Онкология борборунун башчысы Тилеков: энем өлсө кантип ыйлайм деп сарсанаа болдум

Бир ирет боор рагы тууралуу материал жасайын деп Онкология жана гематология борборунун жетекчиси менен байланышсам, жол тыгында кетип баратканына карабай далдоо жерге унаасын токтото коюп адистин телефон номерин жөнөткөн.

Негизи эле Эрнис Тилеков абдан ачык сүйлөп, бетке айткан киши. Ал бейтаптардан рак илдети тууралуу жашырган туура эмес экенин айтып, журналисттер оору жөнүндө чындыкты жазышы керек деген ойдо.

Эрнис Тилеков Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине маек куруп, жетекчилик кызматка кантип келгенин, онкология жана гематология борборлорунун биригиши кызматкерлерге кандай таасир эткенин жана хирургдун ишинин күңгөй-тескейи тууралуу айтып берди.

— Жетекчиликке чейинки жолду катардагы солдаттан тарта командирге чейин жеткен даражага салыштырып жүрүшөт. Сиз деле башында дарыгер болсоңуз керек?

— 1977-84 жылдары Фрунзедеги медициналык институтта билим алдым. Хирург болуп калышыма залкар дарыгер Мамбет Мамакеевичтин таасири чоң. Студент кезде аны телевизордон гана көрүп, радиодон тыңдачубуз. 2-курсумда шаардык №2 клиникалык оорукананын (азыркы улуттук хирургия) операциялык бөлүмүнө санитар катары жумушка орноштум. Иш учурунда хирургиянын бир топ кызыктуу учурларына күбө болуп, келечекте өзүмдү ушул тармактан гана көрөм дедим.

Ошентип санитардан тарта медага, дарыгер, хирург, бөлүм башчы, жетекчинин орун басарына чейин көтөрүлдүм. Өмүрүмдүн эң сонун убагы Улуттук хирургия борборунда өттү. Былтыркы жылдын февралынан тарта иш ордумду таштап Улуттук онкология жана гемоталогия борборун жетектей баштадым.

— 40 жылга чукул бир жерде иштеп, анан өзүңүз тааныбаган жерге дароо жетекчи болуп баруу кыйын болсо керек. Жаңы кесиптештер кандай кабыл алды?

— Андай нерсе үч уктасам түшүмө кирген эмес. Былтыр саламаттык сактоо министрлигинин ошол кездеги башчысы Талант Батыралиев Онкологиялык борборду жетектеп беришимди сунуштады. Дароо баш тарттым. Себеби ал жактагы жамааттын ыркы кеткенин, саясатташкан иштери арбын экендигин укчумун. Талант Абдуллавич куулук кылып кетти окшойт, жетекчим Мамбет Мамакеевге кирип «балдарыңызды өзүңүз эле кармап отура бербей, эл менен да бөлүшүңүз» деп көндүргөн экен.

Бизге Мамбет Мамакеевичтин сөзү — мыйзам. Кабинетине чакырып «сени кууган жерим жок, өзүңдү сынап көр» деди. Үй-бүлө, дос, тааныш дегендин баары орун которушума каршы болду.

Жаңы кесиптештердин арасында сүйүнгөнү, анча жактырбагандары да бар эле. Мага күч-кубат, дем бергени — коллективдин 70-80 пайызы, өзгөчө жаштар колдоду.

Жетекчиликке келгенден кийин деле кетип калсамбы деп жүрдүм. Артка кайткандан бир чети намыстандым. Бирок ишти жөндөп кеттим деп ойлойм. Онкологиялык борбордун имаратына кыска убакытта оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп, бүгүн 80 пайыздайы жаңыланды. Жакында заманбап аппараттарды сатып алуу үчүн тендер өткөрөлү деп турабыз. Кыргызстандагы көзгө басаар медициналык борборлордун бирине айланабыз деп ишенем. Мындан сырткары, тышы жалтырак, ичи калтырак болбойлу деп кесиптештерди биримдикке үндөп келем. Коллективде 700дөй адам бар. Кой аксагы менен миң дегендей, ыркты бузган адамдар да болбой койбойт экен. А бирок иш билги сапаттарында сөз жок.

Жетекчимин деп кагаз иштери менен жүрө бербестен операцияларды да жасайм. Мурда хирург катары ички органдарды гана дарттан арылтсам, азыр эң оор деген рактын операциясын да жасаганды үйрөнүп жатам.

— Мурда Гемоталогия борбору өзүнчө эле, аны былтыр онкология менен бириктирбедиби? Эки борбордун кошулушу жетекчи менен кызматкерлерге кандай таасир этти?

— Азыркыга чейин бириктиргендин кереги жок болчу деген пикир бар экен. Маселен, Гематология борборунда бейтаптар үчүн элүү керебет бар болчу. Бизде ал бир бөлүмдүн эле керебеттери болуп эсептелинет. Негизи кандын рагы менен онколог дарыгерлер алектенет. Керек болсо Казактсандагы ири институттар холдинг катары биригип жатат. Биз үнөмдөөгө басым жасадык деп ойлойм. Пикир келишпестиктер деле болгон жок. Болгону гематологиянын башчысы бөлүм башчыга айланса, калганы мурдагы кызматтарын аткарып жатат.

— Коомдо «рак» деген сөздү уккандар кудай сактасын деп жакасын кармайт. Анын себеби да бар, оору өтүшүп кетсе өлүмгө жетелейт эмеспи. Айтсаңыз, Онкология борборунда иштөө моралдык жактан оорбу?

— Өзгөчө балдар онкологиясына киргенде жаман болом. Таң эрте дарыгерлерден отчет алып жатканда тогуз жашар бала кандын рак оорусунан инсультка кабылганын көрүп жүрөгүм ооруду.

Бейтапка оорусун угузуу, туугандары менен иштешүү өтө эле кыйын. Бизди оорулуулардын дартын айтпагыла дей беришет. Мен чындыкты айткан туура деп эсептейм. Айтат десе бетке чаппай, акырын сылып-сыйпап түшүндүрүш керек. Ооба, башында шок болот, маанайы чөгөт, кайгыга батат. Бирок жан таттуу. Өзүнө келгенден кийин оору менен күрөшүүгө өтөт. Биз жашырган учурда деле өлөөрдө билет экен.

Бир нерсеге өкүнгөн жайым бар. Таанышым жоон ичегинин рагына кабылганда бир жарым жылдай жашырдык. Ичер суусу аз калганда дарты тууралуу билип «Эрнис, эмнеге оорумду жашырдың, айтып эле койсоң эмне» деп атпайбы.

— Гиппократтын дарыгерлик антын бузуп жатам деп ойлобойсузбу?

— Гиппократтын айтканынан бери бир топ жыл өттү. Түшүнүктөр да өзгөрдү. Маселен, чет өлкөдө өлүмдүн божомолун ачык эле айтат. Бул юридикалык маселерге да жардам берет. Кыргыздарда каада-салт, баалуу түшүнүктөр да бузулду. Өлгөндөн кийин мүлк талашып тууган менен тууган соттошуп жатат.

— Ар бир хирургдун мүрзөсү бар деп коюшат экен. Бул баягы бейтапты сактай албаган учурга тиешелүү эмеспи…

— «Менин күнөөм жок, ката кетирген эмесмин» деп операция жасап көрбөгөн хирург айтышы мүмкүн. Бейтаптын каза болушу — трагедия. Операциядан жакшынакай чыгып эле ойдо жок жерден кете бергендер болот.

Улуттук хирургияда иштеп жүргөндө жаш кыздын өтүндөгү ташын алганбыз. Саламаттыгы дурус эле болчу. Бир убакта оорлошо баштады. Колубуздан келгендин баарын жасадык, сактай алган жокпуз. Ичин ачтырып өлүмүн аныктайын десем, уруксат беришкен жок. Азыркыга чейин эмнеден каза болду деп түпөйүл ойдо жүрөм.

Мамбет Мамакеевич айткандай, «миң жакшы операцияңды бир ийгиликсиз операция булгайт». Телефонум шыңгыраса эле жүрөгүм болк эткен адат таап алгам. Кайсыл убак болбосун, бейтаптарым эсиме түшө берет. Балким каза болду деп айтабы же дарты оорлошуп кеттиби деп эсим чыга берет.

— Хирургдар мерез болуп калат дегенге кандай карасыз?

— Биз бейтаптар менен кошо кайгырабыз. Хирург, тескерисинче, боорукер болушу керек. Көбү Мамбет Мамакеевичти катаал киши деп ойлойт. Бул киши абдан жароокер, апасын абдан жакшы көрөт.

Бир ирет китебинен окудум эле. Анда апасы турмуш шартка байланыштуу балдарына көк сүт алып келип берчү экен. Ошондой күндөрдүн биринде жаан жаап, алыста келе жаткан апасынын карааны көрүнбөй калат. Мамбет атты жайдак минип коктуга түшсө, энеси сүтүн төгүп алып ыйлап отуруптур. Экөөбүз кучакташып алып ыйладык дейт. Апасы балдарынын курсагына санаа тарткан экен. Кийин жумуштар менен ошол жерден өтүп калганыбызда Мамбет Мамакеевич «ушул кокту болчу, Эрнис» деп жашыган.

Былтыр бутумду кокустатып алып 20 күн үйдө жаттым. Чынында кор болот экенсиң. Ошондо бейтаптарым эске түшүп «ай байкуштар, ай» деп кейидим. Кыргызда «алты саның аман болсун» деген сөз бекеринен эмес экен.

Бейтап менен кошо кейийт десе, бырылдап отуруп албаш керек. Кайраттуу болгон туура. Илгери чоң энем «мен өлгөндө жакшылап өкүрүп кой» деп суранчу. Анан мен иш менен жүрүп каза болгондорго көнүп калыпмын, куран окуткан жерлерге барганда көзүмөн бир тоголок жаш чыкчу эмес. Эми энем өлгөндө ыйлай албай элге шерменде болбосом экен деп сарсанаа болчумун. Жок, керек болсо токтоно албай эле ыйлайт экенсиң. Энем каза болгондо араң сооротушкан.

— Рактын түрлөрү боюнча бир канча материал жасап калдык. Дарыгерлердин айрымдары негативди азыраак жашыбызды өтүнчү. Негизи эле олуттуу оорулар тууралуу азыраак маалымат берилиши керекпи?

— Ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат. Тамекинин сыртына деле коркунучтуу сүрөт чыгып жатпайбы. Кээде адамдарга катуу айткан жарашат. Андыктан журналисттердин оору тууралуу ачык жазганын колдойм.

— Дарыгерлердин айлыгы аз экендиги жашыруун эмес. Ошол себептен сол чөнтөгү иштеп кетет деген уу-дуу кептер бар…

— Суроону түшүндүм. Тааныштарыман алкоголь адамдын талабыбы же оорусубу деп сураганымда, мага үч күн тамак бербей коюшса эмне кыласың дешти. Мен жалбарам, кайыр сурайм, болбосо уурдайм деп айткам. Арак ичкендер да ушул сыяктуу, бул — талап деп жооп беришкен.

7-8 миң айлык менен өзүңдү каржылоо кыйын. Бул акча менен үй-бүлө баккандар бар. Мындай учурда медицинаны ташташ керек же уурдаганга туура келет. Албетте, колдобойм, кызматкерлерди уятка чыгарып келем. Айлыкты көтөргүлө деп талап кылгандан башка арга жок. Дагы жакшы, аз да болсо медайымдардын айлыгы көтөрүлүп калды. Мурда жумуштан кетпе деп жалынчу элек, азыр кезек күткөндөр арбыды.

— Сиздин айлыгыңыз өзүңүзгө жетеби?

— Мен жалпысынан 14 миң сом алам. Жубайым туберкулез оорусу боюнча дагыгер. Кызым банкта иштесе, уулум Бириккен Улуттар Уюмунунда иштейт. Кыскасы, балдарыбыз кем-карчызыбызды жаап турат.

— Дарыгерлик ишиңизде эмне өкүндүрөт?

— Совет доорунда дарыгердин даражасы бийик эле. Космонавт менен учкучтан кийинки орунда болчубуз. Элдин баары сыйлап, оозубузду карап турчу. Дарыгер да ошого жараша интеллектиси жогору, тарбиялуу, үлгүлүү эле. Азыр бир нерсе болсо эле дарыгерлерди тепкилеп киришет. Бир ооздон «акча алат, таш боор, кара мүртөз, карабай койду, ишин билбейт» деп мүнөздөшөт. Эмне себептен мындай акыбалга келдик, билбейм, күнөө өзүбүздөбү же элдеби, айтор, таң калам.

— Рак ооруларын алдын алуу боюнча кандай аракеттер жүрүүдө?

— Азыр рак ооруларынын ичинен аялдарынын эмчек рагы менен жатын моюнчасынын шигиги күч алды. «Скрининг» жүргүзүүнү пландап жатабыз. Бул соо адамды медициналык жактан кароо. Бардык ооруну убагында көзөмөлдөсөк илдеттен аз да болсо арылабыз деп ойлойм.

Жакында эле Сочи шаарында КМШ жана Евразия өлкөлөрүнүн онколог жана радиолог адистерининин конгресси өттү. Ортодо пикир алышып, тажрыйба алмашуу болду. Андан кийин Минск шаарында 60 өлкөнүн дарыгерлери катышкан ири иш-чарада рактын алдын алуу боюнча талкуу жүрдү. Ал жактан мыкты адистер менен таанышып, келечекте иш алып баруу боюнча алака түздүк.

Булак:sputnik.kg

Орозо кармаган ден-соолук табат

Раббибиз бизге эмнени буйрук кылган болсо ошол нерседе биздин материалдык жана руханий пайдаларыбыз бар. Кайсыларын бизге арам кылган болсо эч күмөнсүз ошол нерселерде өтө көп зыяндарыбыз бар. Муну бүгүн түшүнбөгөн болсок дагы эртең, күн өткөн сайын түшүнөбүз. Биз билбейбиз, ал билет…

Бизди жараткан жана жашаткан, өз энебизден дагы биз үчүн мээримдүү болгон Раббибизди уксак, буйруктарын аткарып, тыюу салган нерселеринен качсак дүнүйөдө, кабырда, акыретте ырахаттык, бактылуулук ичинде болобуз. Болбосо үч өмүрүбүз тең кыйынчылык, кайгы-азап менен өтөт.

Орозонун санап бүткүс пайдалары бар. Бирок, биз орозону бул пайдалары үчүн эмес динибиздин буйругу болгондугу үчүн кармоодобуз. Орозо кармай турган болсок ден-соолук табабыз.
АЗЫК ЖЫЙНАГЫЧТАР ЭЭРИЙТ!..
«Орозо кармагыла, ден-соолук тапкыла» Орозо кармаган адам ден-соолук табат. Күнү бою иштеген жана чарчаган органдарыбызды түнү уктап жатканда дем алдырабыз. Дем ала албаган кээ бир органдар бар: Аш казаныбыз, ичегилерибиз жана тамак сиңирүү системабыз… Булар дем алуу эмне экенин билбейт, токтобостон иштеп турат. Тоё жеп жатсак дагы ойгонгон кезибизде ачка болгонубузду сезебиз. Биз өзүбүздү жоготуп уктап калабыз, бирок, тамак сиңирүү системабыз уктабай дайым иштеп турган болот. Бул тынымсыз иштөө аларды чарчатат.

Уктап жаткан кезде көзүбүз, кулагыбыз, колубуз, бутубуз жана мээбиз дем алат. Дем ала албаган органдарыбызга дагы жок дегенде жылда бир ай бир гана күндүзү орозо кармоо аркылуу дем алдыруу мүмкүнчүлүгүн берген болобуз…

Ден-соолук жагынан дагы бир пайдасы – бул боордогу азык бириктиргичтердин ээрүүсү болуп саналат. Доктурлардын айтуулары боюнча боорубуз бир өлчөмдө азык кампасы болуп саналат. Денебиз муктаж болгон азыкты зарыл болор замат автоматтык түрдө керектүү өлчөмүн берүүдө. Орозо кармабагандар бул муктаждыктарын жеген азыктары менен камсыз кылып алгандыктары үчүн боорундагы бириккен азык козголбойт. Алар тура берип эскирүүдө, зарыл болгон кезде дагы керектүү натыйжа бере алышпайт…

***

Орозонун сабыр, шүгүр, напси тарбиясы сыяктуу башка ибадаттар менен дагы байланышы бар. «Орозо сабырдын, сабыр болсо ыймандын жартысы» деген хадиси шариф орозо кармаган адамдын сабырдуу болгондугун билдирүүдө… Сабыр кылууну буйрук кылган жана ага үндөгөн 70тен ашык аяти карима бар, эң чоңу: «Раббибиз сабыр кылгандар менен бирге» деген сүйүнчү. Сабыр кылуу адамдарга тийиштүү. Периштелер сабыр кылышпайт, себеби, алар жешпейт, ичишпейт, оорушпайт. Айбандарда сабыр тууралуу айтуу орундуу эмес, себеби, аларда акыл жок, жоопкер эмес. Адам уулу бул эки барлыктын ортосунда. Акылы бар периштелер сыяктуу, напси бар айбан сыяктуу. Акылын жогору кармай турган болсо периштелер сыяктуу көтөрүлөт, жада калса, алардан да озот. Себеби, периштелер каалайбы каалабайбы жакшы. Адам баласы болсо напси менен күрөшүү аркылуу көтөрүлө алат. Эгер аны напси жеңип ала турган болсо айбандашып төмөндөйт, жада калса, алардан да төмөнгө түшүшү мүмкүн. Себеби, айбандар жоопкер эмес.

Орозо кармоо менен периштелер сыяктуу болуудабыз. Белгилүү болгондой алар дагы жешпейт жана ичишпейт.

Раббибизге шүгүрдү акысына жараша толук кыла алуубуз мүмкүн эмес. Жакшылыктардын Андан келип жаткандыгын билүүбүз жетиштүү.

Хазрети Хусейин айткан: «Йа, Рабби, бизге жакшылыктарды бердиң, ага шүгүр кылбадык. Кыйынчылыктарды, ооруларды, кайгыларды бердиң ага сабыр кылбадык. Шүгүр кылбадыңар деп жакшылыктарыңды токтотподуң, сабыр кылбадыңар деп кыйынчылыктарыбызды дагы да узартпадың. Сен керимсиң, керимден керем пайда болот…» (б.а., Аллаху таала жоомарт, жакшылык кылуучу, жакшылык ээсинен жакшылык келет…)

САБЫР ҮЧ ТҮРДҮҮ

Кадырлуу китептерде жазылган: «Сабыр үч түрлүү. Бири – ибадатттарды орундоодо кездеше турчу кыйынчылыктарга сабыр. Намаз окууда, орозо кармоодо кээ бир кыйынчылыктарга туш келишибиз мүмкүн. Буларга сабыр кылабыз. Экинчиси – күнөө кылбоого сабыр. Күнөө кылбоого сабыр кылуу отто күйүүгө караганда алда канча жеңил. Үчүнчүсү – ооруларга, кайгыларга, жамандыктарга сабыр кылуу.»

Оору, жамандык суралбайт, келсе кутулууга аракет кылуу керек, дарылануу керек, бирок, мунун бардыгы натыйжа бербей турган болсо сабыр кылуудан башка чарабыз калбайт. Бул үч сабырга бериле турчу сыйлыктын өлчөмү жок. Биз дүнүйөгө ушул үчүн келдик, бардыгыбыз сынак бере турчу бөлмөдөбүз. Раббин тааныган, Анын буйруктарын кадырлаган, арамдардан сактангандар менен өзүн жараткан жана жашаткан затты тааныбаган, буйрук жана тыйууларына кулак аспагандардын бири-биринен ажыроолору керек. Киши кылган нерселеринин акыбетин көрөт, жакшылар түбөлүк бакытка, жамандар болсо ылайык болгон азапка туш болот..

 

Бутту кыйнаган варикоз оорусу

Варикоз – оорусу жыл сайын жаштардын арасында көбөйүп баратканы өкүндүрөт. Эгер тамырлар көрүнбөй эле, бирок кечинде таманыӊыз талып ооруп калса, анда варикоздун башталышы дей бериӊиз. Мисалы, эртеӊ менен бийик таканы кийсемби же кийбесемби деген ойдун келиши эле варикоздун башталышына түртөт. Себеби, така менен жүрүп, иштен келгенден кийин бут кийимди чечкенде буттарыӊыз эс ала түшкөнүн байкайсыз. Ошондуктан, эртеси таканы кийүүдө ойлоносуз.

Ал эми өтүшүп кеткен варикоздо бут кийим тандоо мүмкүнчүлүгү жоголот. Андай учурда көп туруп же отуруп койгондо, күндүн аягы эмес башталышында деле ооруй берет. Буттагы кан тамырлардын көк тартып көрүнүп калышы   өтүшүп кеткен варикоздон кабар берет. Варикоздун башталышында атайын варикоз үчүн узун байпактар, бинт жакшы жардам берет. Бирок, аларды да туура тандап, туура кийүнү флебологдор айтышат. Варикоздун байпактарын бутту катуу тартып турган байпактар менен алмаштырбоо керек.

Ачуу тамактар, алкоголь  жана кофе варикозду күчөтөт

Эгер сиз башталгыч варикозду токтоткуӊуз келсе, анда кыймылдуу болуӊуз. Тамакты да тарта жегенди үйрөнүӊүз. Мисалы, рациондон кан тамырды кеӊейтүүчү кофе, алкоголь, ачуу тамактарды алып салыӊыз. Бутуӊузга ыӊгайлуу болгон бут кийимди кийиӊиз. Ыӊгайлуу болбогон бут кийим кан айланууга терс таасирин берип, кан тамырлар ого бетер кеӊейишине салым кошот. 4-5 смден бийик таканы кийүү сунушталбайт.

Кээ бир кеӊештер…

  • Кечки жана таӊдагы муздак ванналар жакшы жардам берет. Ал эми уктаарда бутуӊузду өйдөрөөк кылып уктасаӊыз, кан жакшы айланып бутуӊуз көп оорубайт.
  • Бут шишип, кычышканда бутуӊузду тырмабаӊыз. Себеби, кычышып турган вена жарылып кетиши мүмкүн.
  • Варикоз үчүн майлар ал абалды кичине жакшыртышы мүмкүн.
  • Атайын байпактар бутту шишитпейт.

Бутуӊуз эч нерсени сезбей уктап калса, анда ал бутуӊузда венанын жетишсиздигинен кабар берет. Андай учурда флебологго барып текшерүүдөн өтүп, доктурдун айткандарын жасасаӊыз варикоздон айыгууга болот. Эгер тамыр жарылып кетсе, бутуӊуздун териси көгөрүп, гематома болгону байкалат. Ал жак абдан ачышып оорутат.

Косметологиялык салондордогу кызматтар кооптуу

Варикозу барлар косметологиялык салондорго барып депиляция кылууда өтө этият болгону дурус. Себеби, жогорку температура менен андагы массаж буттагы веналарга өтө зыян. Андай учурда араӊ турган веналар жарылып кетиши мүмкүн.  Шугаринг, энзим, кванттык эпиляциясы, пинцет менен жасалуучу эпиляциялардын баары зыяндуу жана кооптуу. Алардын ордуна лазердик эпиляция, атайын майлар менен жасалуучу эпиляциялар анча кооптуу эмес дешет флебологдор.

Табигый оромдор пайдалуу

Кээ бир учурларда бутунун арт жагынан кан тамыры көрүнүп тургандан уялган кыздар ошол жерине тату тарттырып алышат. Ал туура эмес. Варикоздо тату таптакыр болбойт. Андан сырткары, бутун ороп алышат. Бутту атайын варикоздун бинти менен гана орогон туура. Башка орогучтар зыянын гана тийгизет. Ал эми баткак, деӊиз жалбырактары, чөптөр ж.б. табигый оромдор менен ороп 15 мүнөттөн кийин муздагыраак душка түшсө пайдалуу.

Варикоздогу аборт!

Аялдарда көп кездешүүчү кээ бир  аборттор дал ушул варикоздун айынан келип чыгат. Себеби, варикоз абортко түздөн-түз тиешеси болбогон күндө да, варикозу бар аялдар боюнда барда сөзсүз түрдө флебологго көрүнүшү шарт. Жамбаштын ички бөлүгүндөгү веналарда кан айлануу жакшы жүрбөгөн учурда, бала төрөөдө эненин өмүрүнө кооптуу болгондуктан, флебологдор аборт кылдыртууга аргасыз болушат. Ошондуктан, айрыкча аялдар варикозго көӊүл кош карабашы керек.

Самара САЛАМАТОВА

Булак: Багыт

Тез татымдар аялдардын тукумсуздугун жогорулатат (ВИДЕО)

Британиялык жана австралиялык окумуштуулар тез татымдарды жакшы көрүп, мөмө-жемиштерди рациондон четтеткен аялдардын көбү бала төрөй албай кыйналып жүрөөрүн жазышкан. Эгер турмуш кургандан бир жыл бою аялдын боюна бүтпөсө, демек, ал эки түгөйдүн бири тукумсуз деп эсептелинет. Ал учур тукумсуздуктун өзү менен түз байланышы болбосо да жыныстык органдардагы өзгөрүүлөр да андай абалга алып келиши толук ыктымал экенин доктурлар байма-бай айтышат. Тукумсуздуктун белгилеринин себептерине алкоголь, чылым, баӊги заттарын колдонуу менен кошо аял менен эркектин өтө семирип кетиши кирет.

Балалуу болгусу келип жаткан түгөйлөргө туура тамактанууну, жаман адаттардан арылууну жана физикалык күчтү талап кылган ишти иштөөнү сунушташат.

Жогоруда аталган изилдөөгө Австралия, Жаӊы Зеландия жана Улуу Британиянын 18 жаштан 43 жашка чейинки 5598 кыз-келиндерин катыштырышкан. Алар акушер-гинекологго келип биринчи жолу боюна кыйналып жатып болгонун, кандай тамак жеп жүргөнүн айтышкан. Аларга атайын анкета таратылган. Анкетанын пункттарында жер-жемиш, жашылча, мөмөлөр,балык жана тез татымдар да бар эле. Бул маалыматтар алардын кош бойлуу боло албай жүргөнүнөн кабар берген.

Ал сурамжылоого катышкан 8 түгөй жемиштерди көп жешчү эмес, андайлардын 12 пайызы көп убакыт төрөй албай коюшкан. Ал эми жумасына 4 жолу же андан көп гамбургер же тез татымдан тамактанган аялдардын 16 пайызы тукумсуздукка кабылышкан. Айына 4-5 жолу бургер жегендер туура тамактанган аялдардан 1-2 айга кечирээк кош бойлуу болушкан.

Жер-жемиш, мөмөлөрдү күнүгө колдонгондор 2-3 жума эретрээк кош бойлуу боло алышкан. Көк чөптөр менен балыкты жакшы көргөндөрдүн абалы кош бойлуулукту тездетүүдө эч кандай роль жараткан эмес.

Азырынча тез татым тамактары баланы пландоого кандайча тоскоол болоорунун так аныктамасын табыша элек. Бирок, буга чейинки изилдөөлөрдө биз манты, самсы, оромо жана башка тамактарга кошуп жүргөн өсүмдүк жана малдын майлары жумуртка клеткасына терс таасирин тийгизээрин айтышкан. Андан сырткары канттын, туздун жана майдын көбү организмдеги зат алмашууну бузат эмеспи.

 

Самара САЛАМАТОВА

Динара Жакыпова, тамырчы-табып: “Мен үчүн эӊ биринчи  бейтаптардын ден соолугу жогору турат!”

Табыпчылык өнөрдү аркалап, бейтаптардын дартын тамыр аркылуу туура жана так аныктаган тамырчы-табып Динара айымдын элге кызмат кылып, өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келе жатканына 15 жыл болгон экен. Маектин башында бул табыптын врачтар менен тыгыз кызматташып жаткандыгын баса белгилеп кетмекчибиз. “Тамырчылыкты медицинанын бир тармагы деп билем”-деген Динара айым өзүнүн ишмердүүлүгү тууралуу буларды айтып берди.

 Динара айым, табыпчылык менен алек болуп калганыӊызга эмне себеп болду?

 —Менин чоӊ атам табыпчылык кылган чоӊ молдо болгон экен. Чоӊ атам Совет өкмөтү орногондон кийин мечиттерди сүрдүрүп, молдолорду Россияга кулакка тарттырган. Ал киши ошол бойдон келген эмес. Чоӊ атам араб тилинде 500 китеп колго жазып, ошол китептердин негизинде күнөөлөнгөн. Ошол китептен бирөө бешиктин башында калган экен.  Ал кишинин касиетин Алла Таалам небереси катары  мага берсе керек. Учурунда чоӊ атамдын шыпаасы күчтүү болгондуктан  көзүгүп калгандарга , эпкиндегендерге дем салса эле алар айыгып кетишчү экен.  Өзүм  ооруп калып бир молдодон айыккан элем. Ал эми кыргызчылыкты кабыл алып 33 жашымдан бери  табыпчылыкты аркалап келе жатам.

—УЗИден кем калышпай дартты туура эле аныктасаӊыз керек…

 —Бейтаптардын тамырын кармап оорусунун дартын аныктагандан кийин жыйынтыгын билип келиш үчүн врачтарга жөнөтөм. Ал жактан УЗИ менен меники көп учурда бирдей чыгып калат. Тактап айтканда расмий медицина менен тыгыз кызматташамын. Бейтаптар мага көп учурда нерв оорулары менен кайрылышат. Көбүнчө балдардын башында суу болсо УЗИге жөнөтөм. Боюнда бар аялдардын баласы туура эмес жатса аны да УЗИге жиберем. Ал жактан УЗИге карап баланы оӊдогонго мүмкүндүк болот. Атепетиялык оорулар менен келсе жана баштын кан басымынан жабыр тарткандар болсо, алар УЗИден жана томтографиядан өтүп келишкенден кийин ошого карап тиешелүү врачтарга жөнөтөм. Хирургиялык оору болсо хирургияга, терапияга тиешелүү болсо терапияга, жүрөктөн болсо кардиологияга жана башка өзүнүн тармактарына жараша. Алардын айыгуусуна бир гана врачтар себепкер боло алышат.

—Башкаларга окшоп бейтаптарды кыйнап көбүрөөк акча сурабайсызбы?

 —Мен буга чейин өзүмдү эч реклама кылган эмесмин. Бейтаптар мага бири-биринен угуп эле келишет. Негизи эле айрымдарга окшоп дарылай турган акымдын суммасын көп айтып бейтаптарды көп кыйнабайм. Ошон үчүн элдин көӊүлүнө карап аларды таарынтып албайын деп  берген акчасына ыраазы болуп эле келе жатам. Болбосо бир топ эле материлдык байлык топтоп алмакмын. Мен үчүн эӊ биринчи бейтаптардын ден соолугу жогору турат.

—Кээ бир табыптар өздөрү дары жасашат экен. А сизчи?

—Өзүмдүн дарыгерлик ишмердүүлүгүмдө алаканымдагы биоток менен дарылагандан тышкары массаждын баардык түрүн колдоном. Мага көп учурда улуу муундагы   алгач УЗИге түшпөстөн эле кайрылышкандыктан , алардын дартын туура жана так аныктап бергенден кийин оорусу боюнча тиешелүү врачтарга жөнөтөм. Башкаларга окшоп өз алдымча дары жасап бейтаптарды дарылабайм.

—Массаж жасайт экенсиз. Бул тууралуу да айтып берсеӊиз?

 —Массаждар бир,эки, үч этаптан турат. Буттары буралып кеткен бейтаптардын массажы үч этапка чейин болот. Ар бир этап 7-8 күнгө камтыйт.Эгерде бейтаптын тамыры катуу болуп катып калган учур болгондо, анда ал бейтап ортодон 10 күнү тыныгуу кылуусу керек. Массажды болсо балдардын ДЦП оорусуна, баштын кан басымынан жапа чеккендерге, эпилепсия болгондорго жана буттары буралып кеткендерге жасайм. Көп учурда врачтар массаж жасатуу үчүн бейтаптарды мага өздөрү жөнөтүшөт. Кээде ошол врачтар дагы мага атайын келип массаж жасатып кетишет.

—Тамырчы же табып десе эле элдин көпчүлүгү көзү ачыктай эле кабыл алып калбадыбы. Сиз буга эмне демекчисиз?

 —Эми мындай да. Илгери бир өрөөндө тамырчы болсо, экинчи өрөөндө табып, үчүнчү өрөөндө жакшы төлгөчү кемпирлер болуптур. Ошон үчүн жоголгон малдарды илгери төлгөчүлөр туура айтып таап беришчү экен. Бүгүнкү күндө айрымдардын пейили, дили бузулгандыктан жанына молдонун китебин, төлгө ташты, картаны коюп алып бейтаптарды кабыл алып жатышпайбы. Анан ошол китептин ичинде эмне маалымат бар экендигин сурасаӊ өздөрү эч билишпегендиктен кайра урушуп өзүӊдү жаман көрөт.  Чынын айтсам андайларга эч ишенгим келбейт. Көзү ачыктар болсо “баарын билем” дегенсип элге туура эмес маалымат бергендиктен табыптын да ,төлгөчүнүн да баркы түшүп жатпайбы.

—Дарыгерлик касиети бар айрым адамдар динге да кайдыгер карабаган учурлар кездешээрин көп эле байкап жүрөбүз. Сиз болсо шарияттын кайсы парздарын аткарып жүрөсүз?

 —Намаз окуйм, орозо кармайм. Булардан тышкары дагы көп нерсени билип алганга  кызыгам.

—Айрым элдик дарыгерлер өздөрүнүн жеке бейтапканаларын ачып алып бейтаптарды кабыл алып жаткандыгын көргөн жайыбыз бар эле. Сиз деле башкаларга окшоп аракет кылдыӊызбы?

 —Туура айтасыӊ. Мага келген бейтаптар башкалардын  өз алдынча кеӊсесин чоӊойтуп же жеке бейтапканаларды ачып алышкандыгын айтышат. А мен андайга деле кызыкпаймын. Ден соолуктун айынан түнкү саат 3кө чейин келишсе да жакшынакай маанай менен кабыл аламын. Сот, мугалимдерден тышкары дагы башка көптөгөн кесиптин ээлери кайрылышат. Алар мага жакшынакай мамиле кылышса мен дагы алардын көӊүлүн көтөргөнгө аракет кыламын.

—Тамырчылыкты кандай түшүнөсүз?

 —Тамырчылыкты мен медицинанын бир тармагы деп билем. Андыктан тамырчылар бейтаптардын дартын аныктап жаткандыгын баса белгилеп кетмекчимин. Кээде айрым табыптар эки жерден УЗИден өтүп анын жыйынтыгын алып келген учурлар кездешет. Ошондо мен алардын дартын аныктагандан кийин кайра үчүнчү жолу УЗИден өтүшөт экен.

—Врачтар менен болсо тыгыз кызматташат экенсиз? Бирок бейтаптарды  кабыл алганга мүмкүндүк бере  тургандай  расмий документиӊиз барбы?

 —Казакстанда өткөн бүткүл дүйнөлүк  элдик дарыгерлердин жыйынында 4000дей кишиден 130убузга сертификат берилгенде мен да алгам. Ал сертификаттын мөөнөтү эч кандай чектелген эмес. Ошон  үчүн элге кызмат кылып өзүмдүн ишмердүүлүгүмдү жүргүзө берсем болот деп эсептейм. Ал жакка баргандан кийин медициналык дарыларды жакшы тааныгандыгым өтө чоӊ жардам болду.

—Маек соӊунда үй-бүлөӊүз тууралуу кыскача маалымат берсеӊиз?

—Мен өзүм жети бир туугандын эӊ кичүүсүмүн. Алардын баары түрдүү кесиптин ээлери. Ал эми өзүмдүн кайын-журтум тууралуу айта турган болсом,  алар колунда бар жакшы үй-бүлөнүн катарындагы адамдар. Баары менен сый мамиледемин. Андыктан учурдан пайдаланып кайненеме тереӊ ыраазычылыгымды билдирүү менен бирге, ага бекем ден соолук каалап кетмекчимин. Анткени ал киши мен эрке кыз болгондуктан баардык сапаттарымды көтөрчү эле.

Дареги: Бишкек шаары, “Старый толчок” , Новая көчөсү, №2А. Тел: 0772 89-88-27.

Кабыл алуу убактысы: 8:00дөн 14:00гө чейин. Алдын ала байланышып келиӊиздер!  

                                     

                               Маектешкен:  Нуркемел  ИСАЕВ

Энесин жонуна көтөрүп жүргөн кыз: апам бутунан эмес, башка дарттан жабыркайт (Видео)

Апам Канышай Матраимованын буту эмес, башка мүчөсү ооруйт. Бул тууралуу энесин жонуна көтөрүп ооруканага жеткирип жүргөн Жайнагүл Абдыкасым кызы Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.

Эске сала кетсек, социалдык түйүндөрдө энесин аркасына көтөрүп жүргөн аял тууралуу видео тараган.

«Өзүм 27 жаштамын. Кара-Суу районуна караштуу Мады айылында жашайбыз. Апам Канышай Матраимова 55 жашта. Социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары апамды буту баспайт деп божомолдоп жатышат. Ал буга чейин өзү эле басып жүргөн. Акыркы эки айда алы кетип, ичкен тамагын кусуп, ооруй баштады. Кубаты жоктугунунан улам тепкичтерден өз алдынча чыга албайт. Ошондуктан ооруканага алып барганда жонума көтөрүп алган элем», — деди Жайнагүл Абдыкасым кызы.

Ал апасынын башынан жаракат алып, 2-топтогу майып болгонун кошумчалады.

«Атам да 1-топтогу майып болчу. Азыр арабызда жок. Энемди дарыгерлер текшерип көрүп, жоон ичегиси төмөн жайгашып калган деген аныктама коюшту. Апамдын ден соолугу операцияны көтөрө албайт дешип, учурда Кара-Суу райондук ооруканасында дары-дармек менен дарылап жатышат. Көп кускандыктан учурда салмагы 32-33 килограммга түшүп кетти. Акыркы 4-5 айдан бери ооруп жүрөт», — деди ал.

Жайнагүл Абдыкасым кызы Ош жана Бишкек шаарларынан кол сунуп, майыптар үчүн арабасын сунуштагандарды угуп, ыраазы болгондугун айтты. Бейтааныш мекендештеринин мындай боорукерлиги алар үчүн күтүүсүз болгондугун кошумчалады.

Булак: sputnik.kg/

Өлкөдө коомдук тамактануу жайларында көзөмөл күчөтүлөт

Саламаттыкты сактоо министрлиги коомдук саламаттыкты сактоого байланыштуу кеңири жыйын өткөрдү.

Министрликтин маалымат кызматы кабарлагандай, жыйында Бишкек шаарындагы ресторандардын бириндеги тамакка уулануу окуясы каралып, көрүлгөн иш-чаралар талкууланды.

Мындан ары мындай окуянын кайталанбашы үчүн санитардык-эпидемиологиялык кызмат жетекчилерине санитардык-гигиеналык талаптарды аткаруу боюнча көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасы берилди.

“Ала-Тоо” ресторанында тай рецепти боюнча даярдалган ​тооктун этинен сальмонелла таякчалары чыккан. Адистер тооктун этин бышыруунун санитардык эрежелери бузулганын айтышууда. Санитардык кызмат уулануунун себебин жок кылыш үчүн 5-апрелде ресторандын ашканасын дезинфекциялады. Азыркы тапта Бишкектеги жугуштуу оорулардын республикалык клиникасында ууланган 94 киши дарыланып жатат. Чүй, Нарын, Ысык-Көл облустук ооруканаларында 36 киши бар.

Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» ресторанында 31-мартта өткөн үлпөт тойдон кийин ууланып, ооруканага 200дөн ашуун киши кайрылган. Тойго 190 киши чакырылган.

Жапырт ууланууга байланыштуу “Ала-Тоо” ресторанына ээлик кылган “Датес” жоопкерчилиги чектелген коомуна 20 миң жана ресторандын администраторуна 5 миң сом айыппул салынган. Ресторан массалык уулануу фактысы аныкталмайынча жабылган.

Сооронбай Жээнбеков: Коррупция менен күрөштө досума да карабайм (Видео)

Ажо Сооронбай Жээнбеков кечээ күнү 7-апрелль революциясында каза тапкандардын туугандарын кабыл алды. Жолугуушуу учурунда ал коррупция боюнча күрөш тууралуу оюн ортого салды. Ал: «Коррупция менен күрөшт. досума да карабайм» — деп агынан жарылды. Чынында Жээнбековго дос болуп, жабышып жүргөн коррупционерлер бар. Мына ошолорду жазага тартса жакшы болмок. Эл ыраазы болуп, тарыхта алтын тамагалар менен калат эле. Албетте, бул жагын да ойлоп жаткандыр… Эмесе ийгилик…

 

Азат Санамбаев, стоматолог: “Тиш ооруларын алдын алууга болот”

Жумшактан – ич, катуудан – тиш оору жаман дегендей, учурда тиштери ооруп, жаштайынан жасалма тиштерди салдыргандардын саны көп. Тиш доктурлардын айтымында өз убагында дарыланбагандыктан тиштер чирип, аз убакыт гана кызмат көрсөтүп жатат. Ошондуктан тиш ооруну алдын алып убагында тиш доктурга көрүнүп туруу кажет дешет. Тиш оорулары жана аларды алдын алуу туурасында стоматолог Санамбаев Азат мырзаны кепке тарттык.

 Тиш ооруну кантип алдын алса болот?

— Жарым жылда бир жолу стоматологго клип турушу керек. Стоматолог тишти карап, кандай дарылоо керектигин айтып турат.

— Рак пайда болгондо тиш бүйлөлөрү канайт деп жүрүшөт. Анын канчалык чындыгы бар?

— Рак оорусуна чалдыкан адамдын иммунитети төмөндөй баштайт. Кандын рагы болсо бүйлөгө тийгенде эле канайт. Ал эми ооз көңдөйүнүн рагына чалдыккан адамдын бүйлөсү андан да көп канайт. Башка органдары да рак болгон учурда да канайт.

— Азуу тиштердин оорусу гайморитти пайда кылышы мүмкүнбү?

— Азуу тиштерди көпкө чейин дарылабай жүрө берсе үстүнкү жаактагы тиштердин кариесинин өтүшүп кетиши пульпит, периодонтит болуп кетип 6-7-тиштердин үстүндө гаймор көңдөйчөсү бар, ошону ириң тешип гаймор көңдөйчөсүнө өтүп кетиши мүмкүн. Андай учурда гайморитти пайда кылышы толук ыктымал. Ошондуктан, тиш ооруганда эмес, ооругучакты доктурга кайрылып турушса андай жаман ооруларга чалдыкпоого мүмкүн.

— Адатта тиш пастасын тандабай ала беребиз, пастаны тандоодо эмнеге көңүл буруу керек?

— Пастаны доктурдун көрсөтмөсү менен алган оң. Тиштин бүйлөсү канаса чөптөрдөн жасалган пасталарды алыш керек. Тишти агартуу керек болсо курамында кальций жана фтору бар пастаны алыш керек. Бирок алардын баасы кадимки пасталардан бир аз кымбатыраак болот.

— Тиш салдырууда кандай тишти сунуштайсыз?

— Тиштердин түрлөрү көп. Ак же башка тиштерге окшош тиш салдырууну кааласа металлокерамика тиштерин сунуштайбыз. Азыр цирконий деген материалдан тиш жасалат. Өзүбүздүн тишибизден айырмасы жок.

— Тиштер эмнеден улам чирийт?

— Кариестен улам чирийт. Тамактын калдыктары тиштин түптөрүндө калып топтоло берет.  Ошондуктан, ачуу-таттуу  жегенде тишти чайкап, эртең менен кечинде тишти абдан таза жуушубуз керек.

— Пульпит, гингивит, пародонтит жана стоматит оорулары туурасында да айта кетсеңиз?

— Бардык ооруларды алдын алууга болот. Пульпит кариестин өтүшүп кетип, тиштин нервинин жабырлануусу. Ал учурда нервди алууга туура келет. Андан кийин тиш эч жактан витамин албайт, тамырлары үзүлөт, эмне кылсак дагы тиш организмге керектүү заттарды ала албайт. Ошондуктан пульпитке жеткирбей, кариес учурунда дарылатып алган оң. Гингивит болсо тиштин бүйлөлөрүнүн жабырлануусу. Гигиенаны туура сактабагандыктан келип чыгат. Тиш менен бүйлөнүн ортосунда калдыктар кала берип, тиштин ташына айланат. Суук тийүү башталып кетет. Муну алдын алуу керек. Тишти тазалап туруу керек. Пародонтит гингивитттин өтүшүп кеткени. Гингивит учурунда бүйлөгө суук тийген болсо, пародонтитте сөөккө өтүшүп кетет. Пародонтитте тиш түшүп калуусу ыктымал.

— Упчу баланын тиштерине канчалык терс таасир тийгизет?

Упчуну көпкө чейин соргон бөбөктөрдүн маӊдайкы тиштери алдыга чыгып, ачык бойдон калып калат. Ошондуктан балага упчу бербөөгө чакырат элем. Упчуну тиш чыгып баштаганда сорсо тиштин орду түптөлүп баштаган мезгилде упчу тиштин өсүшүнө зыянын тийгизет. Ошондуктан бир жашка чейин гана колдонуш керек.

Кош бойлуу кезде чириген же ооруган тиштин түйүлдүккө таасири тийеби?

Албетте тийет. Кан менен түйүлдүккө барат. Эгерде суук тийүү болсо же чириген тиштер болсо ашказанга барат. Ашказанда канга сиңип, балага барат. Ошондуктан, кош бойлуулукту пландап, тишти дарылап алып анан баланы пландай берсе дени сак наристе төрөлөт.Ал мезгилде кандай дарылануу туура?Биринчи үч айлыкта ийне сайууга болбойт. Ал учурда рентгенден да өткөнгө болбойт. Ошондуктан биринчи үй айда абайлоо керек. Сегизинчи айда да дарылануу болбойт. Себеби бойдон түшүп калуу коркунучу турат.

Организмде кальцийдин көбү же азы тишке кандай тасирин тийгизет?

  • Кальций сөөктү чыңдап турат. Кальций аз болгон учурда тиш морт болуп, сырткы көрүнүштөрдү абдан кабыл алгыч болуп калат. Тиштерде кариес пайда болот. Ал эми кальцийдин көптүгү тиштерге таасирин тийгизбейт.
  • Мисвак тишке пайдабы же зыянбы?
  • Пастага аллергия болсо мисвак менен колдонсо болот. Кадимки тиш щеткасына караганда чыныгы тиш жуугуч деп ойлойм.Кандай щетканы тандоо туура?
  • Өтө жумшак да, өтө катуу да щетка болбойт. Өтө жумшагы тиштеги тамактын калдыктарын кетире албаса, катуулары тиштин эмалын кырат. Ошондуктан орточо катуулуктагы щетканы тандоо туура.

Маектешкен :Төлөбүбү Касымалиева

Шермамат Сатыбалдиев, уролог-андролог: “Жаштар простатит, импотенция менен көп ооруй баштады”

 Кыялдын ордуна жаралчу бирөө гана бар-ал тажрыйба дешет. Чындыгында тажрыйбадан өтөөрү жок. Бул каарман өз тажрыйбасы аркылуу көптөгөн ийгиликтерди багындырып, 30 жылдан ашуун ишмердүүлүгү менен кадыр-баркка ээ . Таш-Дөбө айылындагы Кыргыз курортология жана калыбына келтирүү илим-изилдөө институтунун санатория бөлүмүнүн башчысы, Саламаттыкты сактоонун мыкты кызматкери, медицина илиминин  кандидаты, доцент, ага илимий кызматкер    Шермамат мырзаны кепке тарттык.

—Акыркы кездерде оорунун түрлөрү жашарууда , муну алдын-ала жөнгө салууга болобу?

—Акыркы күндөрү жаштар арасында простатит, импотенция менен көп ооруй баштады.  Импотенциянын күчөп кеткен оорусу тукумсуздук. Балалуу боло албай жүргөн жаштар көп. Импотенциянын негизги белгилери: эркектин жыныс мүчөсүнүн чыңалышынын начарлашы, ошондой эле уруктук суюктугунун түшүүсүнүн бузулушу. Урук суюктугу (сперма) жыныстык катнашууга чейин эле куюлуп, эркек алаптануу, дүүлүгүү менен чектелип, жыныс мүчөсүнүн чыңалышы начарлайт.  Себеби өтө эле көп. Бир гана Кыргызстанда эмес, дүйнө жүзү боюнча экологиянын бузулушу, полуфабрикаттар, жер-жемиштерге ГМОнун кошулушу жана башка терс көрүнүштөр таасири күч алууда. Жаштарыбыз уул-кыз дебей, мода куушуп, ден-соолугуна зыян келтирген кийимдерди кийип жатышат. Союз доорунда биз уялбай эле кийиз  өтүктөрдү кийип алчубуз. Азыркы жаштарыбыз андай өтүктөрдү киймек турсун карап да коюшпайт. Кышында туфли кийип чыгып кетишет. Албетте, бутту этияттабагандыктан бут аркылуу ар кыл  оорулар менен жабыркашат. Эркек органдар бири-бири менен байланышып, бирине бири өтүп жуга берет.

—Медицина улам өнүгүп жатпайбы, тукумсуздукту жоюунун  жолдору барбы?

—Медицина өнүккөнү менен тукумсуздукту азайтуу жогорудагы таасир бергендерди азайтуу керек.Тукумсуздукту алдын-алуу үчүн бала бакчадан баштап , мектеп, ЖОЖдордо медициналык текшерилүүдөн өткөрүп, учётко алып, ден-соолугун көзөмөлдөө керек. Союз доорунда прафилактория деген ар бир ЖОЖдордо бар болчу.

—Көп жылдык тажрыйбасы бар кесипкөй катары айтсаңыз календарь боюнча үй-бүлөнү пландаштыруу канчалык чындыкка жакын?

Календарь боюнча эсептөөнүн 80-90%ы  туура чыгат. Биринчиден, дене-тарбия машыктыруу ыкмаларын жүргүзүп туруу керек, эң негизгиси өзүн жылуу кармаш керек. Тамак-ашты керектүүлөрүн гана тандап жеп, тамеки чекпей, ичимдик ичпеш керек. Уролог катары бир мисал айтсам азыркы жаштар үйлөнүп, азыр турмуш-шартыбыз жакшы эмес, бутка тургандан соң балалуу болобуз деп аборт кылдырып салышат. Аборт кылдырган сайын жатыны жабыркап, кийин балалуу болбой калат. Кеч түшүнүшкөнү өкүнүчтүү.

Жасалма уруктандырууда  уруктук суюктугунун  (сперма) күчтүүлүгү канча % болуусу зарыл?

—Спермограмма жансыз жана жандуу уруктук суюктугу болуп экиге бөлүнөт. Балалуу болууну каалагандарда  70%  активдүү кыймылы күчтүү  уруктук суюктугу  болуусу шарт.  Андан кем болсо түйүлдүктүн  бала болгонго мүмкүнчүлүгү аз болот.

Бөйрөктөгү таштарды операциясыз жоготсо болобу?

—Таштардын түрлөрү: оксалат, фосфат, урат, карбонат, струвит.  Чөп-чардын жардамы менен түшүрүүгө мүмкүн болгон таштар бар. Бөйрөккө жабышып өскөн таштар бар, аларды операция жолу менен алуу керек. Таштардын өлчөмү кичине болсо түшөт. Эгер чоң таштар  болсо анда  бөйрөк менен кошо алынат. Ошондуктан, ар бир кыргызстандыктар өзүн сыйласа, жылына эки жолу жалпы кан анализин жана башка анализдерди тапшырып туруусу зарыл.  Азыр үй-бүлөлүк доктур долбоору кызуу иштөөдө, ар бир жаран медициналык кароодон өтүп туруусу керек. Өз ден-соолугуна кайдыгер караган замандаштарыбыз көп, оорусу өтүшүп кеткенде кайрылган кыргыздын канына сиңген да. Эки бөйрөгү тең иштебей калганда, кайрымдуулук концертин өткөрмөй салтка айланды да калды. Ооруну алдын-алууда прафилактикалык жумуштар азыркы күндөрдө аябай начар.

Өмүр өткөн күндөр эмес, эсте калган күндөр  экен. Ишмердүүлүгүңүздөгү ийгиликтерге токтоло кетсеңиз…

—Эң эле эсте калган күндөрдөн 2009-жылы  Кыргызстандын эң узун жараныбыз ыраматылык Жеңишбек Райымбаев  ( бою 2 метр 30 сантиметр) башка ооруканалар албай коюп, бизге аябай оор акыбалда сегиз киши көтөрүп келишкен. Аны үч керебетке араң дегенде жаткырып эки ай дегенде бутка тургузганбыз. Элден айланса болот, көп түкүрсө көл болот дегендей, жалпы жамы журт жардам беришкен. Кийим-кечеси жок экен, атайын буюртма менен кийимдери, 62 өлчөмдөгү бут кийими тигилген. Бизге жыл сайын келип дарыланып турчу. Акыркы кездерде келбей койгон. Көрсө, жышылып түшүп, бир бутунан ажырап калыптыр. Көп узабай каза болуп калды.

—Өз адисинин мыкты чеберинен “антип калды, минтип калды”  деген шылтоо укпайсың. Тажрыйбалуу мыкты кесипкөйлөрдү кандай тандайсыз?

—Биздин курортологияда физиотерапия боюнча кафедра бар. Ар бир адис ушуну окуп бүткөндөн кийин гана дарылоого уруксат алат. Институтта 3-4 илимдин доктору, илимдин 10дон ашык кандидаты бар. Санатория бөлүмүндө жогорку категориядагы врачтар, жалпысынан 17 кызматкер иштейт. Бөлүмгө жылына 1000-1200 оорулуу келип кетет.

—Башка курортологиядан айырмасы барбы?

—Биз башка курортология-санатория­лардан кескин айырмаланабыз. Анткени, бизге келген ар бир бейтаптын  алгач жалпы кан анализи, заара чыгаруучу анализи, кант диабетинин анализи  чыгарылат, мындан сырткары (ЭКГ, УЗИнин) жыйынтыгын билип, ага диагноз коюлгандан  кийин дарылоо башталат. Бизде кандай гана оору болбосун, өз дарыгери иштейт. Ооруну текшерип, кайсы дарылоо ыкмасы жакса гана ошону беребиз. Азыр көпчүлүк аялдарда миома, эркектерде аденома көп, эгер аларды текшербей туруп, баткак же парафин жазып берсек, шишиктерди ого бетер чоңойтуп жиберет. Андыктан, бүт ооруларды текшеребиз.

Маектешкен:Төлөбүбү КАСЫМАЛИЕВА

Жүз жыл жашаган эже-сиңди (Видео)

Сузак районундагы Ак-Баш айылында жашы бир кылымдан ашкан эже-сиңди жашайт. Бир туугандардын улуусу Турдукан быйыл 105 жашка чыкса, сиңдиси Даткайым 101ге толду. Алардан тараган балдар бир айылды түзөт.

Жүз жыл жашаган эже-сиңди

Опубликовано З. Окенбаевой 22 марта 2018 г.

 

 

Батыралиев саламаттыкты сактоо тармагына жан киргизди…

Негизи иш жүргөн жерде сын айтылат. Сын адамды чыйралтат, өстүрөт. Бирок ашыкча, фактыга негизделбеген каралоо, беделин түшүрүү максатында айтылган сын-пикирлер да болот. Андайда куру жалаага тушугуп, ушакка кабылган адамдын маанайы эле чөкпөстөн, ишине болгон кызыгуу жоголуп, жан дүйнөнү көңүл коштук, санаа ээлеп, баарына кол шилтеп басып кеткиң келген кайдигерликке чейин жеткирет. Бул кырдаалдан эрки күчтүү гана адам чыга алат. Көбү интригага алдырып, ушакчылар менен көрө албастардын тузагына түшүп, жакшы ишинин курмандыгына айланат. Турмушта ак жеринен жаманатты болуп, жакшы ниет, изги тилек менен жасап жаткан ишинин курмандыгы болуп калгандар көп кездешет. Өзгөчө кыргыздар көрө албастык, кутум уюштуруу жагынан алдыга киши салбайбыз. Бул сөөккө сиңген кемчилигибизди мойнубузга алышыбыз кажет.

Мына Талантбек Батыралиев саламаттыкты сактоо тармагына министр болуп келгенден бери көп алгылыктуу иштер жүрүп, медицина тармагындагы көйгөйлөр четинен чечилип, чейрек кылымдан бери катып калган тармакка жан кирди. Жаңылануу, тазалануу башталды. Заман талабына шайкеш келген медициналык жабдуулар сатылып алынып, имараттар оңдолуп жатат. Муз козголду. Натыйжада, реформаны каалабаган, баягы эле иштейин, кыймылдайын дебей катып калышкан, Шераалынын көөнө чокоюн эңсешкен топтор жылуу ордуларынан айрылып калуудан чочулашып, көнгөн интригаларын жүргүзүшүп министрди жаманатты кылууга өтүштү. Албетте, келтирген аргумент, жүйөлөрү баягы эле кулак бышып калган «өзүнө каршы сүйлөгөндөрдү мыйзамсыз кызматтан алып, өз кишилерин кызматка коюп жатат» деген, кызматынан айрылып калышкан же иштей албай сөгүү угушкан кызматкерлердин ич күптү сөздөрү.  Бири дагы аткарылып жаткан ишке байланыштуу факты далилге негизделбеген сындар.

Чындыгында саламаттыкты сактоо тармагын реформалоо боюнча «Ден соолук» улуттук программасынын алкагында Батыралиев министр болгондон бери кыйла ооз толтуруп айтаарлык иштер жасалды. Сөзүбүз кургак болбош үчүн айрым жагдайларга токтоло кеткенибиз оң. Алсак, саламаттыкты сактоо тармагындагы көйгөйлөр тыкыр анализденип, жүрөк-кан тамыр оорулары, эне жана баланын ден соолугун коргоо, ВИЧ, туберкулез оорулары боюнча атайын программа иштелип чыгып, бул төрт багытта реформа жүргүзүүгө олуттуу кадамдар ташталды. «Ден соолук» программасын жүзөгө ашыруу үчүн министрдин иштин көзүн таба билген ийкемдүүлүгүнүн аркасында Швейцария элчилиги  11,9 млн. доллар,  Дүйнөлүк банк 13,5 млн. доллар, Немец өнүктүрүү банкы 16 млн. евро бөлгөн.

Азыркы тапта облустардагы бардык Үй-бүлөлүк медициналык борборлордо кардиологиялык кабинеттер түзүлдү. Кардиология тармагындагы 1000ден ашык врачтар, медсестралар  өздөрүнүн кесибине ылайык билим-тажрыйбасын арттыруу багытында квалификациялык окуудан өтүшкөн. Кесипкөй адистердин тажрыйбасын арттыруу бул да болсо жарандардын саламаттыгына болгон кам көрүү десек жарашат. Натыйжада, калк менен тыгыз иштешүү, врачтардын жоопкерчилигин арттыруу иштери жүргүзүлүп, жүрөк кан-тамыр ооруларынан каза болгон жарандардын саны 2012-жылдан 2017-жылга чейин 19% азайган. Балдардын, жаңы төрөлгөн балдардын, төрөттөн кайтыш болгон энелердин саны 2012-2017-жылдардын көрсөткүчтөрүн салыштырып караганда кескин кыскарган.

Арийне Батыралиев министрлик кызматты аркалаган мезгилден бери борбордогу жана аймактардагы ооруканалар азыркы замандын талабына шайкеш келген, бир топ жогорку технологиялык медициналык аппараттар менен камсыз болду. Алсак, борбордогу Улуттук кардиология жана терапия борборуна, Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплатациялоо илим-изилдөө институна, Жалал-Абад шаарындагы түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиялык илимий борборуна, облус аралык Ош клиникалык больницасына 3,3 млн евро, 28,55 миң долларга ангиографикалык аппарат, УЗИ, ошондой эле эхокардиограф, ЭКГ аппараты, дефибриллятор, монитор жана башка керектүү бир топ медициналык жабдуулар сатылып берилген. Мындан сырткары 1,1 млн. долларга облустардагы төрт бөлүмдөрүнө 8 реанимобилдүү тез жардам машиналары жана Бишкек жана Ош шаарларынын төрөт үйлөрүнө 1,2 млн. долларга бардык керектүү медициналык  инструменттер сатылып берилген. Вакциналарды сактоочу атайын медициналык 216 холодильник менен камсыз кылынган.

Мындан сырткары, канча жылдан бери каралбай калган ооруканалар оңдоп-түзөөдөн өтүп, кошумча жаңы имараттар салынууда. Алсак, Онкология жана гематология улуттук борбору заман талабына ылайык реконструкция кылынды. Аталган оорукананын алты негизги жана алты кошумча имараты инфраструктурасы менен кошо толугу бойдон оңдолду. Балдар ооруканасынын жети кабат бөлүмүнүн курулушу башталды жана жаңы медицианлык жабдуулар сатылып алынды. Немец өнүктүрүү банкынын колдоосу менен наркы 6,3 миллион евро бөлүнүп, шаардык туберкулезго каршы ооркунанын курулуш иштери башталды. Түрк мамлекетинин каржылоосу менен Бишкекте акыркы үлгүдөгү медициналык жабдуулар менен камсыз болгон заманбап оорукана салынды.

 

Кыскартып айтканда, Талантбек Батыралиев министр болуп иштеген жылдардан тарта Саламаттыкты сактоо тармагында бир кыйла алкоого арзырлык иштер жүрүп жатат. Айрым көрө албастар же министрдин ордуна көз арткандар айткандай, Талантбек мырза саламаттыкты сактоо тармагынын таш-талканын чыгарып жаткан жок. Тескерисинче, эгемендүүлүк алган жылдардан бери каралбай, талкаланып калган медицинаны буттан тургузууга жан үрөп эмгек кылууда. Министр өзү баса белгилеп айтып жүргөндөй ага акча маанилүү эмес. Өз каражаты өзүнө жетиштүү, бардар, оокаттуу адам. Эгер чөнтөгү жука болсо тааныштарын кызматка коюп, акча жасап дегендерге ишенсек болмок. Бирок турмуш чындыгы такыр башка. Акыркы 15 жыл ичинде министр болгондордун арасында Талантбек Батыралиевдей медицина тармагын көтөрүүгө болгон аракет дээрлик жасалган эмес. Канчалык ичибиз күйүп, көрө албастык, ичи тардык кылып ар кандай ушак чыгарсак да, бул кашкайган чындык. Демек, эл үчүн иштеп жаткан министрди буттан чалып, тоскоолдук жараткандын ордуна колдоп, көтөрмөлөө зарыл. Ошондо мындан дагы көп иштер жасалат. Албетте, дагы да болсо кемчилктер көп. Анын баарын жоюп, жолго койгонго убакыт керек. Бир киши 2-3 жылда баарын жасап үлгүрө албайт. Андыктан дагы да 4-5 жыл мүмкүнчүлүк берүү зарыл. Тузак тартып, жаманатты кылганды токтотолу…

Булак: Фабула