Нурлан менен Аселдин 2006-жылдагы тамашалуу тасмасы (ВИДЕО)

Элден кем калбай мен дагы киргизип коеюнчу экообунун бактысы учун.

Опубликовано Нурбеком Рыскуловым 12 мая 2018 г.

Майрамбек Осмонов, Сапар Исаковду укмуш туурады? (видео)

Ырчы  Майрамбек Осмонов Сапар Исаковду туурап, 9000 сомдук көчөттөр тууралуу айтып берди:

Сапар Исаков жонундо ачуу чындык Майрамбек Осмоновтон.

Опубликовано Интересный Кыргызстан 8 мая 2018 г.

https://www.instagram.com/p/Bigvb2pFn7-/?taken-by=radio_maral

Кафеден Топчубек Тургуналиев менен Күмөндөр Абылов «уруша» кетишити (Видео)

Ыр кесе

Ыр кеседе — ыр күлкү көрсөтүүсүндө Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев менен обончу, аткаруучу, куудул Майрамбек Осмонов көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулашты…

Опубликовано Маданият.Тарых.Тил 28 марта 2018 г.

СТОдо иштегендер Сапар Исаков чоң жардам берип жатканын айтышты

Өкмөткө, мамлекетке рахмат дейби?

Опубликовано Алмазом Темирбеком 23 марта 2018 г.

Медина шаарында тажикстандык 33 жаштагы ишкер үй-бүлөсү менен кошо көз жумду

Сауд Арабиянын Медина шаарындагы мейманканалардын биринен тажикстандык жаш ишкер Бахтиёр Додохоновдун, анын жубайынын жана эки жаш баласынын денеси табылды. Маркум ишкер «Шарки Озод» басылмасынын мурунку директорунун уулу, деп маалымдайт «Азия Плюс».

Ишкердин каза болгонун басылмага жакындары тастыкташкан. Такталган маалыматтар боюнча, ишкер 33 жашта болсо, уулдарынын бири 11, экинчиси 12 жашка толгон. Бул үй-бүлө Медина шаарына кичи ажылык сапар (умра) үчүн барышкан. Исламдын шарттарына ылайык алардын денеси көз жумган шаарда жерге берилет.
Айрым маалыматтар боюнча, 4 адам тең ууланган.
Булак:turmush.kg

Сот акенин көчүгүн көрүү 150 миң сом турабы?

Турмуштагы чындыккка жакын ар кандай окуялар анегдотко айланып кетет эмеспи. Ошондой окуялардын бирин төмөндө окуп, бир жылмайып коюңуз:

***

Сот болуп иштеген адам айтат:
— Эч жерде иштебесеңиз анан эле өтө бай, крутой жашайт экенсиз. Айтыңызчы акчаны каяктан таап жатасыз?
Соттолуучу;
-Кечиресиз мен ири сумма коюп, Спор ойнойм, анан только утуп чыгам.
— Коюңузчу, Спор деген Спор, андан кээде утулуп деле каласыз го?
-Жоок, мен деген такыр утулбайм, керек болсо сизден деле утулбайм. Мисалы сиз эртең көчүгүңүзгө жара чыгып жумушка келесиз. Макул болсоңуз ошого 50 миң сомдон спор ойношолу.
Ары-бери ойлонуп Сот макул болот. Эртеси Сот;
— Мына уткурдуң мага жара чыкпады, деп чечинип көчүгүн кудуңдап көрсөтөт. Спорчу көрөтда, оа чынэле чыкпаптыр, бирок сиз 50миң, а мен 100миң уттум деп койот.
— Койчу кантип эле? Спорчу;
-Теетиги терезе сыртындагы сизди тиктеп турган киши мененда, мен 150 миңге Соттун көчүгүн көргөзмөйгө спор ойногом.- деген экен.

 

8 млн.сом грантты жеп коюшкан чиновниктер жазага тартылбай калышты(видео)

Ушундай видео роликтерди тартып элге жеткизип жаткандар көп жашагыла!!!

Опубликовано Kyrgyz ӨҢҮ 4 февраля 2018 г.

Масляков КВНден канча миллион доллар киреше табарын ачыкташты (Видео)

Чагылган: Орус элинин абдан жакшы көргөн КВНди кыргыз эли деле кем калышпай, күтүп көрүп келет. Себеби, ал КВНге биздин Элдияр Кененсаров баштаган таланттуу жаштарыбыз Кыргызстандын атын даңазалап, алдыңкы команда катары КМШ өлкөсүнө таанылып калды. КВНди Александр Масляков түптөгөнү айтылып келет. Андан бери ондогон жылдар өтүп, атак-даңктын бийик чокусуна чыга алды десек болот. Барган сайын  КВН кымбат оюн-зооктордун бирине айланып калды. Учурда КВНдин алмашкыс алып баруучусу Масляковдун жыл сайын канча акча табаарына кызыккандар көп. Бул суроого орус ЖМКлар КВНчилердин өздөрүн кепке тартып, чындыкты билүүгө аракет кылышкан. Алардын көбү: “Масляков эң башкы башкаруучу, калгандары жумушчулар. Анын үй-бүлөсү эчактан бери КВНдин кожоюндары болуп  калган. Негизи ал алып баруучу гана.Болбосо КВНди түптөгөн деле эмес” деп айтыш беришкен. «Уральских пельменей» командасынын оюнчусу Дмитрий Соколов дагы ушундай эле пикирди билдирген. Ошондой эле алар:  “КВНге катышуу үчүн бардык командалар акча издешет. Демөөрчүлөрдү табышат. Бирок катышкан ар бир команда 25 миң рубль төлөшөт. Ал эми Жогорку лигага ойногондор 10 миң төлгөнгө мажбур. Бул  мүчөлүк взнос деп эсептелет.  КВНден эч ким акча, же айлык  албайт. 1-каналга телекөрсөтүүлөрдү сатып келген “АМиК” компанясы Масляковго таандык. Ал ушул компания аркылуу КВНдин уламкы чыгарылыштарын 1-каналга чоң акчага  сатат. Мындайча айтканда талантуулардан телеэфир жасап, алардын эсебинен пайда табат” — деп чындыкты айтып, Масляковго нааразы болгон оюнчулар да аз эмес.

Мындан тышкары, Масляков КВНге катышкан командалар шаарларды кыдырып концерт коюшса, андан түшкөн кирешенин 10 пайыздан 20 пайызга чейинкисин алып турары айтылган.  Бул жагы командалардын кадыр-баркына жараша болот экен. Жалпылап эспетегенде Масляков КВНден жыл сайын 3, 5 миллион  доллар табат деп эсептеп чыгышкан. Ал эми Масляков чыныгы кирешеси туруалуу ачыктабай келет.

Изат Имакеева

«Аял — жаш баладай, бирдеме болуп-боло электе жашы чууруйт, кайдан-жайдан көз жашы даяр турат дайыма, анан эле апасына телефондон «сүйүнчүлөйт»..

Камыт Савай: Аял бул ким?

Аял — жаш баладай, бирдеме болуп-боло электе жашы чууруйт, кайдан-жайдан көз жашы даяр турат дайыма, анан эле апасына телефондон «сүйүнчүлөйт»…
Аял — борбордо жашоону каалайт, Парижди эңсейт, романтика менен эс алып ресторанга олтургусу келет, анан күн алыс эле гүл алып турса…
Аял — ипотекадай, 30 жылдын ары жак, бери жагында, айына эч болбосо 10 миң сом алып турат…
Аял — МАИдей, жөн жерден кармайт, көрүнгөндү оттоп сүйлөмүш болот, тыйыныңды кагып алат, маанайынды чөгөрөт, күнөөкөр кылып салат тез эле…
Аял — жер кыдырган саякатчыдай, кээде кайда кеткенин эч ким, эч качан билбейт, анан күтүлбөгөн жерден бир убакта сүзүшүп каласың…
Аял — өз каалаганын жасайт, кээде маанисиз миссия менен бир жакка «өзүң эле барып кел» дейт, ууга, балыкка, дагы бир жактарга «достор менен барып келейин» десең жибербейт…
Аял – “маршруткадай”, соода үйүнө же “Дордойго” кирсе бүттү, кыйкырмайынча токтобойт…
Аял — театрдай, бүгүн комедия, эртең трагедия, кээде экөө бир күндө…
Аял — экзамен алган мугалимдей, аябай даярданып, сонун кылып төгүп-чачып, тим эле шар айтып берсең да, бир жерден кармап алат…
Аял — телепат, телефонго эми оозуңду ачып «алло» дей электе билип коёт, кичине «сеп» этип алганыңды…
Аял — экстрасенс, акча каткан жерлериңди миң которсоң да көзүн жумуп таап алат, кээде сен кайда, эмне кылып жүргөнүңдү тим эле жандап чырак кармап жүргөндөй так, сонун айтып берет…
Аял — сен жакшы акча алган күнү сени жанындай көргөн мышыктан да өтүп эркелейт…
Аял — кээде эч кимге билгизбей, милдет кылбай, кабагым- кашым дебей жалгыздыкты көтөрөт, эркекмин дегендер мындайда бир күндө сынат…
Аял — жаздын күнүндөй, кээде жамгыр, чагылгандай, бир карасаң кара булуттардын артынан чыккан күндөй жаркырайт..
Аял — гүлдөй, кээде бир ачылып гүлдөсө тааныбай да каласың..
Аял — арстандай, эгер бирөөгө жаккысы келсе эч ким токтото албайт…
Аял — жолборстой, балдарына чымын чактырбайт, коргосо бир карыш жакын жолотпойт…
Аял — павлиндей, кааласа сулуулугун көрсөтүп, болгон канатын жайып, табигый нурларын чар тарапка төгөт…
Аял — бульдозер, керек болсо максатына жетиш үчүн тебелеп- тепсеп, түрткүлөп болсо да жетет..
Аял — көлөмү геометриялык фигурадай өлчөнөт, «эх, модель го, 90/60/90 см экен» деп коебуз…
Аял — ар дайым кечигип атып, ошого эркектерден кечирээк о дүйнөгө кетишет…
Аял — эгер жалгыз бой болсо, өзүнүн акчасын санайт…
Аял — эгер күйөөсү бар болсо, анын да акчасын санайт…
Аял — багы ачылып, бактылуу болуп, сүйүктүү жар болсо, анда өз акчасын эсептебейт…
Аял — ойнош болсо, анда тез-тез эле көп нерсени каалап турат, эркектин акчасын эсептебейт…
Аял — жука, кыска, сонун көйнөк кийип, шиш такачан жүрсө, элдин бардыгы токтоп «жеткирип коёлубу» деп ийилишет, килейген оор эки сумка көтөрүп базардан келе жатса жанагы ийилгендер жо-ок…
Аял – “блондинка” болсо, анда ал акылы аз эмес, ал сүйкүмдүү, өрт…
Аял – “брюнетка” болсо, анда ал ажаан эмес, ал токтоо, оор басырыктуу …
Аял – “шатенка” болсо, анда ал өзгөчө эмес, ал созулган, сырдуу, табышмактуу …
Аял — сары жуумал болсо, анда ал айлакер эмес, акылдуу ..
Аял — гүлгө окшоп атырдай аңкыса, эркек тер жыттанышы абзел, атыр себинсе аял дароо шекшинет…
Аял — аябай кечиримдүү, бирок бир күнү болгон кылыктарыңдын бардыгын эстетип, бир жериңден чыгарат…
Аял — уруша кетсе дароо мурчуйган бойдон такыр сүйлөшпөй коёт, «мага биринчи сүйлөсүн же кучактасын, анан шашпай жазылам» деп ойлойт, бирок, эркек биринчи моюн сунуп кучактап коёюн десе, «тарт колуңду, кимге айтып атам» деп кайра тескери карайт…
Аял – ичимдикти канча ичсе да эмне болгонун даана эстейт, эркек дароо эле унутат…
Аял — таарынса тез эле унутат, эмнеге таарынганын, анан эркекти тим эле коколойт, «айт деп атам, кечээ эмнеге таарындым эле» деп…
Аял — мобилдик телефондой, аны дайыма жаңы заряд менен тойгузуп туруш керек, жасаган чачынан баштап тамагына чейин мактап туруш керек…
Аял-шашылып жасанып жатканда эт жеп аткан ачка арстандай, бир секундга да тынчын албашың керек, тынчын алдың эле, бардыгын таштайт…
Аял — бомбадан сактануучу жайдай, керек болсо өйдө-төмөн турмуштун катуу соккуларына чыдайт, коркунуч болсо шумкарга окшоп балапандарын канатынын астына калкалайт…
Аял — бактылуу, көңүлү жай убагында эркектин кээ бир жоруктарын көңүлүнө албайт..
Аял — эки кулагы менен эркекти кунт коюп, ал башка аял менен сүйлөшүп атса гана угат, телефондон сүйлөшсөң ким, эмне деп атканын угуп коёт…
Аял — тим эле мурдун көтөргөн «жылдыздардай», каякка болсо дайыма кечигип, күттүрүп келет…
Аял – “пружинасы” бар эшиктей, сен аны тартсаң, ал качат, сен аны түртсөң, ал сага кайра жармашат…
Аял – чыдап кечире берет, кечире берет, бир күнү бир жарылат да, күтүлбөгөн жерден кетип калып, кайрылып кайра келбейт…
Аял — эгерде бир нерсеге жини кайнап жөнөсө, артынан сөзсүз барыш керек…
Аял — эгерде баары-жокко кайыл болуп, берилип сени караса өөп койгунуң…
Аял- эгерде сенден кача баштаса, анда болду, кармап коё бербе, жанынан бир карыш чыкпа…
Аял — сени эркелетип чакырса чуркап барып өөп кал…
Аял — жини келип турса, тамаша, азил айтып, көңүлүн көтөр, бир жолу айтсаң жазылбайт, сабыр кылып дагы айт..
Аял — унчукпай калса «жаным эмне болду» деп сурап кой..
Аял — ыйлап жатса эч качан жалгыз таштаба….
Аял — эгер «сиз мага жактыңыз» десе, анда ал сени сен ойлогондон да артык көрөт…
Аял — эгер сага бир сыр айтса, бекем карма, эгер оозуңдан чыгып кетсе өлгөнүң ошол…
Аял — сенин көзүңө тик караса, анда сен ал көзүн ала качканга чейин карап көзүңду алба, көзүңдү эрте алсаң, анда башка антип карабай коёт…
Аял — эгерде «болду эми, бүттү бардыгы» десе, анда ал анын дагы эле акыркы сөзү эмес…
Аял — жөндөн жөн эле бирдеме ойлоп чыга калат да, анан өзү эле кайра ошого таарынат…
Аял — үйдүн куту, берекеси, үйдө жылытып жанып турган оттой..
Аял — жыты өзү даярдаган сонун тамактын жытындай болуп турганда жыттагың эле келет…
Аял — таттуу шоколаддай, эркектин мандайына жазган ширин жомоктой…
Аял — Интернеттей, бир аз эркелетип коём деп таң атат…
Аял — жырткыч жаныбардай, сулууну жактыра бербейт, эркектерге караганда камкор, жөлөк, таяк, мээримдүү, ишенген тоосу боло алса жактырат…
Аял — кожоюну көп болгон машинедей болсо, анда аны каалап турган эркек аз болот…
Аял – “автопилоттой”, өчүргөн сайын каалаганындай башкарып алат…
Аял — менмин деген шпиондон кыйын болот, керек болсо сен үчүн «илибойун» алдайт, сатат, сага түбөлүк дос да, жар да болот…
Аял — кегин алам десе, анда ал сени унута албай жатат, дагы эле сүйөт…
Аял — сен билбеген табышмактай, эмки секундада эмне айтып, эмне кыла турганын эч качан билбейсиң…
Аял — мен тандадым деп эркектер кыйын болгон менен, дайыма аял эркекти тандайт…
Аял — кофта алам деп дүкөнгө барса, кайсы бир сумка жагып калса жанында бир саат турат, аягында үйгө жаңы туфли алып эле келет…
Аял — миң кыйын, эрктүү көрүнгөнү менен, эркекке моюн сунганга эмес, назик, алсыз болуп көрүнгөнгө өзүнөн кыйын, күчтүү эркекти тандайт…
Аял — кыйын “экспериментатор”, үч саат жылбай чачын, кебете кешпирин бир стилде жасап, эгер бүткөндө жакпай калат да, анан бузуп, бардыгын он беш мүнөттө такыр башка стилде чачын, бетин, кийимин жасап салат…
Аял — үйлөнүү тою күнү сени менен түбөлүккө жаным менен бирге болом деген ак-куудай….
Аял — жаш өткөн сайын кобрадай, тили орду менен оттойт, жыпжылма сыпаа көрүнүп, акылман, тийишпесең жөн-жай чакпайт…
Аял — кымбат баалуу машинедей, бүт эркектер ушундай минсем деп каалап суктанышат, бирок анын “каприздерине” сүйүктүү адамы эле чыдайт…
Аял — кудайым берген момун, сыпаайы, бардыгына макул, кайыл болот, үйлөнүү той өтүп, фатаны чечкенге чейин…
Аял – кебетекешпири үй-бүлөлүк бюджеттен бөлүнгөн каражатка жараша болот…
Аял — эгер жан-дили менен чындап сүйсө, сүйүүсү жыл арытат, аны өзүндөй сүйгөн адамы болсо, анда түбөлүк сүйөт…
Аял — он эркек бутуна жыгылып жатса, он биринчини карайт…
Аял — бала эле төрөп бергени болбосо, «балталап» салчу эле калк дешет…
Аял — качан ал сени багып алган эмес, сен кудай берген күйөөсү болгонуңду түшүнсө эле, анда энеңди Үч-Коргондон көрөсүң…
Сүйүктүү аялдан кымбат дары жок, ооруп калсан кашында уктабай, кабагым-кашым дебей, аяп турса бат айыгасың…
Аял — эркек менен өйдө-төмөн болуп уруша кетсе, эч качан эркекке биринчи чалбайт, каадаланып болбойт, бирок, эгерде эркек биринчи чалса, кечирем деп ойлойт, анан эркек экинчи жолу тынбай чалганда гана кечирет…
Аял — сенин мээңди жебей калса эле бүттү, ал сени чана баштаганы….
Аял — жүрөгүн сүйгөнүнө арнап, Гитлер болобу, балээ болобу, өмүрүн ошого гана байлагандан тартпайт…
Аял — автоматтай, бир ок менен үч коёнду өлтүрөт, эгер чырайы сулуу болуп, акылдуу да болсо, анда өзүн айпери сезет, эркектер бутуна жыгылат, башка аялдардын кыжырын өтө келтирет…
Аял — үй-бүлөнүн башчысы, эгер күйөөсү мен башкарам деп ойлосо, анда аял акылманы дагы…
Аял — бир карасаң деги эле тете келбеген, түз жүрбөгөн эркекти сүйөт, анткени ал аялга түз, туура сөз, ойлорду сайрайт…
Аял — эгер ал жанындай сүйгөн, сүйүшкөн көгүчкөндөй ажарлары ачылып, бактылуу баратышса, анда аял жупуну кийинсе деле супсулуу көрүнөт…
Аял — дайыма таттуу жеп, бирок дайыма арыктагысы келет…
Аял – “Google дай”, билбегени, укпаганы жок…
Аял — чалкыган деңиздей, бирде мемиреп, бирде тыптынч, бир карасаң бирде толкун, бирде буркан-шаркан…
Аял — эгер эч бир ажылдабай, сүрүштүрбөй, кыйкырык-сүрөөнү жок кетсе, анда ал аялдын жүрөгүнө бир нерсе катуу тийди…
Аял — «Фэйсбуктай», канча аз убакыт өтсө деле, эч бир өзгөрүү болбосо, деле кайра-кайра карагың келет..
Аял — күзгүдөй, аны сүйгөн эркектин тапкан байлыгы менен камкордугунун натыйжасы….
Аял — шахматтай, бир туура эмес жүрсөң эле «мат» болосуң!
Аял — Кудайымдын белеги, дайыма кудайга ыраазы болуп, чын-дилиң менен кабыл ал…
Аял — интернетте жалгыздык жөнүндө постторду жазат, аябай бук болгонун айтат, таанышат, ал эми көчөдө жалгыз жүрсө таанышайын десең, бир зөөкүрдү көргөндөй качат…
Аял — жигитинин чачын алдыртат, тамекини таштаттырат, спорт менен машыкканга мажбурлайт, бирок, жигит мындайга көнүп калганда «мен сенин мурунку жүрүш-турушунду, салабатынды жакшы көрүп сүйүп калган элем» деп айтат…
Аял — машине айдаганды эч шашпай, бардыгына макул болуп, так аткарып атып үйрөнөт, бирок кийин өзү билгендей айдайт…
Аял — тамакка салган туздай, тузу жок болсо тамак тамактай эмес, тузу көп болсо, да тамак тамактай болбойт..
Аял – “рекэтирдей”, сенин макулдугуң жок эле акчаны кагып коёт…
Аял – “коллективистка”, эч качан жалгыз өзүнө тамак бышырбайт…
Аял- заманбап «Плюшкиндей», «смстерди», дисктерди, майда-барат белектерди, жазгандарын чогулта берет…
Аял – мода чебериндей, башка аялдарды эң башкы критерий деп акылын эмес, алардын сырткы келбетин, кебете-кешпирин карайт…
Аял — үч аялдын башы бириксе кийимден кийин эркектерди сөз кылышат…
Аял — арыктайм баары бир деп эки размерге кичине джинсы сатып алат…

Аял — катуу мас болсо, албетте, мурдагы сүйгөнүнө тынбай чалат, сөгөт, түнкү клубдун сакчысын сүйүп калдым дейт же ресторандын официанты жагып калат, таксист менен жашоонун маңызы, президенттин ойношу жөнүндө кыйкырып кобурашат, эң жакын досу менен катуу уруша кетет, бакырып «шлягер» ырларды токтобой ырдайт, машиненин, үйдүн ачкычын, телефонун ж.б. жоготот, өмүрүндө бийлебегендей бийлейт, көчөдө туалетке баргысы келет, “колготкасы” айрылат, шиш такасы сынат, бардыгынан «мен мас эмесминби» деп сурайт, үч самса жеп, «эртеңден баштап диетага олтурам» деп сөз берет, «Фэйсбуктан» 50 «досун» өчүрөт, көзү жашы көл болуп, көздөрү шишигенче ыйлайт, бирок эч качан мындай кебетеси менен апасынын көзүнө көрүнбөйт…

Аял — жанып турган жылдыздай, эгер сүйгөн жары кашында болуп, турмуш- жайы жетиштүү болсо, көзүнөн от жанып, эркектерди өзүнө “магниттей” тартып турат…
Аял — артисттей, көчөгө чыгарда эмне болсо да күзгүгө каранып чыгат…
Аял — жонглердой, байпагын “колготкиси” менен кошо чечип, анан ошо бойдон кайра кие алат…
Аял — эркектин ийгилигинин кудугу жана булагы..
Аял — чачын жасатып, боётуп келип «кандай болуптур» деп сураса, дайыма «сонун» деп жооп бергиле, эмнеси болсо да аягында «сонун» дейсиңер..
Аял — жаратылыштын пейилиндей, бир карасаң чайыттай ачылган күндөй, бир карасаң эми жарылган вулкандай, бир карасаң бороон чапкындай, бир карасаң жаңы толгон айдай…
Аял — көңүлү ток, маанайы беш болсо өзүнөн эч нерсени аябайт, акчасын таксиге коротот, алган маянасына бүт жакшы көргөн өтүгүн алып, жаңы бир кымбат сулуулук “процедураны” сатып алып коёт…
Аял — шпиондун шпиону, эч ким билбейт, сулуулук салонго канча убакыт коротконун, жада калса жакын достору билбейт, кечеге кийип келген сонун көйнөктү “прокатка” алганын, чоочун тааныбаган эч кимге айтпайт, контакттык линза кийип жүргөнүн…
Аял — гений, анткени ал күйөөсүнүн гений экенин алдын ала билген..
Аял — балдай, бир жагынан карасаң таттуу, назик, жумшак, бир жагынан жабышса бүттү…
Аял — сыйкырчы, эч нерсе жок жерден тамак кыла коёт, бир заматта чачын сулуулук салондон сонун жасайт, бир мүнөттө жаңжал да чыгарып коёт…
Аял — өзүнчө эле үй роботу, ал үйдө бир күндө жасаган жумушту, күйөөсү бир жумада бүтпөйт…
Аял — кечке ашпоз, идиш жуугуч, кир жуугуч, медсестра, тарбиячы, мугалим, тигүүчү, экономист, бухгалтер, психолог ж.б., күйөөсү болсо иштен чарчап келет!!!
Аял — универсал, бир эле убакытта бирөөгө эже, бирөөгө апа, бирөөгө дос, жеңе, бирөөгө кас, бирөөнү көрсө сиркеси суу көтөрбөйт…
Аял — рулда тим эле «атактуу жылдыз», аны бардыгы көрүшөт, ал эч кимди көрбөйт…
Аял — алтын казына, кээ бирөөлөр сандыкка катып, тирүү жан жашабаган аралга алып барып көмүп салгысы келет…
Аял — шампандай, жагымдуу, таттуу, кээ бирөөнүн башын айлантат, бирок башты тез оорутат,
Аял — бийик чептей, аны багынтыштын үч эле жолу бар, капыстан катуу чабуул коюш керек, кечке- айлап, жылдап торош керек же эки тарап маңдай-тескей сүйлөшүш керек…
Аял — 20 жашында Африкадай, алыс, табышмактуу, сырдуу, ысык, кол жеткис…
Аял- 25 жашында Индиядай супсулуу, өрт, карап эле тургуң келет, ырдап бийлегиң келет, бирок эч бир жете албайсың…
Аял — 30 жашында Америкадай бай, көз каранды эмес эркин, бирок кымбат..
Аял — 35 жашында Франциядай, көптү көргөн, бирок дагы эле көрө электер көп…
Аял — 40 жашында Югославиядай, көп нерсе баштан өтүп, көп жерден утулуп, кызыккан киши аз..
Аял — 45 жашта Россиядай, ичип коёт, күндө той, күндө майрам, иштегиси жок…
Аял — 50 жашында Ирактай, суктанаарлык турмуш баштан өткөн, келечек күмөн…
Аял — 60 жашында Афганистандай, элдин бардыгы уккан, билет, бирок эч ким каалабайт…
Аял — кинонун оң каарманындай, бир да кемчилиги жок, бүт эле атайын жасалган эффекттер…
Аял — баңгизаттай, кээ бирөөсүнө дароо көнө түшөсүң…
Аял – «шопоголик», «шоппинг», кийсе-кийбесе деле сатып алып ооруй берет…
Аял -материалист, сыйкырга, көз ачыкка ишенбейт, бирок майрамдарда жолун ачып, тымызын каалоосу тымызын аткарылып калса экен дейт….
Аял — врачтай, тазалык менен тартипти сүйөт, бирок анын бөлмөсү менен сумкасынан бирдеме издесең таппайсың…
Аял — прокуратурадай, кармайт, козгойт, эркиңен ажыратат…
Аял — котормочу, тилмеч, мас эркек менен бөбөктүн тилин ал эле түшүнөт…
Аял — акылдуу, керек болгондо мээсин катуу иштете алат, эркектин мээсин суткалап иштетет…
Аял – “wi-fi” дай, бардыгын байкап көрүп турат, бирок эң күчтүүсүнө байланат….
Аял — Чебурашкадай — ысык, жумшак, кулагы менен сүйөт, бирок каяктагы бир крокодил менен өмүрү өтөт…
Аял — балмуздактай, өтө таттуу, ар түрдүү, назик, кармасаң эрийт..

 

Камыт Савай: Бир казанда эки блоггердин башы… кантет?

«Күлкү кербендин” коногу – Фейсбук коомдук тармагы аркылуу азилдерин жазып, элди жылмайтып жүргөн Камыт Савай.

* * * * * * *

— Бир казанда эки блоггердин башы кайнабайт.

—- Жигитке 70 интернет сайт аздык кылат.

— Ашыкпаган интернет менен сүйгөнүнө жетиптир.

—- Билимиң болсо бир «лайк» (“жактыруу”) аласың, билегиң менен көрктүү денең болсо миң «лайк» аласың.

—- Аалам айылдагы wi-fi’дан башталат.

— Жыгылсам Iphone’ум сынгыча, белим сынсын!

—- Атанын ойу балада, баланын ойу WhatsApp’та.

— Жүз досуң болгуча, интернет барагыңа жүз миң бейтааныш жазылсын.

—- Администратордун (Фейсбук тобунун башчысынын) өз эрки, топко эмне чыгарса!..

—- Тамагы желбей калса калсын, бирок сүрөтү Инстаграммды жарсын!

—- Жаман кыз-жигит түнкү клубда кутурат, жакшы кыз-жигит тыпыйып үйүндө Фейсбукта олтурат.

—- Эр жигит бир «коммент» менен эки сайтты «атыптыр».

Камыт Савай мырза. 2017.

Камыт Савай мырза. 2017.

* * * * * * *

— Элек издеп, интернетте “эрге тийип” кетиптир.

—- Адам болуу аста-аста, Фейсбук «жылдызы» болуу бир паста!..

— Фейсбукта кыздар бүт эле жакшы, жаман катын кайдан чыгат?

— Фейсбукта сылык эле жигит эле, андан чыкса былык экен.

* * * * * * *

Булак: Азаттык