Жашоону өзгөрткөн аялдардын ойлоп табууларын билесизби?

Ойлоп табуучу, же илимпоз дегенде эле карыган, көз айнек тагынган эркек кишини элестетээрибиз бышык. Бирок, аялдардын арасынан деле жашоо-турмушка пайдалуу буюм-тайымдарды ойлоп тапкандар толтура экенин да эске ала жүрүүбүз зарыл. Айрыкча, аял акылсыз, аял алсыз деп жана башка сөздөрдү айткан эркектер бул макаланы сөзсүз окуулары керек.

Астролябия аппаратын Гипатия ойлоп тапкан

Бул аппаратты көптөр уга бербегени менен мурун бул астрономиялык прибор менен асмандагы телолордун массасы аныкталган. Аны ойлоп тапкан биздин заманга чейинки 370-жылы грек аялы Гипатия Александрийская болгон. Гипатия бир эле учурда ойлоп табуучу жана философ, астроном, математик да болгон.

Суу алдында сүзүүчү кемелер үчүн перископ

Бул ойлоп табууну да аял киши жасаган. Перископ 1845-жылы Сара Мэтер аттуу айымдын ойлоп табуусу менен суу алдында жүрүүчү кемелердин ишин бир топ жеӊилдеткенин азыр деле айтышат.

Циркулярдык араа

Мындай араанын эӊ биринчи көрүнүшүн 1810-жылы Табит Бэббит аттуу аял жасаган. Ага чейин эки кол менен аралаган араа менен эле аралап келишкен. Ал эми циркулярдык араа адамдын колун кармабай, күчүн албаганга жардам берип келет. Учурда жыгач аралаган өнөр жайларда колдонулуп келет.

Унаанын маӊдайындагы шыпыргылар

Унаа менен аялдын эмне байланышы бар деп ойлошу мүмкүн. Ооба, унаа эркектерге мүнөздүү болгону менен анын жамгырда, карда маӊдайкы терезесин сүртүп турган шыпыргысын 1903-жылы Мэри Андерсон аттуу аял ойлоп тапкан экен. Мэри отурган унаанын айдоочусу кар жаап жаткан учурда ар бир мүнөт сайын сыртка чыгып карды тазалап жаткан учурда ойлоп коюп, кийин аны ишке ашырган.

Унаанын кернейи

20-кылымдын экинчи жарымында унаа абдан көбөйүп кеткен. Анын үнү элдердин кыжырын кайната баштаган. Бул маселени болсо Эль Долорес Жонс аттуу айым чече алган. Себеби, ал унаадан чыккан катуу үн унаадагы түтүн чыгуучу кернейдин жоктугуган улам болуп жатат  деп кернейдин (глушитель) ичине акустикалык фильтр койгон. Унаанын үнү мурункудай катуу чыкпай азайып калган. Акустикалык фильтр 1917-жылы чыгарылган.

Идиш жуучу машина

Туура, ар бир аялзаты өзүнүн ишин жеӊилдете билиш керек. Идиш жуучу машинени 1886-жылы Жозефина Кокрейн аттуу аял ойлоп таап, жасап чыккан. Жозефина кол менен идиш жууганда идиштерди көп сындырып алып, кымбат идиштерине ичине ачышып калчу экен. Анан ойлонуп отуруп, канткенде кол менен жуубай, идиштерди таза жана сындырбагандай кылам деп акыры идиш жууган машинени ойлоп тапкан.

Эт консервалары

Азыр биз базарлардан сатып алып жүргөн эт консервасын 1873-жылы Надежда Кожина атуу орус аял ойлоп тапкан.

 Подгузник

Мурун биздин апаларыбыз балдарга кадимки эле момосуйдан жалаяк кылып, астына целлофан коюп багып келсе, 1917-жылдан баштап энелердин жүгү жеӊилдеген. Себеби, ушул жылы Марион Донован аттуу эне подгузникти ойлоп таап, сийдик өтпөгөндөй кылып жасап, өзүнүн баласына колдоно баштаган. Азыр энелер подгузникти ким ойлоп чыгарса да рахмат деп жүргөн аял дал ошол Марион Донован.

Бронежилет же ок өтпөөчү өпкө кап

Эми аялдарга аны чыгарып керек эмне деп да ойлоп кетиши мүмкүн. Аны күйөөсүн октон коргоп, аман алып калгысы келген Стефани Кволек ойлоп тапкан. Бронежилет 1965-жылы эле ойлоп табылыптыр. Ага чейин чыкса Экинчи дүйнөлүк согушка кетип кайтпай калган чоӊ аталарыбыз тирүү калаар беле ким билет.

Силикон

Силиконду скульптор ойлоп табат деп ким ойлоптур. Ооба, болгондо дагы Патрисия Биллингс аттуу скульптор аял силиконду ойлоп тапкан. Ал өзү жасаган эмгектерин жакшы сакталышы үчүн силиконду ойлоп тапкандыгын айтат. Азыр болсо орусиялык аялдарын көбү силикон койдуруп, Патрисияга рахматын айтып жыргап жүрүшөт.

ЭВМ үчүн программа

ЭВМ десе эле Билл Гейтсти ойлойбуз. Андай эмес, анын программасын британиялык Ада Лавлейс аттуу кыз ойлоп чыккан.

Wi-Fi

Хеди Ламарр  аттуу актриса 1941-жылы эле аскердик сырларды  сүйлөшүү каражаттарына патент алып койгон. Анын динамикалык өзгөртүүлөрү душмандардын угуусуна каршы колдонулуп турган. 1962-жылы бул технология америкалык торпедаларда колдонула баштаган. Азыр болсо Wi-Fi аппараттарында колдонулат.

Самара САЛАМАТОВА

30 жыл бою аялдарды жаш кыздарды зордуктап келген ак көңүл машыктыруучу кармалды

Бул окуя азыр дүйнө коомчулугунун көңүлүн буруп турат. Ал жергиликтүү футбол кулбун башкарып жана машыктырып келген. Аны билгендер жардамын эч кимден аябаган, ак көңүл адам катары сыпаттап келишкен. Бирок аз күн мурун ал 30 жылдан бери катталып, бирок ачылбай келген зордуктоолор боюнча кылмыш ишинде башкы каарман катары кармалды. Көрсө (машыктыруучунун аты -жөнү айтылбайт) ал 30 жыл бою таңкысын ар кандай курактагы аялдарды жана жаш кыздарды да күчкө салып зордуктоону адатка айлантып жүргөнүн чет элдик басылмалар байма-бай жазышууда. Анын «аңгилигине» 13 жана 17 жаштагы секелек кыздар да кабылган. Машыктыруучу акыркы кылган кылмышында машинеси видео көзөмөлгө түшүп калган. Тиешелүү экспертизалар да анын кылмыштарга тиешеси бар экенин тастыктаган.

 

Үч балбан кызыбыз жеңишке жете албады. Ал эми Мээрим Жуманазарова коло медаль тагынды

Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында кыз-келиндер күрөшүнөн кыргызстандык Мээрим Жуманазарова коло байге утту. 68 килограмм салмакта таймашкан  Мээрим Жуманазарова чейрек финалда жапониялык Мэй Хаякаваны 5:1 эсебинде жеңип алып, жарым финалга чыккан. Финалга чыгыш үчүн монголиялык Туменцецег Шархууга жеңилип калган. Ошондон улам коло байге үчүн индиялык Дивя Какран менен күч сынашып, 12:6 эсебинде жеңип алды. Эске сала кетсек, Мээрим Жуманазарова 2016-жылы кыздар (кадеттер) арасында дүйнө чемпионатында да коло байгеге татыган. Ал эми  76 килограмм салмакта  Айпери Медет кызы рек финалда жапониялык Хирое Минагавага уттуруп койду.   3-орун үчүн таймашта Айпери Медет кызы түштүк кореялык Еунжу Хванг менен беттешип 0:12 эсебинде жеүилип, байгесиз калды. Бул эки балбан кыздан тышкары, кыргызстандык дагы эки кыз катары менен жеңилип, ийгилик жарата алган жок. Эртең 53 кг. салмакта жалгыз Мадина Надырова бетешмекчи.

Күрөш боюнча Азия чемпионаты 4-мартка чейин уланат. 3-мартта эркин күрөш боюнча таймаштар башталат.

 

Бишкекте көп жолу бычакталган 25 жаштагы жигиттин сөөгү табылды

Кечээ күнү Бишкек шаарындагы Жаш Гвардия бульварында жайгашкан көп кабаттуу үйдүн жер төлөсүндө жаш жигиттин сөөгү табылганын ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Ал 25 беш жашатагы жигит экени, жакында эле түрмөдөн чыкканы айтылууда. Ага билгисиз адам көп жолу бычак сайган. Учурда тергөө жүрүп жатат

«Бишкек-Баткен» каттамындагы «Тез жеттин» учагы авариялык абалда конгонун ырчы Исмадияров жарыялады (Видео)

«Бишкек-Баткен» рейсин аткарган учак 1-мартта жарым жолдон артка кайтып,  «Манас» эл аралык аэропортуна конгонун жүргүнчү, ырчы Дайыр Исмадияров «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу кабарлады. Ал:  «учактын мотору күйдүбү, түшүнүксүз. Жарым жолдон авариялык абалда кайра Бишкекке келип кондук» деп, Фейсбуктан тасма тараткан…

Маалыматта учак ичинде 99  адам бар экени, 32  мүнөт учкандыгы айтылат

Опубликовано Дайыром Исмадияровым 1 марта 2018 г.

Опубликовано Дайыром Исмадияровым 1 марта 2018 г.

Бишкекте жаңжал учурунда кошуна аялды мууздап өлтүргөн киши кармалды

Бишкек шаарынын Интергельпо көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде кечээ, 28-февралда кечинде 65 жаштагы аял кошунасынын колунан каза тапты. Бул тууралуу АКИpress агенттигине булактар маалымдады.
Алдын ала маалыматтарга караганда, кошуналар спирт ичимдиктерин ичип, алардын ортосунда жаңжал чыккан. Анын кесепетинен эркек киши 65 жаштагы кошуна аялды мууздап салган.
Бишкен ШИИБден билдиришкендей, 102-кызматына 28-февраль күнү Интергельпо көчөсүндөгү батирде кансырап жаткан аял тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге ШИИБдин жана Ленин районунун ыкчам тергөө тобу жөнөп кеткен. Алар аталган даректе зомбулук менен өлтүрүлгөн аялдын денесин табышкан. Каза болгон аялдын өздүгү аныкталып, 1953-жылы туулган Ы.Э. экени такталды.
ШИИБдин мобилдик батальонунун кызматкерлери тарабынан аталган кылмышка шектүү деп 1953-жылы туулган Н.А. кармалды. Бул факты боюнча Ленин РИИБдин тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексиндеги 97-берененин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иш козгоду.
Шектүү камакка алынып, териштирүү иштери башталды.
www.turmush.kg

Бишкектин түнкү кулбундагы абийирин жаппай «ачык» кийинген кыздын сүрөтүн жарыялашты

Limon.KGге Бишкектин түнкү  кулбдарынын биринде абийрин жаппай ачык-чачык  кийинип жүргөн кыздын сүрөтүн салышкан. Ал кыздын студент экени айтылууда. Сүрөттө байкалгандай ал кыргыз кыздарына окшош.

Ал өзүнүн соцбаракчасына:

«Моя нашумевшая фотография. Уверенна сообщество Инстаграма и ее удалит», –деген пикирин жазган.

Түнкү кулбдардагы мындай көрүнүштөр барган сайын күчөп барат. Бул маселе боюнча өкмөт чечкиндүү чара көрбөсө, мунун арты жакшылык  менен бүтпөйт

Мурунку элчи Замира Сыдыкованын уулу АКШдагы курал сатууга тиешеси барбы?

АКШда куралдарды аткезчилик жол менен Чеченстанга салууга шектелип кармалган 2 жигиттин бирөөсү Кыргызстандын АКШдагы мурдагы элчиси Замира Сыдыкованын уулу экендиги маалым болду. Кармалгандардын бири  Эльдар Резванов Казакстандын жараны болуп эсептелет. Экинчиси Тенгиз Сыдыков. Замира айым бул  маселе боюнча “Турмушка”: «Балам качандыр бир кезде аны менен бир батирде турган. Бул иш ошол жигитке тиешелүү окшойт. Балам азыр башка жакта жашайт. Ал Резвановдун кармалганын билгенден кийин аны колдоо же кармалуунун себебин билүү үчүн полициянын мекемесине барыптыр. Жагдай териштирилгенге чейин деп аны дагы кармашыптыр. Бул 72 саатка формалдуу эле кармоо. Сот кармалгандарга карата айыпты кабыл алуу же кабыл албоо боюнча чечимди эртең кабыл алат. Чындыгында азырынча айыптоочу корутунду жок. Менен баламдын буга катыштыгы жок. Ал жөн гана ошол бала менен батирде чогуу жашаган», — деп билдирген. Албетте эне деген эне. Ким эле баласын жамандыкка кыйгысы келсин. Бул маселе алдыда дагы да такталышы толук мүмкүн. Белгилей кетсек, Сыдыкова Бакиевдин тушунда, тагырагы 2005-2010-жылдары АКШда элчи болуп турган.

Жогорку Сотко судья болмокчу болгон 6 талапкердин кимиси таза? Ирина Воронцовабы?

Береги сүрөттө Воронцова сыйлык алып жатат…

Сотторду тандоо кеңеши Жогорку соттогу алты бош орунга талапкерлерди тандаганы маалым болду.  Жогорку соттогу алты судьялык орунга мындан бир ай мурун  46 адам арыз берген эле. Алардын ичинен Чүй облусттук соттун төрагасы Кыдык Жунушпаев, 55 жашта, Тоӊ районунда туулган.  Ирина Воронцова, Бишкек шаардык сотунун төрайымы, 49 жашта.  Дамира Орозова, Биринчи май райондук сотунда судья, 53 жашта. Нургүл Бакирова Ош облустук сотунда судья болуп келген. Кымбат Архарова 50 жашта. Жердиги Ак-Суу району. Учурда Октябрь райондук сотунда судья.  Ал эми Айдарбек Алымкулов да судья болуп келген. Мына ушул 6 талапкер эӊ көп упай алышты. Бул алты талапкердин тизмеси президентке сунушталды. Бирок алтоонун ичинен кимис таза деген суроо туулбай койбойт. Маселен, Бишкек шаардык сотунун төрайымы Ирина Ворноцова тууралуу жакшы пикрилер жокко эсе, көп сындарга кабылып келет.  Бул адамдын артында ар кандай сөздөр ээрчип келет. Эгер таза адам болсо мынчалык сындар айтылбайт болчу. Эске сала кетсек, Президент талапкерлерди карап чыккандан кийин аларды бекитүү үчүн парламентке жөнөтөт. Парламент да таза адамдарды судьялыкка тандаш керек. Булганга адамдарды кылдатытк менен карабаса болбос…

Төмөндө Жогорку сотко арыз берген 46 талапкердин 37си канча упай топтогонун билип алыӊыз.

Ф.И.О. Итоги собеседования
1. Джунушпаев Кыдык

Карыбаевич 

84,573
2. Воронцова

Ирина

Николаевна

83.428
3. Орозова

Дамира

Токтоналиевна

82,625
4. Бакирова

Нургуль

Жакыповна

81.287
5. Архарова

Кымбат

Кадыровна

80.125
6. Алымкулов

 Айдарбек

Бекишович

79,125
7. Сыдыков

Аскат

Шаршекович

77,143
8. Садырова

Чинара

Идрисовна

75,5
9. Давлетбаева Мадина Акремовна 73,572
10. Байтикова

Эльмира

Турдакуновна

73,125
11. Мамбеталы

Жаныл

73,002
12. Айтбаева

Индира

Мукашевна

72,625
13. Осмонов

Айдарбек

Касымалиевич

72,625
14. Борончиева

Гульсана

Исмаиловна

70.57
15. Дуйшенбекова Гульнара Султанбековна 70,288
16. Тажибаев

Абибила

Кадырович

69,5
17. Карабаев

Сооронбай

Уркунбаевич

68,999
18. Мааткеримов

Ниязбек Болотбекович

67,714
19. Бранчаева

Сания

Измаиловна

66.715
20. Асанбаев

Болот

Султанович

66.375
21. Абдрахманов Жакып Токтобекович 65
22. Багишев

Данияр

Мансурович

65
23. Кубатов

Айвар

Эсенкулович

64,998
24. Берюева

Анаркуль

Декановна

64.857
25. Сариев

Аманбек

Орозунбекович

63,5
26. Чоконов

Абдисатар

Матишович

63,5
27. Асылов

Толомуш

Акматович

63,141
28. Молдакунов

Айбек

Карыбекович

63,125
29. Саатов

Таалайбек

Джапарович

61,875
30. Сакеев

Дамир

Ушурбекович

60,625
31. Алжанов

Абылбек

Асанович

58,572
32. Балагазыева

Аида

Балагазыевна

57.857
33. Алыбаева

Нургуль

Алыбаевна

55.285
34. Абакиров

Каныбек

Шонкоевич

53,25
35. Алымкулов

Мыктарбек

Сатылганович

46,75
36. Алымкулова

Бактыгуль

Эмиловна

46
37. Аземкулов

Барктабас

Шаршеналиевич

37.375

 

 

 

 

18 жаштагы балбан Акжол Махмудовдун алтынга жеткирген жеңиши (ВИДЕО)

Zhadrayev (KAZ) vs Makhmudov (KGZ)

Best Match From Day 2 Of The Asian C'ships | #bishkek2018

Опубликовано United World Wrestling 28 февраля 2018 г.

Жанар Акаев «Кыргыз темир жолдун» ана башчысы Ногойбаевдин коррупциялык иштерин жар салды

«Өлкө экономикасынын локомотиви болгон Кыргыз темир жолу мамлекеттик ишканасын билесиздер, бир кездерде бюджеттин капчыгын толтурган ишканалардын бири болчу, а бүгүнкү күндө мышык ыйлай турган абалда, азыр банкроттук абалга кептелип отурат. Ишкана канчалык итке минген сайын, тармакты башкарган жетекчилер башын жерге салып уялгандын ордуна, темир жолду жеке менчик ишканасындай пайдаланып жатат, элге эмес, өздөрүнө. Алмазбек Ногойбаев жетектеген бул ишканадагы коррупциялык үч эле фактыны айтайын.

1) Кыргыз-орус фондунан Кыргыз темир жолу ишканасы 8 миллион 380 миң доллар насыя алып, январдын аягына чейин иштей баштайт деген 150 вагон, мына февраль аяктап баратат, бүгүнкү күндө да жүздөн ашууну келе элек. Анын болгону кыркы келди азыр, анын да онго жакыны талапка жооп бербеген эски тетиктер менен келген. Кырк вагон тең тендердин талабына жооп бербейт. Мына, менин колумда башкы инженер Лиличенконун колу коюлган тастыктоочу документтер турат. Бул вагондорду ортомчу казак фирмасы аркылуу сатып алуу келишими түзүлгөндө эле, чоң күмөн жаралган. Ошол кооптонуубузду тастыктап, ушул күнгө чейин Жалал-Абадга вагондорду толук жеткизе элек, качан жеткирээри да белгисиз. Келишим боюнча келишимди аткарбаган тарап, 001 % штраф төлөш керек болчу. Бүгүнкү күндө ал сумма миллиондорду чапчып кетти. Темир жолдун жетекчилигинин шалаакылыгын артында, казак фирмасына айып пул салына элек. Бул жерде коррупциялык макулдашуулар кашкайып көрүнүп турат. Вагондордун баары убагында келгенде, канча деген жүктөр ташылып, бюджетке далай акча түшмөк, бул деген кредитке алынган акчалар, эми жоготулган чыгымдарды ким толуктайт? Бул бир.

2) Экинчиден, Темир жолдун башчысы Ногойбаев жакында Өзбекстандын бизге болгон 1 миллион 849 миң Швейцария франкын, карызын кечип жиберди. Бул деген 137 миллион сомдой каражат болот. Эмне бул каражаттар биздин бюджет үчүн ашыкча болуп калдыбы? Өкмөт балдарга жөлөк пул берели десек акча жок дейсиңер, мектеп куралы, оорукана куралы десе акча жок дейсиңер, мына булар акчаны кандай пайдаланып жатканын көрүп алгыла.

3) Ушул эле Ногойбаев башкарган кыргыз темир жолу ишканасына тиешелүү жерге Ногойбаевдин өзүнүн кызынын фирмасына үч кабаттуу мейманкана куруп, иштетип жатат. Бул мейманкананы Эсеп палатасынын аудиторлору мыйзамсыз курулган деп тапкан. Бирок азырга чейин камаарабай иштетип жатат. Мына менин колумда Эсеп палатасынын актысы, кызынын атына катталган документтер турат. Ошол эле маалда кызынын жеке менчик фирмасы темир жолго тиешелүү иштердин баарын аткарып, темир жол болсо жумушсуз отурат», — деди эл өкүлү.

Чынында «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы эчактан бери эле коррупцияга кокосунан батып кеткен. Бул маселе жалпы коомчулукка, бийликке жакшы маалым. Мурунку президент Атамбаев Ногойбаевди жазаламак тусун, тескерисинче чалчанджатып, укмуш эркелтип келген. Ал тургай анын «жеп-ичип» жаткан эмгегин баалып, «Даңк» медалы менен сыйлаган. Бизде мындай адамдар иштеп жаткандай эч качан ийгиликтер жана жылыштар болбойт…