Тили бурулуп, унутта калып баратса да кыргыз экенин белгилеген Моңголиядагы кыргыздар (Видео)

Кайың барбы кыргыз балта чаппаган, 
Кыр-жон барбы кыргыз кыргын таппаган…
Адам баласы тили, дини чөйрөнүн таасиринен өзгөрүүгө дуушар болсо да түптүү эл эч качан өзүнүн ким экенин унутпайт. Бул сапаттарды Моңголияда төрөлүп, ошол жерде өсүп, өздүгүн аныктаган документинде казак экени көрсөтүлүп турганы менен өздөрүн кыргыз деп атаган бир ууч замандаштарыбыз көрсөтүп жатат.
Чыгыш Азияда жайгашкан Моңголия Элдик Республикасындагы (аянты — 1 564 116 чарчы км) 21 аймактын (облус) бири — Баян-Улгий аймагында өздөрүн казакташып кеткен кыргыздар деп атаган жашоочулардын саны расмий маалыматтар боюнча болжол менен 2-3 миң адамга жетет. Алар казак жана моңгол тилдеринде эркин сүйлөшөт.
Баян-Улгий аймагы түндүк-чыгышынан Увс аймагы, чыгышынан жана түштүк-чыгышынан Ховд аймагы, түндүгүнөн Россия, ал эми батышынан жана түштүк-батышынан Кытай Эл Республикасы менен чектешкен. Расмий маалыматтар боюнча, калкынын басымдуусун (акыркы маалыматтар боюнча 93%) казактар түзөт. Ошондой эле дербет, урянхай жана халха-моңголдор бар.

Өзүн моңголиялык кыргыз-казак деп атаган Бейсен Булан Turmush басылмасынын кабарчысына телефон (казакча, түркчө, моңголчо сүйлөп, кыргызча сөздөрдү түшүнөт) аркылуу байланышканда дагы Баян-Улгий аймагындагы кыргыздар казак улуту катары каттоого алынып, Кыргыз Республикасы тарабынан такыр унутта калганын белгиледи. Муну Кыргызстандан бир да тарыхчы моңголиялык кыргыздар тууралуу толук кандуу илимий иштер менен алектенбегени да далилдеп турат. Моңголиядагы кыргыздар, алардын тарыхына байланышкан тарыхый маалыматтар орус окумуштуулары негиз салган илимий иштер менен жана Кыргызстандан экспедицияга барган лингвист, тилчи, фольклористтердин маалыматтары менен гана чектелет.

Бейсен Булан (55 жашта) учурда Моңголиядагы калкан безге операция жасоо боюнча биринчи даражадагы саналуу докторлордун бири. Үй-бүлөсү менен (уул-кыздары да дарыгер, медицина тармагында билим алып жаткан студенттер) медицина тармагында эмгектенген Бейсен Булан Кыргызстанга келе элек. Анын айтымында, учурда Моңголиянын аймагында кыргыздардын саны 5-6 миң адамга жетет. Алар Чыңгыз Айтматов жана «Манас» эпосун казак тилинде окуп, улуу жазуучу менен баатыр тууралуу билишерин айтты. Ошондой эле казак элинин домбрасы менен кыргыз комузун черткендер бар.
Бейсен Буландын маалыматы боюнча, кыргыздар Баян-Улгийдин Улаанхус (кыргызча Кызыл-Кайың), Ногооннуур, Сагсай райондорунда (сомон) отурукташкан. Алардын улуту документтеринде казак деп көрсөтүлүп, казак жана моңгол тилдеринде эркин сүйлөшөт. Ал эми кыргыз тили дээрлик колдонулбай, унутта калган. Бирок тилчилердин, тарыхчылардын маалыматы боюнча, алардын сүйлөгөн сөзүндө казак тилине таандык эмес элементтерди да кездештирүүгө болот.


Бейсен Булан Кыргызстандын бийлигине жолдонгон кайрылуулар жоопсуз калганын белгиледи.

«1990-жылдары Моңголиядагы казактар Казакстанга көчүрүлүп жатканда, биз дагы ошол кездеги президент Аскар Акаевге кат жолдогонбуз. Бирок жооп келген жок. Андан кийин Чыңгыз Айтматовдун карындашы Роза Айтматова келгенде дагы кайрылуу жолдогон элек, бирок эч кандай жооп болгон жок», — деди Бейсен Булан. Ал ушул жылы биринчи жолу Кыргызстанга келүүнү пландап жатканын кошумчалады.
Миңдеген чакырым алыс аралыкта, төрөлүп, миңдеген чакырым алыста өсүп, эне тили сакталбай калганына каралбай өздөрүн кыргызбыз деп атап, дүйнөнүн бурчунан жолуккан кыргызстандыктардан байланыш түзүүнү суранган маектешибиздин аракетинен чыныгы патриоттук сезим байкалып жатканы кубандырат. Өзүнүн кыргыз экенин Бейсен Булан буга чейин казак жана кыргыз тилинде жарыяланган саналуу макалаларда да айтып берген. Ага дарыгерлик кесибине байланыштуу Түркияда жүргөн учурдагы жолугушуулар себеп болгон эле.
Бейсен Буландын айтымында, Баян-Улгийдеги казактар жана кыргыздар өздөрүн мусулманбыз деп эсептешет.
Тарых барактарында Моңголиядагы кыргыздар туралуу алгач орус этнографы Григорий Потаниндин түндүк-батыш Моңголияга 1876-1878-жылдары жасаган илимий экспедициясында белгилүү болгон маалыматтар айтылган. Ал эми учурда Кыргызстандын тарыхчыларынын арасынан дал ушул моңголиялык кыргыздар, алардын тарыхы жана учурдагы абалы тууралуу илимий өңүттө изилдеген тарыхчы, окумуштуулар жокко эсе. Азыркы тарыхый маалыматтардын басымдуусу орус окумуштууларынын иликтөөлөрү менен гана чектелет. Тарыхчылар буга чейинки мамлекеттик экспедициялар да фольклордук, лингвистикалык, диалектологиялык багыттарда гана болгонун белгилешти.
Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын Тарых жана маданий мурастар институтунун Кыргызстандын байыркы мезгилден XIX кылымдын аягына чейинки тарыхы бөлүмүнүн башчысы, тарых илимдеринин кандидады, доцент Рыскул Жолдошовдун пикири боюнча, Моңголиядагы кыргыздар этника катары калыптангандан кийин — XVII кылымдын экинчи жарымы — XVIII кылымдын биринчи жарымында кыргыз-калмак согушунда Теңир-Тоого болгон кол салуудан кийин барышы мүмкүн.

«Моңголиянын аймагындагы учурдагы кыргыздардын түбү Ала-Тоо кыргыздарынан бөлүнгөнү белгилүү, бирок качан кайсы мезгилде экенин эч ким так биле албайт. Моңголия кыргыздары тууралуу алгачкы кабарды XIX кылымдын аягы — XX кылымдын башында орус саякатчысы Григорий Потанин саякаттап жүрүп, Моңголиянын батышында Кыргыз-Көл — Моңгол Алтайдын күн чыгыш тарабында дөргөндөрдүн жанында өздөрүн кыргыздар деп атаган элди жолуктурган. Аларды моңголдор хотондор деп атаган. Бирок өздөрү кыргызбыз деп айтышкан. Ошол маалда кыргыздардын саны миңден бир аз ашышы мүмкүн. Алар моңголдор менен казактардын арасында жашаган, ал жакта казактар көп. Казактардан айырмаланып кыргызбыз дешкени менен тили ошол учурда эле казактарга окшогон, дини болсо ламаизм багыты болгон. Потанин алардан алгачкы маалыматтарды — оозеки фольклор, тарыхын жазып алган.
Андан кийин да моңголиялык кыргыздарды бир катар орус окумуштуулары изилдеди. Бирок суверендүү Кыргыз мамлекети болуп бөлүнгөндөн кийин ошолорго (Моңголиядагы кыргыздар) көңүл бурган жокпуз. Моңголияга көп эле окумуштуулар, экспедициялар барышат, бирок тарыхка тиешеси жок. Ал экспедициянын арасына саясатчылар да кошулуп алып, тарыхчыларга орун жок калат…

Баян-Улгий аймагы (сүрөттөр интернеттен алынды)

Потаниндин эмгектеринде моңголиялык кыргыздардын кыргыз экенине далил катары кызмат кылуучу элементтер бар. Алар байыркы мекени катары Бухараны айтышкан. Ошондой эле Потанин жазып алган уламышта кырк кыздан тараган сарбаш уруусунан тараганын айтышкан. Сарбаш сарыбагыш болушу мүкүн. Аларда да кыргыз тарыхындагы 40 кыз термини кездешип жатат.

Совет этнографы, түрколог Саул Абрамзондун эмгегинде да Моңголияда кыргыздар бар экени белгиленген. Демек кыргыздардын тобу XVII кылымдын биринчи жарымы — XVIII кылымдын экинчи жарымында жуңгарлар тарабынан колго түшүрүлүп, көчүрүлүп кеткен болушу мүмкүн. Алар өздөрүн кыргызбыз дешкенин кийинки изилдөөчүлөр да белгилешет. Ошондой эле айрым окумуштуулар моңголиялык кыргыздар казакча сүйлөгөнү менен тилинде кыргыз тилинин элементтери бар экенин белгилешкен.
Бирок учурда Моңголиядагы кыргыздар, алардын отурукташуусу, жер которуусу, салт-санаасы, деги эле жашоосу тууралуу так иликтөөлөр жок, жалпы маалыматтар менен гана чектелебиз. Алар (моңголиялык кыргыздар) кырк кыздан тараган сарбаш уруусу экенин, теги Бухараны жердегенин жана өздөрүн мусулман деп атаганынын өзү логикалык жактан далил катары кызмат кылат. Демек алар Моңголияга кийинчерээк — этникалык калыптануу болгондон кийин, тактап айтканда XVII кылымдын биринчи жарымы — XVIII кылымдын экинчи жарымында барган кыргыздардын бир бөлүгү. Тарбагатай кыргыздары менен аларды байланыштырсак болот. Тарбагатай кыргыздары тууралуу маалыматтар бизде көп, бирок алар менен Моңголиядагы кыргыздар жашаган аймактын аралыгы 500 метрге жакын болгону менен тарыхый изилдөөлөр жокко эсе.
Моңголиядагы кыргыздар кыргыз тилинде сүйлөбөй калганына карабастан кыргыз деген түшүнүктү жоготпогону, улутун атап жатканы эң чоң далил», — деди Р.Жолдошов.

Тарых барактарынан: Жуңгар-кыргыз согушу 

XVII кылымдын башы XVIII кылымдын ортосунда кыргыздар ойроттордун кол салуусуна каршы күрөшкөн. Тарых барактарында Жуңгариядагы ойроттор XV кылымда эле кыргыздар жашаган Теңир-Тоого, Ферганага жортуулга келип турганы айтылат. Муну менен ойроттор жергиликтүү калктардын мал-мүлктөрүн тартып алуу, салык (алман) төлөтүү, айрыкча кыргыз, казак, өзбек жана уйгур жерлерин жайыт катары пайдалануу максатын көздөшкөн.
Кол салгандарды алгач 1620-жылдары кыргыз, казак аскер күчтөрү өз аймактарынан сүрүп чыгарса, 1626-27-жылдары кыргыз, казак жоокерлери калмактарга каршы жортуул уюштуруп, аларды Сибирге чейин сүрүп барышкан. Ал эми 1633-жылы калмактар кыргыздар менен казактарга кол салып, жеңишке ээ болуп, казактын Эшим ханынын уулу Жангыр султан туткунга алынган. Ал кийин бошотулганы айтылат.
1652-жылы кыргыздар менен казактарга каршы Очирту Цэцэн хан жортуулга чыгып, 1658-жылдары Талас өрөөнүндөгү салгылашта кыргыз, казак, өзбектердин биргелешкен жоокерлери жеңилүүгө дуушар болушкан. 1681-85-жылдары Галдан Бошокту хандын аскерлери Кыргызстандын түштүгүнө бир нече ирет жортуулга барышып, Ош, Өзгөн, Сайрам шаарына чоң зыян келтирсе, 1707-жылдары Цебан Рабтан теңир-тоолук кыргыздар менен салгылашкан. 1718-22-жылдары Кыргызстандын түндүк тарабындагы бир катар аймактар убактылуу жуңгарлардын кол алдында калган. Элдик санжырада бул аймактардагы кыргыздар калмактардын кысымынан Фергана, Каратегин, Кысар (Гисар) тарапка эки жолу жер которууга мажбур болгону маалымдалат. 
1725-1727-жылдары калмактар Кыргызстандын түндүгүнө жортуул жасап, анда кыргыздар согушпастан, келишим түзүүгө мажбур болушкан. Андан кийинки жылдары да эки тараптын ортосунда салгылаштар болуп отуруп, 1752-жылы Ысык-Көлдүн жээгинде калмактарга катуу сокку берилип, акыры жеңиш кыргыздар тарапка оогон. Бул маалыматтардын негизинде кыргыздардын калмактар менен болгон согуштарына боштондук мүнөздөмө берилет.
Тарыхчылар да белгилегендей, эгемендүү өлкө болгонго чейин жана андан кийин да Кыргызстан тарабынан Моңголиядагы кыргыздар, алардын тарыхы, жашоосу тууралуу тарыхый илимий иликтөөнүн жоктугу өкүнүчтүү. Turmush басылмасы Моңголияда өздөрүн кыргызбыз деп атаган элдин жашоо-турмушу, салт-санаасы, баалуулуктары, жалпы эле моңголиялык кыргыздар тууралуу маалыматтарды окурмандарга жеткирүүнү улантат. Бул багытта кызматташууну каалаган тараптарды редакция менен байланышууга чакырабыз.

Булак:.turmush.kg

Нишана: манжамдын жоктугуна майышпайм(видео)

Жергиликтүү кино сынактарда «Эне манжасы» аттуу тасма өзгөчө мактоого татыды. Аны 33 жаштагы Нишана Жээналиева тарткан. Нишана тубаса майып, эки колунда бирден гана манжасы бар. Ошого карабай алты саны аман башка адамдардай эле иштеп, бала тарбиялап, кино тартып келет. Нишана адам баласы кандай гана кыйынчылык болбосун жеңе билиши керек деп эсептейт.

Нишана: манжамдын жоктугуна майышпайм.

Опубликовано З. Окенбаевой 25 февраля 2018 г.

Тыныбек Кадыров, Ооган ардагерлеринин республикалык кеңешинин мурунку төрагасы:   “ Жарылуу биринен бирине өтүп, айлананы дароо кызыл жалын менен кара түтүндүн каптап…

 

 15-февраль Ооганстандан совет жоокерлеринин чыкканына 29 жыл…

 Б 1979-жылдан 1989-жылга чейин созулган  Ооган согушу аяктап, ал жактан совет жоокерлеринин чыкканына туура 25 жыл толот. Тарыхка кайрылып көрсөк, Ооган согушуна жалпы Советтер союзунан 100 миңден ашык жоокер катышкан. Жалпысынан 15 миңдей жоокер набыт кеткен. Ал эми биздин Кыргызстандан 7  141   мекендешбиз катышып, алардын 249у каза болуп, 4 жоокер дайынсыз жоголгон. Бүгүнкү күндө арабызда аман-эсен жүргөн Ооган согушунун ардагерлеринин саны  6 миңдин тегереги.

Мен Ооганстанга 1985-жылы күзүндө Новосибирск шаарында ЖОЖдо 2-курста окуп жүргөн кезде: “20А” деген команда менен кеткем. Кыргыздардан бешөөбүз эле. Бирок төрттө мага караганда арык жана кичирээк эле, ошондон уламбы, айтор аларды башка командага кошуп жиберди. Ал эми менин боюм 170см. Салмагым 70 кг. эле, ошондуктан мага: “ Германияга Аба десантына барасың” дешти. Бирок вокзалга келгенде, Германия тарапка эмес, Ташкент тарап Ашхабаддын 13-шаарчасына (Ирандын чек арасына жакын жерге) алып келип, бизди  ошол жерден  6 ай машыгуудан өтүп, “Командир градка” даярдашты. Ашхабадда  кыргыз балдардан 10го жакын болчу.  Андан кийин Кабулга алып барып, ал жерде 1 ай жергиликтүү элдин салт-санаасына ж.б. үйрөттү. 1 айдан кийин Саланг деген атактуу ашуусунун түшө бериши жактагы Джабалусарас деген жерде кызматтык мөөнөтүбүз аяктаганча болдум. Мени ал жерден биринчи эки айдай “Командир граддын” (аскер машинесинин үстүндө орнотулган катюша) “новодчиги” болдум, андан кийин атайы текшерүүдөн кийин, “Командир машине” кылышты. Биздики рота  эмес, №2- Огневой взвод 4-рекативний бактерия деп аталчу. Ошондо бир “батерияда” 3 машина болсо,  ар бир машинада командир менен 7-8 адам болот. Бир гардка 40 снаряд батат. Атканда алыстыгы 21, тоо шартында 23 чакырымга чейин жетет эле.

Негизи, “Командир град” Ооганстандын согуш жүрүп жаткан ар бир шаарларына, айрым айылдарына чейин бөлүп-бөлүп коюп коюшкан. Биз болсо Джабалусараста полкту көзөмөлдөп кайтарып турдук. Көбүнчө, Чарикар (Бишкектен үч-төрт эсе чоңдуктагы жап-жашыл бак –дарактуу жер, бирок бактардын узундугу бир метрдей эле) өзөнүндө болдук. Ал, “жашыл өзөнгө” совет жоокерлери кире алган эмес, анткени ал өзөн моджахеддердин ээлеп алган жери болчу. Бизди ал “жашыл өзөндө” жашынган душмандар дайыма атып, ар кандай ыкмада кол салып турушчу. Биз ошол кооптуу аймакта град менен атып турчубуз. Ошол 1986-жылы моджахеддер Европанын, АКШнын колдоолорунун негизинде абдан жакшы куралданышып, бизди “реактивный снаряддар” менен аткылашчу.

1986-жылы, жаңылбасам 13-февраль күнү биз турган жерде чоң  окуя болуп кетти. Ошол кезде бир канча убакытка согуш токтоп турган. Себеби, атактуу Ахмад Шах Масуд менен элдешүү жүргөн эле. Биздин жаныбызга Пулихумур жактан керосин ташып келаткан  40тан шаланга КамАЗдар (10-41 деген каллона болчу) токтоп калды. Ар бир камазда экиден, үчтөн болгондо, алар жалпысынан 100дөн ашык болсо керек.  Башка жерге токтошсо, душмандар аны атып салышы мүмкүн эле. Биз болсо, аларды кайтарып турдук. Мен ал кезде командир взводдун орун басары болчумун. Кечинде жокерлерге “кечки текшерүү” өткөрүп жатсам, жаныбыздан эле  бир нерсенин катуу жарылган үнү угулуп калды.  “Аткылоо” башталды деп кыйкырып калышты. Андайда биздин биринчи милдет, тез аранын ичинде машинеге жетип, градды атканга даярдоо. Баарыбыз чуру-чуу түшүп сыртка чуркап чыксак, баягы “жашыл өзөндөн” снаряддар менен  тынымсыз аткылап жатышыптыр. Карасак, биздин “каптёркабыз”, дааратканабыз күйүп жатат. Биз: “согуш токтоп, элдешүү саясаты жүрүп жатса, бул эмнеси”-деп маңыроо болуп эч нерсеге түшүнбөй калдык. Туш-тараптан жарылуулар күчөп, алоолонгон от асманга чыкты. Тим эле, 1941-жылкы согуштагыдай эле болуп кетти. Чуркап машинага жете бергенде, эки, үч снаряд учуп келип баягы тизилип турган 40тан ашык КамАЗдардын так ортосуна түштү. Жарылуу биринен бирине өтүп, айлананы дароо кызыл жалын менен кара түтүндүн каптады. Ар кайсы жакка КамАЗдардын тетиктери, дөңгөлөктөрү биз жакка учуп да, ыргып да турду. Кыскасы, май ташыган 40 КамАЗдын өрттөнгөнүн карап көр. Ошону бирөөлөр сүрөткө тартып алган экен, ошол сүрөт менде бар. Биз машинелербизге олтура калып, снаряддар учуп чыгып жаткан жерди дароо аткылап, жок кылдык. Биздин жоокерлерден эч ким курман болгон жок. Бирок КамАЗдардын бир канча  айдоочулары каза болду. Карап турсак, бир айдоочу өрттөнүп жаткан КамАЗды айдап качып, бир нече метрге жеткенде айдоочу карга секирди. Көрсө, ал КамАЗ ысып жетчү жерине жетип калса керек, айдоочу секиргенден кийин 10-15 метр жүрүп барып эле, тарс жарылып, күлү көккө сапырылды.

Мен колоннага барып: “Эй, Кыргызстандан барбы?” –деп кыйкырдым. Бир убакта: “Бар” деген үн чыкты. Ошол жалында калган эки кыргыз айдоочу бала бар экен. Анын бирөөсү Казыбек деген жигит эле,  азыр Аламүдүн ИИБсинде иштейт. Чини майор. Экинчиси Токмокто жашайт. Мен экөөнү тең алып келип, курсагын тойгуздум. Кийимдери да жок, жылаңайлак жүрүшөт, кийим да бердим. Автоматтары да күйүп кетиптир. Ошондо бизди көргөн башка улуттун жоокерлери: “Кыргыздар жаман ынтымактуусуңар да”-деп абдан таң калышкан. Мен взводдун командиринин орун басары болчумун. Ал кезде менин ошентип кийим кийгизип, курсактарын тойгузганга кудуретим жетип, болуп турган кезим болчу…

Суроо салган Айбек Шамшыкеев

Таалай Өмүралиев, генерал-майор, КРнын мурунку Коргоо министри: “Баарыбыз, минанын жерге түшүп жарыларын күтүп, денебиз чымырап, тиштенип…  ”

 

 15-февраль Ооганстандан совет жоокерлеринин чыкканына 29 жыл…

 Б 1979-жылдан 1989-жылга чейин созулган  Ооган согушу аяктап, ал жактан совет жоокерлеринин чыкканына туура 25 жыл толот. Тарыхка кайрылып көрсөк, Ооган согушуна жалпы Советтер союзунан 100 миңден ашык жоокер катышкан. Жалпысынан 15 миңдей жоокер набыт кеткен. Ал эми биздин Кыргызстандан 7  141   мекендешбиз катышып, алардын 249у каза болуп, 4 жоокер дайынсыз жоголгон. Бүгүнкү күндө арабызда аман-эсен жүргөн Ооган согушунун ардагерлеринин саны  6 миңдин тегереги.

-Мен Ооганстандын Герат шаарындагы Мотострелковый ротада  командир взвод болдум. Дивизия Шинданд шаарында болчу, биздин полк болсо Гератта жайгашкан. 4 айдан кийин жүрүш-турушка, жөндөмдүүлүккө карап башка взводго которушту. Ал  гранатомёт боюнча взводдо Ооганстандан кеткенче  командир болдум. Биз негизинен Гератты айланып, душмандарды карап, шектүүлөрдү текшерип, ар кандай колонналарды кайтырып жүрдүк.  Кандагарга эки жолу барып келдим. Шиндантка барып келип турдук. Негизи, согушта атышуу, киши өлтүрүү биринчи орундагы маселе эмес. Биринчи маселе өзүңдү тың алып жүрүү. Ар кандай кыйынчылыктарга чыдоо. Мисалы, мен ошол кезде 21 жашта болчумун. Кол алдымдагы жоокерлер 18-19 жашта. Жаштыгыма карабай, аларды колдон келишинче татыктуу башкардым. Кыскасы, жоопкерчилик абдан чоң болчу.

Кан күйгөн согушта бир нече жолу өлүмдөн аман калдым. Андай учур болбой койгон жок, бир эмес бир нече ирет кайталанды. Менин айдоочум, алдына – ала бир кооптуу нерселерди сезе билген, кыраакы жигит болчу.  Бир жолу БТР менен колоннаны кайтарып, узатып баратканбыз. Биз алдыда болчубуз. Айдоочум жолдон койлордун өтүп баратканын көрүп мага кайрылып: “Жолдош лейтенант жол чаң болуп калды, бул жолдон өтпөй айланып башка жолдон өтөйүнчү” деп бир нерсени шекшигендей айтып калды. Мен: “ башты оорутпай айдай  түз эле өтө берчи, бардык жол бирдей эле” –деп айтайын деп оозуп таптап барып, кайра:  “өтсөң, өтө берчи” деп койдум. Ал унчукпай айланып өтүп кетти. Артыбыздан келаткан 10-15тей  КамАЗдын жетинчисиби, же сегизинчиби, айтор бирөөсүнүн айдоочусу башкаларды ээрчибей жалкоолук кылды окшойт, ал  бизди ээрчип айланып өтпөй ошол жол менен түп-төз өтүп баратып, бир кезде катуу жарылды. Көрсө, ал жолго моджахеддер мина коюп коюшуптур да. Мен ошол жерден биз да жарылбай, аман калганыбыз үчүн кубаныч менен айдоочумду люктан сууруп алып, (күлүп) бетинен өөп жибердим.

Согуш болсо да адамдын жеке майрамы болгон туулган күнү унутулбайт эмеспи. Ооганстанда жүргөн жылдардагы  туулган күнүңүз кандай өзгөчөлүктөр менен эсиңизде калды?

—  Экинчи жылдагы туулган күнүм кандай өткөнүн айтып берейин. Экинчиси, биринчи жылдагыга караганда жакшы өткөн десем болот. Анткени, Аскерде жоокерлердин ойлоп таппаган нерсеси аз болот. Анда Кандагар шаарына жакын жерде суу жээгинде  блок посто турганбыз. Күн да жылуу болгон. Мен эртең менен ойгонуп, БТРдин ичинде китеп окуп жаткам. Туулган күнүмө бир күн калганда, күн бою мага жакын жерде жоокерлердин бир нерсени тынымсыз тыкылдатып жатышканы угулуп утрду. “Бул эмнеси” деп түшүнүп-түшүнбөй эле, ага анчалык көңүл бурган эмесмин. Кийин түшүнсөм, менин жоокерлерим  “командирдин туулган күнүн белгилейбиз” деп мага өзгөчө белек жасап жатышыптыр. Мени эртең менинки чайга чакырышты. Мен окуп жаткан китепке кызыгып кетип, бир эмес, үч жолу чакырганда  бардым. Столду болушунча жасашкан экен. Момпосуй, сок, печьене ж.б. жайнап турат. Колду жууп келип эле, дасторконго олтурууга камынып жатсам, бизге анчалык алыс эмес жерден миналардын атылганы жаңыра баштады. Негизи, минанын үнүн көп уга берсең, ал кулагыңа сиңип калат. Бара-бара учуп келаткан күүсүнө, үнүнө жараша кайсыл жерге, канча аралыкка түшөрүн да жазбай билип каласың. Катуу шамалда туш тарапка ыргалып  “шуу-шуу” деп үн чыгарган жалбырактын үнүнө да окшоп кетет.  Учуп келатканы минаны тыңшап турсам, ал түз эле биз турган жерге келатканын баамдап калдым. Жоокерлер деле сезип турушса керек.  Туш – тарапка качып кетүүгө ( бир күн мурун да тынымсыз аткылашкандан улам, биз окопторду кенен казып, коргонгонго даярдап койгонбуз) кеч болуп  калды.    Баарыбыз, минанын жерге түшүп жарыларын күтүп, денебиз чымырап, тиштенип,  кыймылсыз катып калдык. Бир кезде, мина жаныбыздагы 15-20 метр аралыктагы окопко “чук” этип сайылып, жарылбай калды.  Биз ал минанын курмандыгы болбой калганыбызга ишенип-ишенбей, каткан денебизди жазып, түшкөн минанын жанына басып барсак, ал сынып калыптыр. Ошон үчүн жарылбай калыптыр. Жоокерлерим аны бир карап, мени бир карап: “Жолдош командир, бир күндө эки жолу төрөлгөндөй эле болдуңуз” деп каткырып күлүп калышты. Чын эле ал сөздүн маанисине ой жүгүртүп көрсөк,  туура эле айтылгандай. Эгер, мина жарылганда 15 метр жерден далайыбызга осколкаларга чачырамак. Далайы жарадар болушмак, балким…    Айтор, анын кесептинин айтууга да ооз барбайт.

Мен жарылбай калган минаны (82 мм. көлөмдө) алып, ичиндеги жарылчу затын тазалап, алып салып сувенир кылып көтөрүп алдым. Аңгыча, нар жактан бир жоокер: “Жолдош командир, тамак муздап калды” деп кыйкырды. Биз баарыбыз жабылып, кандайдыр бир чоң кубаныч менен тамакка олтурдук. Жоокерлер мен жакшы көргөн пюрени тушонкага аралаштырып, жасап коюшуптур. Бир жоокер: “бизден сизге белек бар” деп калды. Карасам, көлөмү компьютердин көлөмүнөн эки эсе чоң болгон  торт турат.  “Туулган күнүңүз менен! 22 жаш” деп крем менен жазып коюшуптур, розалары да турат.  Кадимкиде эле торт. Талаа шартында, согуш мезгилинде мындай торт кайдан деп абдан таң калдым. Талада, окопто жатсак, тегерегибиздеги айылдардын баарын моджахеддер басып алган. Ал жакка оңой менен кире албайсың.  “Асмандан түшүп калдыбы” деп да ойлоп кеттим. Жоокерлерден: “Бул торт кайдан” деп сурадым. Алар: “сизге белек кылып, атайын өзүбүз жасадык, свечалары гана жок” дешти. Жеп көрсөм,  даамы сонун. Дүкөндөгүдөн айырмасы деле жок. Көрсө, Ташкентте Кулинария инистутунда  окуган Эргешов жоокер бар болчу. Анын айтуусу менен “молодой” жоокерлер менин туулган күнүмдөн бир күн мурун каскага (жогоруда айткан тыкылдак үн) тыкылдатып “крем”  жасап жатышыптыр. Алар тортту печеньеден эле жасашыптыр, аны эзишип, темирдин үстүнө жайып, соктон куюп, ал катыганда печеньеден кайра жайышып, кайра сок куюшуп, крем сыйпашып… Эми даамы укмуш…

Суроо салган Айбек Шамшыкеев

Алик Мамыркулов, генерал-майор: “Бир жолку эле операцияда 1-ротанын жоготуусу 90, Менин 2- ротамдан 12 жоокер курман болуп…  ”

15-февраль Ооганстандан совет жоокерлеринин чыкканына 29 жыл…

 Б 1979-жылдан 1989-жылга чейин созулган  Ооган согушу аяктап, ал жактан совет жоокерлеринин чыкканына туура 25 жыл толот. Тарыхка кайрылып көрсөк, Ооган согушуна жалпы Советтер союзунан 100 миңден ашык жоокер катышкан. Жалпысынан 15 миңдей жоокер набыт кеткен. Ал эми биздин Кыргызстандан 7  141   мекендешбиз катышып, алардын 249у каза болуп, 4 жоокер дайынсыз жоголгон. Бүгүнкү күндө арабызда аман-эсен жүргөн Ооган согушунун ардагерлеринин саны  6 миңдин тегереги.

 — Ооганстанга 1979-жылы декабрь айында согуш жаңы башталган учурда бардык. Бизди Алмата полкуна которушту. Мен ошол полкто десанттык 5-ротага командир  болдум. Ошондо мен 23 жашта болчумун.  Кабулга келгенде  №66 -бригадага туш болдук. Ошол күндөн баштап биз үчүн чыныгы кыйын жашоо башталды. Азыр айрымдар:  “ой, укмуш согушканбыз, баланча душман кырганбыз” деп айтып жатышпайбы, мен ачык айтайын, согушта эрдик көрсөткөн учурлар дайым эле боло бербейт, антип мактанган сөздөрдү, согушка катышпаган, катышса да, чыныгы салгылашты башынан өткөрбөгөн жоокерлер гана айтышат.

Өтө кооптуу учурларды  башыбыздан көп эле өткөрдүк. Мисалы, бир чоң окуяны учкай айтып берейин. 1980 жылы 10-майда  Нангалан деген провинциядагы Бойхара деген шаарчада согуштук операция өткөрө турган болдук. Ар бир ротада 115тен 125ке чейин жоокер боло турган. Биздин ротаны түнкү саат экиде вертолёттор (ар бирине 15ке чейин жоокер) менен чабуул боло турган жерге ташташты. Ал жер Пакистан чек арасына жакын жер,  дарыянын нары жагы Пакистан бери жагы Ооганстан. Биринчи ротаны 7-8 чакырым аралыктагы коктунун жогору жагына, экинчи (Валерий Соловдуку) ротан ылдый жакка жайгашты. Менин ротам болсо ортосунда орун алды. Батальондун башкаруу планы жана миномёттору менде болчу. Таңкы бештерде картаны карап, операцияны баштоону максат кылып: “мурункудай эле самолёттор, танкалар менен талкалайбыз, баары качышат” деген ой менен ишенимдүү келатабыз. Жол жүрүп олтуруп, бизге жакын жердеги Шамун деген шаарчадан өттүк. Бир кезде эле бардык тегеректе моджахеддер жайнап чыга башташты. Саны бизден алда канча көп, 15 метрге чейин каптап жакындап келишип, биздин роталарды бөлүп-бөлүп курчап алышты. Чынында душмандар кайсыл жактан чыга каларын ким билиптир. Себеби, бизде да, биздин үстүбүздөгү  чоңдордо да так маалымат жок болчу. Негизги, маалыматтар Москвадан, Ташкенттен жана Кабулдан келчү.   Ошентип, курчоодон эч жакка чыга албай калдык. ДШК, (БТРде талкалай турган күчтүү курал) снайперлер туш тараптан атылып баштады. Алар чоң таштарга жашынып, улам жакындоонун амалын көрүп жатышты.  Мен өз ротамдан 10дой жоокерди алып, кырдаалдан чыгууга амал издеп баштадым.  Эптеп жогору жактагы бийиктикке чыгып, АГС менен удаа – удаа аткылап жибердик, бир аз качышкан болушат, кайра жакындашат. Ал жерден баары алаканга салгандай көрүнөт, атышуу кинодогудай эле болуп жатат. Биздин жолдун баары бекилген, жердин баарында буктурма коюлган. Ашык аракеттерди кылуу өтө эле кооптуу болуп калды. Ошондой болсо да, жашоо керек да, баарына кайыл болуп, болушунча каршылык көрсөттүк. Бир кезде 1-ротага болгон  чабуул өтө күчөп кетти.  Алар сууга агып, туш келди качып жатышат. Көп өтпөй, кайра бизди артыбыздан курчай башташты. Комбатка: “артиллерия менен авиацияны чакырыш керек” дедим. Бирок авиация чыгышы кыйын. Келген күндө деле душмандар менен биздин ортобуз 20 -40 эле метр, кимисин атат? Артиллериянын келиши да кыйын болчу.

Таң атпай башталган атышуу кечке чейин созулду, жарадарлар, өлгөндөр да көбөйүп баштады. Кабулга кырдаал тууралуу билдирсек, бизге ишенбегендей:  “алар каяктан, кантип эле” деп ишенишпейт, биз жинибиз келип: “келгиле көргүлө, силердин чалгынчылар кандай иштешет, мына 1 -ротаны талкалап салышты” деп ачуубуз менен жооп кайтардык. Эптеп, курчоодон бошонуп, маджохеддердин өзүн артынан курчоого алууну  пландадык. Бирок ал мүдөөбөздү ишке ашыруу кыйын эле. Миномёт менен аталы десек, биздин жашынган жерди дароо билип калышат да, каптап келип плёмоттор менен талкалашмак. Ошон үчүн чоң курал колдоно албай айлабыз кетти. Ушундай ашыкча кыймыл кыла албай турганда, түн кирип, тыптынч болуп калды. Мен курчоодо калган 1-ротанын  аман калган жоокерлерин  алып чыгуу үчүн сержант Алиевди баш кылып, калган жоокерлерди калоосу менен алып, жөнөдүм.  Баары пулёмот, автомат, миналар  менен куралданышкан. “Тирүү колго түшпөгүлө, багынбагыла” деп катуу эскерттим. Талап боюнча бир да жоокер душмандын колуна түшпөшү керек. Жарадар болсо, аны кандай болсо да душмандарга калтырганга болбойт,  мындайча айтканда, өлсөң да, өлүгүн алып чыгып кетүү милдет эле. Калтырып кетсең, дароо сот жообуна тартылчусуң.

Ошентип, башты канжыга байлап, 1-ротта курчоого калган жерге акырын жылып жөнөдүк. Алды жагыбыздан кыйратып эч нерсе көрүнбөйт, тегерек четтин баары эле өлгөн жоокерлердин сөөктөрү. Ал өлүктөр  улам бутка илешип, улам жүрөктү түшүрөт. Чынында корктук, жүрөк лакылдаса да, сыр бербей, эптеп алдыга жөнөй бердик. Паролубуз  “Зет” (1-ротанын командири Сергей Заколодяжный деген  атка жакындаштырып койгонбуз) болчу. “Зет” деп кыйкырсак, анда 1-ротанын тирүү калгандары үн салып, бизди тосуп алышмак. Анткени, аларга мурун радиостанция менен пароль туралуу билдирилген болчу. Биз эки катар менен басып баратабыз, бир кезде ай жарык болуп, алы жагыбыз көрүнө баштады. Бирок ошондой болсо да, 10дой жоокерди жанагынча душман каалаган жеринен тосуп чыгып, бир заматта жок кылып коймок да. Бактыга жараша андай болгон жок. Кыязы, алар кетип калышса керек. Бир аздан кийин, орусча сөгүнүп сүйлөгөн, кыйкырган адамдардын үнүн уктук. Токтоп: “Зет” деп кыйкырсам, эч ким унчукпайт. Акырын жакындап олтуруп, 1-ротаны таанып, жакындап келдик. Үн салсак, эч ким сүйлөбөйт.  Карасак, бирөөнүн куралы бар, бирөөнүкү жок, айтор абдан шок абалында калышканын байкадык. Серёга мени көрүп эле: “Алик, баарынан айрылдык” деп ыйлап жиберди. Болгону ал жерде 17 адам калыптыр… аларды биз куткарып алдык. Аз болсо да тирүү калгандарына сүйүнгөнүбүздөнбү,  айтор  биз да ыйладык, командирге кошулуп.

Ошол жердеги бир көрүнүштү  сөз менен өзүнө кылып айтуу мен үчүн оор. Мындай бир өтө кызык окуяга туш болдук. Жарадарларды чогултуп, куралдарды жыйнап жатсак, жаныбыздан түркмөн улутундагы Караев деген миномётчик бир буту кызыл ашыктан ылдый жок  басып баратат. Биз абдан таңкалып: “Сержант Караев сага эмне болгон, кана бутуң”-деп сурап жиберсек, ал ошондо эсине келгенсип, бутун карап туруп, жыгылып калды. Көрсө,  коркконунан шок абалында бутун ок жулуп кеткенине карабай эле басып  жүрө бериптир…

Кийин, бул операция тууралуу журналисттер гезиттер көп эле жазышты. Өзүм “Московский Комсомолецтин” жазганын окугам. Ал макалда мен жөнүндө да жазышкан экен.

-Ошондо силердин  үч ротадан жалпы канча жоокер курман болду?

-Биздин үч ротадагы жоокерлер баардыгы болуп 360 -370ке жетет эле.  1-ротанын жоготуусу 90го жетти. Менин экинчи ротамдан 12 жоокер курман болуп, 17си жарадар болду. 3-ротадан 6 жоокер каза болуп, 7си жарадар болушкан. Душмандардын деле жоготуусу биздикинен аз болгон жок. Так санын биле албадык, анткени алар түн ичинде өлгөндөрдүн баарын жыйнап кетишиптир.

Суроо салган Айбек Шамшыкеев

Асанбек Алымкожоев генерал –майор, КРнын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын жетекчиси: “Булар аз экен өлтүрөлү деп моджахеддер дайым артыбыздан түшүп алышчу…”

 

 15-февраль Ооганстандан совет жоокерлеринин чыкканына 29 жыл…

 Б 1979-жылдан 1989-жылга чейин созулган  Ооган согушу аяктап, ал жактан совет жоокерлеринин чыкканына туура 25 жыл толот. Тарыхка кайрылып көрсөк, Ооган согушуна жалпы Советтер союзунан 100 миңден ашык жоокер катышкан. Жалпысынан 15 миңдей жоокер набыт кеткен. Ал эми биздин Кыргызстандан 7  141   мекендешбиз катышып, алардын 249у каза болуп, 4 жоокер дайынсыз жоголгон. Бүгүнкү күндө арабызда аман-эсен жүргөн Ооган согушунун ардагерлеринин саны  6 миңдин тегереги.

  1980- 1981- жылдары толугу менен ооган согушуна катыштым. Ал жакта бир жарым жыл Чалгындоочу батальонунун Чалгындоочу  ротасынын командири, андан кийинки жарым жыл № 177чи Чалгындоочу полктун жетекчиси болуп кызмат өтөдүм.  Негизи эле, чалгындоочулардын тапшырмасы   абдан оор, мисалы: кайсы дивизия, кайсы полк, кайсы рота согуштук операцияларга  чыкса, сөзсүз түрдө алар менен кошо чыгат. Аларга колдон келишинче биринчи маалыматтарды берүү биздин милдетибиз болчу!   Биз 1980-жылы жарым жылдан ашык Кабулдун четиндеги Хайрхана деген ашууда, андан кийин Баграм деген шаарда турдук. Чалгындоочу полктун жетекчиси болуп дайындалгандан кийин Джабалусарас деген жерде болдук. Ал жерде Кабулдан Саланг ашуусуна кеткен жолду моджахеддерден кайтарып, көзөмөл кылып жүрдүк.  Бизге  тоолорго Авиация техникалары менен чалгындоого чыгышкан   чалгындоочулар  модажехеддер боюнча биринчи маалыматты берип турушчу. Ошол маалыматтарга таянып, аларга каршы тиешелүү чараларды көрчүбүз. Негизинен моджахеддер, 50 — 60тай төө, ат, качырлар  менен курал-жарак, ок- дарыны Пакистандан Ооганстанга ташышып, кезектеги согушка даярданып жаткан кездерде,  вертолёттор менен келип, аларды туткундап, жүктөрүн алчубуз.

Согуш учурунда өтө кооптуу кездерге кабылган, оор, маанилүү тапшырмалар тууралуу айтып берсеңиз? Мисалы, атактуу Пандшерди ээлеп алган айтылуу Ахмад Шах Масудга каршы чабуулдарга катышсаңыз керек…

— Мен сиз  айтып жаткан Масудка каршы чабуулдардын экөөсүнө катышып, ал отурукташкан атактуу Пандшер капчыгайында болдум. Ал капчыгайды Ахмад Шах биротоло ээлеп алгандыктан,  ага эч ким кирчү эмес. Киргендер, согушуп кирип, согушуп чыгышчу. Ага каршы биринчи чабуул 1980-жылы болуп, капчыгайга канча чакырым кирсек, ошончо чакырым тынымсыз аткылашып, согушуп жүрүп олтурдук. Техника бийик тоого чыга албайт. Бир аяк жол. Моджахеддер бизди кандай да болсо, буктурма уюштуруп, туш тараптан кысып, жок кылганга аракет кылышты. Анткени, бул ыкма алардын бирден-бир көп колдонулган ыкмалардын бири болчу.

Капчыгайдын үстүнөн да авиация техникалары да бир топ чабуул коюп,  көзүнө көрүнгөндүн баарын кыдырата бомбалап, аткылаган учурлар болгон. Себеби, Пандшерде жеке эле Масуддун отряды эле эмес, анын урук-туугандары, ага баш ийгендер, айтор өзүнчө эле бир чоң айыл жашаган десек болот. Ал эми 4-5 чакырым бийиктиктен ким моджахед, ким карапайым адам,  ким кемпир — чал, ким  бала-бакыра дегенди так ажыратуу кыйын да. Ошондуктан авиациянын чабуулунан, далай жаш-карылар кырылып калганын  көрүп эле жүрдүк. Мунун өзү жалпы элдин нааразычылыгын туудуруп, совет жоокерлерине  карата жек көрүүнү жана каршылыкты жаратат эле.  Чынын айтканда, ал кезде карапайым калк жыш жайгашкан айылдарда моджахеддер көп деп ал жакты ракета же катюша менен аткылап, “мына биз талкаладык” деп төш кагуу өтө туура эмес болгон. Себеби, ошол кубаттуу куралдын огунан канча бейкүнөөсүз адамдар көз жумганын жана ага каршы болуп канчалаган карапайым адамдар моджахеддердин катарына кошулуп жатканын эч ким эсепке алган эмес да.   Биз болсо, көп учурда жалгыз аяк жол менен жүрүчүбүз, ким моджахед, ким жаш, кары экенин так ажырата таанып, аларды атпай, моджахеддердин өздөрү менен согушчубуз. Ошондо да, бизди биринчи аткылагандарга жооп кылчубуз.

Пандшердеги чабуулдардан кийин Будда эстелиги (кийин талибдер жардырып салышты) менен аты чыккан Бамиан шаарында да бир катар салгылашууга катышып, ал шаарда жарым жылдай болдум.  Аталган шаарды дагы кийинки мезгилге чейин моджахеддер ээлеп, алар башкаларга үстөмдүк кылып турушчу. Бамианда эки, үч ай турдук. Мына ушул эки жерде  эң маанилүү, эң оор тапшырмаларды аткардык…

Биздин чалгынчылардын тобу ашып кетсе 20дай эле, кээде андан да аз топ болуп чалгындоого чыгып кетчүбүз. Душмандар көрүп калса, “а, булар аз экен, өлтүрөлү, же колго түшүрөлү ” деп артыбыздан билинбей, байкатпай түшүп алышчу. Анткени, моджахеддердин  башчылары өздөрүнүн тобу тарабынан өлтүрүлгөн ар бир совет жоокерлерине, офицерлерине жакшы акча төлөшчү да. Тирүү кармап барса, андан көп акча төлөп берчү. Жакшы чабуулдарга да өтө көп акча төлөшчү. Бул жагынан  АКШ баарынан алдыга чыкты. Өздөрүнүн миллиондогон акчаларына ооган моджахеддеринин ичинен согуш ыкмасына, жаңы үлгүдөгү куралдардын адистигине үйрөтүштү.

Мисалы, Усама Бен Ладенди алалы. Аны деле ошол кезде америкалыктардын ЦРУсу даярдап, укмуш кубаттуу куралдарды кантип колдонуп, кандай учурда атуу керек,  кандай кол салса болот ж.б.  деген толгон – токой согуш маселесине тиешелүү нерселерге үйрөтүшкөн. Бен Ладен дагы шейхтин баласы болгон…

 Суроо салган Айбек Шамшыкеев

ЧОКОЕВА Роза: «Кызымдын тамагы “Аврорага” күйүп, анысы аз келгенсип тешилип калды»

Кырсык айттырбайт келет деген чын. Дегеним, кечээ эле эч нерсе менен иши жок, таттуу балалыктын кучагында оюндан башканы билбеген кыз «Аврора» казан-аяк жуугуч каражатын ичип алып, минтип оор жаракат менен күрөшүп жатат. Жанында баласынын оорусун көрүп жүрөгү жараланган эне күйпөлөктөп айласын таппайт.

«Күйөөм иче бергенинен ажырашып кеттим эле»

— Жалал-Абаддан болобуз. Төрт баланын энесимин, улуу кызым 10-класста, экинчиси 2-класста, андан кийинки кызым 4 жаш, кенжеси 1 жаш эки айлык. Жашообуз оор эле, анткени күйөөм экөөбүз баш кошкондон бери батирлеп жүрөбүз. Өзүбүздүн үйүбүз же туруктуу ишибиз жок, күнүмдүк жумуштарда иштеп акча таап балдарыбызды бакчубуз. Үйдө тынччылык, ынтымак болсо курсак тоёт эмеспи, бизде андай да жок эле. Күйөөм көп ичет. Такыр айлам калбай калганда мындан жарым жыл мурун ажырашып кеткем. Чынын айтсам, чыдай албай калдым. Өзүмө да, балдарыма да тынч жашоону кааладым. Ичкен адам белгилүү да, адамды кыжаалат кылат, тапкан акчасынын баарын ичип салат. Бир баштаса он күндөп токтобой кууп ичет. Күйөөмөн кеткенибизден кийин мен иштеп, 10-класстагы кызым сабактан кийин балдарды карап оокатыбыз өтүп аткан. Күйөөм балдарынан кабар да алчу эмес. Бир күнү дүкөнгө кеткем. Дүкөн алыс, үй менен аралыгы бир сааттык. Үйдө 7 жаштагы, 4 жаштагы жана кичине балам калган. Алар дайыма эле өздөрү калышчу, мен келгенче улуусу кичинелерин ойнотуп отура беришчү.

«Врачтар кызымдын тамагын тешип салышыптыр»

— Мен казан-аякты агартуучу чачма “Аврора” каражатын колдончумун. Аны балдарымдан алыс кармайын деп таштанды салган чака жактагы ящикке салып койгон элем. Мен кеткенде балдарым аны таап алышып, суу деп гүлдөргө чачып ойношуптур. Анан төрт жаштагы кызым оозун ачса, 7 жаштагы балам анын оозуна да чачкан экен, ичип алыптыр. Кенже кызымдын да мойнуна тийип, териси бир аз күйүп калыптыр. Мен дүкөндөн келсем кызым оозунан ак көбүк куюлуп жатыптыр. Сурасам «арак ичтим» деп коёт. 7 жаштагы баламан сурасам “Аврораны” көрсөттү, эсим чыгып дароо алып ооруканага чуркадым. Алып барсам кызымдын тамагы күйүп калган экен. Аны жуудуруп, ооруканага жатып калдык. Кызым жакшы эле болуп калган, 10 күндөн кийин “тамагына түтүк салып көрөлү” дешкен. Түтүктү өлчөмүнө карап күндө бирден салып туруш керек экен. Жалал-Абаддагы врачтар үч өлчөмдөгү түтүктү бир күндө салып коюшуп, тамагын тешип салышыптыр. Ошондон кийин тамак жесе өпкөсүнө кетип калып атат. Анын кесепетинен өпкөсү ириңдеп атат. Жалал-Абадда он күндөн ашык жатканда Бишкекке жиберишти. Бизге тамагын тешип койгондорун айтышкан эмес, Бишкекке келип билип отурабыз.

«Кызымдын тамагы айлап, жылдап бүтөт экен»

— Бишкектеги 3-балдар ооруканасына келип түштүк. Кызыма операция жасалып, тамактануу үчүн ашказанын тешип түтүк салышты. Учурда тамакты блендер менен майдалап, түтүк аркылуу ашказанына куям. Башында ооз менен тамак жейм деп ыйлачу. Эми тынчып калды. Ооруканада жатканыбызга эки ай болду. Кызымдын тамагы айлап, жылдап бүтөт экен, ага чейин дарыгерлердин көзөмөлүндө болуу керек. Кызымдын иммунитети, каны аз болуп, оору менен организми күрөшө албай жатат. Кудайдан кызымдын абалын тилеп эле олтурам. Энелер “Аврора” колдонбой эле коюшу керек экен, бул өтө кооптуу каражат турбайбы. Кызымды көрүп жүрөгүм жанчылат. Балдарымды 10-класстагы кызым карап үйдө. Күйөөмө чалсам мас, андан жардам жок. Акча жагынан кыйналып атам. Бир кезде кыздарыма жөлөк пул алчумун, кийин апамын колуна берсем, ал кишинин пенсиясы бар деп андан да кур калганбыз. Боорукер адамдардан жардам сурайт элем.

Элсом: 0772687651.

Кыргызстан коммерциялык банкы

Эсеп: 1033821100000237

000000570470

Алуучу: Чокоева Роза Койчубаевна

Сузакта С.Жээнбеков атындагы мектептин мугалиминин жансыз денеси өз үйүндө табылды

Сузак районуна караштуу Ленин айыл аймагынын Гавриловка айылында жайгашкан Сатыбалды Жээнбеков атындагы мектептин мугалими Б.А.нын жансыз денеси өз үйүндө табылды. Бул маалыматты жергиликтүү жашоочулар жана анын кесиптештери тастыкташты.

Маалыматка караганда, 27-январь түнү белгисиз кылмышкерлер аны өлтүрүп кеткен.

Элеттиктердин ырастоолорунда, каза болгон мугалим 1996-жылдан бери С.Жээнбеков атындагы орто мектепте балдарга билим берип келген. Анын эки уулу тең Россияда иштеп, өзү үйүндө жалгыз жашачу. Бирок ошол эле айылда бир туугандары, ата-энеси болгондуктан кээде алардын үйүнө барып түнөсө, кээде жакындары анын үйүнө келип турушчу. 27-январь күнү кечинде андан кабар алганы барган жакындары жансыз денесин табышкан. Дароо милиция чакыртылып, алар тийиштүү иштерди жүргүзүшкөн.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, азырынча кылмышка шектүү адамдар табыла элек.

С.Жээнбеков атындагы мектептин директорунун окуу иштери боюнча орун басары Алымкан Рыскулованын айтымында, маркум ишине жоопкерчилик менен мамиле жасачу. Башталгыч класстарга сабак берип, 3-классты окутуп жаткан.

«Мен ал инсанды 1996-жылдан бери кесиптеш жана кошуна катары жакшы билем. Башталгыч класстарга сабак берчү. Ишине так, жоопкерчилик менен мамиле жасачу. Айтканыңды ашыра аткараар эле. Мектепте эч ким менен пикир келишпестикке да барган эмес. Сабырдуулук менен мамиле жасачу. Бир ушак сөз сүйлөп, кимдир бирөөнү жамандаганын көргөн эмесмин. Жумушун сүйгөн кесиптешибизден айрылып, биз да кабыргабыз кайышып отурабыз», — деди ал.

Анын айтымында, мектептеги окуучулар суукка байланыштуу 26-январда таратылган. Андан кийин мугалимдерге чогулуш болуп, жамаат тарап кетишкен. Бул күнү А.Б. тийиштүү иш кагаздарын тапшырган соң үйүнө кеткен эле.

«Ал башталгыч класстардын усулдук бирикмесин жетектегендиктен мага ал күнү усулдук бирикменин иш кагаздарын, ачык сабактардын графигин тапшырды. Мугалимдердин өмүр баяндарын толуктаган. Өзүнө тийиштүү болгон жумуштун баарын жасагандан кийин гана мектептен кеткен болчу», — деп кошумчалады ал.

Маалым болгондой, 52 жаштагы мугалимдин артында эки уулу калды. Маркум кечээ акыркы сапарга узатылды. Милиция бул окуя боюнча азырынча комментарий бере элек.

Учурда №51 С.Жээнбеков атындагы орто мектепте 300дөн ашуун окуучу билим алса, 26 мугалим эмгектенүүдө.


http://www.turmush.kg

«Кыргызстандын тарыхы» үч томдугу жарыкка чыкты

Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Тарых жана маданий мурастар институтунун окумуштуулары «Кыргызстандын тарыхынын» үч томдугун чыгарышты. Академиялык изилдөөдө кыргыз элинин калыптанышы, таш доорунан берки узак мезгилге созулган тарыхы камтылган. Жаңы эмгекте Энесай кыргыздары, Кыргыз советтик республикасынын түзүлүшү боюнча буга чейин ачык айтылбай келген бир топ маалыматтар берилди. Совет мезгилинде үч ирет чыккан Кыргызстан тарыхы орус тилинде жарыяланып келсе, бул ирет кыргызча жазылды. Автордук жамааттын жетекчиси, белгилүү тарыхчы, профессор Рыскул Жолдошев жаңы илимий эмгек тууралуу айтып берди.

“Азаттык”: Рыскул мырза, “Кыргызстандын тарыхынын” үч томдугу жарыкка чыкты. Бул эгемендик тушундагы тарыхка жаңыча көз караштан, илимий жетишкендиктин жаңы бийиктигинен карап туруп жазылган эмгек. Таш доорунан азыркы учурга чейинки мезгилди чагылдырган эмгекте кандай проблемалар камтылды?

 ​Жолдошев: Жакында Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Тарых жана маданий мурастар институту тарабынан “Кыргызстан тарыхы” деген үч томдуктан турган китеп басылып чыкты. Бул көлөмү жагынан 500–600 беттен турган ири эмгек. Болжол менен 150 басма табакты түзгөн көлөмдүү китеп болду. Мунун баштагылардан айырмасы – мурда фундаменталдуу илим, Кыргыз ССРинин тарыхына арналган эмгектер орус тилинде чыкчу. Социализм заманында андай академиялык томдуктар үч жолу жарык көргөн. Акыркысы 1984-жылдан тарта беш томдук болуп чыгып, орус тилинде чыккан. Совет мамлекети кыйрагандан кийин кыргыздар өз алдынча мамлекет болуп, ушул 25 жыл аралыгында Кыргызстан тарыхынын академиялык басылышы чыга элек болчу. Мына эми ошол тарыхтын үч томдугу жарык көрдү.

“Азаттык”: Ушуга улай дагы бир суроо. Жакында парламентте кыргыздардын VII кылымга чейинки тарыхын изилдөөчү институт ачуу демилгеси көтөрүлдү. Ага көп деле акча талап кылынбай тургандыгы айтылды. Сиздердин институтка ошончолук акча бөлүнөбү?

 ​Жолдошев: Депутаттардын жаңы демилгесин абсурддук идея деп айтсак болот. Анткени кыргыздардын байыркы замандан азыркыга чейинки тарыхын иликтеген Улуттук илимдер академиясынын Тарых институту турат. Бул институтта VII кылымга чейин эмес, тээ таш доорунан баштап бүгүнкү күнгө чейинки тарыхы изилденет. Эгерде ошондой институт ачылса, ага каражат которсо деле кадрларды даярдоо бир топ убакытты талап кылат. Илим — бул ар кайсы жактан адамдарды чогултуп келип, бир столго отургузуп коюш эмес. Ошол изилдөө иштериндеги адистерди калыптандырыш керек. Бери болгондо 15–20 жылдын ичинде бир адис калыптанат. Анча акчаны коротуп убара болбой эле, ал акчаны Илимдер академиясына беришсе изилдөөлөр азыркысынан да жакшы болмок.
Анча акчаны коротуп убара болбой эле ал акчаны Илимдер академиясына беришсе изилдөөлөр азыркысынан да жакшы болмок.

Академияга жарыбаган эле акча берилет. Академиянын кызматкерлерине гана айлык төлөнөт, ал эми илимий кызмат сапарларына, талаа иштерин уюштурганга, архивге барганга эч кандай акча төлөнбөйт. Акыркы ирет качан андай акча беришкенин унутуп деле калдык.

Академияга акча бөлүү жагы өтө төмөнкү деңгээлде деп айтсак эле болот. Ошого карабай академия иштеп атат, мынабу үч томдук ошол иштин натыйжасы. Бирок бардык эле иштер сыяктуу муну да идеалдуу эмгек деп айтыш кыйын. Бардык иште кемчилик болбой койбойт. Академиялык үч томдук чыкты.

“Азаттык”: Рыскул мырза, Кыргыз ССРинин тарыхында “улуу кыргыз державасы”, “улуу кыргыз дөөлөтү” деген маселелер көбүнчө четке кагылып калчу эле. Ошол маселе кандай чечилди? Анан кыргыз тарыхында аябай карама-каршылыктуу проблемалар бар. Мисалы, басмачылык кыймылдын жаралышы, кыргыз тоолуу автоном облусун түзүү аракети, Кокон автономиясы, дагы башкалар. Ушундай проблемалар бул эмгекте кандай чечилди?

Кыргыз элинин калыптанышы боюнча ар бир окумуштуунун көз карашы ар башка болуп, чаржайыт чагылдырылып келген. Аларды биз жөнгө салдык десек болот.

Жолдошев: Жаңы басылмада бул эмгектер кийинки көз караштар менен, жаңы табылган булактарга таянып жазылды. Үч томдукка көптөгөн авторлор катышты. Ага академияда иштеген авторлордон тышкары башка жактарда иштеген, жогорку окуу жайларда сабак берген тарыхчы адистердин баары катышты. 1-томдукта байыркы мезгилден, таш доорунан XVII кылымга чейинки учур камтылды.

2-томдук болсо XVII кылымдан XIX кылымга чейинки үч кылымды камтыды. 3-томдук болсо XX кылым, анан жаңы кылымдагы биздин мезгилге чейинки тарых жазылды. Совет мезгилиндеги тарыхта Энесай кыргыздары идеологияга айланып, алар менен азыркы кыргыздар бирби же бөлөкпү деген маселе болуп келген. Кыргыз элинин калыптанышы боюнча ар бир окумуштуунун көз карашы ар башка болуп, чаржайыт чагылдырылып келген.

Аларды биз жөнгө салдык десек болот. Алгачкы адам изи – таш доорунан баштап алгачкы мамлекеттик түзүлүшкө чейинки маселелер каралды. Андан тышкары байыркы кыргыздар – кыргыз деген атты алып жүргөн элдер тууралуу бөлүм киргизилди. Байыркы кыргыздар тууралуу кеп кылганда ал Енисей бою эмес, Ысык-Көлдүн чыгыш тарабындагы Чыгыш Тянь-Шань аймагы болгондугу жөнүндөгү маалыматтарга таянып, толугу менен берилди. Андан тышкары буга чейин академиялык изилдөөлөргө кирбей келаткан Енисей кыргыздары, алардын мамлекеттүүлүгү жөнүндө өзүнчө чоң бөлүм кирди. Аны ушул теманы изилдеп келаткан тарыхчы илимпоз Муратбек Кожобеков жазды. Кыргызстандын аймагында пайда болгон каганаттар – карлук, түргөш, караханиддерге чейин айтылып, анан Чыңгызхандын жортуулдары боюнча маселелер каралды. Кийинки ири маселе кыргыздардын Тянь-Шанга келип келип Могулистанды өзүнө каратып, азыркы Кыргызстандагы жерлерди, Батыш Тянь-Шанды өздөштүрүп, Памирге чейин жеткендиги камтылды.

Акыркы бөлүмдө кыргыз элинин калыптанышы, пайда болушу, башкача айтканда, этногенез маселеси каралды. Бул мурункулардан таптакыр айырмаланган, таптакыр жаңыча көз караш. 1-томдо айтылгандар жалпысынан ушундай. Ал эми 2-томдо кыргыздардын Тянь-Шанга келгенден кийинки жашоо абалы, Моголистанды өзүнө сиңирип, уруулук-мамлекеттик деңгээлде түптөлүшү, андан кийинки Жунгар хандыгы менен болгон мамилелер, Кокон хандыгы менен болгон мамилелер каралды. 3-томдо совет мезгили жазылды. Мурун тарыхты идеологияга байланыштырып карачу. Бул жолу андай чектөө жок, басмачылык кыймылы, советтик түзүлүш каралды. Репрессия, совет бийлигинин кыйрашы, диндин таралышы, илим-билимдин өнүгүшү, анан азыркы эгемен мамлекет болгондогу тарыхы каралды. Байыркы мезгилден азыркыга чейинки негизги маселелер каралды.

“Азаттык”: Кыргыз элинин калыптанышы тууралуу маселе кандай чагылдырылды?

Кыргыздардын азыркы этностук компоненттеринин өзөгү — орто кылымдардагы байыркы кыргыздар экени көрсөтүлдү.

Жолдошев: Баарын толук айтсам чоң маселе болуп кетет. Кызыккандар аны китептен окуш керек. Азыркы кыргыздар дүйнөдөгү башка элдердей эле көптөгөн элдик компоненттерден турары аныкталды. Таптаза, эч кимге аралашпаган эл болбойт. Эл болуп жаралгандан башка элдер менен аралашып, этностук компонент деп коет, ошол компоненттердин негизин түзгөн өзөгү болот.

Кыргыздардын азыркы этностук компоненттеринин өзөгү — орто кылымдардагы байыркы кыргыздар экени көрсөтүлдү. Аларга тарыхый жолунда көптөгөн элдер аралашып, жуурулушуп азыркы кыргыз эли калыптанганын,

анын уруулук курамы, алардын качан пайда болгондугу тууралуу сөздөр болду дагы, кыргыздар түбү Енисейден Тянь-Шанга чейин келгендиги айтылды.

“Азаттык”: Маегиңизге ырахмат!

Бекташ Шамшиев

2 жаштагы баласын ичке тепкен Бариер Адиевди аялы коргоп, арыз менен кайрылды

Бишкекте  баласын ичке  тепкен Бариер Адиевдин аялы күйөөснүн аталык укуктан ажыратууга каршы экенин билдирген арыз менен кайрылды. Бул тууралуу борбор калаадагы Октябрь райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Рейна Султанмуратова “Азаттык” радиосуна кабарлап, үй-бүлө социалдык кызматкерлердин көзөмөлүндө экенин кошумчалаган.

— Баланын энеси аталык укуктан ажыратууга каршымын деп арыз жазып кетти. Бала атасына аябай жакын, куса болуп ыйлап, аны сурап жатат, жакшы көрөт деди. Психологдор да иштешти, бала көп деле сүйлөй алабайт экен. Бирок апасы менен сүйлөштүк, эч кандай психологиялык жардамдын кереги жок деп айтып жатат. Окуядан кийин бала бир күн ооруканага жатып чыккан. Дарыгерлер бир нече жолу текшерип, жараат алган деп айтышкан. Бирок апасы көгөргөн жери жок деп жатат-деген Султанбекова.

Белгилей кетсек, 2-декабрда кызыл күрмөчөн киши кичинекей баланы карда жаткан жеринен ичке тээп жибергендиги тартылган видео тараган. Ошол эле күнү милиция кызматкерлери аны таап, Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына алып барышкан. Кийинчерээк дал ошол кишинин Сокулук районундагы мамлекеттик каттоо кызматында жетекчинин орун басары болуп, эмгектенери белгилүү болуп ал кызматтан алынып, эки айга камакка алынган.

 

 

 

 

 

Падыша-Ата коругунун аймагында байыркы эротика чагылдырылган петроглифтер бар, — тарыхчы

Аксы районунун Падыша-Ата коругунун аймагында эротикалык көрүнүштөр чагылдырылган петроглифтер сакталып калган. Бул тууралуу жергиликтүү тарыхчы жана активист Шекербек Камчыбек уулу билдирди.
Анын айтымында, Чаткал тоолору менен чектешкен аймакта петроглифтер арбын.
«Таш бооруна чегилип түшүрүлгөн жазуулар, сүрөттөр жана петроглифтер байыркы ата-бабаларыбыздын руханий турмушунан бизге калтырган кабары, аны туура так чечмелеп алуу биздин милдет. Аксы жана Чаткал райондорунун чек арасында тагыраак айтканда деӊиз деӊгээлинен 3714 метр бийиктеги Чаткал кырка тоолорунун, Падыша-Ата мамлекеттик коругунун сырт тарабы, Кашка-Суу айыл округунун мамлекеттик запас жериндеги Шар капчыгайындагы асканын бетине тартылган петроглифтер бар. Алар чоӊ эки ташка жогорку чеберчилик менен чегилип жазылган.

Сүрөт түшүрүлгөн таштар капчыгайдын күн чыгыш тарабынан кандайдыр бир табият кырсыгынан көчүп түшкөндүгү даана байкалып турат. Бул таштарда ар кандай сүрөт жана чиймелер тартылган. Ал таштарга күндүн, жыландын, куш сыяктуу жаныбарлардын сүрөтү түшүрүлгөн. Падыша-Ата коругундагы петроглифтерде адамдын таш ыргытып жатканы жана үч баштуу ажыдаар адамдын борпусун соруп (эротикалык көрүнүштөр) жаткан сүрөтү жана түшүнүксүз сызылган чиймелер тартылган. Бул жердеги сүрөттөрдү биздин заманга чейин II миӊ жылдыктын биздин замандын I миӊ жылдыгына таандык деп айтсак болот. Себеби, саймалуу таш петроглифтерине окшоштук жактары бар. Атап айтсак, күндүн, жыландын жана адамдын жапайы жаныбар менен алышып жаткандары. Саймалуу таштар петроглифтери биздин заманга чейин II миң жылдыктан биздин замандын I миӊ жылдыгынын 1-жарымына чейин Теӊир-Тоодо жашаган уруулар менен элдердин (сак, хунну, усун, түрк) социалдык-экономикалык жана руханий турмушун чагылдырып маалымат берет», — дейт тарыхчы.
www.turmush.kg

Абал ушул: Ыйык нерсени ыгы менен пайдаланалы

Ооба, «Манас» жөнүндө аябай эле көп айтып жатабыз. Ал жакшы. Бирок, ошол сөзүбүздүн көбү бере турган пайдасы жок, жакшылык кууган жыйынтыгы жок куру сөз болуп жатат. «Манас, Манас… Манас эле Манас» дегендердин дээрдик көбү «Манасты» окуган эмес, ошол китепти колуна алып барактап көргөн эмес, жөн гана «эл дүрбөсө эшек кошо дүрбөйт» деген кебетеде. «Манас» деп жатып анын айласын кетирип бүттүк окшойт… салпетек катыны деле Манас дейт, айыкпас алкашы деле Манас дейт… желмогуз коррупционери деле Манас дейт! Кезегинде коррупцияга алы жетпей калган Акаев да «Манастын арбагына койдум» деп айласы кеткен эмеспи. Антүүнүн ордуна катынын тургус кылып  жыга тепсе эле иши оңолмок!

Жок, Манастын кадыр-баркын, ыйыктыгын кетирип айта берген болбойт! Дурайындар, кээ бир келесоолор Манастын атын арагына коюп жатканы. Жок, антүүгө таптакыр болбойт. Арак деген жиндиликтен башка нерсе алып келбейт! Анан Манас ошенткенге себеп болсунбу, Манас жиндиликти алып келсинби?! «Манас» деп аракка ат койгондорду антүүгө болбой тургандыгын дилинин терең жерине жеткидей кылып, аны таптакыр унутпай тургандай кылып эскертиш керек, «өпкөсүн үзүш» керек… ал иштин жолдору толтура…

«Манас» деген тээ кылымдардан кылым карытып   келаткан чыгарма. Аны өткөндөгүдөй кылып «миң жыл болгон» деп рамкага салып койгонубуз жосунсуз иш болуп калды. «Манас» дегенибиз бир элдин-кыргыздардын бүтүндөй жашоосун: адамдыгын, ыйманын, жакшы менен жаман көрүнүштөрүн, баатырдыгы менен коркоктугун, берилгендик менен чыккынчылыкты, элине күйгөндүк менен элин саткандарды… деги койчу, бүтүндөй көрүнүштөр топтолгон бир ыйык чыгарма экен го! Оку да таалим ал! Оку да бала-чакаңа бер. Алар окуп андан ары берсин…

Жок, «Манасты» жөн гана окуя кууп окуп койгонго болбойт, сен андан дилиңден кетпей тургандай таасир ал, сен ошол жерде айтылгандардын жакшысын тер, жаманын жерип тур. Эпосто жаман сапаттар, көрүнүштөр да кеңири айтылган, сени ошондой болбосо экен деп айтылган… Сен Абыке менен Көбөш болбо, сен Чачыкей болбо, сен Канчоро болбо… Сен деген капыстан жоо тийгенде жайдак атка секирип минип, жылаңач төшүңдү душман огуна, жебесине тоскондой бол, анткени, душман сенин Мекениңди басып кирди, душман сенин ата-энеңди, бала-чакаңды, туушкандарыңды чапканы келди… сен ошол жерден бир-эки душманды тиги дүйнөгө  ала кет, жалтанба!  Манас, Чубак, Алманбет, Сыргак, Бакай, Кошой, Семетей, Күлчоро, Каныкей менен Айчүрөк… жана башкалар баатырдыктын, актыктын, адамдыктын… жолун көрсөтүп турат. Сен турмушуңда тигилердин сапаттарын пайдалан! Менде деле ар жок, акча үчүн, кызмат үчүн жанына бере турган азыркы жигиттерге айткан акылымды кара! Алар окуса, көчүгү менен күлөт го… Жумагулов, Кулов, Сыдыков, Шеримкулов, Акаевдер, Бакиевдер, Балкыбеков, Үсөнов, Н.Сулайманов, Бекназаров, Келдибеков, Түлеев, Нарынбаев, Дүйшөбаев, А.Жапаров, Пирматов  өңдүү жүздөгөн адамдар «Манасты» окуду бекен, окуса, дилине бир нерсе алды бекен?!

…Атаганат, ошол кез бир келген жыргал экен го… Көмкөрөдөн түшүп, чыканактай жаткан чоңатаңдын маңдайында шаркырата «Манас» окуп турган мезгилди айтам. «Кана, кара башым, Тайторуну чаптырчы» дейт, болбосо, «Кошой менен Жолойду күрөштүр» дейт, а сен чоң атаңдын бир керегине жарап берип жатканыңа мактана кетип, кээси менен баалана кетип, айткан жерин окуп бересиң, өзүң чыгаргандай окуйсуң…  Анан өзүң да окуп жатканың менен бир болуп, ошол окуянын ичине кирип кетип, миңдеген кылым мурунку турмушта жүрбөйсүңбү… Азыр «Манасты» окуткан чоңата жок, окуп берчү небере жок!

…Бирок, бар да накта кыргыздын жигиттери… улуу элдин, ыймандуу элдин, баатыр элдин тукуму үзүлбөйт! Кемисе кемип турар сан жагынан, бирок таптакыр эле жок калбайт! Элдин улуулугу ага жол бербейт! Тигине, эли үчүн, жери үчүн ойлонбой жанын берчү, дамашки кылычындай курч нечен бир азамат жигиттерибиз, сулуулугу менен акылы жуурулушкан периштелерибиз жүрбөйбү! Ии десең, бузулуп турган заманда баарын эле жаман дей берген болбойт, ошол бузулуп турган заманды көрүп, аны оңдоп-түздөөгө дилгири бар, бирок, эч нерсе кыла албай ичинен кан өтүп турган канчалаган азамат уул-кыздарыбыз бар. Мына ошондой азаматтарга бүт бийликти берсе, адамдыктын жолу менен баспайт белек… Бирок, жалпы адамзат бузулуу жолунда болгон соң, чакан элдин кылганы не болуп бермек?! Ушул ой да келет…

Ооба, дүйнө жүзү тегиз начар жолго түшкөндө, ал жол менен кетпей, кыргыз экенибизди эстеп, адамзатка берилген бардык жакшы сапаттарга эгедер эл экенибизди эстеп, ошол начар жолдон бөлүнүп, жакшы жол издейли. Жаман шартка багынып бербей, акаарат кылалы, элибиздин тамыры тереңде эмеспи, баатырдыгы баскан жолунда эмеспи, ыйманы жанында эмеспи! Бу турмушта накта адам болуп калуу анчалык кыйын эмес.  Ачкөз болбо, арамза болбо, бирөөнү алдаба, акчанын кулу болбо, эл менен бир бол, боорукер бол, күйүмдүү бол, тобо келтир да топук бол.  Антүү кыйын деле эмес… адамдыгыңды эстесең эле баары ордунда  болот…

…«Манасты» беш колубуздай  билсек эле баары сонун болуп кетет деген натуура ой экендигин билебиз. Бирок, аны тарбиялык иште ыгы менен пайдалансак, ыйык санап пайдалансак, жакшылык алып келиши бар. Бир адамды бир нерсеге берилтүү үчүн ошол нерсени анын баскан жолунда күнү-түнү жадабай, чын  дилден уккандай болсун… Азыр «Манас» көп айтылып жатат, тынбай алты күн, жети күн айткан учурлар бар. Эми азыркынын манасчысы, айталы, Саякбай эмес да. Бирок, кадимки манасчы болгусу келет, айтып жатканда оозу-мурдун кыйшаңдата өзгөчөлөнтүп, сөздөрдү бузуп айтып, үнүн ар түрдүү ыргак менен атайылап бузуп жатышат. Анысы кадимки манасчымын деген кебетеси го. Саякбай жөн эле айткан турбайбы… Эми азыркы «Манас» айткандарды «манасчы» деп айтуубуз шарттуу түрдө да. Аларды «Манас» айтуучулар», «Манасты» аткаруучулар» дешибиз керек. «Манасчы» деген маани Саякбай менен бүткөн десек чындык болор…

«Манасты» мектептерде окута баштады. Ошол сабактарда «Манастын» сюжети мындай, баш каармандар тигиндей… дегендерден аз айтып, чыгарманын өзүн окутканга басым жасаш керек.

Мына ошол «Манас» аткаруучуларды бала бакчаларда, мектептерде, жогорку окуу жайлырында кезеги менен уккандай бололу. Жадатпаш керек. Жадаткан нерсени дил экинчи кабыл албай коюшу мүмкүн… Анан биринчи иретте, чыт курсактарга, тестиер балдарга сонун сүрөттөр менен жасалгаланган «Манастын» сюжеттеринен толтуруп китепчелерди чыгаруу  керек, жакканын алып окусун.  Азыр китеп аз окулуп калды. Ал ырас. Бирок, адамзат илгериден илгери ойлоп таап, кылымдар келаткан китеп баары бир окула берет, азыр аз окулса, эртең эле ар кимдин колунда китеп болот…  «Манас» жөнүндө мультфильмдер, телефильмдер, көркөм фильмдерди көп-көп жаратуу керек… Мына ошол каражаттар менен «Манастагы» баатырдык, боорукердик, чынчылдык жаштардын жан дүйнөсүнө кирсин, чыккыс болуп кирсин! Анан берки Коңурбай, Жолой, Чынкожо менен Толтой сыяктуу желмогуздардын жаман кылыктанынан жийиркенген көрүнүш  ар кимдин жанында болот!

Элди, жерди сүйүүгө үндөп турчу, дегдеңдетип жетелеп турчу касиеттүү «Манасыбызды» көрүнгөн жерде көтөрүп чаба бербейли! Соолгурдуку, жазуучулардын миллиондогон акчасын жеп алган бир шүмшүк акын «Манасты» аралаштырып, кандайдыр бир коомбу же уюмбу, түзүп алыптыр! Ошондойлорго сокку уралы!

«Манас» деген ат адамдарга, буюм-теримдерге, тамак-ашка, жана башка нерселерге коюлбашы керек. «Беш бөтөлкө «Манас» берчи», «Эки пачка «Манас» берчи», «Бир коробка «Манас» берчи» деген сөз турмушубуздан кезикпесин!  Адамдык, ыйман коштогон иш-чараларыбызда «Манас» аралашсын, бул нак турмуштун өзү болуп турсун! Анан «Манас» дилибизди бийлеп,  чындап ишке киришсе, жаман болбоспуз…

Автор:  Баратбай АРАКЕЕВ