Интернет таанышуунун азабы: 15 жаштагы кызды 3 жигит 11 күн бою зордукташып…

Чагылган: 23-февралда Алматыда 15 жаштагы кыз дайынсыз жоголгону  боюнча маалыматтар чыккан. Эми ошол кыздын аянычтуу тагдыры белгилүү болгонун Almaty TV. жар салып чыкты. Кыздын аты Айгерим. Ал кыз интернеттен белгисиз жигит менен таанышып, бир канча убакыттан кийин биринчи жолугушууга барган. Жигит (аты Назым) Айгеримди жолукканда эле, белгисиз жакка алып кеткен. Кызды чала тааныш жигит  үйгө алып барып, 2 досу менен 11 күн бою үйдө зордуктап, эч жакка чыгарбай жатышкан. Денесине да залал келтирип, ар кандай кыйноого алышканы айтылат. Бул кылмыш боюнча полицияга арыз жазылган. «Полиция кызды белгисиз тарапка алып кеткен жигиттин соц баракчасын талкалап кирип,анын изине түшүп баштаган. Бирок аягына чейин иликтешеби, иликтешпейби, бизге белгисиз. Бизге адилеттик керек» — деп айткан жабыр тарктан жаш  кыздын энеси Нурлыхан Рахимова.
Ал ортодо Алматы полициясы бул иш боюнча тергөө жүрүп жатканын, кыздын ата-энеси да жаш кызын жакшы карабаган үчүн административдик жоопкречиликке тартылышы мүмкүн экендигин билдирген.
 Изат Имакеева

15-летняя девушка в Алматы заявила, что трое неизвестных 11 дней насиловали ее

Кадр из видео: Almaty TV

«8-март. Эмне кааласам ошону кылам.» Метродогу аялдын чыры (Видео)

8-март майрам күнү Алматыдагы  метродон чыр салган аялдын видеосу  учурда көрүүчүлөтарабынан талкууга алынууда.

ЖЭБдин мурдагы жетекчиси агынан жарылды (Видео)

Бишкек Жылуулук электр борборунун мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулу энергетика багытындагы мекемелердин жетекчилерин «ишке шалаакы мамиле кылган» деп сындап чыкты.

Ал жетекчилер кырсыктын «чыныгы себебин жаап-жашырып, элге туура эмес кабар берип жатат» деп эсептейт.

Маалыматка караганда, кырсыкка модернизация иштеринде ЖЭБде химиялык суу даярдоо системасынын курулбаганы жана имараттар өз убагында оңдолбогону түрткү болгон. ЖЭБдеги кырдаалды иликтеген депутаттык комиссиянын 6-марттагы жыйынында эл өкүлдөрү да: «Химиялык жаңы блок эмнеге курулбады?» деген суроого тиешелүү жетекчилерден оңдуу жооп ала алган жок.

Жылуулук электр борбору баш ийген «Электр станциялары» ачык акционердик коому, анын ишин көзөмөлдөгөн «Улуттук энергохолдинг» бул боюнча эч кандай комментарий бере элек. Бул ишканалар жана өкмөт буга чейин ЖЭБдеги кырсыкты насостук станциянын иштен чыгышы менен түшүндүрүп келген.

Бишкек Жылуулук электр борборунун мурдагы директоруНурлан Өмүркул уулу ишкананы модернизациялоодо бир катар мүчүлүштүк кеткенин «Азаттык» радиосуна билдирди. Анын айтымында, январда түзүлгөн кырдаал үчүн күнөө анын өзүнө жана кызматкерлерге оодарылып, чыныгы жооптуулар жазадан кутулууга аракеттенүүдө. Ал ЖЭБди көзөмөлдөгөн «Электр станциялары» менен «Улуттук энергохолдингдин» жетекчилери өндүрүштүк кырсыктын чыныгы себебин жаап-жашырып, аны суу бөлүштүрүүчү насоско байлап жатат деп эсептейт:

— ЖЭБдеги кырсыкка модернизациялоодо химиялык блоктун курулбай калганы себеп болгон. Ал сөзсүз курулушу керек болчу. Ошол маалымат элге жайылып кетпесин дешти. Мен ЖЭБдин директору болгондо да, башкы инженери болуп турганда да «Электр станциялары» ишканасынын жетекчилерине бир нече жолу кат жазып, химиялык блок керек экенин кабарлагам. Бирок эч кандай жыйынтык чыкпай келген. Жетекчилер буга чейин деле «модернизацияга сөз тийгизбегиле» деп айтышкан. 30-январда парламенттеги жыйында да химиялык цех салынбай калгандыктан, жаңы жана эски станцияга суу жетпей калып, кырсык болгонун айткам. Ошондон бир күндөн кийин мени иштен алышты. Бул анча деле чоң кырсык эмес болчу. Аны эки-үч саатта оңдоого болот эле. Бирок кырдаалды дагы бир жагдай татаалдаштырды. Машина залынын, от жаккан цехтин чатыры, терезелери жок. Цехтин ичи суук болгондуктан, суу тоңуп калып, мүшкүл ошондон башталды. Ошентип кырсык бир жумага созулуп кетти.

Нурлан Өмүркул уулу кошумчалагандай, 2015-жылдан бери Бишкек ЖЭБин ремонттоого акча бөлүнгөн эмес. Бирок былтыр экс-президент Алмазбек Атамбаев модернизацияланган ЖЭБдин ачылышына барарда көзгө көрүнө турган имараттар сырттан эле косметикалык ремонттон өткөрүлгөн экен:

— Президент келерде имараттардын сыртын эле актап коюшкан, ал өтчү жерлерге гүл отургузулуп дегендей. Биз ага чейин жыл башынан бери эле «ремонт жасаш үчүн тендер өткөрүп бергиле» деп кат жазганбыз. Чатырды жаап, терезелерди коелу дегенбиз. Ноябрдын ортосунда бизге «тендер өттү, жеңүүчү компания тандалды, ошолор менен ишти жасагыла» деген кат келди. Ал кезде жылуулук сезону башталганына бир ай болуп калган. «Иштин мөөнөтү 31-декабрь» деп беришкен. Тендерден жеңген ишкана бир жарым ай иштеди, бирок жумушту толук бүтүрбөй кетип калды. «Үнөмдөө» деп жатып ремонтко акча бөлүнбөгөнү да кырсыкка кошул-ташыл болду

ЖЭБдин мурдагы жетекчиси агынан жарылды

Опубликовано З. Окенбаевой 8 марта 2018 г.

 

ЖЭБди модернизациялоо долбоору былтыр 30-августта экс-президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда салтанаттуу аяктаган. Мамлекеттик телеканалда ишканада ар бир мык жаңыланганы тууралуу сюжет жарыяланган эле.

Мурдагы директордун айтымында, 2016-жылдан баштап жабдууларды жаңылоо, куруу боюнча бир нече жыйын болуп, тиешелүү протоколдор түзүлгөнү тууралуу далилдер бар. Бирок тиешелүү аткаминерлерден жооп болбой, модернизацияланган борбор химиялык суу даярдоочу жабдуусу жок эле кабыл алынып, пайдаланууга берилген.

Сөз болуп жаткан цех баштапкы долбоорго киргизилгени менен келишим түзүлгөндөн кийин ага кошулбай калганы таң каларлык экени буга чейин парламентте да айтылган. 6-мартта ЖЭБдеги кырсыкты иликтеген депутаттык комиссиянын кезектеги жыйынында КСДП фракциясынын депутаты Данияр Аттокуров да химиялык цех эмне үчүн башынан эле курулбай калганын энергетика тармагындагы жетекчилерден сурады:

— Негизи химиялык цех керек беле? Силер Кытай жак «кереги жок, эски химиялык цех жарайт» деп айтканын билдирип жатасыңар. ЖЭБдин мурдагы жетекчиси «мурдатан эле «химиялык цех керек» деген маселени айтып келгенбиз» деп жатат. Муну кандай түшүнсө болот?

«Улуттук энергохолдинг» компаниясынын башчысы Айбек Калиев «эски жабдуу жарактуу, андыктан жаңы блокту куруунун кажети жок» деген билдирүү буга чейин болгонун бышыктады:

Айбек Калиев.
Айбек Калиев.

— Бишкек ЖЭБи 2014-жылы «жетиштүү» деп кол коюп берген. 2016-жылы булардын ортосунда «жетишпейт, маселени караш керек» деген каттар жазылган. Мен муну былтыр июлда угуп, документти алган күнү эле кытайлыктарды чакыргам. Ошол күнү маселе чечилип, жаңы блокту курууну макулдашканбыз.

Ошентип, ЖЭБди модернизациялаган Кытайдын ТВЕА компаниясы Айбек Калиев айткан жаңы блокту курууга 2017-жылдын июлунда көнүп, быйыл январдан тартып курулушка керектүү жабдуулар ташылып келе баштаган. Ага 5,5 миллион доллар сарпталат, кытайлык компания болсо муну өз эсебинен чыгарууга макул болгон.

Комиссия жыйынында «2014-жылы «химиялык блок кереги жок» деп ким жыйынтык чыгарган?» деген собол жоопсуз калды. Анткени «Улуттук энергохолдингдин» жетекчиси Айбек Калиев бул кызматка 2016-жылдын этегинде дайындалса, «Электр станциялары» ишканасынын башчысы Узак Кыдырбаев «2017-жылдын жай айында кызматка келгем, андыктан маселеге жооптуу эмесмин» деген түшүндүрмө менен чектелди.

Бишкек ЖЭБинин мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулу болсо ишкананы 2017-жылдын 23-январынан тартып жетектей баштаганын, кырсыктын чоо-жайын иликтеген мекеме аралык комиссия туура эмес бүтүм чыгарып, кимдир бирөөнүн кызыкчылыгын коргогонун билдирип жатат. Анын айтымында, кырсыкка ЖЭБдин азыркы башчысы, окуя маалында өзүнүн техникалык маселелер боюнча орун басары болуп иштеген Андрей Воропаевдин да түздөн-түз жоопкерчилиги бар. «Воропаев кырсык тууралуу өз убагында кабардар болгону менен жетиштүү чара көргөн эмес, ага карабай кайра директор болуп дайындалды» деген Нурлан Өмүркул уулу «ЖЭБде ич ара тирешкен эки топ бар» деген маалыматтарды ырастады.

Быйыл 26-январда башталып, бир жумага созулган кырсыктын негизги күнөөкөрлөрүнүн бири катары Нурлан Өмүркул уулу кызматтан алынып, ордуна 2013-2017-жылдар аралыгында ЖЭБди башкарган Андрей Воропаев келген. «Электр станциялары» ачык акционердик коому аны «иш билги адис» деп мүнөздөгөн.

Өкмөт түзгөн мекеме аралык комиссия өткөн айда корутунду чыгарып, «Бишкек Жылуулук электр борборундагы кырсыкка кышкы сезонго даярдыктын начардыгы жана айрым кызматкерлердин шалаакылыгы себеп болду» деген тыянак жарыялаган. Бирок анда «жаңыдан курула турган блоктор үчүн кошумча кубаттуулуктагы химиялык цехти куруунун кереги жок» деп тыянак чыгарган эксперттердин жана ага кол койгон жетекчилердин жоопкерчилиги каралган эмес. Ага чейин тиешелүү ишканалардын жетекчилери жана премьер-министр Сапар Исаков да кырсыкка насостук станциянын иштен чыгышын себеп катары көрсөткөн.

Нурлан Өмүркул уулунун билдирүүсүнө «Электр станциялар» ишканасы, анын ишин көзөмөлгө алган «Улуттук энергохолдинг», Бишкек ЖЭБинин директору Андрей Воропаев комментарий бере элек.

Булак: www.azattyk.

Ирак түрмөсүндөгү аялдар Кыргызстандан барганбы?

Иракта кыргызстандык үч аял террорчулукка шектүү катары камалып жатканы жөнүндө маалымат тарады. Алар өлүм жазасына тартылганы жатканы, үчөөнүн тең балдары бар экени да кабарланган. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жана атайын кызматы бул боюнча маалыматтар такталып жатканын билдирүүдө.

Камактагы келиндердин эмчектеги балдары бар

Ирактын Багдад шаарында үч кыргызстандык келин камалып жатканы жөнүндө кабарды Орусиянын “РИА Новости” маалымат агенттиги Чеченстандын бийлик өкүлүнө таянып жазып чыкты.

Орусиянын Федерация Кеңешинин мүчөсү, чечен президентинин Жакынкы Чыгыштагы жана Түндүк Африкадагы өкүлү Зияд Сабсаби Багдаддагы түрмөлөрдөн орус жарандарын издеп жатып, кыргызстандык аялдарды көргөнүн белгилеген:

Зияд Сабсаби.
Зияд Сабсаби.

«6марткүнүБагдаддаКыргызстандынүчжаранынынсотуболмокҮчөөтеңаялкиши— АселАсилжанкызыбирбаласымененЗухраКадироватөртбаласыменен (бирөөэмчектегиымыркайжанаФатимаМаруфжановабешбаласымененэкенБагдаддагыаялдартүрмөсүндөкармалыпжатканжарандар «террорчулук кылган»жана «Ирактынчекарасынмыйзамсызбузган» деп айыпталыпжатышат», — деген Сабсаби.

Сирия менен Иракта согуштук аракеттерге катышкан орусиялыктарды мекенине кайтаруу боюнча жумушчу топтун башчысы Зияд Сабсаби Багдад түрмөлөрүндө 100дөн ашуун орусиялык кыз-келин балдары менен кармалып турганын да айткан. Сабсаби бул аялдар “Ислам мамлекети” террордук тобуна кирген күйөөлөрүнө азгырылып барганын белгилеген.

Зияд Сабсаби орусиялык аялдарга да “террорчулукка аралашкан жана чек ара тилкелеринен мыйзамсыз өткөн” деген кине коюлуп жатканын айтып, муну менен айыпталгандар Ирактын мыйзамы боюнча өлүм жазасына тартыларын билдирген.

Камалгандар кыргызстандык экени тактала элек

“РИА Новости” маалымат агенттигине чыккан бул кабар тууралуу басылманын Кыргызстандагы кабарчысы Юлия Орлова 6-март күнү президент Сооронбай Жээнбековдун журналисттер менен жолугушуусунда да өлкө жетекчисине суроо узаткан. Анда президент Ирактагы камакта жаткан аялдардын тагдырынан кабарсыз экенин айтып, бул маалымат такталарын белгилеген.

7-мартта Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратып, факты териштирилип жатканын кабарлады. ТИМдин расмий өкүлү Айымкан Кулукеева мындай деди:

Айымкан Кулукеева.
Айымкан Кулукеева.

— «КыргызстандыкүчаялИрактынтүрмөсүндөкармалыпсотужүрүпжатат»дегенмаалыматИракРеспубликасынынбийлигитарабынанКыргызстандын ТышкыиштерминистрлигинерасмийкелгенэмесКармалганы айтылгандардынжакындарынандажардамсурапкайрылгандарболгонэмесБирокОрусиянынмаалыматкаражаттарындажарыяланганкабарда сөз болгон фактынытактообоюнчаиштержүрүпжататКыргызстандынИрактаэлчилигижокболгондуктантактоо иштеринбиздинКувейттегиэлчилигибиз жүргүзөт. Кандайдырмаалыматчыкса,кошумчакабарберилет.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети да ал жарандар боюнча маалыматтары бар-жогун ачык билдирбей, бирок аларды кайтаруу аракети жүрүп жатканын билдирди. Мекеменин басма сөз катчысы Рахат Сулайманов мындай маалымат берди:

— Бул маселе боюнча буга чейин да иш жүргүзүлүп жаткан. Учурда президент тарабынан тапшырма берилди. Буга байланыштуу ошол биздин жарандарды кайра мекенине кайтаруу боюнча иштер күчөтүлгөн режимде жүргүзүлүп жатат.

УКМК буга чейин Сирия менен Ирактагы согуштук аракеттерге катышып жүргөн кыргызстандыктар 500дөн ашарын кабарлап келген. Атайын кызмат алардын арасында 140ка жакын аял 100гө жакын балдары менен кеткенин да ырастаган. Кийинчерээк согуш талаасында кыргызстандык 92 жаран мерт болгону айтылган.

Кайтарып алуу канчалык колдон келет?

Жакынкы Чыгыштагы чатакка аралашкандар кайтып келип жатканын кабарлаганы менен канча киши келгенин укук коргоо органдары так айта элек. Келгендердин канчоо өздөрү келгени, канчасы экстрадицияланып келгени тууралуу да кабар жок.

Коопсуздук жана дин маселелери боюнча эксперт Орозбек Молдалиевдин пикиринде, Багдаддагы кыргызстандыктарды кайтарып алуу жеңил болбойт.

— Муну эми Орусия өкүлүнүн болжолу катары карап турса болот. Анткени биздин коңшу өлкөлөрдө деле аты ошондой адамдар бар. Кыргызстандан кеткендердин көптүгүн эске алганда биздин жаран болуп чыгышы да мүмкүн. Бирок бул жерде маселе өтө татаал. Ирактын мыйзамы боюнча террорчулук боюнча айыпталгандар өмүр бою абакка кесилет же өлүм жазасына тартылат. Андан тышкары Кыргызстан менен Ирактын ортосунда экстрадиция боюнча келишим такыр жок да. Ошондуктан аларды алып келүү иш жүзүндө мүмкүн эмес. Экинчиден, Кыргызстандын кызыкчылыгын сатып, Иракка кеткен аялдарды алып келип эмне кылабыз? Алардын балдарына гана убал, ошол гана жаман иш болуп жатат. Ошо балдарын ойлобой фанаттык идеяга сугарылып, «халифат курулуп калыптыр» деп кетип калышканы — акмакчылыктын жеткен чеги. Ушунун баары — радикализм менен экстремизмге күрөштүн чабал жүргүзүлүп жаткандыгынын жемиши.

Ал эми укук коргоочу Азиза Абдирасулова чет өлкөдө абакта кармалып жаткан жарандарды кайтарып келиш үчүн башка механизмдер да бар деп эсептейт.

Азиза Абдирасулова.
Азиза Абдирасулова.

— Аябай өкүнүчтүү. Аларды кайтарып алып келиш үчүн мамлекет тез арада аракет көрүшү керек. Биринчи кезекте Кызыл чырым уюмуна “биздин ошол жерде камалып жаткан жарандар жөнүндө билип бергиле” деп кайрылыш керек. Бул уюмдун согуш болуп жаткан өлкөлөрдө камалып жаткан адамдарды көрүп, эки тарапка тең кайрылууга укугу бар. Экинчиси — Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмуна кайрылыш керек. БУУнун адам укуктары боюнча иштеген комитетинин атайын баяндамачылары да ошол жердеги жарандарыбыздан кабар ала алат. Эл аралык уюмдарга мен да кайрылып жатам, бирок жеке адам эмес, мамлекет кайрылганы жемиштүүрөөк болот. Бийлик керек болсо бүгүн-эртең ошол уюмдарга кайрылуу жибериши керек. Аялдар өмүр бою камалса да биз жок дегенде аялдардын өлүм жазасына тартылбашына себеп болуп калышыбыз керек. Ошол эле учурда алардын балдарынын кийинки тагдырын ойлошубуз керек. Ал аялдар алданып кеттиби, өз эрки менен кеттиби — кандай шартта кетсе да алар биздин жарандар, биз аларга кам көрүшүбүз керек.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети чечен президентинин Жакынкы Чыгыштагы жана Түндүк Африкадагы өкүлү Зияд Сабсаби жарыялаган кыргыз жарандарынын аты-жөнүн Сирияга кеткендердин арасында бар-жок экенин ырастаган да, четке каккан да жок.

Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында жайгаштырылган шайлоочулардын онлайн тизмесинде «Иракта соттолуп жаткан кыргызстандыктар» деп айтылып жаткан үч ысымга окшош ысымдар, тагыраагы Асел Асилжан кызы деген үч жана Фатима Маруфжанова деген бир, Зухра Кадирова деген төрт жана Зухра Кодирова деген төрт адамдын аты-жөнү, дареги көрүнүп турат.

«Азаттыктын» архиви: Сирия, аял, азап… 2015-жыл

Булак: Азаттык

Күйөөсү аялына өчөшүп, 17 жаштагы уулун, 9 жаштагы кызын өлтүрүп, өзү…

Өткөн жылы жазында Белорусиянын  Мозырского районунун Наровчизна айылынын мурун сот жообуна тартылган тургуну К. Казачек аялына өчөшүп, ага экөөнүн ортосундагы балдарды өлтүрө турганын айткан. Аял бул коркутуу боюнча полицияга кабарлаган. Бирок полиция аталган айылга келгенче кыздардын атасы Кирилл Казачек 17 жаштагы уулун башка балта менен чаап өлтүрүп, 9 жаштагы кызын муунтуп өлтүрүп салган. Бул төбө чачты тик тургунзган кылмышты жасаган соң, өзү 4-кабаттан секиргени менен жаракат алып, аман калган. Сот аны өлүм жазасына тартуу боюнча чечим чыгарган. Ал өткөн жылдын октябрь айларында өлүм жазасын тартылганын орус маалымат каражаттары жазып чыкты.

 

7-кабаттан секирген кыз каза тапты (Видео)

Кечээ күнү Бишкектин Тунгуч кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрүнүн биринин 7-кабатынан өзүнүн боюн таштаган 18 жаштагы кыз жерге жетпей, бастырмага түшкөн. «Тез жардам» кызматы али жаны чыга элек кызга болушунча медицианлык кызмат көрсөткөнү менен, аны сактап калууга мүмкүн болгон эмес.

7-кабаттан кулаган кыз каза тапты

Опубликовано З. Окенбаевой 8 марта 2018 г.

 

Президенттин астында Индира Жолдубаева эмнеге шолоктоп ыйлады?..

Коррупцияга каршы катуу күрөштү баштаган президент Сооронбай Жээнбеков башкы про­курор Индира Жолдубаеваны кабыл алып, тиешелүү тапшырмаларды берип, сөз соңу бүтүп калганда күтүүсүз көрүнүш жаралыптыр. Эл астында сурдана көрүнгөн Индира айым шолок­топ ыйлап, кагаздарын чала-була чогултуп, кабинеттен чыгып кетет. Жүрөгү назик Соке кырдаалга түшүнбөй, кыжалаттана жардамчысын чакырып, «билчи, эмнеге ыйлап кетти?» дептир. Андан соң гана баары түшүнүктүү болуп атпайбы… Көрсө, Жээнбеков башкы прокурор менен иш маселеси аркылуу сүйлөшкөнү, ырааттуу тапшырмаларды бергени, «башкача чектен ашпаганы» үчүн Жолдубаеваны эреркетип, жолго салыптыр да. Ал сүйүнүчтүн ыйы экен. Бүгүнкү күндө Индира айым «мен Сооронбай Шариповичтин командасы болуп берем» деп айтып, ынандырып атканы дагы эмнени каңкуулайт?..

Булак: Азия Ньюс 

8-март — Аялдардын эл аралык майрамынын тарыхы

Turmush.kg басылмасынын жамааты, бүтүндөй аялзатынын улуулугун даңазалаган 8-март — Аялдардын эл аралык майрамы менен жалпы айымдарды куттуктайт.
Аялзатынын тарыхта басып өткөн татаал жолу, турмуштагы орду дагы терең урматталууга тийиш. Сиздердин аялзат катары да, эне катары да көргөн камкордугуңуздар үчүн, жалпыңыздардын алдында бүтүндөй адам баласы карыздар. Жашоонун жарыгы, үйдүн куту, очок ээси болуу менен жаз күнүндөй жаркырап, ар дайым эсенчиликте жүрүшүңүздөргө тилектешпиз.

Кадырман энелер, ардактуу эжелер, сиңдилер, карындаштар сиздерге чың ден соолук, узун өмүр, бакубат турмуш каалайбыз. Аруу тилектериңиздер орундалып, сиздер үчүн жаратылган бардык бактылуулуктарга жетиңиздер.

8-март майрамынын тарыхы:
Аялдардын тең укуктуулук үчүн көтөрүлүшүнөн чыккан майрам.
8-март аялдардын Эл аралык күнүнүн тарыхы 1857-жылы ушул күнү болгон Нью-Йорктун борбордук аянтына бут кийим жана тигүүчү фабрикалардын аял жумушчуларынын бийликке нааразычылык билдирип чыккан окуясынан башталат. Демонстрацияга чыккандарга баткак чачылып уруп-сабоо сыяктуу кордуктар көрсөтүлгөн. Мындай ызы-чуу жараткан күндү көпчүлүгү «Аялдар күнү» деп атай баштаган. 1857-жылдын 8-мартынан кийин АКШда көптөгөн профсоюздук уюмдар пайда болуп, аялдар шайлоого укук берүүнү талап кылышкан. Нааразылык акциянын келип чыгышына, күнүнө 16 сааттан иштеп, бирок аз маяна алган айымдардын, иш убактысы кыскарып, маяна көтөрүлүп, эркектер менен бирдей укукта болууну талап кылышкандыгы себеп болгон. Жыйынтыгында 10 сааттык жумушчу күн тартиби киргизилген.

8-марттын майрам катары таанылышына аялдардын көтөрүлүшүн уюштурган Клара Цеткиндин салымы чоң. 1910-жылы Копенгагенде Экинчи Эл аралык социлист аялдарынын конференциясында Клара Цеткин «аялдардын укугун коргоо күнүн» өткөрүүнү сунуштаган. Тарыхта бул күн аялдардын укугу коргологон күн катары таанылып, ошондон кийин ар кандай тармакта эмгектенген айымдар жетекчилик кызматтарга да иштей башташкан.

(Клара Цеткин)

8-март СССРде 1965-жылдан тарта эс алуу күнү катары белгилене баштаган. 1965-жылы Улуу Жеңиштин 20 жылдыгына карата СССРдин жетекчиси Леонид Брежнев доклад жасамай болуп, ал докладдын долбоорун жаза тургандардын бири В.Александровго докладда советтик аялдардын фронттогу жана ооруктагы эрдигин даңазалаган бөлүгүн жазуу тапшырылат. Александров жазып келсе, Кремлдегилер улам-улам «күчөтүп жазууну» тапшыра берип, он вариант жазылат. Баарысы жарабай, кыжаалат болуп үйүнө келсе, жубайы «сенин партияң кайдагы бир кооз сөздөрдү айткандан көрө аялдар майрамын бир күнгө эс алуу күнү кылып койбойбу», деп нааразыланат. Бул сунуш доклад жазуучу Александровго жагып калып, идеяны Брежневге билдирет. Брежнев эртеси күнү Борбордук комиссиянын жыйынында бул маселени көтөрүп чыккан. Айтылган сунуш колдоо таап, 8-март — жалпы СССРде эс алуу күнү деп жарыяланган. 8-март майрамын азыр да мурда СССР курамындагы дээрлик көпчүлүк республикалар майрамдашат. Россия, Грузия, Молдова, Азербайжан, Украина, Белорусия, Казакстан, Кыргызстан, Түркмөнстан 8-мартты аялдардын Эл аралык күнү катары белгилешет. Армяндар 8-март менен удаа 7-апрелде — энелердин жана сулуулук күнү катары майрамдайт. Литвада дагы бул күн майрам күндөрдүн катарын толуктайт.

Бул күн 1977-жылы гана БУУнун атайын резолюциясы менен 8-март — Эл аралык аялдар күнү катары расмий кабыл алынган. Ошондон тарта Кытай, Түндүк Корея, Ангола, Конго, Монголия, Лаос, Македония жана башка өлкөлөрдө бул күн улуттук майрам катары майрамдалып келет.
ww.turmush.kg

Аманкулов: “Кыргыз темир жолу” ишканасын тыкыр текшеребиз

Жогорку Кеӊештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы, депутат Марат Аманкулов “Азаттыкка” комментарий берип жатып, алардын комитети “Кыргыз темир жолу” ишканасындагы бардык мыйзам бузуулар боюнча иликтөө жүргүзөрүн билдирди:

— Бул маселе комитетте буга чейин да көтөрүлгөн. Бирок темир жолдогу айрым документтерди алуу маселе жараткан. Депутат Акаевден документтерди сурап жатабыз, баарын алгандан кийин биздин комитет “Кыргыз темир жолу” ишканасындагы мыйзам бузууларды дыкат иликтеп чыгат.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутат Жанар Акаев “Кыргыз темир жолу” ишканасы Казакстандан 150 вагон сатып алыш үчүн Орус-кыргыз фондунан 8 млн. 380 миң доллар насыя алганы менен азыркыга чейин вагондорду алып келе электигин билдирген. Ал «вагондор январь айында келип бүтүшү керек болчу» деген.

Депутат ошондой эле «Кыргыз темир жолу» Өзбекстандын Кыргызстанга болгон 137 млн. сом карызын кечкенин сындап, ишкананын жетекчиси Алмазбек Ногойбаевдин кызы мекемеге тиешелүү жерге мейманкана куруп, иштетип жатканын айткан.

«Кыргыз темир жолу» ишканасынын директору Алмазбек Ногойбаев бул дооматтарды четке каккан

Булак Азаттык

Кыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшеев: Биз бейишти аял үчүн кура албадык

Бейиш силерде экен, аялдар! Бейиш Энеде экен! Бейиш Балада экен!

Биз–эркектер, АЯЛЗАТЫ, силер үчүн бейиштен кубаланганбыз. Теңир бизди жаратып жатып: “Экөө өмүр бою бейиштин багында жетелешип жүрсө экен” деп тилеген. Аттиң, бирок биздин пенделик кыларыбызды билген эмес экен. Билери менен бейиштен кубалап чыкты. Бейиштен узарыбыз менен жылаңайлак таманыбыз тикенге тилинди, жылаңач денебиз шамалга кайыкты.

— Кубаласа, кубалай берсин! Мен сага аныкынан да өткөн бейиш куруп берем!, — деп кыйкырдым. Бирок сага убада кылган бейишти али күнгө чейин куруп бере элекмин. Сага мен кээде бейишке караганда тозокту көбүрөөк жакындаткандай сезем. Биз — эркектер, силерге бейиш курабыз деп Жер талаштык, Эл талаштык! Кимдир бирөөлөрдүн бейишин талкалап, ошол урандылардын үстүнө бейиш курмай болдук. Ким бирөөлөрдүн көз жашына чатыр тиктик, ким бирөөлөрдүн көз жашына гүл өстүрдүк. Теңирге тең ата болуп, сага убада кылган бейишти куруп жаткансып курдук. Көр дүйнө кууп Көккө чыгып, көр дүйнө кууп Жерге түштүк. Көз бүтөлүп, көкүрөк сокур болду…

Аял, сен ушунун баарына чыдадың. Биз сага Жерден да оор болдук. Бирок сен жомоктогу Жерди көтөрүп турган көк өгүздөй баарына чыдадың. Биздин антыбызга да, биздин калпыбызга да тоюп бүттүң. Жер шарын бүгүн сен көтөрүп турасың, ыйык, кымбат аялзаты! Жер үстүндөгү кыямат кайымдын, Жер үстүндөгү жакшы-жамандын, Жер үстүндөгү Ырыс-Таалайдын, жер үстүндөгү кайгы менен муңдун, оору менен сыркоонун баары сенин ийниңде. Алтургай сенин ийниңде азган-тозгон, ал-күчтөн, ар-намыстан тайып, эки бутун салаңдатып олтурган эркектер, биз да барбыз.

Көрсө, биз силерге убада кылган бейиш өзүңөрдө экен. Бейиш силерде экен, аялдар! Бейиш Энеде экен! Бейиш Балада экен! Бейиш Тынчтыкта экен! Үчөөң бар болгула! Үчөөң оорубагыла ылайым! Асманыңар күлүп турсун! Балдарыңар күлүп турсун! Силер күлүп тургула! Кымбат, ыйык, жароокер, аялзаты!

Чөлдө араба, көлдө калсаң кеме экен,

Үшүсөң от, ысыганда жел экен.

Үстүңдө Асман, астыңдагы Жер экен,

Абдан алсыз, абдан назик неме экен.

Аял бирок айланганда Энеге,

Кудуреттүү Кудайдан да кийинки

Кудуреттүү жалгыз гана Эне экен!

Бардыгыңыздарды майрамыңыздар менен куттуктап,

Кыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшеев

Мелис Турганбаев аз жерден Данияр Абдыкаровду уруп коё жаздады…

«Манты кулак» Мелис Турганбаев аз күн мурда эки жансакчысынын коштоосунда ИИМдин орун басары Данияр Абдыкаровдун кабинетине кирип барыптыр. «Сени өзүм көтөрдүм эле, акырында көтүмө суу куйдуң, эми түбүңө жетем!» деп катуу омуроолоп, аз жерден сабап сала таштаптыр. Ооба, Мекеге ишенич жок, кармаша кетсе борпоң Данчикти көтөрүп чаап, муунтуп, о дүйнөгө узатып жибериши ажеп эмес да. Кызыгы, Абдыкаров устаты Турганбаевге эмне жаманчылык кылганы ушул күндөрү ачыкталмакчы…

Булак: Азия Ньюс 

Осмонбек Артыкбаевдин чет өлкөгө кача турганы айтылууда

Бишкек ТЭЦин модернизациялоого 386 миллион доллар ыксыз сарпталганы, бул боюнча илээшкеги бар Осмонбек Артыкбаев (ошол кездеги министр) түн уйкудан безип, чет өлкөгө качууга ниеттенип калганын жакындары каңкуулады. Учурда Жогорку Кеңеште ТЭЦтеги коррупция боюн­ча комиссия иштеп атат. Эгерде адилеттүү талдоолор болсо, көптөгөн үлкөндөрдүн бети ачыла тур­ганы алдын ала болжонууда. Ошолордун ичинен уурулукка Артык­баев да кулагынан кармалабы? Мындан сырткары, башка иштери да казылып атыптыр. А балким качып кетет. Күтө туралычы.

Булак: Азия Ньюс