Москвада кырсыкка кабылган Анарбек уулу Чыңгыздын жактоочуcу билдирет (ВИДЕО)

«Замандаш» саясы партиясынын маалымат катычылыгы Москва шаарында кырсыкка кабылган Анарбек уулу Чыңгыздын абалы тууралуу жана соттун чечимин  жактоочусу Токтошев Мирбек Сталбекович маалымат бергенин кабарлады. Эске сала кетсек, «Замандаш» партиясы Москвада кырсыкка кабылган Чыңгызга биринчилерден болуп жардам көрсөтүп, көпчүлүкө үлгү көрсөттү.

Москвада кырсыкка кабылган Анарбек уулу Чыңгыздын жактоочу билдирет (ВИДЕО)

«Замандаш» саясы партиясынын маалымат катычылыгы Москва шаарында кырсыкка кабылган Анарбек уулу Чыңгыздын абалы тууралуу жана соттун чечимин  жактоочусу Токтошев Мирбек Сталбекович маалымат бергенин кабарлады. Эске сала кетсек, «Замандаш» партиясы Москвада кырсыкка кабылган Чыңгызга биринчилерден болуп жардам көрсөтүп, көпчүлүкө үлгү көрсөттү.

“Замандаш” СП төрагасы Ж.Молдокматов: “Москва шаарында кырсыкка кабылган Чыңгызды биз көнүл сыртында калтырбайбыз”.

Үстүбуздөгү жылдын 16-июнунда Москва шаарында Анарбек уулу Чыңгыз аттуу жараныбыздын жумуш учурунда кырсыкка кабылып, капысынан жол чекесиндеги адамдарды унаасы менен коюп кеткендиги бүгүн массалык маалымат каражаттары аркылуу кеңири тарап, Анарбек уулу Чыңгыз ушул тапта камакка алынып, сурак иштери жүрүп жатат. Кырсык болгон күнү Чыңгыздын апасы Зумураткан Мунапбаева дароо Москва шаарына жөнөп кетти.
“Замандаш” саясий партиясынын маалымат бөлүмүнөн билдиришкендей, учурда партиянын Россия Федерациясы боюнча өкүлү Акбар Маразыков жана Москва шаары боюнча өкүлү Марат Исаевдер адвокат жалдоо жана каржылык колдоо көрсөтүүнү колго алышты. Ал эми партиянын төрагасы Жеңиш Молдокматов Чынгыздын бир тууган агасы Алмаз менен жолугуп, финансылык жактан көмөк көрсөттү.
Партиянын төрагасы Жеңиш Молдокматов билдиргендей, кырсыкка кабылган Чыңгыздын иши көңүл сыртында калбайт жана Чынгызды бул оор ахыбалдан чыгаруу үчүн “Замандшчылар” болгон аракеттерин жумшашмакчы.

10 жаштагы кызды 4 жашар торпок сүйрөп кетип каза болду

Баткен облусуна караштуу Лейлек районунда 10 жаштагы кызды 4 жашар торпок сүйрөп кетип каза болду. Бул тууралуу «24.kg» агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка караганда,  кызды үй жаныбары 150 метрге чейин сүйрөп кеткен. Алган жаракатынан улам ал каза болду.

Алдын ала алынган маалыматка ылайык, кыздын ата-энеси аны уй кайтарганга жиберген. Кырсык болгон маалда кыз бала торпогунун мойнунан байланган аркан жиптин аягын белине байлап алганы маалым болду. Тартип сакчылары балага жипти байлоо тууралуу кеңешти ким бергендигин такташууда.

Бишкекте жаштар ала качып бараткан кызды сактап калышты (Видео)

Кечээ күнү Бишкекте бир канча жигит күч колдонуу менен кыз ала качып баратканын  Tolkun Kyzaevaаттуу жаран көрүп калып, жанындагыларды жардамга чакырып, кызды сактап калышкан.  Андан соӊ, милицияга кабар берген. Ал бул тууралуу өзүнү соц. баракчасына орусча жазып, тартып алган тасманы жарыялаган.

«Ещё не отошла от страшной истории с Бурулай, которую зверски убил похитивший ее нелюдь,а сегодня стала свидетелем кражи девушки у Университета туризма на пр Чуй. Несколько парней буквально волокли бедную девушку и запихали в машину. Мимо проезжавшие водители побросали свои машины и побежали вызволять девушку. Особенно грамотно повёл себя мужчина в очках, спасибо ему огромное. Он поставил свою машину прямо перед ними, заблокировав тем самым выезд их машины, вытащил девушку, тут на подмогу прибежали ещё люди и пошёл говорить с этими уродами. Эти уроды закрылись в машине, выйти побоялись, так и продолжали сидеть в машине. На призыв выйти из машины и поговорить по-мужски эти выродки прятали лица. Поскольку у меня в салоне находились перепуганные внуки, мне пришлось быстро вернуться в машину,убедившись, что девушка цела и невредима. Она очень горько плакала. На вопрос одной из женщин она ответила, что знает этих парней. Я вызвала милицию, порадовалась, что на том конце провода девушка мгновенно отреагировала, сказав, что машину отправляют немедленно. Мне звонили весь вечер из милиции, уточняли детали. Хотелось бы узнать конец этой жуткой истории. На фото номер машины этого несостоявшегося «женишка» и его дружков. Надеюсь наши органы отреагируют правильно на столь вопиющий случай, произошедший ранним вечером в очень многолюдном месте».

«Манас” аэропортунун жетекчиси араң эле 120 миң сом айлык алат     

“Манас” аэропортунун жееткчиси Эмил Чукаевдин айлыгы 120 миң сом экенин Мамлекеттик мүлк фондусунун жетекчиси Ринат Түлебердиев айтты. Анын айтымында Чукаевдин айлыгы 52  650 сом, ал эми анын кошумчалары кошулганда 120 миң сомду чапчыйт. Бул эми расмий түрдө алгандагы айлыгы.

Алимжан Чотбаев: Апа, жаткан жериңиз жайлуу, Окуган намазыңыз, туткан орозоңуз сизге жардамчы болсун!

-Аланайын Алимжан, мына бул жанымдагы Тагай, апаң Бактыкандын эң жакын укаси, а мен эжем менен бир үйдө, бир төшөктө чоңойгом. Карйан эжемин о дүйнөгө кеткенин кабарлап койсоң жүзүн көрүп, өз колум менен узатпайм белем,-деп Жалил тагам мени карылуу колу менен бекем кучактап алып, өпкө-өпкөсүнө батпай солуктап жатты. Анын бет ылдый аккан жашы менин мойнума жамгырдай тамды. Анан тагамын кызы Данаштын кошогунун:

…Кайран гана эжем ай,

Жетим калып жашыңда,

Эмгек менен зор болдуң.

Токсонго жашың жеткенде,

Балдарың жок жаныңд.

Жалгыз өлүп кор болдуң…деген сөздөрү мага жеткенде дүйнө караңгылап, ка лган сөздөрү менин аң-сезими менен кошо өлүп жатты. Ошондон улам үйгө бурулган жолдон баштап жер жаңырта өкүрүк салгандар, боз үйдө сыздап кошок кошкондор, мени бекем кучактап алып апамды жоктоп жашын төккөндөр биздин жакын туугандарыбыз экендигин туюп жаттым.

*  *  *

23.05.2018. Үй опур-топур. Атамы жайга коюп келгендерге тамак берүү даярдыгы. Үйдө эчнерсе жок. Апам болсо төркү үйгө кирип, башын улагаг багыттап “мен чарчадым, өзүңөр тейлегиле” деп жатып алды. Аңгыча болбой Батырбек тагам, Самаган акем эл баштап келип калды. “Э кокуй, тагам менен акем эчак эле өтүп кетишти эле го!” деп чочуп кеттим. Көрсө түшүм экен. Түнкү саат 2. Жаман түш көрсөң намаз окуп кой деген эсиме түштү. Даарат алып намаз окудум. “Жараткан, мен барганча апама тийе көрбө?” деп бата кылдым. Телефон чалуу.

-Назгүл, апам кандай?

-Жакшы. Бүгүн догдурлар келип дары жазып беришти. Азыр тамак жеди, уктап жатат.

-Силерде саат канча болду?

-Кечки тогуз.

-Макул. Апамы жакшы кара?

-Камтама болбоңуз. Түшүңүздү сууга айтыңыз.

Өмүрүмдө түшкө ишенбеген жаным бул жолу түштөн корктум. Апамын “чарчадым” деп башын улагаг багыттап жатып алганы эмнеси? О, Жараткан! Мен барганча апама тийбе, жок дегенде батасын алып, жылуу колдорунан кармап, сөзүн угайын. Коштошууга насип кыл, жанында турайын, башка эчнерсе сурабайм?” деп жалынып жаттым. Уйку жок. Эртең менен жумушка баратканда жолдон кайрылып, агып жаткан дайранын катуу аккан жерине барып “Жамандыкты агызып кет, апамын өмүрү суудай узун болсун” деп тилек айттым. Оюм уйгу-туйгу.

*  *  *

24.05.2018. Телефон коңгуроосу. Түнкү 2. Балам экен.

-Эмне болду?

-Ата, ата…Шолоктогон үн.

-Ата, бабушка өтүп кетиптир, мага азыр айтышты. Мен кайда барйын, эмне кылайын ата…

Тунжуроо. Бир заматта бул дүйнөдө эчким жоктой, мен жалгыз калгандай. Саналуу мүнөттөрдө 4-5 жашымдан тартып азыркы кезге чейинки өмүрүм көз алдыман чубуруп өтүп жатты. Өткөн жылы көргөн апам мени күтүп, мурдагыдай эшикти карап жаткандай. Мен келгенде адатынча пиалага суу алып, башыман тегеретип, ага түкүртүп, баарын жакшылыкка жоруп, анан сууну төкчүдөй болуп турду. Эми апам эч качан антпейт, мен киргенде неберелерине мен үчүн кайрадан төшөк салдырбайт. “Чоңдоруң жакшыбы? Урушпайбы?” деп сурабайт. Заматта болушаарыман, сөзү менен кубаттап жубатарыман айрылып, заманам куурулуп, жашоом апам барында жана эми апам жогунда болуп экиге бөлүнүп калды. Мен үчүн жер жүзүндөгү адамдар апалуулар жана апасыздар болуп экиге бөлүнүп калды.

*  *  *

Апа, сизди акыркы сапарга узатып жатканда айыл имамынын “Союш союлбасын, аза күткөн жерде тамак берилбесин, айт майрамында куран окулбасын” деген сөздөрүн эки өкүл кызыңыз төгүнгө чыгарды. Сиз көздөй көргөн өкүл кыздарыңыз “Балдары эмне кылып коюшту? Убагында келсе согум союлуп калбайт беле, бул кемпир койлук беле, жылкыга татыктуу болучу, элге барган, элдикин алган” дешип, сизге аябай “кейип” жатышты. Абдылда куудул күйгөнүнөн “азыр баарын катындар билет, ошолордон сура” деген тура. Имам менен көпчүлүктүн айтканы өкүл кыздарыңызга сиңбеди. Жаным кашайып “Кана, кимге барып кимдин тамагын жептир? Апам токсонунчу жылдан бери шаарда турат. Андан бери канча жыл өттү?” десем унчукпай калышты. Апа. Сиз аларга атайылап мени чыгым болбосун деп орозо маалында өлгөндөй көрүштү. Андыктан каршылыкка карабай доолашып жатып келгендердин баарына “пакет” бердиртишти. Антпесе сооп тийбейт имиш. Айткандарынын баарын жасадык, аянган жокпуз. Баары бүттү, келчүлөр келди, желчүлөр желди. Сизге сиңди болуп жүргөн аялдардын кээ бирөөлөрү үч күн катары менен келишип, сөрүдө сиз эмес, башка нерселерди бакылдаша сүйлөшүп, үч күн үйлөрүнө “пакет” ташышты.  Алтургай өкүл кызыңыз  “мага кечинде эмне шорпо берип жибербедиңер?” деп таарынды. Эт желди, шорпо ичилди. Эки жолу ооз ачырылды. Баары бүттү. Ошону менен сиз унутулгандай болду. Мына, биздин маданитбыз, адамга болгон мамилебиз. Ушуларды эстеп бир көчөттү 9 миң, бир аттишти 600 долларга алгандарды ичимен “Силерди ушул эл тарбиялаган, эмнени көрсөң ошону жасайсың, азаматтар, мындай элди ушинтип курутуш керек” деп алкап жаттым.

Апа, сиз бизди антип тарбиялабапсыз. Эртеден кечке пахта талаасында эмгектенип, кечинде кир жууп, нан жапчуусуз. Сизди көрүп биз да эмгекчил, чынчыл болуп чоңойдук. Сиздин райондук “Ардак тактада” турган сүрөтүңүз. Сиз алган “Эмгек Кызыл Туу” ордениңиз, “Эмгектеги каармандыгы үчүн” медалыңызбизди көп нерсеге милдеттендерчү. Сизди уят кылбаганга аракеттенчүбүз.

Сиздин эмгегиңизди баалап, сизди акыркы сапарга узатууда Сузак райондук мамлекеттик админстрациясынан бир да өкүл келип эскерүү сөзүн айтып койбогонуна ичим күйдү. Ошондуктан акимдин атына мааламат каражаттарында сизди эскерип коюусун өтүнүп кат жазып койдум. Бирок бул өтүнүтүн аткарылышына көзүм жетпейт.

Апа, жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун. Окуган намазыңыз, туткан орозоңуз сизге жардамчы болсун.

Сиз ооруп жүргөндө, токсонунчу жылдары “Апа, өлбөңүз, азыр сизди узатууга чамам жок” деген өтүнүчүмдү мүмкүн болушунча аткарганың үчүн чексиз ыраазымын жана ооруну ушул убакытка чейин биз үчүн жеңип келген кайратыңызга таазим. Ал жакта мезгилсиз кеткен эгиз уулдарыңыз, жакшы көргөн уулуңуз, апаат согуштан кайтпай калган төрт бир туугандарыңыз, таятам жана таянем менен бактылуу жашаңыз.Көрүшкөнчө апа. Биз сизди уят кылбайбыз. Мурдагыдай ишениңиз.

Уулуңуз Алимжан Чотбаев.

*  *  *

   Алимжан, кайрат кыл. Эми мындан аркы жашооң Энесиз өтөт. Бирок ак жаркын элеси өмүрүңдүн акырына чейин сени менен бирге болорун унутпа. Эми сен апаңды мурдагыдан да көп эстеп, мурдагыдан да көп сагынасың. “Ошондо эмне үчүн ошентпей койдум эле” деп өкүнөсүң, сыздайсың, эстейсиң. Силер алыста жүргөнүңөрдө күндүр-түндүр уктай албай, апаңар силерди ойлоп, силерди сагынгандай, силерди  эстегендей, сен эми балдарды эстеп, балдарды сагын. Ошолорго тээк бол, ошолорду адам кыл, ошентсен, маркум тигил дүйнөдө жатып сага ыраазы болот, апаңдын осуятын аткарганың ошол болот. Ал эми апаңдын өкүл кыздарына таарынба, бир кезде Сузактын пахта талаасында эл деп ак эмгегин, маңдай терин төккөн маркумдун зыйнатына келип койгонго жарабаган Сузактын акимчилигине таарынба, Алимжан. Кайда жүрсөң да, аман болуп, ар дайым апаңа багыштап, үзбөй куран окуп жүр. Апабыздын жанын жаннаттан берсин деп тилейли!

Аке досуң Шайлообек Дүйшеев.

Тажик чек арачылары чектен чыгып жатат

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы Баткендеги 4-июнда болгон окуя тууралуу түшүндүрмө берип, жаңжалга тажикстандык чек арачылардын мыйзамсыз аракеттери себеп болгонун жар салды. Маалыматта:  тажик чек арачылары биринчи болуп эскертүү иретинде асманга ок аткан. Мунун алдында тажикстандык аскерлер макулдашыла элек линиядан өтүп келип, “Футбол талаасы” участкасында соода кылган Кыргызстандын жарандарын кубалаганы айтылат.  Жаңжал күчөп олтуруп, кийин тажик аскерлери Кыргызстандын чек арачылары тарабынан кармалган. Бул чырлуу окуядан кийин Кыргызстандын жана Тажикстандын Чек ара кызматтарынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу болгон. Бирок кандай чечим кабыл алынган боюнча маалымат айтыла элек.

Булак:Багыт

Карылардын камын көргөн «ЗАМАНДАШ» (ВИДЕО)

Акыркы учурларда Кыргызстандын аймагында улгайган, эмгекке жараксыз жана ден-соолугунан мүмкүнчүлүктөрү чектелген ата-энелерин багуудан баш тарткан жарандардын саны кескин өсүүдө. КРнын социалдык өнүктүрүү министрлигинин расмий маалыматтарына ылайык, 2015-жылы өлкө боюнча 6 карылар үйлөрүндө 500 тургуну болсо, 2018-жылга карата алардын саны 1000ден ашты. Андыктан, улгайган ата-энесин багуудан баш тарткан жарандарды жоопкерчиликке тартуу, “Кыргыз Республикасынын Кылмыш — жаза кодексине” жана Кыргыз Республикаснын 2011-жылдын 26-июлундагы №133 “Кыргызстандын улгайган жарандары жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү долбоорун “Замандаш” саясий партиясы КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттарына сунуштаган. Учурда аталган мыйзам долбоору ЖК депутаты Тазабек Икрамович тарабынан иштелип чыгып, коомдук талкууга коюлду.

Ушуга байланыштуу “Замандаш” саясий партиясынын жетекчилиги Бишкек шаардык карылар үйүнө барып жеринен таанышып, ЖК депутаттарына кайрылышты:

Урматтуу Дастан Артисбекович!

Урматтуу эл өкүлдөрү!

“Замандаш” саясий партиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына, ата-энесин багуудан баш тарткан жарандарды жоопкерчиликке тартуу, “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине” жана Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 26-июлундагы №133 “Кыргызстандагы улгайган адамдар жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү сунушун жолдогонбуз жана Сиздерден аталган сунушту колдоп берүүңүздөрдү суранабыз.

Бала мээримине зар болгон карылар үйүндөгү ата-энелерибиздин күнүмдүк турмушу өтсө да, жүрөктөрү ызаа, кайгы-муңга толгон…

 

 

 

.

 

Өзбек мусулмандары битир-садакаларды Интернет аркылуу төлөө мүмкүнчүлүгүн алышты

Өзбекстанда Click компаниясы «Вакф»  кайрымдуулук фондунун көмөгү менен милдеттүү жана ыктыярдуу төлөмдөрдү Интернет жана мобилдик байланыш аркылуу төлөө мүмкүнчүлүгүн киргизди.

Ага ылайык, өзбекстандык мусулмандар каалаган учурда каалаган жерде битир-садака, зекет жана башка ыктыярдуу жана милдеттүү төлмөдөрүн жүргүзө алышат.

«Вакф» кайрымдуулук фонду Юстиция министрлигинде быйыл май айында каттоодон өткөн. Фонддун башкы максаты – мечиттерди, зыярат жайларын жана башка объектилерди каржылоо, материалдык-техникалык жактан камсыздоо жана бул тармактын кызматкерлерине материалдык колдоо көрсөтүү болуп эсептелет.

Исламда кайрымдуулук негизинен төрткө бөлүнөт. Биринчиси – муктаж кишилерге кайыр-садака берүү, кийинкиси – милдеттүү түрдө зекет төлөө, үчүнчүсү – муктаждарга үстөгү жок насыя берүү, акыркысы –«вакф»– колдонулбаган мал-мүлкүн, айрыкча кыймылсыз мүлкүн кайрымдуулукка жумшоо.

«Эс-учумду жоготуп коюптурмун»: Сокулукта мас абалдагы өгөй ата сабаган балдар энеси менен ооруканага түштү (фото)

Сокулукта мас абалдагы күйөөсүнөн токмок жеген келин балдары менен чогуу райондук ооруканада жатат. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы аталган келиндин жана балдардын абалын жеринде көрүп келди.

«Мен бул жолдошум менен бир жарым жылдан бери жашап келем. Анын атасы менен апасы чогуу жашашпайт. Жолдошум мени алганда атасынын үйүнө алып барган. Мунун менден башка аялы жана 4 баласы бар экен. Мени алдап үйлөнүптүр. Апасын кечээ биринчи жолу көрдүм. Өткөндө жолдошум айылга он беш күнгө кетти кеткен. Көрсө ошол аялына кетиптир. Жолдошум 1982-жылкы болот. Мен 1994-жылы туулгам. Улуу балам 5 жашка августта чыгат, кичүүсү 3 жашта. Өзүм Аксыдан болом, Сокулук районунда жашайбыз», — деди 24 жаштагы келин.

Айсулуунун айтымында, мас абалдагы күйөөсү сабаган учурда бир буту иштебей, эс-учун жоготуп койгон.

«Каның коюулап кетиптир деп, оозума арак куйду. Аны кусуп салдым. Балдарды көчөдөн чачтан сүйрөп келиптир. Андан соң, кичүү баламды дубалга чаап, улуусун башка койгулаптыр. Башы көк ала болуп жүрөт.

«Сени муунтуп өлтүрөм аркан алып кел» деп мени сыртка жумшады. Башында чыкпай жаткам. Андан кийин «макул» деп көчөгө чыгып, дароо милиция бөлүмүнө кайрылдым. Жолдошум аракты күндө ичпейт. Анда-санда ичет. Мен иштебей балдарды карап үйдө отурчумун. Кафеге жумушка идиш жууп киргениме эки күн болгон. Мен жолдошумду кечирем, себеби балдарынын жетим калышын каалабайм. Бирок, эгер мага үй салып бербей, балдарыма шарт түзбөй качып кете турган болсо, анда кечирбейм», — деди ал.

 

 

Сокулук райондук аймактык оорукананын сыныктар бөлүмүнүн дарыгери Бекзат Мамаев: «Баарынан мурун кичүүсү көбүрөөк жабыр тарткан. А, негизи үчөө тең денелеринен жаракат алып, ооруканага түшүшкөн. Учурда абалдары жакшы. Эми биздин көзөмөлдө он күн жатышат», — деди.

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 4-июнда Сокулук районунда мас абалдагы эркек киши балдарды жана алардын энесин сабап салган.

«4-июнда саат 21:00дө Сокулук РИИБге «102» кызматы аркылуу 2 жаштагы жана 5 жаштагы балдар денелерине ар кандай жаракат алып, тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилгендиги тууралуу маалымат келип түшкөн», — деп айтылат маалыматта.

Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу чыгарда, милиция кызматкерлерине 24 жаштагы Т.А. аттуу келин кайрылып, 4-июнда болжол менен саат 20:00 чамасында 36 жаштагы мас абалдагы күйөөсү Д.Б. эч себепсиз кол көтөрүп, сабагандыгын билдирген.

«24 жаштагы келин РИИБге чуркап кеткенде, мас абалдагы күйөө балдарын ур-токмокко алган. Бул окуяны көрүп калган кошуналар тез жардам кызматын чакырышкан. Балдар райондук аймактык ооруканага жеткирилген», — деп билдиришти аталган түзүмдөн.

Аталган факт РИИБге каттоого алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Ал эми 36 жаштагы Д.Б. РИИБге жеткирилип, окуянын чоо-жайы иликтенип жатат.

Алдын ала маалыматтарга караганда, 24 жаштагы келин 2016-жылдан бери Д.Б. менен жарандык никеде турган.
Булак:www.turmush.

 


 

Тажик чек арачылары кайрадан кыргыз жерине куралчан кирип келишкен. Кыргыздар алардын куралын тартып алып… (Видео)

4-июнда Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Максат аймагынын Футбол талаасы тилкесинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда жаңжал чыкканы маалым болду. Баткен чөлкөмдүк чек ара башкармалыгынын өкүлдөрү да ок атуу болгонун тастыктаган.

Мамлекеттик чек ара кызматы окуя саат 17:10 чамаларында болуп, тажик чек арачылары эскертүү катары асманга ок атышканын кабарлады.   Жаңжалга тажикстандык аскер кызматкерлеринин кыргыз-тажик чек арасындагы чек арачылардын жүрүм-турум сызыгын бузганы себеп болгон.
Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз өтүп келди делген үч тажикстандык чек арачы курал-жарагы менен кармалган. Ушул окуяда тартылган деген видео интернеттеги социалдык тармактарга да тарап жатат. Атышуудан кийин кыргыздар тажик чек арачысынын бирин таңып койгон. Эске сала кетсек, ушул сыяктуу окуя жакында да болгон.

Лейлектеги окуя

Опубликовано Равшаном Мамановым 4 июня 2018 г.