Кыргызстанда 3 олимпиада чемпиону өмүрүнүн акырына чейин стипендия алышат

Кыргызстанда 3 олимпиада чемпиону өмүрүнүн акырына чейин стипендия алышат. Алар: К.Осмоналиев, К.Бегалиев, Р.Түмөнбаев.

Бул тууралуу КСДП фракциясынын отурумунда жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Карат Аманкулов билдирди.

Каныбек Осмоналиев айына 20 миң, Канат Бегалиев 17 миң, Руслан Түмөнбаев 15 миң сом алышат.

Карат Аманкуловдун айтымында, 2017-жылы 256 спортчунун стипендиясына 12 миллион сом бөлүнгөн.

Ал эми машыктыруучулардын айлыктары 4 400 сомдон 8 миң сомго чейин жетет.

Улакчы Манас Ниязов аскерде кызмат өтөп жатат

«Достук» командасынын улакчысы Манас Ниязов мекенди коргоо үчүн аскерге кетти. Бул тууралуу улакчы «super.kgге» билдирген.  

«Кечээ, 21-майда мекенди коргоо — ыйык милдет деп, 1 айлык альтернативдик кызмат өтөөгө келгем. Аскердик кызмат Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында өтүп жатат. Бүгүн роталарга бөлөт. Мен танк бөлүгүндө кызмат өтөйм», — деген Ниязов. 

 

«Алай» жана «Алга» футбол командалары оюндан кийин мушташа кетишти (Видео)

Чүй облустук ичкииштер башкы башкармалыгы «Алай» жана «Алга» футбол командаларынын беттешинен кийинки мушташты Чүйдүн Ысык-Ата райондук милициясы иликтей баштаганын кабарлады. Азырынча бул мушташка эмне себеп болгону тууралуу так маалыматтар айтыла элек. Социалдык тармактарда бул мушташка эки команданын ортосундагы көрө албастык жана бөлүнүү катары баа берилип жатат. Окуя кечээ куну болгон.

Месси 5 жолу «Алтын бутсаны» алып, легендага айланды (ВИДЕО)

“Барселона” футбол клубунун оюнчусу Лионель Месси бешинчи ирет “Алтын бутсыга” ээ болду. Месси ушуну менен бул сыйлыкка эң көп татыган тарыхтагы биринчи оюнчу болуп калды. Мессинин эң башкы атаандашы  “Реалдын» чабуулчусу Криштиану Роналду бул сыйлыкты төрт жолу алган.

“Алтын бутсы” сыйлыгы жыл сайын Европадагы улуттук чемпионаттардын жыйынтыгы менен ыйгарылат. Месси бул сезондо 34 гол киргизип, 68 упайга ээ болгон. Ал Британиянын “Ливерпуль” командасынын форварды Мухаммед Салахтан төрт гана упайга ашкан. 30 жаштагы Лионель Месси бир катар абройлуу сыйлыктардын ээси

Быйылкы сезондо 2017/18 Месси Испания чемпионатында 36  оюнда 4 гол киргизген.

Мындан тышкары эң мыкты чабуулчулар катарында:

Мохамед Салах (Англия, «Ливерпуль», 36 оюнда  32 гол) ;

Роберт Левандовский (Германия, «Бавария», 29 гол 30 оюн);

Чиро Иммобиле (Италия, «Лацио», 29 гол 33 оюнда );

Эдинсон Кавани (Франция, «ПСЖ», 28 гол 32 оюнда.

Төмөндө тасмада өткөн жылдагы жеңиш:

Канат Бегалиев жаңы кызматка дайындалды

Кыргызстандын грек-рим күрөшүн башкы машыктуруучу кызматынан кеткенден бери, бош жүргөн белгилүү балбан Канат Бегалиев Кыргыз республикасынын Күрөш  федерациясынын биринчи вице –президенти болуп шайланды. Бул кызматты буга чейин Казакстандан кармалган депутат Дамирбек Асылбек уулу ээлеп келген. Эми мындан ары Канатбек мырза иш алып бармакчы. Ишине ийгилик каалап коёлу.

Шамдагайлык: Япон мушкери америкалык атаандашын 9 секундда жерге сулатты (Видео)

Япон мушкери  Кёдзи Хоригути  америкалык Йена Макколланы жеӊүү үчүн болгону 9 секунд коротту. Бул беттеш бүгүн Токидо болгон. Япон мушкеринин эсебине ушуну менен 24 жеӊиш жазылды. Ал эки гана жолу жеӊилген. Ал эми америкалык мушкер 13 ирет жеӊип, 7 ирет жеӊилген.

 

Федор Емельянко аттандашын 48 секкунда жеӊди (ВИДЕО)

Орусиялык атактуу мушекр Ф. Емельянко америкалык   38 жаштагы Фрэнк Мирдди биринчи раундда эле, 48 секкундда жеӊип, жерге сулатты.  Ал ушуну менен 37-жеӊишине жетти. Беттеш кечээ түнү Чикаго шаарында болгон. Емельянко эми америкалык Чейл Соннен менен  бетешмекчи.

https://www.youtube.com/watch?v=mFnnli19fvc

Конкурстун катышуучусу өзүн өлтүрүп ала жаздап, ошентсе да… (видео)

Колумбияда   өтүп жаткан  «Sri Lanka’s Got Talent» шоу сынагында талантын көрсөтүп жаткан катышуучу бир нече жолку трюктан кийин,  өзун аз жерден  өлтүрүп ала жаздаган.

Ал кандай талантын көрсөткөнүн төмөнкү видеодон көрө аласыз. Ошентсе дагы катышуучу кийинки турга өткөн.

Президент Жээнбеков футболчуларды кабыл алып, 1 миллион сом белек берди

 Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын оюнчулары жана машыктыруучулары менен жолугушту.

 Мамлекет башчысы команданы 2019-жылы Бириккен Араб Эмираттарында өтүүчү Азия кубогуна жолдомо жеңип алышы менен куттуктап, спортчуларга бул ийгилиги үчүн ыраазычылык билдирди. «Бул чоң жетишкендик жана чоң ийгилик. Сиздер эң мыкты сапаттарыңарды көрсөттүңөр. Ар бириңерге кандай кыйын болгонун, тандоо этабы канчалык оор экенин билебиз жана сиздерге дайыма күйөрман болдук. Кыргызстан курама командасы акыркы мезгилде ушундай жакшы оюнду бекеринен көрсөтпөгөнүн бүт дүйнөгө далилдедиңер. Бул татаал болду, бирок сиздер өзүңөрдүн эң мыкты сапаттарыңарды көрсөттүңөр», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков. Президент футболисттер дагы, аларды маанилүү оюндарга даярдаган машыктыруучулары, спорт дарыгерлери дагы ыраазычылыкка татыктуу экенин белгиледи.

Ал тарбиялануучуларына бүт жан-дилин, билимин, эмгегин жана тажрыйбасын жумшаган башкы машыктыруучу Александр Крестининдин өзгөчө салымын белгиледи.

«Сиздер дүйнөнүн эң мыкты жүз командалардын катарына киргениңерге кубанычтабыз, биздин континенттин 47 командасынын ичинен сиздер 12-орундасыңар. Бул дагы кыска аралыктагы абдан чоң жетишкендик», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

«Сиздердей болгон спортчуларыбыз көбүрөөк болсун. 2019-жылы да Азия чемпионатында татыктуу оюн көрсөтүп, байгелүү орунду ээлейсиңер деп ишенем. 330 миң калкы бар Исландия командасы Англияны утканы баарыбыздын эсибизде. Баарыбызга ушундай ийгилик каалайм. Кыргызстандыктар сиздерден жаңы жеңиштерди күтүшөт!», — деп келип Сооронбай Жээнбеков спортчуларга ийгиликтерди каалады. Президент футбол боюнча Кыргызстандын курама командасына 1 миллион сомго сертификат тапшырды жана мамлекет спортчуларды ар дайым колдойт деп ишендирди.

Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын машыктыруучусу Александр Крестинин, Кыргызстан Футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов, Футбол федерациясынын биринчи вице-президенти Аскар Салымбеков жаңы ийгиликтерге жетишүү менен Кыргызстанда футбол дагы бийик деңгээлге көтөрүлүп, спортчуларга карата талап да кыйла катуу боло баштаганын белгилешти. Ошондуктан эми улуттук курама команда мамлекеттин колдоосуна муктаж.

Команданын оюнчулары болочоктогу маанилүү таймаштарда сөзсүз жакшы натыйжаларга жетишебиз деп Президентти ишендиришти жана ага символикалуу түрдө футбол тобун жана Футбол федерациясынын символдору тартылган сүрөттү тартуулашты. Жогулушуунун соңунда катышуучулар эстеликке сүрөткө түшүштү.

Адылкан Бекболотов: «Замандаш» партиясы спортту көтөрүүгө чон салым кошуп жатат (ВИДЕО)

«Замандаш» саясий партиясынын 10-жылдык мааракелүү датасы менен, бокс боюнча Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу Адылкан Бекболотов, кызуу куттуктады!

Футбол: Кыргызстан — Индияны 2:1 эсебинде утту (Видео)

Аз убакыт мурун Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Индиянын футбол боюнча улуттук курама командалары беттеши аяктады. Жыйынтыгында Кыргызстан курама командасы Индиянын оюнчуларын 2:1 эсебинде Алагчкы голду чабуулчу Антон Землянухин, андан кийин Мирлан Мурзаев киргизди. Бул оюнга билеттер 250 сомдон 500 сомго чейин сатылды. Ошентип, Кыргызстан командасы эмки жылы боло турган Азия кубогуна биринчи жолу катыша турган болду.

Балбан Акжол Махмудов Бишкек жана Оштон бирден батир жана миллион сомдон ашуун белек алды (Видео)

Чагылган: Бул күндөрү балбан Акжол Махмудовдун абдан жылдыздуу күндөрү болуп жатканы ырас. Өзүнө кут кылсын дейли. Махмудов буга чейин Бишкекте апасы менен батирди ижарага алып жашап келгенин жазганбыз. Кечээ күнү ага Оштон мэр Айтмамат Кадырбаев 50 миң сом берди. Андан кийин «Оомат» курулуш компаниясы Бишкектен эки бөлмөлүү батирди белекке берген. Эми жаш балбанга ЖК депутаты Искендер Гаипкулов 100 миң сом белек кылыптыр. андан тышкары,  (балбандын кичи мекени)  Араван районунун атынан Ош шаарынан 1 бөлмөлүү  батир жана Араван районунун жеке ишкерлери 1миллион сомдон ашык акча беришкени маалым болду. Азамат! Спортчуларды ушинтип колдоп алгыла, колунда бар байлар… Төмөндө жаш балбанды мына ушундай баал сыйлыктарга, кирешелерге жеткирген күрөштөгү АЛТЫН жеңишин көрүңүздөр: