кылышпайт, себеби, алар жешпейт, ичишпейт, оорушпайт. Айбандарда сабыр тууралуу айтуу орундуу эмес, себеби, аларда акыл жок, жоопкер эмес. Адам уулу бул эки барлыктын ортосунда. Акылы бар периштелер сыяктуу, напси бар айбан сыяктуу. Акылын жогору кармай турган болсо периштелер сыяктуу көтөрүлөт, жада калса, алардан да озот. Себеби, периштелер каалайбы каалабайбы жакшы. Адам баласы болсо напси менен күрөшүү аркылуу көтөрүлө алат. Эгер аны напси жеңип ала турган болсо айбандашып төмөндөйт, жада калса, алардан да төмөнгө түшүшү мүмкүн. Себеби, айбандар жоопкер эмес.

Орозо кармоо менен периштелер сыяктуу болуудабыз. Белгилүү болгондой алар дагы жешпейт жана ичишпейт.

Раббибизге шүгүрдү акысына жараша толук кыла алуубуз мүмкүн эмес. Жакшылыктардын Андан келип жаткандыгын билүүбүз жетиштүү.

Хазрети Хусейин айткан: «Йа, Рабби, бизге жакшылыктарды бердиң, ага шүгүр кылбадык. Кыйынчылыктарды, ооруларды, кайгыларды бердиң ага сабыр кылбадык. Шүгүр кылбадыңар деп жакшылыктарыңды токтотподуң, сабыр кылбадыңар деп кыйынчылыктарыбызды дагы да узартпадың. Сен керимсиң, керимден керем пайда болот…» (б.а., Аллаху таала жоомарт, жакшылык кылуучу, жакшылык ээсинен жакшылык келет…)

САБЫР ҮЧ ТҮРДҮҮ

Кадырлуу китептерде жазылган: «Сабыр үч түрлүү. Бири – ибадатттарды орундоодо кездеше турчу кыйынчылыктарга сабыр. Намаз окууда, орозо кармоодо кээ бир кыйынчылыктарга туш келишибиз мүмкүн. Буларга сабыр кылабыз. Экинчиси – күнөө кылбоого сабыр. Күнөө кылбоого сабыр кылуу отто күйүүгө караганда алда канча жеңил. Үчүнчүсү – ооруларга, кайгыларга, жамандыктарга сабыр кылуу.»

Оору, жамандык суралбайт, келсе кутулууга аракет кылуу керек, дарылануу керек, бирок, мунун бардыгы натыйжа бербей турган болсо сабыр кылуудан башка чарабыз калбайт. Бул үч сабырга бериле турчу сыйлыктын өлчөмү жок. Биз дүнүйөгө ушул үчүн келдик, бардыгыбыз сынак бере турчу бөлмөдөбүз. Раббин тааныган, Анын буйруктарын кадырлаган, арамдардан сактангандар менен өзүн жараткан жана жашаткан затты тааныбаган, буйрук жана тыйууларына кулак аспагандардын бири-биринен ажыроолору керек. Киши кылган нерселеринин акыбетин көрөт, жакшылар түбөлүк бакытка, жамандар болсо ылайык болгон азапка туш болот..

 

Эки парашютист 4000 миӊ метр бийиктиктен кулап, каза табышты (ВИДЕО)

Асмандан учактан секирүү боюнча чоӊ тажыйырбасы бар эки адам 19 -майда Татарстанда жерге парашют менен 4 миӊ метр бийиктиктен секиришкен. Бирок экөө жерге түшүп баратканда бири — бири менен катуу кагышып калып, эс-учтарын жоготуп коюшкан. Натыйжада алардын бири «Тез жардамдын» ичинде, экинчиси ооруканадан каза тапкан. Маркумдар 34 жана 48 жашта болгон.

Кыргыз Эл жазуучусу Көчкөн Сактановдун сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө жерге берилди (ВИДЕО)

Кыргыз эл жазуучусу Көчкөн Сактанов дүйнө салды

Кыргыз эл жазуучусу Көчкөн Сактанов эки күн мурун узак оорудан улам каза болду.  Ал буга чейин инсульт алып, бир топ жылдан бери дарыланып келаткан.

Элибиздин сүйүктүү жазуучусу, драматург Көчкөн Сактанов Ош облусуна караштуу Алай районунун Кең-Жылга кыштагында туулган. Быйыл 10-октябрда 76 жашка чыкмак. Ал: “Сталиндин заманы”, “Чөөлөрдүн заманы”,   «Апа кат», «Умтулуу», «Адат азабы», «Мурас», «Маркумдар үнү», «Сталинден кийинки заман», «Чөөлөрдүн заманы», «Искендер Зулкарнайн», «Алымбек датка», «Курманжан датка», «Атилла»  аттуу романдардын, ондогон аңгемелердин, трагикомедиялардын жана очерктердин автору. Сактанов » Маркумдар” үнү жана “Адат азабы” чыгармалары менен атагы чыккан.  Чынында «Маркумдар үнү романы мыкты чыгарма экенине сөз жок. Ал жазуучу Төлөгөн Касымбеков менен бирге “Курманжан датка” тарыхый драмасын жазган. Анын акыркы чыгармаларынын бири «Бакал баатыр» аттуу тарыхый романы.

Сактановдун негизги кесиби журналист. Илимдер Академиясынын Тил жана адабият институтунда илимий кызматкер, Кыргыз энциклопедиясында жана телевидениеде редактор, “Ала-Тоо” журналында бөлүм башчы, “Кыргызфильм” киностудиясында көркөм сценариялык коллегиясында редактор, филармонияда адабият бөлүмүнүн башчысы «Азаттык” үналгысында кабарчы, Кыргыз-түрк “Манас” университетинде окутуучу болуп иштеген.  Сактанов Кыргыз эл жазуучусу наамын  кечигип, тагыраак айтканда 2011-жылы гана алган. Эл жазуучусу менен кечээ күнү  Кыргыз улуттук драм театрында коштошуу болду. Акыркы сапарга узатуу зыйнатына жогорку бийлик жактан Маданият, маалымат жана турзм министринин стат-катчысы эле келди. Ал эми президенттик аппараттан, өкмөттөн, Жогорку Кеңештен бир да депутат басып келген жок. Ал эми Сактановдун талантын, чыгармаларын жакшы билген калемдештери, жердештери Сактановдун эң ириде мыкты инсан, мыкты адам экенин баса белгилешти. Белгилүү жазуучуну акыркы сапарга узатуу зыйнатында анын уулу: “ Атамды акыркы сапарга узатууга келген баардыгыӊыздарга бир туугандарымдын атынан чоӊ ыраазычылык билдиремин. Ар дайым ден-соолукта болуӊуздар. Сиздерге чоӊ ырахмат!”-деп ыраазычылыгын билдирди. Ал жазуучунун уулдарынын арасынан чыгармачылыкка аралашып  жүргөнүн, бирок жазган чыгармаларын гезит, журналдарга берип китеп кылып чыгара электиги тууралуу да маалымат берди.

Эл жазуучунун сөөгү атактуулардын «айылы» Ала-Арча көрүстөнүнө берилди.

Төлөгөн Мамаеев, Кыргыз Эл акыны: “Көчкөндүн жан дүйнөсү башкача эле…”

—Өлүм деген кыйын нерсе экен. Элдин арасында Көчкөндүн чыгармалары, анын таланты жөнүндө көп сөздөр айтылчу эле. Бул жерде Акбар да айтты. Көчкөн өзгөчө жазуучу эле. Мен акын катары Көчкөндү жакшы билемин. Мунун таланты, жан дүйнөсү жүрөгү да башкача эле.

Жазуучуларды эркин сүйлөөгө мүмкүндүк бербей кээде көр заман бууп турган убакта Көчкөн өзүнүн чыгаан чыгармалары менен ошол замандын кээ бир кемчиликтерин айткан чыгармаларды жазган.

Эми 37-жыл болбогондон кийин аркасынан суу атылып кеткен жок. Бирок кичине түшүнүк доор пайда боло баштаган учур болчу. Кыргыздар өз жеринде жалаӊ эле жыргалда эмес куурал турмушта да жашагандыгын биринчи ирет кагазга түшүрүп элге тартуулаган жазуучулардын бири эле. Мына эми айла жок аны менен коштошуп отурабыз. Көчкөн иним мен бул жашоого келгендеги  Кудай берген милдетиӊди, жоопкерчилигиӊди аткарып кеттиӊ. Кыргыз элине аздыр-көптүр белгилүү болуп калган жазуучулардын бири элеӊ. Бейиштин төрүнөн орун ал. Кош иним. Жаткан жериӊ жайлуу, топурагыӊ торко болсун!

 

Мектепте кыргыз адабияты азаябы?

Кийинки жылдан баштап мектептерде кыргыз адабияты сабагын окутуу программасы өзгөрөт. Эки жыл мурун билим бирүү тармагында жалпы билим берүүчү мектептерде кыргыз адабияты сабагы жоюлуп, анын ордуна «Кыргыз жана дүйнө адабияты» предметин киргизүү демилгеси көтөрүлгөн. Мындай сунуш адабиятчы-окумуштуулардын талаш-тартышын жаратып, коомчулуктун каршы пикирине учураган.

Билим берүү академиясы келерки окуу жылы колдонула турган жаңы программа кыйла оптималдаштырылганын айтып жатат. Жаңы программага алымсынбаган адистер «бул өзгөрүү улуттук адабияттын келечегине сокку болот» деп тынчсызданып жатышат.

Бишкек шаарындагы орус тилдүү мектептердин жогорку классынын окуучуларынан сурамжылоо жүргүздүк. Алар класста кыргыз адабияты сабагы канчалык деңгээлде окутулаарын айтып беришти:

— Бизде кыргыз адабияты сабагы жумасына бир эле жолу өтөт. Бул учурда биз акын-жазуучулар менен жөн гана сыртынан таанышабыз. Чыгармачылыгы тууралуу тереңден окубайбыз.

Иллюстрациялык сүрөт.
Буга улай окуучулар кыргыз адабияты сабагынан эстеген кыргыз жазуучуларынын аты-жөнүн да санай кетишти:

— Чыңгыз Айтматов, Алыкул Осмонов, Аалы Токомбаев, Бүбүсара Бейшеналиева, Саякбай, Касымалы Баялинов, Жусуп Турусбеков… Чындыгында бизде “Орус адабияты” сабагы жакшы өтүлөт. Кыргыз адабиятына караганда тереңирек окутулат. Жакында эле Владимир Высоцкийдин ырларын жаттап айтып бердик. Роберт Рождественский, Пастернак, Блок, Гоголь, Лермантовдун чыгармаларын билебиз.

Ушул тапта колдонулуп жаткан окуу планы боюнча орус класстарында кыргыз адабияты жумасына бир саат, орус адабияты жумасына эки саат, ал эми кыргыз мектептеринде кыргыз адабияты үч саат окутулушу керек.

Эки жыл мурун Билим берүү министрлиги Билим берүү академиясынын окумуштуулар кеңешине жалпы билим берүү мектептери үчүн «Кыргыз жана дүйнө адабияты» предметин киргизүү тууралуу сунушун берген эле. Убагында адистер бул сунушта кыргыз адабиятын окутууга үстүртөн мамиле жасалып калганы тууралуу чуу көтөрүп, маселе убакытуу токтотулган.

Билим берүү адиси Венера Акматова эми ошол сунуш кайрадан жанданып, жаңы киргизиле турган окуу планында адабият сабагы таптакыр чаташып калганын айтат:

Венера Акматова.
Венера Акматова.

— Предметтик стандарт, программа бекитилип, окуу китептерин жазуу стадиясына жеткен кезде дагы бир маселе — «»Кыргыз жана дүйнө адабияты» деген предметти башка тилдеги окуучуларга кантип окутабыз? Ал үчүн балдардын кыргыз тилин билүү деңгээлин аныктоо зарыл» деген позиция келип чыкты. Биз орус тилин билер-билбесибиз аныкталбастан эле орус тилин жана адабиятын окуп келбедик беле? Эмне үчүн Кыргызстандын жарандары кыргыз адабиятын кыргыз тилинде эле окуганга болбойт? «Кыргыз жана дүйнө адабияты» предмети Кыргызстандын бардык мектептеринде, окутуу тилине карабастан, кыргыз тилинде гана окутулушу максатка ылайыктуу.​

Акматова кошуна республикалар, Балтика өлкөлөрү жалпы билим берүү реформасын жүргүзүүдө адабият предметин окутууну өздөрүнүн улуттук кызыкчылыгынын алкагында чечип алганын мисалга тартып, бул багытта демилгечилердин мектептерге «Манас таануу» предметин киргизүү тууралуу сунушу көп жылдан бери ишке ашпай жатканын кыстарды.

Билим берүү академиясынын вице-президенти Алмазбек Токтомамбетовжалпы жонунан адабият сабагы боюнча саат таптакыр кыскарбагынын айтып, бирок аны окутуу планы 2019-2020 окуу жылында кандай нукта өзгөртүлөрүн минтип түшүндүрдү:

Алмазбек Токтомамбетов.
Алмазбек Токтомамбетов.

— Мындай болуп калат да: кыргыз мектептеринде жумасына эки сааттан кыргыз адабияты сабагы кирет. Ага кошумча «Орус жана дүйнөлүк адабият» сабагы бир сааттан окутулат. Орус мектептеринде болсо «Орус адабияты» сабагы өзүнчө кетет. Артынан «Кыргыз жана дүйнө адабияты» деп кетет. Ал эми өзбек же тажик мектептеринде «Өзбек адабияты» же «Тажик адабияты» өз алдынча предмет болот да, бир сааттан «Кыргыз жана дүйнө адабияты» сабагы окутулат. Азыр адабият сабагы ошентип эки сапка бөлүнүп калды. Экөө бириккенде жалпы адабиятты билдирет.

Деген менен кыргыз адабиятына жан тарткан окумуштуулар “Кыргыз жана дүйнө адабияты” сабагынын болжолдуу программасында кыргыз адабияты дүйнө адабиятынын жанында океанга тамган тамчы сыяктуу көрүнүп-көрүнбөй, бул предметте “кыргыз адабияты” деген сөз шарттуу түрдө гана кирип калганын айтып, улуттук адабият жутулуп кетпес бекен деп чочулап жатышат.

Булак: Азаттык

Икрамжан Илмияновдун Нью-Йорктогу кымбат мектепте окуган кыздарынын сүрөттөрү жарыяланды (сүрөт)

” Икрамжан Илмияновдун Нью-Йорктогу кымбат мектепте окуган Бурул жана Тахмина аттуу кыздарынын ачык булактардан алынган сүрөттөрүн жарыяланды:

“Айдоочулук күбөлүк” деген “билиминен” бөлөк таянары жок Илмиянов 2 кызын Америкада кайсы миллиондоруна окутуп жатат?

2010-жылга чейин шоопур болуп иштеген, үстүндөгү эски өӊү өчкөн жынсы шымын айлап-жылдап кийген Икрамжан Илмиянов 2010-жылдан кийин кыска убакытта эле өлкөдөгү эӊ бай адамдардын катарына кошулуп калды. Ал “кожоюну” Алмазбек Атамбаевдин жардамы менен билими тайкы, тажрыйбасы нөл экенине карабай мамлекеттик жогорку кызматтарга барды. Атамбаевдик башкаруу убагында “шоопур” деген жаңы жогорку даражалуу «кызмат” пайда болду. Икрамжан Илмиянов көмүскө коррупциялык схемаларды, кадр дайындоолорду көзөмөл кылды. Ушунун арты менен ал өзүнө байлык топтоп алды. Икрамжан Илмиянов расмий түрдө ишкерчилик менен алектене турганын айткан эмес. Анын үстүнө мамлекеттик жогорку кызматта туруп, ишкерчилик менен шугулданууга да мыйзам жол бербейт эмеспи.

Акыркы жолу көрсөткөн декларациясы боюнча ал 1 жылдык кирешесин 316 миӊ сом деп көрсөткөн. Мындан тышкары, 90 чарчы метр аянттагы батир, 1986-жылы чыгарылган “Мазда-929” үлгүсүндөгү жеӊил унаа, жүк ташчуучу МАЗ 354323 унаага ээлик кыла турганын көрсөткөн. Бирок, ал өзүнө караштуу 7-каналга берген кенен маегинде айткандарынан улам баасы 80 000 доллар турган “Лексус-570” үлгүсүндөгү унаасын башкарып жүргөнүн жана жеке турак үйдө жашаганын байкасак болот. Ошондой эле Икрамжан Илмиянов көмүскө ээлик кылган бир канча компаниялар бар экени айтылып жүрөт.

Баарынан кызыгы, эл көзүнө бечара болуп көрүнгөн Икрамжан Илмияновдун Бурул Илмиянова жана Тахмина Илмиянова деген 9 жана 10-класстагы кыздары Америкадагы Нью-Йорк шаарында окуйт.

Жылына болгону 316 миӊ сом киреше таптым деп касам ичкен Илмиянов эки кызын кайсы акчасына окутуп жатат деген суроо жаралат. Нью-Йоркто 2 адамдын болжолдуу чыгымы бир айга 6-7 миӊ доллар же 483 000 сомго жакындайт. Бул батирдин ижара акысы, тамак-ашы жана жол чыгым, кийим кечеси. Мындан тышкары, Америкадагы окуу жайларга окуу бактысы ар кимге эле туш келе бербейт эмеспи. Ал жакта орточо окуу жайлардын контрагы 2000 доллардан тартып 15 000 долларга чейин. Нью-Йоркто окугандар оӊой адамдын балдары эмес экени белгилүү. Орточо алганда, эки кызына айына 3 500 доллардан 7000 доллар контракт төлөйт. Ошондо ар бир айына 7 000 доллардан эсептегенде жылына 84 000 долларды чапчыйт. Аны сомго которгондо 6 миллиондон ашып кетет. Колунда «правасынан» башка ийгилиги жок, декларацияда болгону 316 000 сом кирешесин көрсөткөн Икрамжан Илмиянов болжолдуу 6 млн сом чыгымдап кыздарын окутуп жаткан кирешени кайдан алып жатат? Ушул эле фактыга Икрам мырза татыктуу жооп бере алат болду бекен?

Булак: “Учур”

Чет жерде жүрүп, каза болгон Кыргызстандыктардын сөөгүн мекенине ташууда, компенсация төлөнөт

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей чет жерде жүрүп каза болгон Кыргызстандыктардын сөөгүн мекенине ташууда, компенсация катары алардын туугандары 50 миң сомдон ала алышат.

Өкмөт «Чет жерде жүрүп каза болгон Кыргызстандыктардын сөөгүн, мекенине ташууга кеткен чыгымдарга байланыштуу компенсация боюнча чаралар тууралуу» токтом кабыл алды. Анда 50 миң сомдон акчалай компенсация төлөп берүү каралган. Ошондой эле, төлөмдөрдү алуу үчүн керектүү документтердин тизмеси кескин кыскартылды.

Компенсация каза болгон жарандын туугандарына төлөнүп берилет. Бул тууралуу  Мамлекеттик миграция кызматынын маалымат-кеңешме борборуна кайрылуу керек.

Садовое: эки жаштагы наристе унаанын астында калды

Чүй облусуна караштуу Москва районундагы Садовое айылында 2 жаштагы кыз унаанын астында калды. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынан маалымдашты.

20-майда аталган айылдын 1971-жылы туулган С.Ш. аттуу тургуну «Форд Транзит» үлгүсүндөгү унаасын артты көздөй айдайм деп кызды тебелетип алган. Эки жаштагы наристе райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө алынып келинген, бирок дарыгерлердин аракетине карабай, ал чарчап калган.

Кырсык боюнча иликтөө жүрүп жатат.

Укук коргоочулар судья Воронцова тууралуу президентке кайрылышты

Укук коргоочу Динара Ошурахунова.

Кайрылууда Динара Ошурахунова, Рита Карасартова, Азиза Абдирасулова баштаган укук коргоочулар Бишкек шаардык сотунун төрайымы Ирина Воронцованын Жогорку соттун судьялыгына талапкерлигин көргөзүп жатканына нааразы экендиги айтылат. Бул тууралуу «Азаттыкка» укук коргоочу Динара Ошурахунова билдирди.

— Жогорку сотко өзүнүн талапкерлигин көрсөткөн соттор чыгып жатат. Анын ичинде саясий чечимдерди чыгарган соттор да бар экен. Ошондуктан биз кайрылуу жазып жатабыз. Воронцованы биз эчак эле билебиз. Анын ишине да 2008-жылдан бери күбө болуп келгенбиз. Ал Бакиевдин учурунда эле ушундай саясий чечимдерди кабыл алып келген. Апрель революциясынан кийин биз мындай соттор сот системасына келбейт го деп ойлогонбуз. Бирок тилекке каршы ошол эле соттор кайрадан олтуруп алып, азыркы жана мурдагы бийликке өзүнүн ишин жасап жатат. Президент Жээнбеков «биз сотторду тазалоо процессин баштайбыз» дегени үчүн биз үмүттөнүп, кайрылуубузду жөнөттүк, — деди укук коргоочу Динара Ошурахунова.

Ирина Воронцова мурдагы депутат Аида Салянованын ишин караган соттор коллегиясында да төрагалык кылып келген.

Буга чейин адвокаттар жана жарандык активисттер паракор, адилетсиз жана мыйзамга каршы иштеген соттордун «кара тизмесин» түзүүгө киришкен. Тизмеде Бишкек шаардык соттун төрайымы Ирина Воронцованын ысымы да бар.

Булак:Азаттык.

Каракчылыкка даярданган жигиттер: Шектүүлөр депутаттын жардамчысы, Кикбоксинг федерациясынын өкүлү болгонбу? (фото)

Бишкек шаарынын милициясы талап-тоноо уюштурууга даярданып жаткан топту кармады. ШИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, 20-майда Октябрь РИИБдин кызматкерлери ыкчам иш жүргүзүүнүн алкагында «Тойота Карина» үлгүсүндөгү унааны токтотушкан.

Бул унаанын ичинде бара жаткан 4 жигиттин биринен белгисиз үлгүдөгү курал алынган. Буга байланыштуу унаадагы адамдар өздүгүн аныктоо максатында РИИБге жеткирилип, кол каптар, уюлдук телефондор жана зым табылган. Алгачкы тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүүлөр бул буюмдар акча каражатын тоноо максатындагы кылмыш уюштуруу үчүн даярдалып жатканын айтышты.

Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 27-168-берене (каракчылык уюштурууга даярдануу) менен кылмыш иш козголуп, учурда тергөө иштери улантылып жатат. Бишкек ШИИБдин убактылуу тергөө абагына камакка алынган шектүүлөр: 1994-жылы туулган Э.Ы., 1989-жылы туулган Ж.М., 1987-жылы туулган М.А., 1989-жылы туулган Т.Э.

 

 

 

 


Алардын өздүгүн аныктаган документтеринде бири — Жогорку Кеңештин депутатынын жардамчысы болгону, экинчиси — Нарындагы жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгынын өкүлү болгону жазылса, үчүнчүсүндө Кыргызстандын Кикбоксинг федерациясына тиешелүү күбөлүк болгон. Кийинчерээк бул документтер жасалма болгону расмий маалымдалды.

Булак: turmush.kg

Шадиев Сулаймановдун тактикасын колдонобу?

«Сагызган сактыгынан эмес, суктугунан өлөт» деген накыл бар элибизде. Мааниси канчалык сак болгонуң менен акыры алкымыңдын, ынсапсыз, тойбогон ач көздүгүңдүн азабын тартасың, торго чалынасың деген түшүнүк жатат. Мына Акаевдин доорунан бери сактыгынан кылтакка илинбей чириген байга айланган Аскар Шадиев тойбогон суктугунун айынан улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун сыйлыгына берилчү 30 миң долларга көз артып жымыра коём деп шорго малынды. Айтматов кантсе дагы касиеттүү инсан эмеспи, Шадиевдин арам максаты ачыкка чыгып, кылмыш иши козголуп, камалып кетээрде качып кетти. Канчага чейин качып жүрөт болду экен? Балким Сооронбай Жээнбеков бийликке келгенде “булуттан чыккан айга окшоп” пайда болуп калган мурдагы транспорт министри Нурлан Сулаймановдой болуп, бийлик алмашкан мезгилди күтөөр…

Булак: “Фабула”

Тажикстанда Орозо кармабай калгандар айып пул салып жатабы?

Тажикстанда Орозо кармабай калгандарга айып пул салып жатат деген маалымат тараган. Бирок муну ар ким ар кыл кабылдап жатат.

Таджикистан. Во сколько верующему обойдется пропустить день поста в Рамадан?

Таджикистан. Во сколько верующему обойдется пропустить день поста в Рамадан?Совет Улемов Исламского центра — это руководящий духовный орган Таджикистана, — установил стоимость «Закята» — ежегодного и обязательного для всех верующих мусульман налога. Речь идет о минимальной сумме, которую должен раздать неимущим мусульманин, а также о деньгах, которые нужно потратить на благотворительность тем, кто пост не держит. Следить за исполнением правил никто не будет. Муфтии рассчитывают на честность верующих.

Опубликовано Биздин атыбыздан эмес 21 мая 2018 г.