Жээнбеков Орозо кармап, мечитке эл менен бирге барып жатат (ВИДЕО)

Президент Сооронбай Жээнбековдун Орозо кармап, кадыресе эл барып намаз окуган мечитке барып намаз окуганы соц баракчаларда талкууга алына баштады. Ал тасманы көргөндөрдүн басымдуусу ажонун мындай кадамына алкыш айтышууда.

Ажонун мечитке кирип келгенин тасмага тартып алышкан. Аны төмөндөгү шилтемеден көрүӊүз:

https://www.youtube.com/watch?v=W9l5O5xVH5o&feature=share

Тогуз жашар кызды аялдыкка алуу мыйзамы өтпөй калды

Иракта экинчи жолу жаш кыздарга үйлөнүүнү легалдаштыруу мыйзамы каралды, эгер мыйзам кабыл алынса, жашы 9га жеткен кыздар менен үйлөнгөнгө мүмкүн болмок деп жазат «anan.kg» булагы

Мыйзамдын инициаторлор группасы 40 депутаттан турат. Шиит ди таанучулары 9 жаш курак никеге турууга толук жарайт. Анткени пайгамбардын аялдарынын бири- Аиша турмушка чыкканда ошончо жашта болчу дешет

Азырынча бул мыйзам кароодон алынып салынды. Аны эл аралык нормага туура келбейт дешүүдө. Ирактын жашоочулары деле бул инициативаны колдошкон жок.

Бирок мындай мыйзамды колдогон депутаттардын саны жана жана мыйзамды көтөрүп чыгуунун өзү  коркунучтуу дешүүдө өлкө тургундары.

Канн фестивалында Кыргызстандык мигрант кыз тууралуу тасмага эл туруп кол чапты (видео)

Россиялык режиссер Сергей Дворцевскийдин  Кыргызстандан Россияга мыйзамсыз барган мигрант кыздын тагдыры тууралуу  тартылган «Айка» тасмасы Канн кинофестивалында «Пальманын алтын жалбырагы» наамына талапкер болууда. Бул тууралуу орус маалымат булактары жазып чыкты.

Кинодо Кыргызстандан барган мигрант кыз Москвада төрөп, баласын төрөт үйүнө таштоого мажбур болуп, бирок, энелик сезимдери канчалык кыйналганы баяндалат.

Кино аяктагандан кийин залдагылардын бардыгы ордунан туруп кол чабышкан.

Канн кинофестивалы Францияда 8-майда башталган жана 19-майда жыйынтыкталат

 

 

Милиция кызматкери Энелер күнүндө апасын куттуктап жатып ыйлап жиберди (видео)

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) кызматкерлери өз апаларын Энелер күнү менен куттуктап, аларды канчалык жакшы көрөрүн айтышты. Бул тууралуу  ЖКККББнын Facebook баракчасына жарыяланды.

Сотрудники ГУОБДД поздравили своих мам с Днём матери 🙏🌷

Опубликовано Главное Управление Обеспечения Безопасности Дорожного Движения МВД КР 17 мая 2018 г.

Ак-Суу районунда 45 жаштагы аялды айылдашы күйөөсүнүн көзүнчө зордуктап, өлтүрүп…

Ысык-Көл ички иштер башкармалыгы  Ак-Суу районунун Каракол айылында 45 жашатгы аялды аялды зордуктап, өлтүрүп кеткен адам изделип жатканын кабарлады. Маалыматта:  аталган айылдын 45 жаштагы жашоочусу  Е.Н.дин зордукталып өлтүрүлгөн денесин айылдын талаасынан табышканы айтылат.   Маркум  17-майда кечинде күйөөсү  болуп, ушул айылдын  29 жаштагы тургуну   Ш.А. менен бирге  ичимдик ичишкен. Анын аягы трагедия менен аяктаган.

Кордук көрүп каза тапкан аялдын күйөөсү милицияга катуу мас абалында болгону жана кылмыштуу окуянын чоо-жайын билбегендигин айткан. Учурда иликтөө жүрүп жатат. Ал эми кылмышка шектүү делген жигиттин унаасынан бул кылмышка шектүү деп эсептелген каражаттар табылган.

 

Балыкчыда эгиз төрөгөн жаш эне каза таап калды

Балыкчы шаарында эгиз төрөгөн 33 жаштагы эне каза таап калганы  маалым болду. Маркумду 17 -майда төрөтканага алып келишип, операция кылып, биринчи баласын алышкан, экинчи баласын алып жаткан учурда, эненин жүрөгү токтоп калгандыгы айтылат. Маркум эгиздерге чейин бир кыздын энеси болгон. Учурда бул иш боюнча атайы комиссия түзүлүп, иликтөө башталды.

 

Биринчи аялы каза тап, экинчи ирет үйлөнгөн адам балдары каршы чыккан үчүн өз жанын кыйды

Тажикстандын Восей районунун тургуну Саидмухаммад Иброхимов экинчи жолу үйлөнгөндөн бир жарым ай өткөндөн кийин өз жанын кыйды. 8 ай мурун биринчи аялын аары чагып, каза болуп калган.

«Балдары атасынын экинчи аял алуусуна каршы болушуп, тоюна катышуудан дагы баш тартышкан», — деди анын агасы Раджабали Иброхимов. Саидмухаммаддин төрт баласы бар. 24 жаштагы улуу баласы Орусияда иштеп жүрөт. Кичүү кызы 16 жашта.

​«Алардын эч кимиси атасынын экинчи аял алышы жөнүндө уккусу да келген эмес. Бирок шарият боюнча аялы өлүп калган киши экинчи жолу үйлөнүү үчүн балдарынан уруксат сураганга милдеттүү эмес», — деди Раджабали Иброхимов. Саидмухаммад Иброхимовдун экинчи аялы Маржона Рахимова алар алгачкы он күн эле бактылуу болушканын, андан соң уруш-талаш башталганын айтты. «Балдары күндө телефон чалып, мени кууп чыгышын талап кылып турушту. Акыры ал ажырашууну чечти. Мен ата-энемдикине кеттим. Саидмухаммад болсо эртеси асынып алыптыр», — деди Марджона Рахимова.

Восей райондук прокуратурасы бул иш боюнча тергөө башталганын билдирди.

Жинденген адам жалгыз кызынын мурунку жигитин бычактады

Фергана облусунун Фуркат районунун тургуну кызынын мурдагы жигитине бычак менен кол салды. Анын алдында жаңы турмушка чыккан жалгыз кызынын  күйөөсү анын “аруулугунан” шектенип, үйүнөн кууп чыккан. 8-майда Бекебад айлынын 52 жаштагы жашоочусу жалгыз кызын айылдашына күйөөгө берген. Бирок үйлөнүү тойдон эки күн өтпөй, күйөө баласы кызынын “аруулугунан” шектенип үйдөн кууп чыккан.

– Кыз күйөөгө тийгенге чейин башка бала менен сүйлөшүп жүрчү экен. Үйлөнүү үлпөттөн кийин анын “кыз” эмес экени билинет. Биз анын жигити тууралуу билчүбүз, анан атасына кабар бердик. Бизде мындай кыздарды күйөө албайт. Үйлөнүү тойго көп каражат кеткени менен күйөө бала аны ата-энесине жеткирип берди, –деди айыл тургуну.

Маалыматтарга караганда, кызы үйүнө уят болуп кайтып келгенден кийин атасы бычак көтөрүп алып, анын мурунку жигитине барган. Ал баладан кызына үйлөнүүсүн талап кылган жана ийни мене чыканагына бычак урган. Көп кан жоготкон жигитти ооруканага жеткиришкен. Кыздын атасын милиция алып кеткен. Жаракат алган бала мурун ал кыз менен сүйлөшүп жүргөнүн, бирок кыздын ата-энеси убагында алардын үйлөнүүсүнө макулдук бербей койгонун билдирди. Учурда жигиттин аялы жана баласы бар.

Фурхат районунун укук коргоо органдары эки тараптын макулдашуусу менен кылмыш иши козголбогонун билдирди. Учурда айыл активисттери жаш жубайларды элдештирүү аракетин көрүшүүдө.