Сезим: “Экинчи күйөөм менен балдарымдын ортосунда эзилип турам”

– Менин атым Сезим. Учурда төрт баланын энесимин. Үчөө биринчи никемден, кичүүм азыркы күйөөмдөн. Жашообуз Кудайга шүгүр, баары жакшы эле. Бирок менин энелик жүрөгүмдү эзген бир чоң маселе бар. Арабыз абдан алыс болсо да апамдын колундагы улуу балдарым менен күйөөм келише албайт десем туура болот го. Көптөн бери же күйөөмдүн айтканына макул боло албай, же балдарымдын акыбалына жардам бере албай эзилип кеттим. Акыры гезит бети аркылуу бугумдан жеңилдеп, кеңеш алууну туура көрдүм. Кеп башынан болсун.

***

Тагдырым экен, 19 жашымда турмушка чыктым. Жолдошумду жактырып, ал мага ашык болуп дегендей жакшы сезимдер менен жашоо баштаганбыз. Тилекке каршы, биздин бирге жашообуз беш гана жылга созулду. Ал жылдардан тапканым удаа жарыкка келишкен үч наристем гана болду. Ортодогу үч бала үчүн чыдап жашоону ойлонгонум менен көптөгөн себептер бизди бир кылбайт эле. Күйөөм менен бактылуу боло албасыма көзүм жеткен соң балдарымды алып төркүнүмө кеттим. Болгону 25 жашымда балдарым менен төркүнүмдө жүрүү мага оңой болду дейсизби. Ары карап ыйлап, бери карап күлүп жүрдүм. Апам гана: «Ичиме баткан сыртыма батпай калыптырсыңбы», — деп көңүлүмдү жубатып, жашымды сүрттү. Ырасында ажырашуунун башында жүрөгүмдүн тээ түпкүрүндө күйөөм келер бекен деген үмүт бар эле. Мени болбосо да балдарын сагынып бир келер, бир жардам кылар деп ойлочумун. Тилекке каршы, ал басып келмек турсун балдарын сурап бир коңгуроо кылып койгонго жараган жок. Анысы аз келгенсип бат эле үйлөнүп алганын уктум. Андан биротоло көңүлүм калып, эми күтүүнүн ордуна белимди бек бууганга туура келди. Бул маалда көз ачып жумгандай убакыт болгону менен төркүнүмдө жүргөнүмө үч жыл болуп кеткен эле. Атам менен апамдын пенсиясы чоң ичип, чоңдорчо басып-туруп калган эки инимден ашпай, кыйнала баштадык. Ары балдарымдын атасынан биротоло көңүлүм калган соң балдарым үчүн иштешим керек болду. Апам экөөбүз кеңешип мага иш издей баштадык. Ал күндөрдө мага жердин алыс-жакыны, иштин оор-жеңили маанисиз эле. Башкысы, эптеп акча таап балдарымдын жонун жаңыртып, неберелеринин түйшүгүн тартып жаткан атам менен апама жардам кылуу болчу. Көп өтпөй көктөн тилегенибиз жерден табылып классташ кызым Орусияга жумушка чакырып калды.

Аргам түгөнүп турган кез эле. Токтоосуз карыздап акча таап билет алып, балдарымды апама таштап ишке жөнөп кеттим. Көпчүлүктүн катарында кара жумушчу болдум. Ишеничтүү адамдын чакыруусу менен баргангабы жашай турган жерден маселе жаралбай, жумушум туруктуу болуп карыздарымдан бат эле кутулдум. Москвадан акча тапкандан башка жыргадым деген жан жок болсо керек. Түш оой ишке чыгып таң агарганча колум суудан чыкпай идиш жуудум. Эки күндүк эс алуумдун биринде уктасам, биринде чоң үйдүн подъездин жууп тапканымды тыйынына чейин чогултуп жүрдүм. Балдарыма күн сайын чалып аралыктан болсо да эне мээримин сезишсин деп ар бири менен сүйлөшчүмүн. Баарынан да улуу кызым менен бөбөктөрү, өзүнүн окуусу тууралуу көп сүйлөшөм. Ал жаңылыктарын айтып берип, таттуу тили менен: «Өзүңүздү жакшы караңыз. Таенем сарсанаа болот», — деп кубандырат. Кыязы апам мени ойлоп айткандарын кыз бала эмеспи, эсине сактап, балалык сезими менен мени аяйт го. Ушундай биринен бири айырмаланбаган түйшүктүү күндөр улана берди. Келгениме эки жылдай болуп калса да менин Орусиядан көргөн-билген жерим батир менен иштеген кафе гана болду. Маал-маалы менен балдарыма акча салуудан башка эч нерсеге убактым да, көңүлүм да болгон жок. Мээмде ийиктей чимирилген бир гана нерсе бар: эч кимдин көзүн карабай, ата-энеме күч келтирбей балдарымды чоңойтуу.

Бир күнү жумушубузга жаңы ашпозчу жигит келди. Кафеде иштегендердин дээрлик бардыгы кыргыздар элек. Бизде ынтымак үчүн арабызга жаңы кыргыз кошулганын белгилөө майрамы бар болчу. Бул алыс жерде жүргөн кыргыздар үчүн жакшы жөрөлгө. Акылбектин келиши жамааттын ичин жандандырып жибергендей болду. Ал шайдоот, шамдагай, ар бир адамдын тилин тапкан жан экен. Ар кандай себептер болуп отуруп Акылбектин келишин майрамдоо бир айга созулуп кетти. Бул арада ал баарыбызды жакындан билип чыкканга үлгүрдү окшойт. Алардын арасында мага өзгөчө мамиле кылгандай туюлчу. Бирок мен бул оюмду дайыма калпка чыгарып, өзүмдү катуу башкарып жүрдүм. Баарыбыз күткөн күн келип майрамдык чакан дасторкон жайылган күнү кызык башталды. Акыл төргө отуруп, анан обочодон орун издеп жаткан менин жаныма келип жетелеп барып өзүнүн жанына отургузуп алды. Бул баарынын көңүлүн буруп, уу-дуу болуп эле калышты. Мен кызарып уялып, кыжалат болдум. Ал турсун анын бул кылганына ачуум да келип калды. Ошол күндөн баштап Акыл мага ачыктан ачык эле көп көңүл бөлчү болду. Ал да аялы менен ажырашып кетиптир. Баласы аялынын колунда экен.

– Тагдырыбыз окшош экен. Демек, бири-бирибизди түшүнө алабыз. Мен кайра эле бирөөнү сүйүп калам деп ойлогон эмесмин. Бирок сүйүп калдым. Бирге жашайлы, — деп баштады.

– Бир эмес, үч балам бар. Баары жаш. “Балалуу аял — балээлүү аял” деп уктуң беле, — деп жаныма жуутпай жүрдүм.

– Бала менин башымда да бар. Ар ким өз ырыскысы менен. Балдарыңды өз баламдай көрөм. Буга чейин аларга жалгыз кам көрүп келсең, эми экөөбүз кам көрөбүз. Канчага чейин жалгыз жүрмөк элең. Акыры сен бирөөгө тиесиң, мен бирөөнү алам го, – деп, айтор, айланчыктап туруп алды.

Жаш кыз болбогон соң «сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет» болуп анын кептерине желпилдеп кеткен жокмун. Бирок бура бастырбай көз салып, ыңгай келсе эле сунушун кайталай бергенин тоготпой да коё албадым. Мага туура кеңеш берер бир гана апам эле. Болгон жөн-жайды айтсам апам: «Кызым, шашпай тур», — деп көңүлдөнбөдү. Бирок менин кылчактаган убактым көпкө созулган жок. Жакшы сөз кимди кайдыгер калтырсын. Акылдын айткандары акырындап отуруп менин макул болушума жеткирди. Түйшөлүп жүрүп акыры «чынында канчага минтип жалгыз жүрмөк элем. Эртеби-кечпи жаныма караан болор бир жан керек. Өзү суранып кайрылып жаткан соң, балким, ушул менин бактымдыр» деген чечимге келдим. Кезектеги жолугушуубузда макулдугумду берип, ошол эле күнү ал мени батирине көчүрүп кетти. Экинчи жолу турмушка чыкканымды сүйүнчүлөмөк белем. Апам аркылуу атама, туугандарыма айттырып койдум. Бирок балдарыма бул тууралуу ооз ача албадым. Ансыз да мени сагынып жүргөн алар үчүн бул кабар сүйүнүчтүү болбосу белгилүү эле. Акылбек да: “Азырынча айтпай эле коё туралы”, — деди. Аларга кадимкимдей кам көрүп, чалып сүйлөшүп жүрө бердим. Күйөөм айтканындай акча которууларга макул болуп, ал-жайларын сурап жүрдү. Чындыгында ага ичимден ыраазы болуп, акырындык менен балдарым бул атасына көнүшүп кетет деп кыялданчумун. Жашай баштаганыбыздан көп өтпөй эле кош бойлуу болуп калдым. Аман-эсен ай-күнүмө жетип уул төрөдүм. Акыл үчүн бул чоң кубаныч болду. Бала менен алышып күндөр өтүп жатты. Уулум жарыкка келген күндөн баштап эле «балдарыма турмушка чыкканымды айтуу үчүн наристебиз жакшы көпүрө болот» деген ойдо элем. Ошол жакшы ой, жакшы үмүт менен адаттагыдай видеочалуу менен сүйлөшүп жаткан бир күнү кызыма бөбөгүн көрсөтүп койдум. Мен ойлогондой ал кубанган жок. Таңыркай карап, анан ал менин балам экенин түшүнөрү менен телефонду ыргытып жиберди. Мындай болот деп деги эле күткөн эмес элем. Арты-артынан чалууларым алынбай калды. Эртеси апам байланышка чыгып кызымдын катуу таарынганын: «Апабыз бизди таштап кетиптир. Ал башка баласын багып жүрүптүр», — деп бөбөктөрүнө айтып, баары ыйлап ызы-чуу түшүшкөнүн айтты. Жүрөгүм сыгылып, кыжалат болуп калдым. Ошону менен балдарым мени менен сүйлөшпөй коюшту. Үчөөнү ойлоп ичкеним ирим, жегеним желим болуп калды. Мага кошулуп байкуш апам беймаза. Кабактарын ачпай түйтөйүшүп, кеп болсо эле мага таарынычтарын билгизишип, андан калса мектепке барбай ата-энемди убайымга салып жатышыптыр. Жетип бара калгандай же жакын жерде эмесмин. Ай-күнүмө жетип төрөткө камынып, анан ымыркай менен алышып жатып балдарга акча салчу убактым да өтүп кеткен эле. Баарынан жаманы бул маселе Акылды ойлонтуп, ойлонтмок турсун кебелтип да койбоду. Ал турсун иштин мындай болуп калышы аны сүйүнттүбү деп да ойлоп кетем: “Балдарымдын таарынычын жазганча акча салып, көңүлдөрүн алып коёлу”, — десем таптакыр тескери сүйлөп туруп алды.

– Акыл, балдар эртең эле эрезеге жетип колубузга кол, бутубузга бут болот. Каралашып коёлу. Аларды карай турган менден бөлөк ким бар?

– Сенин алардан башка карай турган бул балаң да бар. Сүйлөшпөсө сүйлөшпөсүн. Канчага чейин коркутат дейсиң. Аларды ойлой бербей эми биз өз балабыздын келечегине кам көрүүбүз керек, – дейт.

– Башта берген убадаңды унуттуңбу? – түшүнүп калар деген үмүттө ушинтип сурадым.

– Койчу эй, башты оорутпай. Атасы кайда, карасын ошол. Анын балдарынан башка маселелерим чачтан көп. Акча эле мага оңой келип жатыптырбы? – ушинтип ишине жөнөп кетти.

Акыры анын акча бербесине көзүм жетти. Ырас, менден, баласынан акча аябайт. Эмне керек десем баарын алып берет, элден калтырбай кайда барам десем жиберет. Бирок төркүнүмө эмес, бирок балдарыма эмес. Балдарым болсо ошол бойдон мени менен сүйлөшпөй жүрүшөт. Атасы караса ушул кезге чейин бир карайт эле го. Андан деги эле үмүт кылбайм. Ичимден эзилип, көңүлүм ооруп жашап жүрөм. Акылдын мынчалык өзгөрөрүн башта билсем гана… Балдар тууралуу кеп болсо эле урушабыз. Жок дегенде тынч жашайлычы деп алар тууралуу айткандан да заарканып калдым. Бирок жан дүйнөмдө тынчтык жок. Балдарымдын таарынычын кантип жазам? Алар үчүн ажырашып кетейин деген ой келет, бирок эрдин санын көбөйтүп эмне кереги бар, бул маселе чеччү жол эмес дейм. Кантсем экен?..

Булак:Леди кж.

110 жаштагы апамдын жанында өзүмдү жаш сезем, — 80 жаштагы Касиет Жунусова (фото)

Баткендин Пум айылынын кылым карыткан тургуну Тажи апа 1 уул, 2 кыз, 21 небере, 73 чөбөрө жана 7 кыбыранын энеси болду. Ата-энесинен эрте ажыраган Тажи апа эжесинин колунда өскөн. Анын тапканын татып, кешигин жеп жүргөнүм үчүн узак жашап жатсам керек деп божомолдойт.

«Бир уул, эки кызды тарбиялап өстүрдүм. Жаш кезимде кыйын күндөрдү баштан кечирдим. Басмачылар келгенде бир туугандарымдан, атамдан ажырадым. Кийин апамдан айрылдым. Андан кийин «Мама» (эжеси) энемдин колунда калдым. Кой кайтарса да, деги эле кайда барса артында жүрүп чоңойдум. Ачкачылык, жокчулукту, согушту көрдүк.
18 жашымда турмушка чыктым. Жолдошум үйлөнгөндөн кийин аскерге кетип, биз талаада иштедик. Балдарымды кайын эжеме таштап, талаада эмгектенчүмүн. Азыр ал кыйын кезди эстебейм. Жараткан узун жашты берди, ага ыраазымын. Эми небере-чөбөрө жыттап отурам», — деди кылым карыткан Тажи апа.
Т.Абдураимованын неберелеринин улуусу учурда 60 жашка жакындап калды. Кызы Касиет Жунусова 80 жашка таяп, апасы менен бактылуу карылыктын доорун сүрүүдө.
«Апам көптү үйрөттү. Анын колунан көп иш келчү. Килем согуп, жүн тытып, оймо түшүрүп, тамактын түрүн жасачу. Азыр кулагы жакшы угат, көзү да көрөт, бирок жакшы эмес. Бирөөнүн жардамы менен басат. Мен дагы бир топ жашка барып калдым, бирок апамдын жанында өзүмдү жаш сезем», — деди Касиет Жунусова.

Булак:turmush.kg

Адамдын денесине окшош сумкалар чыкты

Украиналык жаш дизайнер Константин Кофта адамдын денесине окшош сумка тигет. Мындай сумкалар алгач көзүңүзгө башкача көрүнүшү мүмкүн же жакпайт. Бирок Европа жана Америкада популярдуулугун жоготпой, кымбат баада  сатылат.

Адамдын денесинин ар кандай бөлүгүнө окшош тигилген сумкалар 2010-жылы эле чыккан. Учурда мындай сумкалар эң пайдалуу жана белгилүү  бренд болуп эсептелет.

Украинский дизайнер шьет сумки из человеческого тела

Украинский дизайнер шьет сумки из человеческого тела

Украинский дизайнер шьет сумки из человеческого тела

Украинский дизайнер шьет сумки из человеческого тела

Украинский дизайнер шьет сумки из человеческого тела

БОЛБОЙ КАЛГАН ҮЙЛӨНҮҮ ТОЮ

Эл себелеген жам­­гыр алдында мез­гилсиз дүйнө менен кош айтышкан эки жашты жерге берүүгө кыйбай турушту. Өмүр бою бирге болууну самаган экөөнү жанаша мүрзөлөргө жашырууга эч кимдин колу барбай жаткандай. Аттиң, каргаша болбогондо, каргашаны алып келген бирөө болбогондо эртең сүйүшкөн бул экөөнүн үйлөнүү тойлору болмок эле…

Чечим
Таалай сырткы дарбазаны чала жаап, үйгө дегдеңдей кирип, босогодо апасын сырдуу тиктеп туруп калды. Жүзүндө кубаныч. Айтпаса да апасы сезип турду. Уулу жакшы көргөн кызына жолукканда гана ушундай абалда келет. Демек, азыр жолугушуудан келгени.
Бир топко үнсүз тигилген Таалай ыңгайсыз:
– Апа, Айгүл мага турмушка чыгууга макулдугун берди,- деди кубанычын ичине жашыра мулуюп.
– Ушуну эле күтүп жүрбөдүк беле, берекем. Жакшы болуптур. Тойду качан өткөзсөк? Өзүң эле айтчы?! Атаң экөөбүз алдакачан эле сенин тоюң үчүн кам-чомубузду бүтөп койгонбуз. Бүгүн апкелсең бүгүн, эртең апкелсең эртең той бергенге даярбыз. Болгону, кыздын текебер атасы макул болсо эле болду эле. Билесиң го аны, илгертеден атаңа душмандашып келаткан неме.
– Апасы, туугандары болуп эптеп жатышып атасын көндүрүшүптүр. Айылдын башындагы таежеси: «Кызың ал балага турмушка чыкпай калса, «бул дүйнөдө жашабайм» деши да толук мүмкүн. Андыктан, бир жамандык боло электе макулдугуңду бер» деп ыйласа сестене түшүптүр да, «макул» дептир. Муну Айгүл өзү айтты. Тойду бүрсүгүнү өткөзсөк болобу, апа? Анткени, Айгүл бүгүн отпускага чыкты. Эртең даярданса, бүрсүгүнү алып келе берсем…
– Мейлиң, садага кетейин. Атаң экөөбүз кеңешип, тойдун камын көрөлү.
Таалай жылмайган бойдон чуркап чыгып кетти. Ошол бойдон түз эле досторуна баратты.

Сүйүү баяны
Таалай менен Айгүл бир айылдан, алтургай көчөлөрү да жакын. Кичинекейлеринен бири-бири менен кубалаша ойноп чоңоюшту. Таалай Айгүлгө негедир ылым санап, аны башка балдардан коргоп, мунусу үчүн келтек да жээр эле. Ага да макул. Айгүлгө гана эч ким тийишпесе, мазактабаса, ыйлатпаса болду. Кыз гүл тергенди сүйөөр эле. Жаз, жай, күз анын кучагынан гүлдесте үзүлчү эмес. Саамай чачтары шамалга сеңселип, жылмайганда кетик тиштери көрүнгөн кыз өзүнө эмне үчүн жагаарын Таалай анда түшүнө берчү эмес. Болгону, ички сезими ал жакшы кыз экенин айтып тургандай болчу. Мезгил өтүп, Айгүл “мен жигитмин” дегендердин көзүн күйдүргөн тал чыбыктай буралган бийкечке айланды. Сөз айтып, артынан чуркагандар көп болсо да, кичинекейинен өзүнө абдан жакын сезилген Таалайдан башкасына көңүл бөлбөдү. Буга жигит ансайын кубанып, менменсине түшчү. Ошентип, эртең менен мектепке бирге барып, бир күн көрүшпөсө бук болуп кетишчү экөө окуучулук күндөрдүн аягына чекит коюшту. Таалай жогорку окуу жайларынын бирине тапшырып, минтип төртүнчү курсту аяктап отурат. Айгүл сырттан окуп, менеджер болуп иштөөдө. Экөөнүн мамилесин айылдагылар бүт билишкендиктен, буларга жолугуп калышканда жылуу көз караш менен узатышчу. Кыздын атасы гана кызынын өзү жаман көргөн адамдын баласы менен сүйлөшөөрүн жактырбай, ал жөнүндө сөз болгондо жинденип кирчү. «Жалгыз бала, атасынан башка таянаары жок күйөө баланын кимге кереги бар?»- дечү оозунан көбүгүн чачыратып. Эми кас адамы менен кантип куда-сөөк болоорун билбей башы катып, болгон күчүн аялынан чыгарып кыйкырып жатты.

Түнкү сейил
Кеч кирген кезде Таалай Айгүл менен бактан жолукту. Мөмөлөрү төгүлүп, алма жыттанган бак жымжырттыкты жамынып турган эле. Эртең менен көрсө да, сагына түшкөн Таалай кыздын бетинен аяр өптү. Экөө той жөнүндө кепке киришти. Бир кезде Таалай «ой» деп чочуп алды.
– Унутканымды кара. Тапчы, мен сага эмне алып келдим?
– Мм…Гүл…
– Жок, жакшылап ойлон.
– Анда «тойго себин» деп атыр.
– Жок, таппадың. Эми көзүңдү жум да, колуңду сун.
Кыз анын айтканын кылып, кайра көзүн ачканда колундагы чынжырчаны көрдү. Тамчыдай аппак бриллиант чөгөрүлгөн ташы бар алтын чынжырча экен.
– Ой, кандай сонун! Бул магабы?
– Ооба, сага. Эртең эле көрсөтүп тагайын дегем. Бирок, ага чыдабай ичим бышып кетпедиби. Кел, тагып берейин.
Кыздын аппак алкымына алтын чынжырча куп жарашып калды.
– Рахмат, белегиңе. Мен да сага белек алып койгом. Бирок, аны эртең берем.
– Мейлиң. Сен мага өзүң тагдырыма келген белек экениңди билесиңби, жаным. Өткөндө китеп окусам, анда: “Кызгалдак гүлүн сүйгөндөр – эч кемчилиги жок төрт тарабы төп келишкен керемет жандар. Алар өздөрүн да, өзгөлөрдү да бактылуу кыла алышат”,- деп жазылыптыр. Муну окуп, туура эле сага мүнөздөмө берген экен дедим.
Кыз эркелей жигитке кыйгач карады. Кылыгына эрээркеген жигит кызды колуна көтөрө айланта берди. Экөө ошону менен кол кармаша бирде күлүп, бирде токтой калып, сөздөрү бүтпөй бакты аралап жүрүштү.
Бул кезде Таалайдын достору эртең айыл четиндеги көлгө барып, эс алып келүүнү уюштурууну пландап жатышкан эле.

Кырсыктуу күн
Керектүүлөрүн көтөрүнүп-артынган достор түштө Айгүлдүн «убактым жок» дегенине карабай алып чыгышып, чогуу көл жээгине келишти. Бат эле шам-шум эте салыша оюнга, сууга киришти. Бири-бирин кубалап, каткырышып, суу ичин, жээкти шаңга бөлөштү. Ушундан пайдаланган Таалай Айгүлдү колдон жетелей ары басты. Сүйүктүүсүнүн кучагында мемиреген кыз бир күндөн соң ушул сүйгөнү менен баш кошо турганына сүйүнүп да, бир чети чоочун босогону аттоодон жүрөксүнүп да турду. Чекесинен жыттаган жигити колундагы оролгон кагазды жазып ийип, андан сүрөт алып чыкты. Сүрөттө күлүп турган кыз бар эле.
– Сен бул сүрөттү азыркыга чейин сактап жүрөсүңбү?
– Ооба, билсең, артындагы жазуу дале өчө элек.
– Кантип? Кана, көрсөтчү?!
Сүрөттү колуна алган кыз аны оодара берип, “Айгүлдөн Таалайга” деген жазууну окуду.
– Билсең, сенин ушул жазганың мен үчүн “сүйөм” дегендей сезилчү.
– Деле мунун сезгичтигин. Мүмкүн, эртең баш кошоорубузду да мурун эле билип жүрбө?
– Аны да билем. Айылдын баары биздин тойго келет. Алтургай жамгыр да аздап жаап өтөт. Анткени, экөөбүз тең жамгырды жакшы көрөбүз.
– Көрөбүз, айткандарың канчалык туура келээрлигин…
– Анан сага апам аппак жоолук салып, көшөгөгө киргизет. Ошентип, экөөбүз аял-күйөө болуп калабыз. Экөөбүздүн көп-көп балдарыбыз болот. Бирөөсү колубузга суу куйса, бирөөсү дасторкон жайып, дагы бирөөсү эшик шыпырып бизди кубантат.
– Кыздарыбыз мага, уулдарыбыз сага окшош болушса, ээ…
– Мен жумуштан дайыма сени, балдарды көрүүгө шашып келсем, сен мага чай бергиче шашсаң, кандай бакыт! Эртең сени аппак үлпөт той көйнөгүң менен тааныбай калбасам болду.
– Мүмкүн, анда мен башкача болуп калаармын.
– Супсулуу… Билесиңби, сени түбөлүк ушул азыркыдай кучагымдан эч чыгарбасам… Кучакташып уктаган бойдон кучакташып бирге ойгонсок…
Жанаша өскөн кайыңдай буралган экөөнүн сөзү бүтчүдөй эмес. Эс алуунун кызыгына кирген балдар-кыздар акырындап күн батып баратканын элес алышпады. Балдардын бири “келгиле, кайыкка түшөбүз” деп сунуш киргизип, балдар булар турган жерге топтолуп келе калышты.
Кайыктардын бирине Таалай түштү эле, анын жанына кызуу болуп калган Элдар отура кетти.
– Эртең тою боло турган досум менен бир сейилдеп келейин.
– Айгүл отурса дедим эле.
– Эч нерсе эмес, бүгүнчө мен отурсам. Айгүлүң ансыз да эртеңден баштап күндө жаныңда болот.
Көңүлү куунак Таалай «мейли» деп Элдар менен кошо калак шилей сүзүп кете берди. Берки кайыкка дагы экөө отуруп, Таалайлардан башка тарапка сүзүп жөнөп калышты. Таалай досу менен бир нерселерди талашып-тартыша жээктен бир топ узап кетишкенин сезе бербеди. Кайыкта жөн отурбай Элдар эми качанкы өткөн бир окуяны айтып, Таалайдын жинине тийе баштады. Таалай токтоолук кылып, унчукпай кайыкты артка бурууга өттү. Муну «сөзүмдү чымын чакканчалык көрбөй жатат» деп түшүнгөн Элдар Таалайды муштап жиберди. Дале «кой» деп жакшылыкча айтканды укпаган Элдар ого бетер кыйкырып кирди. Жини келген Таалай эми тура калып, аны менен жакалашты да калды. Бир саамда кайык менен кошо калтылдай чайпалган Таалай боюн кармай албай, Элдарды кармаган колун коё берип, сууга кулап кетти. Муну көргөн Элдар: «Ии, мени менен мушташкан кандай болот экен?»- деп артынан кыйкырып, кайыкка отура кетти. Жээктен буларды карап тургандар чакчелекей түшүп калышты. “Таалай суудан ана чыгат, мына чыгат…” деп күткөндөрү менен анын башы суудан “сорок” эте бир көрүнгөн бойдон жок болду. Элдар эмне болуп кеткенине эми түшүнүп, «Таалайлап» кыйкырып кирди. Бирок, ал көрүнө бербеди. Бул маалда Айгүл жээкти бойлой тигил экөөнүн мушташын көрүп, кайгырып ыйлап турган эле. Качан гана Таалайы суудан көпкө көрүнө бербегенде ыйлаган бойдон ашыгы тарапка карай сууга боюн таштады.
– Жок, мүмкүн эмес, чөгүп кетиши мүмкүн эмес. Эртең тоюбуз болгону жатса, кантип эле мени таштап чөгүп кетсин?! Мен азыр барам да, аны куткарып алам,- деп сүйлөй да, ыйлай да алдыга жыла берди. Бул маалда балдар-кыздардын баарынын көңүлү Таалайда болуп жаткан. Аны көздөй эки-үч бала сүзүп жөнөп, калган кыздар аларды карап, эстери ооп турушкан. Ошентип, эч кимиси Айгүлгө көңүл бөлө беришпеди. Айгүл качан гана оозу-мурдуна суу кире бергенде эсине келди. Бирок, кеч болуп калган болчу. Анын үстүнө, эми ага сүйгөнүсүз өмүр сүрүүнүн кереги жок эле.

Коштошуу
Таалайдын атасы уулунун Айгүлгө деп атап алган шакегин алып, ыйлаган бойдон кыздын үйүнө жөнөдү. Топтолгон эл тең жарыла берип, кыз жаткан тарапка жол ача беришти. Чөгөлөй отура калып, кыздын бетине жабылган матаны аярлай ачты. Эми эле уктагандай болуп созулуп жаткан, “келини болом” деп жүрүп болбой калган кыздын бетин сылай жашый берди, ыйлай берди. Анан атасынын уруксаты менен уулунун “тойдо салам” деген нике шакегин кыздын атыжогуна салды. Карап тургандар мындай кырсыктуу күнгө каргыш айтып кала беришти. Мүрзөлөрү жанаша казылган эки жашты акыркы жайларына эми коюшаарда жамгыр басылып, күн ачылды. Мунусу күн дагы сүйүшкөндөр менен коштошуп калууга шашылгандай туюлду.

Соңку сөз же байыркы жомок
– Уктагыла, балдарым, уктагыла. Бул жер силердин үйүңөр. Мында келмейинче туралбайм. Мына, силерден айрылганыбызга бүгүн туура кырк күн болду. Угуп жатасыңбы мени, Таалай неберем? Сени өз жанымдан артык көрчү элем. Бир кезде сага айтып берчү жомогумду унуткан жоксуңбу? Оо, ал жомокто Айгүл кызым экөөңөр чөккөн көлгө мурун сүйүш­көндөр чөгүп кеткени айтылчу, эстедиңби, неберем? Бирок, анда байга баш кошуудан баш тарткан кыз өз каалоосу менен чөгүп кеткен. Кедей сүйгөнү аны байдын чеңгээлинен куткарып ала албаганы жана ажалдан арачалап кала албаганы үчүн кыздын артынан өзү чөккөн. Кийин ошол экөө чөккөн туштан түнкүсүн кыз-жигиттин элеси көрүнө турганы баяндалат эле. Эми ошол тагдырды силер кайталап… Оо, таш боор тагдыр, экөөнүн алдында мени алсаң эмне.
Аксакалдын жанаша мүрзөлөр-дүн түбүндө тизелеп куран окуган кейпинде о дүйнөгө узай бергени кашкарайган кезде мал издегендер тарабынан билинди. Мүрзөлөр четинде дагы бир жаңы мүрзө пайда болду.

Абдыке Ысманович.

Кытай Кыргызстанды карыз «кылтагына» илди

Глобалдык экономиканы анализдеген Quartz журналы Кытайдан карыз алган сегиз өлкөнүн тизмесин чыгарып, алар бересесин убагында кайтарбаса кыйын кырдаалга тушугарын эскертти.

Макаланын автору Тим Фернхолц былтыр Шри-Ланка Кытай бийлигине 1 миллиард доллардан ашуун карызын кайтара албай, деңиздеги соода портторун Кытай корпорацияларынын башкаруусуна өткөрүп бергенин, азыркы тапта Африкадагы Жибути да Кытайга карыз болгондуктан, АКШ ээлеп турган базасынан айрылганы жатканын, буга АКШ бийлиги нааразы экенин мисал келтирди. Кытайдын «карыз менен кылтакка илүү дипломатиясына» айрыкча жакыр өлкөлөр кылдат мамиле жасашы керектигин белгиледи.

Эл аралык Валюта корунун Кыргызстандын тышкы карыз деңгээлинин өсүп баратканы тууралуу соңку эскертүүсү боюнча “Азаттыктын” суроолоруна аталган уюмдун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн башчысы Яхья Саид жооп берди.

«Глобалдык өнүгүү» аттуу бейөкмөт уюм Кытайдан эсепсиз карыз алган дүйнөдөгү сегиз өлкөнүн тизмесин чыгарган. Алар: Жибути, Кыргызстан, Лаос, Мальдив аралдары, Монголия, Монтенегро, Пакистан жана Тажикстан.

Окумуштуулар ири суммадагы карыз сегиз өлкөнүн экономикасына кандай таасир этерин айтпаганы менен мурда-кийин болгон тажрыйбалардан улам баары бир эртеби же кечпи Кытай карызын доолап, аны төлөтүп алууда эл аралык нормаларга шайкеш иш алып барбасын белгилешет.

Кээде Кытай бийлиги айкөлдүк кылып, карызын кечип койгону менен айрым учурда бересесин төлөй албаган өлкөнүн аймактык бүтүндүгүнө кол салып, инфраструктурасын толук башкарган учурлар да болгон. Ушундан улам Пакистан, Непал өлкөлөрү канчалык азгырыктуу болсо да, Кытай сунуштаган инфраструктуралык ири долбоорлордон баш тартып, башка каржы булактарын издөөгө киришкен.

Экинчи орус аскер базасы курулабы?

The Diplomat журналынын талдоочусу Кэтрин Пуцц Кыргызстанда Орусиянын экинчи аскерий базасы курулабы деген суроого жооп издеп, өлкөдөгү чет элдик аскер базаларынын таржымалына сереп салган. «11 жылдай Кыргызстан бир эле учурда АКШ менен Орусиянын аскерий күчтөрүн өз өлкөсүнө батырган дүйнөдөгү жалгыз өлкө катары бир топ талаш-тартыштын чордону болуп келген.

2005-2010-жылдагы бийлик алмашуунун негизги себептерине дал ушул базалардан чыккан чатакты да кошсо болот. Акыры талаштар кызып отуруп, АКШнын транзиттик базасы 2014-жылы жабылган.

Былтыр жайында ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев өлкө түштүгүнө орусиялык дагы бир базаны курууну сунуштаган. Азыркы президент Сооронбай Жээнбеков жакында эле медиа өкүлдөрү менен жолугуп, Орусия азырынча мындай чечим кабыл ала электигин айтты», — деген Пуцц өлкөдөгү АКШ менен Орусия аскерий күчтөрүнүн жайгашуу жана чыгаруу ыраатына токтолуп, 2017-жылы февралда Владимир Путин: «Кыргыз аскерий күчтөрү өз бутуна туруп, биздин базага муктаждык калбай калды дегенде аскерлерибизди чыгарып кетүүгө даярбыз», — деп айтканын мисал келтирет.

Ал эми ошол эле жылы октябрда өкмөт башчы Сапар Исаков «РИА Новости» агенттигине: «Жеке эле Кыргызстан эмес аймактагы коопсуздук үчүн өлкө түштүгү дагы бир базага муктаж» деп аны Тажикстан менен Ооганстан кесилишкен жерге жакын жайгаштырууну сунуштаган. Эгер Москва экинчи базаны кааласа, Кыргызстан макул болот, бирок Орусия буга ашыккан жок дейт Кэтрин Пуцц.

Көлдүктөрдү сызга отургузган каржы пирамидасы

Eurasinet басылмасы Ысык-Көлдөгү айылдыктарды каржы пирамидасы сызга отургузуп кеткенин кеңири талдады.

Анда казакстандык «Саттылык» аттуу каржы пирамидасы көл кылаасына барганда Боз-Бешик айылынын тургундары төбөсү көккө жете сүйүнгөнүн, айыл элинин акчасын бир заматта көбөйтүп жиберебиз деген «Понзи» системасына дароо эле ондогон айылдыктар жазылганын баяндалат.

Бул системанын тузагына түшкөн 65 жаштагы Кымка Сүйүмбаеванын мисалында эки айда 300 миң сом табасыңар деп, ар бир жазылган адамдан 34 миң сомдон чогултуп алып, куржалак калтырган «Саттылык» аттуу схема менен шугулдангандар азыр да кыргыз айылдарында элди алдап жатканы баяндалат.

Пирамидага азгырылып кирген айылдыктар, мал-жанын сатып, алды чакан банктардан насыя да алып жиберген. Эки айда эле акчага марыйсыңар деген «Саттылыкка» күйүп, карызга белчесинен баткандардын алды эми Орусияга иш издеп кетүүгө аргасыз болушту. Караколдо жана кыштактарда семинар өткөн каржы пирамидасынын үстүнөн Ысык-Көл облусу боюнча эле 300дөй арыз түшкөн. Бирок алар баары бир жазасыз калып, ишмердигин улантышууда деп баяндайт Eurasinet.

19 жыл абакта отурган журналист эркиндикке чыкты

Independent гезити абакта эң узак отурган өзбекстандык журналист боштондукка чыкканын кабарлады.

Ташкенттик журналист Юсуф Ризумурадовго саясий башаламандык уюштурду деген айып коюлуп, ал 1999-жылы камалган. Ал 20 жыл абакта отуруу жазасын алган.

Human Rights Watch уюмунун активисттери Ризумурадовду абакта эң көп отурган дүйнөдөгү биринчи журналист деп аташты. Ал Өзбекстандагы оппозициялык «Эрк» гезитинде иштеген.

Басылманын редактору Мухаммед Бекжанов да камакка алынган. Макалада алар камакта жатканда кыйноого кабылганы айтылат. Мухаммед Бекжанов «милиция башыбызга желим баштык кийгизип, таяк менен аябай катуу сабачу», — деп эскерген. Бекжанов түрмөдөн былтыр чыккан. Шавкат Мирзиёев бийликке келгенден тарта камактагы медиа өкүлдөрү боштондукка чыга баштады. Эл аралык адам укугун коргогон уюмдар Мирзиёев жаңы доорду баштаганы менен миңдеген саясий туткундар дале болсо түрмөдө жатканын белгилешет.

Бактыгүл Чыныбаева

Булак:»Азаттык»

3 даана аспирин чачыңызды жалтыратып, какачты жок кылат

Бул даарыны көпчүлүк учурда баш ооруганда ичип жүрсөңүз эми сулуулук үчүн да колдонуп көрүңүз. 3 даана аспирин чачты жалтыратып, какачтан арылтып, чачты көптүрөт.

Аспирин башка химиялык заттарга мол дарыларга караганда табигый анальгетик ирээтинде узак тарыхы бар. Ошондуктан аны кээ бир зыяндуу химиялык заттардан турган чачка арналган каражаттардын ордуна колдонууну сунуштайбыз. Мындан сырткары акчаңызды үнөмдөп, көйгөйдү арзан жана жөнөкөй жол менен чечиңиз. Аспиринди чачка кантип колдонуу керек? 3 даана аспиринди алып, майдалап, кадимки колдонуп жүргөн шампун менен аралаштырып башыңызга сүйкөңуз. 3 мүнөттөй башыңызды укалап жылуу суу менен жууңуз. Биринчи жолу колдонгондо чачыңыз жалтырап, көөп турат. Ал эми бир нече ирээт колдонгондон кийин какачты жок кылат.

Булак:zaman.kg

Марат Исаев — Улут сыймыгы !

Москва шаарындагы «Красносельская» станциясындагы метродо эсин жоготуп рельстерге кулаган аялды куткарган биздин мекендешибиз Марат Исаев менен бүткүл кыргыз эли сыймыктанат. Өз жанын тобокелге салып, адам өмүрүн сактап калган инсан — чыныгы баатыр! Марат Исаевге бул эрдиги үчүн Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин алкыш жарыялап, мамлекеттик жогорку даражадагы «адам өмүрүн куткаргандыгы үчүн» деген төш белги менен сыйланып, Кыргыз Республикасынын Президентинин колунан атайы сыйлыкка ээ болгон. 2018-жылдын 10-март күнү, Марат Исаевди эрдиги үчүн «Кыргыз тилектештик» коому «Улут сыймыгы» наамын ыйгарды. Бул ишчарага элибиздин сыймыктуу уулу болгон , баатыр наамына татыган, » Замандаш» саясий партиясынын Москва шаарындагы ишенимдуу өкүлү Марат Исаевдин апасы Дамира апа, атайы чакыруу менен келип, уулунун сыйлыгын алды!

Марат Исаев

Опубликовано З. Окенбаевой 11 марта 2018 г.

Эл артисти Ашыр Чокубаев каза болду

Кыргыз Эл артисти Ашыр Чокубаев жекшемби күнү 71 жаш курагында узакка созулган оорудан улам каза болгону айтылды.

Чокубаевдин акыркы жылдары «Курманжандатка » тасмасына катышып, роль жараткан. Андан тышкары актер коңшу Казакстанда дагы бир нече тасмаларга тартылган. Алар: «Китеп», «Көчмөндөр», «Жамбыл» жана башкалар.

 

 

Гиннес рекорду үчүн даярдалган бешбармак 1464 килограммга жетти(видео)

Борбор калаадагы «Аю гранд комфорт» соода борборунун алдында өткөн иш-чаранын негизги максаты — бешбармакты Гиннестин рекорддор китебине киргизүү.

Жасалган бешбармак 1 тонна 464 кг, ал эми чучук 117 метр болду. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти

Иш-чараны уюштуруучулардын  бири Жамалбек Ырсалиев бул Гиннес китебинин мурдагы рекорддорунан ашып түшкөнүн, бардык талаптарды аткаруу менен даярдалган тамактар китепке киргизилет деп кабарлады.

 

Тамак үчүн сегиз жылкы союлган, жалпы бир жарым тоннага жакын эт бышырылды. 150 литрге ылайыкталган 12 тай казан орнотулган. Иш-чараны «Кыргыз тилектештиги» коомдук бирикмеси «Ак элечек», «Ак калпак» долбоорлорунун негиздөөчүлөрү жана “Аю Гранд Комфорт” фирмасы менен чогуу уюштурду.

Бешбармак — кыргыздын улуттук тамак-аштарынын бири.

 

https://www.facebook.com/ulukbek.kutmanbaev/videos/1103133193162356/

Жамбашын чоңойткон кыз отура албай калганын айтты

Бирмингема  (Великобритания)  шаарынын тургуну 15000 фунт стерлинг (21000 доллар) акча коротуп жамбашын өрчүткөн. Эми койдурган имплант аябай чоң болуп калгандыктан, алып салууну суранып жатканын  Life.ru жазып чыкты.

Кыздын айтымында 17 жашынан баштап 200 жолу пластикалык операцияны башынан өткөргөн. Акыркы жолу ал колундагы, белиндеги жана ичиндеги майларды алдыртып, аны жамбашына коштурткан.

Мындай кадамга барганына өкүнгөн кыз түз эфирге барып өзгөрүүлөрдөн улам отура албай калганын айткан.

«Бул жамбашты өрчүтүү аябай коркунучтуу экен, жыйынтыгында кийимдин сыртынан кооз көрүнгөнү менен, ичинен жаман эле көрүнөт. Мен эски формамды сагынам»-деген өз сөзүндө өкүнгөн кыз.

Окумуштуулар төшөк мамилесин жакшырта турган ыкманы аташты

АКШдагы Флорида университетинин профессору Лори Минц сексуалдык жашоо менен уйкунун ортосундагы байланышты аныктап чыкты. The Conversation басылмасына чыккан иликтөөнү РИА Новости жарыялады.

Минц ар бир үчүнчү америкалык жаран аз уктай турганына көңүл бурган. Мында эркектердин 31, аялдардын 45 пайызы төшөк мамилесине нааразы экенин айткан.

Окумуштуу бул көрсөткүчтөр бири-бири менен тыгыз байланышта экенин, анткени жыныстык катнаштан ырахат ала албоо менен аз уктоого стресс себепкер экенин белгилейт. Минцтин айтымында, өтөсүнө чыккан катнаш уйкуну жакшыртса, ал өз кезегинде төшөктүн толук кандуу рахатын тартуулайт.

Эксперимент кошумча бир сааттык уйку канааттанбай жүргөн аялдардын 14 пайызынын сексуалдык жашоосун жакшыртканын көрсөттү.

Буга чейин окумуштуулар эркектер көбүнесе төшөк мамилесинин узактыгынан жана аялдын каалоосу менен рахатка батуусунан канааттана турганын аныктап чыгышкан. Ал эми аялдардагы бул процесс эркектердин мамилесине жараша болору айтылган.

Булак:sputnik.

Жети балалуу эне дагы төрөгүсү келет

Нарын районунун Кара-Чий айылынын тургуну, жети балалуу Баатыр эне Асел Абдылдаева 33 жашта. Элеттик Баатыр эненин ал-абалын кабарчыбыз билип келди.

Аселдин үйүнө таң атпай бардык. Бул убакта жолдошу менен короодо жаңы туулган козуларын карап, араңжан туулгандарын энесин кармап эмизип, тиричилик менен алек болуп жүргөн экен.

— Козуларды эмизип келдик, менсиз малга чыгышпайт, кошо жүрөбүз. Уюбуз байып кеткен, азыр саабай калдым…

Аселдин түйшүгү таң агара электе башталат. Сыртка чыгып эркектин, үйгө кирип аялдын ишин кылат. Кыздарынын чачын өрүп, сабакка даярдайт. Кир жууйт, кечкиге тамак жасап, кайра тыштагы ишти бүтүрөт. Деги койчу, Аселдин жумушу чачтан көп.

Асел Абдылдаева.

Ишин жеңилдете турган заманбап кир жуугуч машинеси, ашкана техникасы деле жок. Балдардын жөлөкпулу, мал менен тиричилик кылган бул үй-бүлөдө баары колдун күчү менен бүтөт.

— Дем алыш күнү кир жууйм, кыздарымды киринтем. Азыр дагы мончо ачылып жакшы болуп калды. Бирок мончого барганда деле бирден жуунтуп чыгам. Анан кийимдерин жууп, окууга кийген кийимдерин үтүктөп, чачын өрүп, айтор таң эмне болуп атып, эмне болуп кеч киргенин деле сезбей калам.

Уул күткөн эне

Аселдин алты кызы, бир уулу бар. Улуу кызы мектепти былтыр бүткөн. Азыр Бишкектеги жогорку окуу жайда окуйт, кичүүсү төрткө чыкты. Үчөөнүн ортолору бир жаштан болсо, кийинки төрт кызынын ортолору эки жаштан. «Эркек балалуу болгум келип, жылда төрөй бердим», — дейт Асел:

— «Эркек болот» деп кыз төрөй берип Баатыр эне болуп калдым… Эркек болуп калса жакшы болмок, жетинчи кызымды төрөгөндө аябай кыйналдым. Бир ай төшөккө жатып калдым. Кыздарымдын атын ырымдап Бурул, Жаңыл деп койгон жокпуз. Улуу кызымдын аты Таттыбүбү, андан кийинки уулумдун аты Адилет, кийинкилери Азима, Назира, Аделина, Батина жана Раяна. Дагы бир уул төрөп алгым келет, бирок ата-энем «уулуң жок болсо бир жөн, өзүңдү кара, уул төрөйм деп кыйналып атып ары карап кетсең кыздарыңдын чайын ичпей каласың» деп урушканынан муюп калдым.

Асел өзүн толугу менен балдарга, үй-бүлөгө арнап койгон. Атыр-упа сүйкөнүп, боюн караганга маани бербей калганы көрүнүп турду. «Кайдагыны айтасың да… Боёнмок тургай башкасына алым келбей калды», — деп жылмайып койду.

Асел 17 жашында мектепти бүтөрү менен эле турмушка чыгып, бир жылдан кийин тун кызын төрөптүр. 20 жашында үч баланын энеси болуп калган.

Азыр эми минтип түйшүк басканда убагында билим албай, шаар көрбөй калганына өкүнөт:

— Биздин убакта заман башка болчу да. Улуулар «босогону аттап кетпейсиң, барган жериңде кал, таш түшкөн жеринде оор» деп тарбия беришкен. Мени ала качып кетти, «тагдырым ушул экен» деп отуруп калдым. Азыр кээде жолдошумду тамашалам калам: «Сен мени жулмалап келип эле отургузуп койгонсуң» деп. Азыркы кыздар болсо ак көйнөгүн кийип алып, шаан-шөкөт менен күйөөгө чыгып атышпайбы. Алар бактылуу экен. Бизди болсо жулмалап алып келип эле көшөгөгө алып кирип жоолук салып койсо эле “күйөөгө тиет деген ушул турбайбы” деп ойлочубуз да. Көрсө биздин убакта элдин түшүнүгү башкача тура. Мектепти жакшы окугам. Андан кийин окуумду улантсамбы деп ойлоп жүргөм. Мугалим болууну кыялданчумун. Азыр мени окуткан мугалимдер айтып калат, “сен окуп, иштешиң керек болчу” деп. Ал үчүн турмушка чыкпай коюш керек болчу. Анан мен турмуш жолун тандагандан кийин жолдошума бактымды байладым да.

Асел азыр кыздарын кимдир бирөө ала качып кетишин каалабайт:

— Кыздарыма “эрте турмушка чыкпа, мына мендей болосуң” деп айтып турам. Айыл жерине келин болсоң, түйшүккө малынарын айтам. Бирок маңдайына жазганын көрөт дечи. Нике кайып эмеспи. Бирок түйшүктөн алыс эле болушса деп ойлойм. Андан көрө окуп, иштеп өзүнө тың болсо дейм. Билимиң жок болсо өзүң каалагандай баса албайсың, өзүң каалаган нерсени ала албайсың. Акча таппай үйдө отурсаң кайдан…

Унутулган белек

Асел Абдылдаева.

Асел балдардын атасына таарынбайт деле, анын жакшы сөзү, жылуу мамилеси эле жанга кубат дейт. Күйөөсүнөн гүл же бир башка романтикалуу белек-бечкек алуу Аселдин оюна да келбейт:

— Жакшы сүйлөп, жакшы мамиле кылып койсо эле андан өткөн белек барбы? Биз андайга көнгөн эмеспиз да. Баарын өзүн кармайсың, өзүң билесиң дегендей. Бирок жолдошум деле «кем-карчыңды ал» деп турат. Мага берген белегинин ордуна “бул кызымдын телефону жок эле, бул кызымдын сөйкөсү жок, андан көрө ошолорго алалы” дейм. Чынында азыр силер айтсаңар оюма келип атат, буга чейин өзүмдү ойлоп, «мага белек берсе» деп эч ойлобоптурмун. Азыр эми белекти жолдошумдан эмес, уулумдан күткөн убак келди го.

Анткен менен Аселдин күйөөсү Бакыт Жамансариев балдардын энесин колунан келишинче сыйлап турарын айтты:

— Жайлоого барып сүт ичип келебиз. Эки жылдан бери үй-бүлөбүз менен Көлгө барып жатабыз. Теңтуштар менен анда-санда кафеге барып, эс алып келебиз. Келинчегиме көңүл бурганга аракет кылам. Балдарымдын энесин кантип капа кылайын? Эми «куда-сөөк күтсөк жашыраак көрүн» деп тамашалап, «өзүңө кара» деп жатам.

Асел үчүн дүкөн кыдырып жеке өзүнө кийим-кечек тандоо маанилүү эмес, чач тарачка, кайсы бир сулуулук салондоруна баруу оюна деле келбейт. Дегинкисин элет жеринде бул көпчүлүк эле кожойкелерге мүнөздүү көрүнүш.

Аселдин өзүн ойлогонго жакын арада чамасы деле жетчүдөй эмес. Кыздары чоңойгону алардын себин камдоо менен алек боло баштаптыр. Ушул жайда кийиз жасап, шырдак шырыганды мелжеп турганын айтты:

— Азыр кичинекей да, билинбейт. Чоңойсо алты кызга сеп беришибиз керек. Кайненем менен кошо үч кызымдыкын даярдап бүттүк. Эми дагы үч кызымдыкын даярдап жатам. Алардыкы деле даяр болуп калды. Түйшүк бүтпөйт экен да. Алар турмушка чыкса небере багам.

Жети баласынын экинчиси – эркек. Адилет 11-класста окуп жүрөт. Анын «эр жетсем апамды багам» деген тилеги бар:

 Апам бизди багам деп жүрүп жаштыгы өттү. Кээде үйдө атам жок болуп калат, кээде мен жок болуп калам. Апам андай күндөрү үйдүн да, тыштын да ишин бирдей жасап калат. Ошол убакта чынында аяп кетем. Бишкекке алып барып, дүкөн кыдыртып, чоң концерттерге киргизсемби деп ойлойм. Атам экөөнү ажыга алып барып келсемби деген тилегим да бар.

Асел болсо «Адилетим жалгыз болуп калбасын» деп, дагы эле эркек бала төрөп алуу кыялынан баш тарта элек.

Булак:»Азаттык»