Рианна миллиардер күйөөсүн таштады

30 жаштагы ырчы Рианна өзүнүн 29 жаштагы  миллиардер күйөөсүн менен ажыраша турган болду.  Ырчынын  Сауд Аравиялык  Хасан Джамил менен болгон мамилеси  2017-жылы ачыкка чыгып, экөө бири бирине болгон сүйүүлөрүн жашырышкан эмес.

Түгөйлөрдүн күйөрмандары алдыда боло боло турган үлпөт тоюн чыдамсыздык менен күтүп жатышкан. Ажырашуу тууралуу  Рианна:  «жөн гана эркектерден чарчадым «- деп айткан.

Миллиардер Хасан ырчыга чейин модель Наоми Кэмпбелл менен дагы жакын мамиледе болгон .

Санкт-Петербургда кыргызстандык эки жигитти бычактап кетишти

31-майда Санкт-Петербург шаарынын Колпинск районунун Понтонный айылында белгисиз адамдар кыргызстандык эки жаранга бычак менен кол салганын  Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кызыл-Сеңир айылынын 1998-жылы туулган тургуну Д.К.ны жана Таш-Көмүр шаарынын 1990-жылы туулган тургуну М.Н.ны жабыр тартып, ооруканага жеткирилгени айтылат.

Учурда балдардын бири үйүнө чыгарылган, экинчисинин абалы туруктуу оор деп айтылууда. Кылмышка шектелип бир нече адам кармалган.

 

 

 

Балдарынын көптүгүнөн уялган ата, ымыркайды таштап кетти

Индиянын Керала шаарында атасы 3 күндүк ымыркайы менен коштошуп, бетинен өөп, сыйынуучу жайга таштап, качып кеткен. Анын мындай аракети камерага тартылып жатканын билген эмес. Бул тууралуу чет элдик булактар жызып чыкты
32 жаштагы  Битто Дэвис төрөлгөнүнө 3 күн болгон ымыркайын достору «көп балалуусунар» деп шылдыӊдап, күлө беришкенинен, ызаланып таштап кетүүгө аргасыз болгон.
 Полиция кызматкерлери баланы кечинде табышып, атасын, аялы менен кошо кармаган. Ата-эне дайыма шылдыӊга кабылгандыктан ымыркайды таштап кетүү чечимин кабыл алганын айтышкан.
Битто менен аялы 8, 6 жана 4 жаштагы үч баланы тарбиялап келишкен .

Ажалдан качкан чаян, кайнап жаткан тамактан чыгып кетти (Видео)

Кытайдагы тамактануучу жайлардын биринен кардар чаянды кайнатып жемекчи болгон. Бирок чаян кайнап жаткан тамактын чыгып кетүүгө жетишкен. Кардар анын мындай аракетинен кийин, боору ооруп, аны үйүнө алып барып, аквариумга салып койгон деп жазылат  Oxu.Az порталында.

Бул  11 секунддук роликти миллиондон ашык адам көргөн.

Казак миллиардери Шодиев Москвада кызынын үлпөт тоюн миллион долларга өткөрдү (ВИДЕО)

Өзбек тектүү миллирадер Потах Шодиев Москвада кызынын тоюн миллион долларга өткөргёнү маалым болду. «Форбс» журналынын маалыматы боюнча анын байлыгы 3,7 миллиард долларды чапчыйт. Ал бизге ысымдары жакшы тааныш Александр Машкеевич, Алиджан Ибрагимов өңдүү миллиардерлердин досу.

Аял балдар түшүп жаткан бассейнге бутунун түгүн кырды(видео)

Американын Флорида штатында бассейдеги аялдын кылыгы элдин кыжырын келтирген. Ал балдар түшүп жаткан бассейндин четине отуруп алып, станок менен бутунун түгүн кырган. Видеодон станогун сууга салып, жууп жатканын көрүүгө болот.

https://www.youtube.com/watch?time_continue=16&v=mjCOqiWogok

 Topnews.ru.

Нурсултан Назарбаевге өмүр бою Коопсуздук кеңешин жетектөө артыкчылыгы берилди

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевге өмүрүнүн аягына чейин өлкөнүн Коопсуздук кеңешин жетектөө артыкчылыгы берилди. Бул тууралуу казак маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматта : «Казакстандын Коопсуздук кеңеши жөнүндөгү» мыйзамды парламенттин депутаттары кабыл алганы жана  Мыйзамга ылайык, Казакстандын биринчи президенти — Елбасы — Коопсуздук кеңешине өмүр бою төрагалык кыла алат»-деп айтылат. 

Мындай чечим өткөн жылы эле бекитилген.

 

Каткан нерсени көргөн камера

Россиялык инженерлер бардыгын көрө турган камера чыгарышты. Мисалы, ал камеранын жардамы аркылуу көрүнбөгөн папкадагы документти окуса болот же болбосо караӊгылатылган айнектин артында ким отурганын билсе болот. Мунун баарын жөнөкөй эмес өӊдөрдүн анализи менен кыска толкундуу инфракызгылт диапазону аркылуу аткарышат. Мындай түзүлүштү камеранын матрицасына мышьяк, галлий жана индий химиялык элементтери берет. Бизге жеткен маалыматтарга караганда ойлоп табууну деӊиз флотунда, атайын кызматтарда жана авиацияда сынашат.

Самара САЛАМАТОВА

Хай тек: Жей турган робот

Дүйнө жүзүндө биринчи болуп адамдар жегенге мүмкүн болгон роботту швейцариялык изилдөөчүлөр демонстрация кылышты. Роботтун транзистору, кубаттагычы, башкарчу манипулятору ашканада колдонгон желатинден жана глицеринден жасалган. Авторлордун айтуусунда алгач ал роботту медицинада колдонуп, ооруган бейтаптарга жедирип, аларды айыктырыш керек дешет. Себеби, желатинден жасалган робот ашказандан бат ээрийт.

Робот-массажист

Сингапурдун бир ооруканасында Эмма аттуу кызматкер бар. Ал робот массажист. Атайын датчиктердин жардамы аркылуу ал бейтаптын булчуӊдары канча пайыз чыӊалганын аныктап, ошого жараша массаж кылат. Массаждын түрүн жана мөөнөтүн доктур аныктап, роботтун программасына киргизет. Авторлордун айтуусунда алардын андай роботторду чыгаруусунун максаты массажисттерди роботторго алмаштыруу эмес, болгону массажисттердин ишин бир аз болсо да жеӊилдетүү дешет. Азыр Эмма аркага жана тизеден ылдыйкы массажды жасайт.

Салтанат Саламатова

 

Индия: атракциондон кулаган 10 жаштагы кыз каза болду (ВИДЕО)

Индиянын Анантапур шаарындагы парктан,  айланып турган атракциондун кабинкасы бийиктиктен оодарылып кеткен.  Натыйжада 10 жаштагы кыз каза болуп, дагы бир нече бала жабыркаган.

Кабинканын сынык экенин ата-энелер көрүп туруп түшүп кетишкен деп жазылат чет элдик булактарда.

«Запорожецке» 17 киши батып, рекорд койду (ВИДЕО)

26-майда, Запорожьеде  ретро — унаалардын   «Запорожские врата»  фестивалында  «ЗАЗ 968»  үлгүсүндөгү «запорожецке»  17 киши батып, рекорд койду. Өткөн жылы 14 киши, ага чейин 12 киши баткан.

2007-жылы ушундай эле унаага 26 киши баткан. Бирок анда 5 жаштан 13 жашка чейинки балдар түүшүшкөн .

Жигитинин тилинен тиштеп алган кызды, полиция келип ажыратты (Видео)

Кытайда сүйгөнүнөн ажырагысы келбеген кыз, анын тилинен тиштеп алган. Өз эрки менен коё бербегендиктен, полиция келип жардам берген. Бул тууралуу  medialeaks.ru. жазып чыкты.

Кытайдын чыгыш тарабында 23 жаштагы жигит менен 26 жаштагы кыздын ортосундагы байланыш үзүлүп,  кыз акыркы коштошуубуз болсун деп өбүшүүнү суранган. Учурдан пайдаланып кыз жигиттин тилинен катуу тиштеп алган. Жигит болгон күчүн жумшаганы менен, бошонуп кете алган эмес. Экөө тирешип жатып, жерге кулап түшкөнүн, күбөлөр телефонго тартып алышкан.

Бир канча убакыт өтсө дагы кыз тиштеп алган боюнча тура берген. Акыры аларга полиция кызматкерлери келип, кыздын бетине толтурулган газ чачып жиберишкен. Кыз жерге жатып калган, ал эми баланы ооруканага алып кетишкен. Кийинчерээк баланын ден соолугу калыбында экени белгилүү болгон.

Ал эми кызды ата-энесине алып барышканда, анын беш жыл мурун психикалык жактан жабыркап, бирок дарыланып айыккандыгын айтышкан.

Кытайдын салты менен кызды таштап кеткендиги үчүн бала ага компенсация төлөп береби, азырынча белгисиз .

https://www.youtube.com/watch?time_continue=11&v=YuGg8tZAVyM